Роя гезити

Бажы төлөмдөрү стратегиялык кысымдын куралы, АКШ менен Кытайдын ортосундагы “суук согуш” жана БРИКСке каршы чакырык

Бажы төлөмдөрү стратегиялык кысымдын куралы, АКШ менен Кытайдын ортосундагы “суук согуш” жана БРИКСке каршы чакырык

2025-жылдын 6-июлунда, ишемби күнү, Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында БРИКСке мүчө болгон он бир мамлекет (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Иран, Индонезия, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары) жыйынга чогулду. Жыйындын жүрүшүндө алар «Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү аркылуу инклюзивдүү жана туруктуу башкарууга жетүү» деген темадагы документке кол коюшту. Бул документ БРИКС өлкөлөрүнүн көп тараптуулукту бекемдөөгө, эл аралык укукту коргоого жана адилеттүүрөөк дүйнөлүк тартипке умтулуу багытына берилгендигин билдирет.

Бирок бул саммитте жаңы акча тутумун киргизүү же дүйнөдөгү же аймактагы, Украинадагы согуш же Жакынкы Чыгыштагы кырдаал сыяктуу олуттуу маселелер боюнча эч кандай чечим же долбоор кабыл алынган жок. Ошентсе да, саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө БРИКС тобу АКШнын жакында киргизе турган бажы төлөмдөрүн ачык сынга алды.

Буга жооп кылып, АКШ президенти Дональд Трамп төмөнкүдөй билдирүү жасады: «АКШга каршы саясат жүргүзгөн БРИКС тобуна кошулган ар бир өлкөгө кошумча 10% бажы төлөмү салынат».

Трамптын мындай коркутуусу АКШнын кеңири масштабдагы стратегиясын айгинелеп турат. Бул стратегияда экономикалык саясат менен геосаясий максаттар улам күчтүү байланыштырылууда. Алгач АКШнын бажы төлөмдөрү, айрыкча Кытайга каршы багытталган санкциялар соода теңсиздиктерин оңдоо деген жүйө менен кабыл алынган. Бирок убакыттын өтүшү менен алар стратегиялык куралга айланып, дүйнөлүк альянстарга таасир берип, экономикалык чек араларды кайра аныктап жатат.

Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө Кытайга каршы катуу соода согушун баштап, Кытайдан АКШга импорттолгон 360 миллиард доллардан ашык товарга бажы төлөмдөрүн киргизген. Расмий жүйөө — адилетсиз соода практикаларына жана интеллектуалдык менчик уурдалышына каршы туруу болчу. Бирок стратегиялык документтер жана аналитикалык борборлордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул кадамдын терең максаты Кытайдын технологиялык жана аскердик күч катары өсүшүн тыйуу болчу.

Мисалы, 2022-жылы “Heritage Foundation” жарыялаган “Жаңы Суук Согушта жеңиш: Кытайга каршы күрөшүү планы” деген баяндамада бул максат ачык айтылган. Бул мамиле “геоэкономикалык саясат” деп аталат. Анын өзөгүн бажы төлөмдөрү, санкциялар жана экспортко чектөө коюу сыяктуу инструменттер түзөт. Булардын бардыгы АКШнын экономикалык жана коопсуздук чөйрөсүндөгү үстөмдүгүн сактап калуу үчүн колдонулууда.

Бул стратегия Байдендин администрациясында да улантылды. Кытайдын жарым өткөргүч жана жасалма интеллект тармактарына багытталган экспорттук чектөөлөр, ошондой эле “Компьютер чиптери жана илим жөнүндө мыйзам” (CHIPS and Science Act) – мунун баары АКШнын эки партиясынын тең Кытай менен болгон экономикалык алакалар улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат деген пикирде бириккенин көрсөтөт.

Карнеги эл аралык тынчтык фонду да өз изилдөөсүндө соода жана инвестицияларды стратегиялык атаандаштык жана улуттук кызыкчылыктардан бөлүп кароо мүмкүн эместигин баса белгилеген. АКШнын бул стратегиясы өзгөчө Түштүк Кытай деңизи менен Индо-Тынч океан аймагында активдүү ишке ашырылууда. Бажы төлөмдөрүн көбөйтүү менен катар эле:

 • АКШнын аскердик катышуусу күчөдү;

 • Аскердик деңиз операциялары жүргүзүлүүдө;

 • Альянстар түзүлдү, мисалы,

 • AUKUS (Австралия, АКШ, Улуу Британия) жана

 • QUAD (Австралия, АКШ, Индия, Жапония) — булардын баары Кытайдын аймактык жана деңиздеги таасирин чектөөгө багытталган.

Politico 2024 басылмасы жазгандай, Трамп доорундагы экономикалык кысым кампаниялары Пентагондун стратегиялык максаттары менен тыгыз шайкеш келген. Бул шайкештик Байден учурунда да, ага чейин жана кийин да уланган.

Кытай тарап мындай “тоскоолдук аракеттерин” көп жолу четке какты. Алар бул стратегияны мурун АКШ менен СССРдин ортосундагы эски суук согуштагыдай саясий курчоого окшоштурушат. Президент Си Цзиньпин “бир тараптуу бажы төлөмдөрүн жана соода согуштарын” глобалдык тартипти туруксуздаштыруучу көрүнүш деп сындап, “чыныгы көп тараптуулукка” жана “эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтыкка” кайтууга чакырды.

Кытайдын улуттук коопсуздук стратегиясы боюнча жарыяланган документинде “блоктор саясаты” ачык сынга алынган. 2025-жылы Трамптын жаңы бажы төлөмдөрү тууралуу эскертүүсүнө жооп кылып, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды “экономикалык мажбурлоо” деп атап, анын максаты дүйнөнү бири-бирине каршы турган лагерлерге бөлүү экенин билдирген. Министрдин билдирүүсүндө мындай делген:

“Бажы төлөмдөрү башка өлкөлөрдү мажбурлоо, коркутуу же ички ишине кийлигишүү үчүн колдонулбашы керек” (Time, 2025).

Эми Трамптын акыркы эскертүүсү бул стратегиялык атаандашуунун жаңы баскычына өткөнүн көрсөтөт. АКШ экономикалык жактан БРИКСке жакындаган өлкөлөрдү жазалоо менен коркутуу аркылуу жаңы көп уюлдук (многополярный) дүйнөдө саясий берилгендиктин чек араларын түзүп жатат.

Анын администрациясы БРИКСти “АКШга каршы саясаттарды күчөтүүчү платформа” деп мүнөздөп келет. Айрыкча, алар доллардан арылуу аракеттери, жаратылыш ресурстарын улутташтыруу жана Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) альтернатива болуп эсептелген көп тараптуу насыя берүү механизмдерин түзүү өңдүү аракеттерди АКШнын үстөмдүгүнө карата түз коркунуч катары көрүшөт (Financial Times, 2025).

Ошентип, экономикалык өч алуу эми жөн гана эки тараптуу соода теңсиздиктери менен гана байланыштуу эмес, ал АКШ айланасында курулган соода жана коопсуздук түзүмдөрүн бекемдөөгө жана өз алдынча альянстарды түзүүгө жол бербөөгө багытталган глобалдык куралга айланды. Бул тууралуу Brookings Institution билдиргендей, бажы төлөмдөрү менен коркутуу – «дүйнөлүк түзүлүштү америкалык түшүнүккө ылайык кайрадан калыптандыруу, жеткирүү чынжырларын кайра түзүү жана капитал үстөмдүгүн сактап калуу» максатына багытталган кеңири кампаниянын бир бөлүгү.

Мындай коркутуулардын терең натыйжалары бар. Бразилия президенти Луис Инасио Лула да Силва Трамптын эскертүүсүн «жалган жана жоопкерчиликсиз» деп четке какты. Ошондой эле, БРИКСтин башка мүчөлөрү да дүйнөлүк башкарууну реформалоого болгон умтулуусун дагы бир жолу ырасташты. Натыйжада, дүйнөлүк экономиканын бөлүнүү коркунучу барган сайын ачыгыраак болууда.

Бул бөлүнүүлөр төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

 • параллелдүү финансылык системалардын пайда болушу;

 • атаандаш санариптик инфраструктуралардын түзүлүшү;

 • идеологиялык негизде бөлүнгөн соода блокторунун калыптанышы.

Мунун бардыгы көптөр азыр «Экинчи Суук Согуш» деп атап жаткан абалга жол ачат. Бирок бул жаңы суук согуш мурункудай кылмыштуу согуштар жана прокси-согуштар аркылуу эмес, бажы төлөмдөрү, технологиялык чектөөлөр жана жеткирүү тизмектеринин кайра уюштурулушу аркылуу жүргүзүлөт.

Бүгүнкү эл аралык саясий вакыйлыктын өзөгү капитализмге негизделген бир эле мабдаий пайдубалда. Бул абалдын шартында радикалдуу өзгөрүү мүмкүн эместей көрүнөт, анткени дүйнөлүк тартип азыр адилеттүүлүк, тең салмактуулук жана инсаний баалуулук сыяктуу кыйматтарга эмес, чоң державалардын кызыкчылыктарына ылайык кайра курулууда.

Мына ошондуктан, дүйнө жаңы бир мабдаий пайдубалга муктаж. Андай пайдубал глобалдык башкаруу жана дүйнөлүк байлыктардын адилеттүү бөлүштүрүлүшү сыяктуу түшүнүктөрдү кайра аныктай алат. Бул жаңы мабда Исламда гана бар. Ислам тарыхта адилеттиги менен далилденген, Жараткан Алланын өкүмүнө таянган, терең акыйдага негизделген мабда болуп саналат. Ал укук менен милдеттин ортосундагы тең салмакты сактайт, адамдын пайдасын жана адилеттүүлүктү саясий жана экономикалык түзүмдүн өзөгүнө коёт.

Алла Таала мындай дейт:

﴿لَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا بِالْبَيِّنَاتِ وَأَنزَلْنَا مَعَهُمُ الْكِتَابَ وَالْمِيزَانَ لِيَقُومَ النَّاسُ بِالْقِسْطِ وَأَنزَلْنَا الْحَدِيدَ فِيهِ بَأْسٌ شَدِيدٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللهُ مَن يَنصُرُهُ وَرُسُلَهُ بِالْغَيْبِ إِنَّ اللهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Ант болсун, Биз Өз пайгамбарларыбызды анык далил-кереметтер менен жибердик жана алар менен бирге Китеп, ошондой эле адамдар адилеттүүлүктү тургузуулары үчүн тараза түшүрдүк. Дагы Биз темирди түшүрдүк-жараттык. Анда күч-кубат жана адамдар үчүн пайдалар бар. Алла кайыпта (пенделеринин көзүнө көрүнбөстөн) турган абалында Өзүнө жана пайгамбарларына (Алла жолунда жихад кылуу менен) жардам бере турган кишилерди билүү үчүн, (темирди жаратты). Албетте Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хадид сүрөсү, 25-аят).

Роя гезити

Доктор Мухаммад Жилани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button