Роя гезити

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу жана анын Суданга тийгизген таасири

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу жана анын Суданга тийгизген таасири

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, айрыкча экономикалык жактан, ар түрдүү деңгээлде таасир этти. Бирок анын таасири Судан элине андан да катуу тийди. Анткени Судан өзүндө жүрүп жаткан согуштан улам буга чейин эле оор экономикалык кризисте жашап жаткан. Бул жагдай элдин турмушуна да катуу таасир этип, байларды жакыр кылды, жакырларды андан бетер жакырлатты. Жашоо чыдагыс тозокко айланды. Отун-энергиянын баасы 60%дан ашык көтөрүлүп, бул транспорт жана жүк ташуу кыймылына таасир этти. Натыйжада, автобус билеттери 50%га чейин кымбаттады, ички жол кире 30%дан ашык өстү. Ал эми чакан өлчөмдөгү төрт даана нан 1000 фунтка жетти.

Жалпысынан бардык товарлардын, айрыкча азык-түлүктүн баасы кескин өстү. Мунун баары буга чейин эле бар болгон экономикалык артта калуу жана адамдардын кирешелеринин аздыгынан улам сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү шартында болуп жатат. Элдин бир бөлүгү чет өлкөлөрдө жүргөн балдарынын же туугандарынын акча которууларына таянууда, бирок булар элдин аз гана бөлүгүн түзөт. Көпчүлүк болсо күнүнө бир эле маал тамак менен жан сактап, өтө оор шартта жашоодо.

Андан соң күтүүсүздөн акыркы күндөрү доллардын Судан фунтуна карата курсу кескин өсүп, бир доллар 4000 фунттан ашты, башкача айтканда, бир долларга карата 400 фунттан ашык өсүш болду. Бул импорттук товарлардын баасын дагы да жогорулатат. Судан үчүн бул кадимки көрүнүшкө айланды, анткени адамдардын негизги керектөөлөрүнүн көбү чет өлкөдөн келет. Себеби заводдор, чарбалар жана башка тармактар токтоп калган. Судандын жылдык импорту 9 миллиард доллардан ашып кетти, бирок бул чоң сумманы жаба турган экспорт дээрлик жок. Бир гана алтын бар, бирок анын 70%дан ашыгы таасирдүү адамдардын жана башкалардын чөнтөгүнө кетип, мамлекеттик казынага түшпөйт. Бул болсо көзөмөл жок шартта талап-тонолгон байлык болуп саналат.

Элдин үстүнө түшкөн бул оор шарттарды жеңилдетүү милдетин алган өкмөт өзү тескерисинче аларга кошумча жүк жүктөөдө. Тактап айтканда, Судан бажы кызматы 10-апрелде бажы долларын 2769 фунттан 3222 фунтка чейин көтөрдү, башкача айтканда 454 фунт же 16%дан ашык өсүш болду. Бул биринчи жолу эмес, “бажы доллары” деп аталган көрсөткүч параллелдүү (кара) базардагы доллар курсу көтөрүлгөн сайын өзгөрүп турат. Бул болсо инфляциянын деңгээлине терс таасир берип, ал мурда болуп көрбөгөн деңгээлдерге жетти.

Саясий жактан алганда, Судандагы согуш маселесин колунда кармап турган Америка Иранга каршы согушуна алаксып калган. Анын өкүлү Массад Булос мезгил-мезгили менен гуманитардык ок атышууну токтотуу тууралуу айтып келген, бирок анын качан жана кандай башталаарын тактаган эмес. Ирандагы согуш башталгандан кийин мындай билдирүүлөр да токтоду. Натыйжада саясий абал олуттуу өзгөрүүсүз калды. Америка Суданды бөлүп-жарууну улантып, Дарфурду ажыратууга аракет кылууда. Абал Ливия сценарийине окшош болуп калды. Бир өкмөт Порт-Судан менен Хартумда, экинчиси Түштүк Дарфурдун борбору Ниялада жайгашкан.

Согуш узак убакыттан бери негизги фронт болгон Дарфур жана анын айланасындагы Кордофан аймактарынан алыс жерде “чабуул-коргонуу” мүнөзүндө жүрүп жатат. Айрым учурларда гана авиация же дрондор аркылуу аракеттер жасалат. Бул ыкмаларды армия да, Ыкчам колдоо күчтөрү да колдонууда. Бирок мунун зыянын көбүнчө эч күнөөсү жок, коргонууга күчү жетпеген карапайым адамдар тартып жатат. Андан тышкары, армия жетекчилери дайыма “бүткүл Суданда козголоңду жоёбуз” деп билдирүү жасаганы менен, анын артынан олуттуу аракеттер болбойт. Ошондуктан согуш Түштүк Кордофанда жана Көк Нилде уланып жатат. Ыкчам колдоо күчтөрү чабуул жасап жатат, армия болсо коргонууда. Бир эле аймак бир нече жолу “бошотулду” деп айтылууда. Мисалы, Даландж шаарындагы курчоону бузуу жана аны Хабила менен байланыштырган жолду ачуу тууралуу билдирүүлөр кайра-кайра айтылып келет. Бул болсо ал жактагы согуш чабуул-коргонуу түрүндө жүрүп жатканын көрсөтөт. Максат согушту узартуу, элдин жүрөгүнө үмүтсүздүктү салуу, согуш эч качан бүтпөйт деген пикирди бекемдөө. Натыйжада эл кандай гана чечим болбосун, ал тургай Дарфурду бөлүп чыгарууга да макул болуусу мүмкүн.

Дарфурду бөлүү тууралуу ачык айтып жаткан үндөр да бар, жана бул үчүн ар кандай негиздерди келтиришүүдө. Бул Түштүк Судан бөлүнөр алдындагы абалга толук окшош. Анда да медиа жана айрым саясатчылар элди бөлүнүүгө көндүрүүдө чоң роль ойногон. Азыр да жүрүп жаткан саясий аракеттердин баары элди Америка таңуулай турган чындыкка т.а. Дарфурду Судандан ажыратууга көндүрүүгө багытталган.

Мындай адамдар үчүн бул кутумдардын өлкөгө жана элге тийгизген зыяны маанилүү эмес. Эгерде алар кылып жаткан иштери Суданды бөлүп-жарууга багытталган Американын кутумдарына кызмат кылып жатканын түшүнүшпөсө, анда биз өтө кайгылуу абалдабыз. Ал эми билип туруп, үммөттүн душмандары болгон колонизатор каапырларга кызмат кылып жатышса, анда бул андан да оор кайгы.

Башка тараптан алганда, (Европа тобун айтып жатам) Америка армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы согуш аркылуу аларды Судандын саясий сахнасынан четтетүүгө жетишкен. Бирок алар дагы деле анын долбоорлоруна тоскоолдук кылууга аракет кылышууда. Ошондуктан бул күндөрү Судан боюнча Берлин конференциясын ийгиликтүү өткөрүүгө аракет кылышууда. Ал конференция шаршемби 15-апрель күнү болот. Бул конференция мурдагы эки жылдагы Лондон жана Париж конференцияларындай эле Америка позициясына жана анын Судан маселесин көзөмөлдөшүнө олуттуу таасир этпейт. Бирок ал, албетте, Америкага жана анын Судандагы адамдарына тынчтык бербейт. Ошондуктан Судан өкмөтү Берлиндеги элчилиги аркылуу 2026-жылдын 10-апрелинде Германиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота тапшырып, Судан өкмөтүнүн катышуусу, макулдугу жана бардык уюштуруу иштеринде кеңешүү болбостон Берлин конференциясын өткөрүүгө каршы экенин билдирген.

Мына ушундай шартта Судан элине өз өлкөсүндө болуп жаткан кутумдарды аңдоо зарыл. Анткени колонизатор каапыр Судандын калган бөлүгүн да бөлүп-жаруу үчүн аракет кылууда, анын агенттери болсо анын каалаганын ишке ашырууда. Ошондуктан бул кутумдарды токтотуу жана алар ишке ашпай калуусу үчүн олуттуу аракет талап кылынат. Бул болсо Суданды бөлүнүүдөн сактай турган, аны башка мусулман өлкөлөрү менен бириктирүүгө умтулган мабдаий мамлекетти тикелөө аркылуу ишке ашат. Бул мамлекет пайгамбарлык манхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети болуп, ал гана Судандын абалын жакшы жакка өзгөртө алат, ошондой эле бүгүн дүйнөнү башкарып жаткан күчтөр алып барган пайдасыз согуштар жана экономикалык кризистерден жапа чеккен бүткүл дүйнөнүн абалын да оңдой алат.

Роя гезити

Ибрахим  Усман Абу Халил

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button