Басма сөз

Судан калкы Исламий мамлекеттин көлөкөсүндө гана адилеттүү, урматтуу жашоого жетишет.

Басма сөз баянаты

Судан калкы Исламий мамлекеттин көлөкөсүндө гана адилеттүү, урматтуу жашоого жетишет.

Судан калкынын саны БУУнун Калк фондунун (UNFPA) көрсөткүчтөрүнө ылайык 2024-жылы 49,4 миллионго жетет, алардын 96%ы мусулмандар. Суданда аз сандагы насроний жамааты жана буттарга сыйынуучулар да бар. Судан коомун араб, африкалык жана нубиялык тамырга ээ болгон 500дөн ашык этностук топтор түзөт. Арабдар 70% түзгөн үстөм этнос болуп саналат, мындан тышкары бежа, нуба, фулата, жеберта, фор, масалит жана башка этностор бар.

Колонизаторлор бул ар түрдүүлүктү жана айырмачылыкты пайдаланып, кагылыштарды жана жарандык согуштарды тутантты, аны өздөрүнүн планын ишке ашыруу үчүн курал кылышты. Алардын башкы максаты — Суданды майда мамлекеттерге бөлүп таштоо эле. Алар «өз алдынча башкаруу», «өз тагдырын өзү аныктоо» жана «майда этностордун укуктары» деген шылтоолорду колдонушту. Натыйжада түндүк түштүктөн ажыратылды, эми болсо Дарфурду бөлүү тууралуу сөздөр жүрүп жатат.

Биз бул жерде Судан коомунун курамын деталдуу талдап же бөлүнүүнүн механизмдерин түшүндүрүүнү максат кылган жокпуз. Биздин максат, Ислам гана бул ар кыл этностук жана маданий топторду бир казанда кайнатууга жөндөмдүү экенин, жана Халифалык мамлекети гана аларды камкордук жана жарандык негизде карап, адилет, теңдик жана урматтуу жашоону камсыз кыларына көңүл буруу.

Исламдын өкүмдөрү ар кандай калктарды, а түгүл бири-бири менен душмандык мамиледе болгон элдерди жана урууларды бириктирди, алардын сөзүн бир кылды, саптарын теңеди. Натыйжада алардан улуу үммөттү жаратты: алар бир гана Раббисине сыйынышат, бир кыблага жүз бурушат, алардын ичинен эң жөнөкөйү бүт жамааттын атынан кепил боло алат, мурда анын канын төгүп жүргөн болсо да бири экинчисинин мал-жанын коргойт.

Ошондуктан адамдарды бир казанда кайната ала турган жалгыз мабда — Ислам мабдасы. Ал арабдарды, коптторду, берберлерди, түркмөндөрдү, нубиялыктарды жана башкаларды бир үммөткө айланткан. Бирок колонизаторлор келип, өздөрүнүн пландарына кызмат кылуу үчүн бул улутчулдук жана уруулук кагылыштарды кайра тирилтти. Ислам адамдарды улутуна, өңүнө же жынысына карап бөлгөн эмес. Адам Исламдын көз карашында адам катары гана бааланат. Адамдар анын алдында тең, айырмачылыктары алардын амалдарына жараша бааланат. Ал эми артыкчылыктын чыныгы өлчөмү – такыбалык жана Аллахтын буйрук-кайтарууларына жашоодо амал кылуунун көлөмү. Ал эми улут, өң, жыныс сыяктуу адамдардагы айырмачылыктар — табигый нерселер жана Аллахтын аяттары, кудуретинин белгиси. Бул нерселерге Ислам терс да, артык да мамиле кылбайт.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ﴾

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Алла алдындагы эң урматтууңар эң такыбааларыңар. Албетте Алла Билүүчү жана Кабардар». (Хужурат: 13).

Жабир ибн Абдулла رضي الله عنه  риваят кылат:

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، أَلَا إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ، وَإِنَّ أَبَاكُمْ وَاحِدٌ، أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى أَعْجَمِيٍّ، وَلَا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ، وَلَا لِأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ، وَلَا أَسْوَدَ عَلَى أَحْمَرَ إِلَّا بِالتَّقْوَى. أَبَلَّغْتُ؟ قَالُوا: بَلَّغَ رَسُولُ اللهِ. قَالَ: لِيُبَلِّغْ الشَّاهِدُ الْغَائِبَ».

«Эй адамдар! Акыйкатта, силердин Раббиңер — Бир, атаңар да — Бир. Билип койгула: арабдын ажемге, ажемдин арабга, ак түстүүнүн кара түстүүгө, кара түстүүнүн ак түстүүгө эч кандай артыкчылыгы жок. Артыкчылык — такыбалыкта гана. Мен жеткирдимби?» Алар: «Албетте, Аллахтын Элчиси ﷺ, жеткирдиңиз» — дешти. Ал айтты: «Уккан адам укпай калганга жеткирсин».

Ислам адамды башка адам менен байлоого жарактуу болгон туура акыйдавий робытаны коюп берди. Бул робытадан адамдын бүтүндөй жашоосундагы бардык маселелерди чечүүчү жана коом ичиндеги мамилелерди тартипке салуучу низом балкып чыгат. Бул Ислам акыйдасынын  робытасы улутчулдук, ата мекендик, уруучулук же жахилий асабият робытасы эмес. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз ﷺ:

«دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»

«Аны таштагыла, анткени ал сасык!» – деп айткан.

Ушул робыта аркылуу Сухайб румий, Билал хабаший, Салман фарсий жана араб курайштан болгон Абу Бакр разияллаху анхум бири-бирине бир тууган болушкан. Дал ушул робыта аркылуу Ислам буга чейин бири-бири менен  согушуп, өчтөшүп жүргөн Аус жана Хазражды бириктирип, бири-бирин сүйүктүү туугандардан кылды. Алар диндин ансарлары болуп, Пайгамбарыбыз ﷺга нусрат беришип, Ислам мамлекетин курууда чоң урматка ээ болушкан. Аллах Таала айтат:

﴿لَوْ أَنفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعاً مَّا أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَكِنَّ اللهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ إِنَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ﴾

«Эгер (сен) жердеги бар нерсени сарптасаң да алардын дилдерин бириктире албаган болоор элең. Бирок Алла аларды бириктирген. Албетте Ал кудуреттүү, даанышман». (Анфал: 63).

Халифалык мамлекети Ислам мыйзам катары алып келген ушул өкүмдөрдү аткаруу аркылуу (алардын бар болуусун) камсыз кылды. Ошондуктан Халифалык мамлекетинде бүгүнкүдөй «азчылык» жана «көпчүлүк» деген түшүнүк болгон эмес. Ислам өз түзүмү менен башкарылып жаткан жамаатты бирдиктүү коом катары карайт. Алардын кайсы диний жамаатка же улутка таандык экенине көңүл бурбайт, болгону мамлекеттин жарандыгына ээ болуусу, башкача айтканда анда жашап, ага берилгендик көрсөтүүсү гана шарт кылынат. Ислам мамлекети бардык адамдарга инсаний этибарда карайт жана аларды өзүнүн жарандары деп эсептейт. Ички саясат жарандыкка ээ болгондордун бардыгына карата Ислам шариатын колдонууга негизделет. Ал жарандар мусулман болобу же зиммий болобу айырмасы жок. Ошентип, мамлекет жарандыгы бар ар бир адам – мусулманбы же мусулман эмеспи – Ислам мамлекетинин атуулу болуп эсептелет. Мамлекетке важиб болгон анын укуктары жана мамлекет алдындагы милдеттери шариатка ылайык аныкталат. Мамлекет ар бир жаран үчүн жоопкер болот. Аны камсыз кылуу, коргоо, анын мал-мүлкүн жана ар-намысын сактоо, коопсуздукту, бакубат жашоону, адилеттүүлүктү жана тынчтыкты камсыз кылуу мамлекеттин мойнунда болот. Мусулман менен мусулман эместин ортосунда эч кандай айырмачылык болбойт. Мамлекет алдында тарактагы тиштердей бардыгы тең.

Ислам ахлу зиммаларга тиешелүү бир нече өкүмдөрдү алып келди. Алар диндеринен баш тартууга мажбурланбайт жана Исламга кирүүгө зордолбойт. Тескерисинче, алар өз ишенимдеринде, ибадаттарында жана жеген-ичкен нерселеринде эркин калтырылат. Никелешүү жана талак берүү сыяктуу иштер алардын динине ылайык чечилет. Алар мусулмандар милдеттендирилген жихад, зекет сыяктуу важибдерге милдеттендирилбейт. Ошондуктан алар согушууга мажбурланбайт. Бирок каалагандары ыктыяры менен мусулман аскерине кошулушу мүмкүн.

Зиммийлер болгону жизья төлөшөт. Ал – балагатка жеткен, төлөөгө кудуреттүү эркектерден алынуучу салык. Аллах Таала айтат:

﴿حَتَّى يُعْطُوا الْجِزْيَةَ عَنْ يَدٍ﴾

«..тээ алар кор абалда, өз колдору менен (моюңдарындагы) салыкты төлөшмөйүнчө…» (Тообо: 29).

«өз колдору» деген сөз күчү жеткен, кудуреттүү дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан ал аялдардан жана балдардан алынбайт. Эгерде зиммий кедей болуп калса, анын үстүнөн жизья сакыт болот, мамлекет Байтул-малдан ага каражат берет.

Ахлу зиммаларга жакшы мамиле кылынат. Аларга халифанын алдында, казынын алдында, иштерге кам көрүүдө жана муамалаттар менен жаза өкүмдөрүн колдонууда мусулмандарга кандай мамиле кылынса, ошондой мамиле кылынат. Эч кандай айырмачылык жок. Алар да Ислам өкүмдөрүнө мусулмандар баш ийгендей, баш ийишет. Алар башка жарандар сыяктуу эле, Ислам мамлекетинин жарандары болуп эсептелишет. Алардын жарандык укугу, коргоо укугу, жашоо менен камсыз болуу укугу, жакшы мамиле укугу, жумшактык жана боорукердик укугу сыяктуу бардык укуктары бар. Аларга мусулмандарга берилген адилеттик берилет, жана алардан да мусулмандарга милдеттүү болгон нерселер талап кылынат. Демек, аларга да адилеттүү мамиле кылуу – мусулмандарга адилеттүү мамиле кылуу сыяктуу эле фарз.

Ким жарандыкка ээ болуп, керектүү жөндөмдөрү жетиштүү болсо – эркекпи же аялбы, мусулманбы же мусулман эмеспи – ал мамлекеттин каалаган башкармасында мүдүр болуп дайындала алат, же кызматкер болуп иштей алат. Ахлу зимма өкүлдөрү Үммөт межлисинде болуп, башкаруучулардын зулумуна же Ислам өкүмдөрүн туура эмес колдонгондорго каршы даттануу укугуна ээ.

Эгерде Пайгамбарыбыз ﷺ  орноткон Ислам мамлекетинин тарыхына көз чаптырсак, мусулман эместер Ислам башкаруусунун көлөкөсүндө урматталып жана кадырлуу жашагандарын көрөбүз. Аларга жарандык жана камкордук негизинде мамиле кылынган. Ислам мамлекетинде «биринчи даражалуу» жана «экинчи даражалуу» жарандар болгон эмес.

Мадинада Пайгамбарыбыз ﷺ  негиздеген алгачкы Ислам мамлекетинде ар түрдүүлүк дароо орун алган: анда мухажирлер да, ансарлар да бар эле; жарандардын арасында араб да, араб эмес да, мусулман да, мусулман эмес да болгон. Пайгамбарыбыз ﷺдын өмүрүндө мамлекет Араб жарым аралын толугу менен камтыды. Андан кийин ал Хулафаи Рашидиндер доорунда, ошондой эле Умавийлер, Аббасийлер жана Осмон Халифалыгы доорунда кеңейип, мындан да ар түрдүү болуп калды. Элдер жана ар кыл уруулардын өкүлдөрү топ-тобу менен Исламга киришти. Ошондой эле, Араб жарым аралында мурда белгисиз болгон көптөгөн диндердин ээлери да анын бийлигине баш ийишти.

Алардын баарында улут, өң, тил, маданият жана дин жагынан айырмачылыктар болгон. Ошого карабастан, алардын ортосундагы жана мамлекет менен болгон мамилелеринде шайкештик, ынтымак жана жакшы карым-катнаш үстөм болгон.

Ислам мамлекетинин зиммийлерге кылган жакшылыктарына далил болгон окуялар тарых китептеринде көп. Алардын бири – Амр ибн Аастын уулу менен кыптий жигиттин окуясы. Мамлекет көрсөткөн адилеттүү мамиленин натыйжасында мусулман эместер анын ичинде жашоону артык көрүшкөн жана ага камкордук издеп келишкен.

Аларга карата бул мамиле ушунчалык таасирдүү болгондуктан, алар өз улутташтарына каршы чыгып, Ислам мамлекетинин тарабында турушкан. Мисалы, кресттүүлөр менен болгон согушта чыгыштагы насронийлер мусулман тарапка өтүп, кресттүүлөргө каршы мусулмандар менен чогуу согушушкан. Бул абал кресттүүлөр насронийлерди өз тарабына тартуу жана аларды Ислам мамлекетине каршы козутуу аракеттерине карабастан болгон. Натыйжада кресттүүлөр мусулмандарды жеңүүдө чоң таяныч кылып жаткан карталарынын биринен ажырап калышкан.

Мындан көрүнүп турат: Судан калкы ар түрдүү улуттардан жана диндерден турса да, аларды бир казанда кайнатууга жөндөмдүү болгон жалгыз күч – Ислам. Буга чейин да Ислам аларды бириктирген эле.

Доктор Салах Ибрахим Иса «Исламдын Суданга кириши жана ал туура акыйдаларды калыптандыруудагы таасири» аттуу китебинде мындай дейт:

«Бүгүнкү географиялык чек аралар менен белгилүү болгон Судан мусулмандар киргенге чейин бирдиктүү саясий, маданий же диний түзүмдү түзгөн эмес. Анда ар кандай каада-салттар, улуттар жана ишенимдер жайылган болчу. Нубиялыктар жашаган түндүктө православдык насронийлик ишеним катары үстөмдүк кылып, ар түрдүү диалекттеги нубия тили саясатта, маданиятта жана сүйлөшүүдө колдонулган. Ал эми чыгышта бежа уруусу жашачу. Алар – хамий уруулардан болуп, өз тилине, өзүнчө маданиятына жана түндүктөн айырмаланган ишенимине ээ болушкан. Түштүккө карай барганда – өзгөчө өңдөрү, өз тилдери жана буттарга ибадат кылуу ишенимдери менен айырмаланган зунж урууларын көрөбүз. Батыш да ушундай абалда эле.

Мусулмандар Суданга киргенде бул аймактын өздүгүндө зор өзгөрүү болду. Ал жердин диний жана маданий көрүнүшү өзгөрдү. Аймактагы элдердин көбү Исламды кабыл алды. Курандын тили – араб тили алардын ортосунда жалпы байланыш тилине айланды. Ошентип, алар диний, саясий жана коомдук деңгээлде биримдикке келишти.

Хижра боюнча 652-жылы мусулмандар менен нубиялыктардын ортосунда «Бакыт келишими» түзүлгөндөн кийин, мусулмандар топ-тобу менен жана жеке-жеке түрдө Суданга кире башташты. Алар өздөрү менен  Исламды жана араб тилин ала келишти, жайыт жана соода артынан жүрүп, жергиликтүү эл менен аралашып кетишти. Натыйжада алардын таасири аймактын көрүнүшүн өзгөртүп жиберди. Эл насронийлик жана бутпарастыктан Исламга өттү, бузук ишенимдерден таухид акыйдасына өттү, «ажемдиктен» араб тилине өттү».

Демек, Халифалык – өзүнүн судандык жарандарына эч кандай айырмачылыксыз жана бөлүп-жаруусуз урматтуу жашоону, адилеттикти жана туруктуулукту камсыз кыла турган саясий түзүм болуп эсептелет.

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

20.09.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button