Афганистан менен Пакистандын акыркы кагылышуулары АКШ менен Индиянын аймактык саясаттарына кызмат кылууда

Басма сөз баянаты
Афганистан менен Пакистандын акыркы кагылышуулары АКШ менен Индиянын аймактык саясаттарына кызмат кылууда
Ишемби түнү Афганистан менен Пакистандын аскерлери чек арада кагылышты, эки тарап тең бири-биринин позицияларына Дюранд сызыгы боюнча окторун жаадырышты. Натыйжада эки мусулман тарап тең жоготууга учурады. Анын алдында, бейшемби түнү Пакистан армиясы Кабул жана Пактика шаарларындагы айрым объектилерди аткылап, адам өлүмүнө себеп болду.
Афганистан вилаятындагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү бул эки мусулман өлкөнүн ортосундагы согушту айыптап, аны АКШ менен Индиянын аймактык саясатына кызмат кылган жана мусулмандарга зыян келтирген аракет катары мүнөздөйт. Бул жаңжал кайрадан жасалма чек аралар менен Исламга жат саясаттар мусулмандарды бири-бирине каршы кайрап койгонун көрсөтүүдө. Ошол эле учурда үммөттүн чыныгы душмандары бул абалды коопсуз жерден байкап турушат.
Өтө өкүнүчтүүсү, өзүн Ислам өлкөлөрүнүн эң күчтүү армиясы деп эсептеген Пакистан армиясы өз күчүн жана куралдарын Исламдын душмандарына эмес, өз бир тууган мусулмандарына каршы колдонуп жатат! Дал ушул армия Кашмирди уялбастан Индияга өткөрүп берди, Индиянын индус улутчул өкмөтү Модинин Исламга каршы саясатына жана басымчыл чараларына каршы унчукпай келди. Бирок азыр Афганстандагы жана уруулук аймактардагы шаарларды, айылдарды өтө тайманбастык менен аткылап жатат. Эгер бул эрдик менен чечкиндүүлүк Индияга же яхудий түзүмүнө каршы көрсөтүлсө, Кашмир кордукка туш болбойт эле, Газа эки жылдык кыргындан аман калмак, жана бүгүн Газадагы элге уяттуу «тынчтык келишимин» мажбурлап таңуулоо да болбойт эле. Мунун баары мусулман башкаруучуларынын, анын ичинде Пакистан өкүмдарларынын чыккынчылыгынын натыйжасы болуп жатат.
Мусулмандарга каршы мындай душмандык жана куфурдун алдында унчукпай туруу — Пакистан армиясынын ичиндеги белгилүү бир жалданма чөйрөнүн иши экенин биз билебиз. Бул тайманбастык болсо Пакистан жетекчилиги менен алардын кожоюну Дональд Трамптын ортосундагы убактылуу жакындашуудан келип чыккан. Дал ушул жакындашуу Пакистан армиясына Афганистандагы кол салууларды жүргүзүүгө жалган ишеним жана жасалма эрдик берди. Ал эми Америка Пакистанга рол катары уруулук аймактардагы жана Дюранд сызыгы боюнча жашаган мусулмандарды афган мужахиддерине каршы алаксытып кармоону белгилеп берген.
Жакында болгондой эле, Индияга убактылуу жазалоо иретинде Америка кайрадан Пакистанды «маанилүү өнөктөш» катары көрсөтүп жатат. Ошондуктан Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилиги америкалык аткаминерлерге жагынып, сапарларда сүрөткө түшүп, жылмаюулар менен алек болууда. Бирок шамал багытын өзгөрткөндө, Пакистан кайрадан унутулуунун бурчуна түртүлөт. Бул тууралуу Пакистандын коргоо министри Хуважа Мухаммад Асиф бир жолу мындай деп мойнуна алган: «Биз бул ыплас ишти Америка үчүн дээрлик отуз жыл бою кылып келдик… Батыштын, анын ичинде Британиянын пайдасына. Бул ката болчу, жана биз анын азабын тарттык».
Бул мойунга алуу Пакистан саясаты ондогон жылдар бою америкалык кызыкчылыктарга кызмат кылып, аймактагы мусулмандарга өтө оор баа төлөттүргөнүн көрсөтөт. Акыркы окуялар да Пакистан тарыхтан сабак албаганын жана ал кайрадан Америкага жагынып, аймактагы ролун жанданткысы келип жатканын далилдейт. Чындыгында, Америка Пакистанды Афганистан, Индия же Кытай боюнча саясаты кыйын абалга жеткенде гана эстейт. Ошондо Пакистан күтүлбөгөндөй «стратегиялык өнөктөшкө» айланып, убактылуу ролун аткара баштайт! Бирок миссия аяктагандан кийин жана Американын аймактагы саясаты кадимки нугунда уланганда, Пакистан кайра четке сүрүлөт. Ошентип, бардык убада менен дипломатиялык жылмаюулар — Байден доорундагыдай эле — убактылуу беткаптардан башка эч нерсе эмес.
Афган мужахиддерине жана Пакистан армиясындагы ихластуу офицерлерге болгон биздин кайрылуубуз төмөнкүдөй: мусулмандарды бири-бирин өлтүртүүдөн жана согуштуруудан көрө, чоң картаны карагыла. Азыркы учурда дүйнөдөгү, айрыкча Түштүк Азиядагы мусулмандардын үмүтү — афган мужахиддеринин аскерий күчүнө жана Пакистан армиясындагы ошол офицерлерге байланган, алар Исламды жана жаннат убадасын дүнүйөлүк даража менен мансаптан жогору коюшат.
Бул күчтөр олуттуу өзгөрүү жасай алышат. Эгер алар колонизаторлор чийип кеткен жасалма чек араларды жоготуп, рошид Халифалыкты тикелешсе, анда алар үммөттүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн аймак боюнча бириктирип, дүйнөлүк сахнада өз алдынча саясий жана аскердик күч катары чыга алышат. Чындыгында, Халифалык бул аймактагы Америка, Индия жана Кытайдын колониялдык пландарын нейтралдаштырып, армияны Кашмир, Чыгыш Түркстан жана Палестина сыяктуу басылып алынган Ислам жерлерин азат кылууга багыттайт.
﴿وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلاَ تَنَازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ وَاصْبِرُواْ إِنَّ اللّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ﴾
«Дагы Алла жана Анын пайгамбарларына моюн сунгула жана (өз ара) талашып-тартышпагыла, андай болгондо араңар суз тартып, күч-кубатыңар кетет. Сабыр кылгыла! Албетте, Алла сабыр кылуучулар менен бирге» (Анфал: 46).
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү




