Роя гезити

АКШ президенти менен Кытай президентинин Түштүк Кореядагы жолугушуусунун жыйынтыктары

АКШ президенти менен Кытай президентинин Түштүк Кореядагы жолугушуусунун жыйынтыктары

АКШ президенти Трамп менен Кытай президенти Си 2025-жылдын 30-октябрында Түштүк Кореяда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумунун (АПЕК) отуз экинчи жыйынынын алкагында 100 мүнөткө созулган жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга келишти.

Трамп жолугушууну «мыкты болду» деп сыпаттап, мындай деди: «Биз чынында эле көп маселелер боюнча макулдаштык жана азыр дагы көбүнө макул болушубуз мүмкүн… Менимче, биз узак убакытка созулган мыкты мамилеге ээ болобуз».

Жолугушуудан кийин учакта берген маегинде, мындай деди: «АКШнын Кытайга койгон бажы алымдары 57%дан 47%га түшүрүлөт… Сейрек кездешүүчү металлдарга байланышкан бардык маселелер чечилди, бул боюнча келишим бир жылга созулат жана кийин узартылат… Кытай АКШнын энергетикалык продукцияларын сатып ала баштоого макул болду… Кытай президенти Американын соя буурчагын, жүгөрү жана башка айыл чарба продукцияларын кайра сатып алууга уруксат берди… Кытай Аляска штатынан мунай менен газды ири көлөмдө сатып алышы мүмкүн… Мен келерки апрелде Кытайга барам, ал эми Си кийинчерээк Америкага барат».

Си болсо мындай деди: «Кытайдын өнүгүүсү Американы кайрадан улуу кылуу жөнүндөгү Трамптын көз карашы менен шайкеш келет… Мен ачык айткам, Кытай менен Америка өнөктөш жана дос болушу керек, дүйнө дал ушул нерсеге муктаж».

Ал америкалык кесиптешин «эки өлкөнүн ортосундагы байланыш каналдарын ачык кармоого» чакырып, мындай деди: «Мен бүгүн сени менен иштөөгө жана Кытай-Америка мамилелеринин бекем пайдубалын курууга даярмын».

Бул билдирүүлөрдөн көрүнгөндөй, алар жарыялаган маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү болгон жана бул маселелер негизинен экономикалык багытта. Бул макулдашуулар АКШ үчүн экономикалык жактан маанилүү болгону менен, андан да маанилүүсү Кытайды өзүнө тартуу, аны Россиядан алыстатуу жана ишке ашырууга аракет кылып жаткан «чектөө стратегиясы» (containment) үчүн пайдалуу. Демек, бул түшүнүшүүлөр АКШнын Кытайды өз тарабына тартуу үчүн колдонгон «азгырыктары» катары каралышы мүмкүн.

Трамп Кытай менен эч кандай келишпестик калган жок, баарына толук макулдаштык дегендей таасир калтырууга аракет кылды. Бул анын стили, ал ар дайым өзүнө «тез жеңиштерди» ыйгарып, Америкага улуулук кайтаруу максатында чоң ийгиликтерге жетишкендей көрсөтүүнү каалайт.

Бирок алардын жолугушуусунда чечилбеген өтө олуттуу саясий маселелер бар. Алар Кытай-Россия мамилелери, Украина согушу, Тайван маселеси, курал жарышы, ядролук ракеталарды өнүктүрүү, жогорку технологиялар жана жасалма интеллект маселелери. Мындай маселе 100 мүнөттө да, 100 күндө да чечилбейт.

Америка Россия жана Кытай менен үч тараптуу келишим түзүп, экөөнүн тең стратегиялык куралдарын, айрыкча гиперүндүү ядролук ракеталарды өнүктүрүүсүн токтотууну каалайт. Бирок АКШ муну азырынча ала элек. Ошондуктан ал Кытайга да, Россияга да (айрыкча Украина маселесинде) түрдүү азгырыктарды сунуштап, макулдук алууга үмүт кылат.

Кытай болсо Россия менен болгон бекем байланышын АКШ үчүн курман кылууга даяр эмес. АКШ бул мамилени бузууга, Кытайды өзүнө тартууга аракет кылып жатат, бирок Пекин АКШнын келечекте өзүнө каршы буруларын билет. АКШ Кытайды жалгыз калтырган соң ар түрдүү багыттарда кысым көрсөтө баштай турганын түшүнөт. Ошондуктан Россия менен союздаштык Кытай үчүн АКШнын кысымына каршы курал жана маанилүү карта болуп эсептелет.

Кытай ошондой эле Украина маселесинде АКШны колдогусу келбейт, анткени Кытайда да буга окшош Тайванды кошуу маселеси бар. АКШ бул маселени атайылап татаалдаштырып жатат. 1979-жылдан бери АКШ «бирдиктүү Кытай» принциптерин таанып келгени Тайвандын Кытайга таандык экенин билдирет.

Ошол сыяктуу эле, Кытай стратегиялык куралдарды, айрыкча ядролук ракеталарды өнүктүрүүдөн баш тартууну каалабайт. Анткени дал ошол куралдар Кытайдын АКШ алдында турумун бекемдейт. Эгер мындай мүмкүнчүлүк болбосо, АКШ үчүн Кытайга үстөмдүк кылуу, анын ичине чейин кирүү, түзүмүн талкалоо оңой болмок. Ар бир мамлекет толук көз карандысыздыкка жетүүнү кааласа, өзүнүн душманын коркутчу куралы болушу зарыл.

Ал эми келишилген экономикалык макулдашууларга келсек, алар ишенимдүү эмес. АКШнын табияты ушундай, ал кандайдыр бир келишимди жарыялап, бирок кызыкчылыгы өзгөрсө же эгемендүүлүгүнө шек тийгизсе, бат эле андан баш тартат же бузат. АКШ саясатынын негизи өз кызыкчылыгы жана үстөмдүгү. Ошондуктан ал дүйнөнүн бардык аймагында таасирин кеңейтүүгө, башка мамлекеттердин — дос же душман болобу — таасирин азайтууга умтулат.

Ушундан улам АКШ башка мамлекеттерди Кытайга каршы тукуруп, ага каршы коалициялар түзүп, Кытайдын айланасындагы аскерий базаларын күчөтүп келет.

Трамптын Си менен жолугушуусунун алдында, 2025-жылдын 28-октябрында Японияда «Жорж Вашингтон» аба ташуучу кемесинде өз жоокерлеринин алдында сүйлөгөн сөзү бул нерсени дагы бир ирет ырастайт. Ал мактанып, көкүрөгүн каккылап: «Бизде эч ким билбеген куралдар бар. Алар дүйнөдөгү эң күчтүү, эң өнүккөн куралдар. Башка тараптардын эч бири мындайга ээ эмес», — деди.

Андан соң менменсинип коркутту: «Дүйнөдөгү кайсы гана күч бизди ашып өткүсү келсе биз аны жок кылабыз».

Демек, ал Кытай президенти менен жолугушардын алдында эле ага коркутуу мүнөзүндөгү билдирүүлөрдү жөнөткөн. Ким өз куралынан баш тартып, душманынын убадасына ишенсе — ал өзүн душманына өз колу менен тапшырат.

Советтер Союзу кулагандан кийин Казакстан өзүнүн 1000 ядролук ракетасынан, Украина бийлиги болсо 1200 ядролук ракетасынан баш тарткан. Казактар Россияга, украиндер АКШ менен Россиянын «коопсуздукту камсыздайбыз» деген убадасына ишенип беришкен. Натыйжада экөө тең эмне болгонун бүткүл дүйнө көрдү.

Мына ушундан көрүнүп турат, Трамптын Кытай менен «түшүнүшүүгө» умтулуусу жана «мен муну да ийгиликтүү чечтим» деп көрсөтүүгө аракет кылуусу анын Россия менен тил табыша албай калышынан кийин пайда болду.

Ал 2025-жылдын 16-августунда Аляскада Путин менен алдын ала жолугушуп, ортодогу маселелерди, айрыкча Украина согушун талкуулаган. Андан соң былтыр Венгрияда өткөн саммитте аны менен кайра жолугушууну каалаган, бирок бул жолугушууну өзү жокко чыгарган. Себеби анын дипломаттары, өзгөчө АКШнын мамлекеттик катчысы Россиянын тышкы иштер министрине чалып, курч телефон сүйлөшүүсүнөн кийин АКШнын талаптары аткарылбай турганын түшүнүшкөн.

Ошентип, Трамп Россияга: «Карагыла, биз Кытай менен келиштик. Жакында аларды силерден ажыратып, өзүбүзгө тарта алабыз. Ошондуктан биз менен макулдашкыла, болбосо утуласыңар», — деген ишарат жөнөткөндөй болду. Бирок АКШ менен Кытайдын ортосундагы негизги фундаменталдуу карама-каршылыктар өз ордунда турат.

Ушул себептен Трамп келерки апрелде Кытайга барып, бул маселелер боюнча макулдук издейт. Себеби азырынча Россия менен сүйлөшүүлөр «чукул жолго» түшпөй, тыгылып турат. Ал эми Россия Трамптын оюндарын түшүнөт, эгер Кытайдын Россиядан алыстап жатканы байкалбаса, бул маневрлар көп натыйжа бербейт, азырынча андай белги жок.

Мына ушундайча бул шариятсыз күчтөр бири-бири менен да, башкалар менен да айрыкча Ислам үммөтүнө тынымсыз бут тосууларды, айла-амалдарды жүргүзүп келишет.

Бул болсо дүйнөнү алардын жамандыгынан куткарып, бул зулум күчтөрдүн алдына токтоосуз жана күчтүү тоскоолдук болуу үчүн, үммөттү пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөгө мажбурлайт.

Асъад Мансур

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button