Кытай саясий исламды ооздуктоодо нейтралдуу ортомчу эмес!

Кытай саясий исламды ооздуктоодо нейтралдуу ортомчу эмес!
Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин 2026-жылдын 3-апрелинде жума күнү билдиргендей, «Пакистан менен Афганистан ортосунда чыңалуу кайра күчөгөндөн бери Кытай өз ыкмасы менен ортомчулук аракеттерин жүргүзүп, ар түрдүү каналдар аркылуу эки тарап менен тыгыз байланышта болуп, диалог үчүн шарт түздү». Ал дагы мындай деп кошумчалады: «Эки өлкө Кытайдын ортомчулугуна маани берип, аны кубаттайт жана кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга даяр. Бул оң өнүгүү».
Афганистан менен Пакистан ортосундагы акыркы чыңалуу 2026-жылдын февраль айынын аягында башталган. Бул чыңалуулар Пакистан Афганистан аймагында абадан сокку ургандан кийин жана эки тарап бири-бирин айыптаган соң күчөдү. Исламабад Кабулду Пакистандагы Талибандар кыймылын калкалоодо деп айыптап жатат, ал эми Кабул бул дооматтарды четке кагууда. Бул кагылышуулар 2021-жылы Афганистанда Талибан кыймылы бийликке кайткандан берки эң оор чек ара чыңалуусу болуп эсептелет. Натыйжада Пакистан менен Афганистандын ортосундагы чек ара түздөн-түз согуш аймагына айланды.
Сыртынан караганда Кытай өзүн нейтралдуу ортомчу катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Мао Нин жана кытай дипломаттары Бээжин «эч бир тарапка ыктабай, диалог үчүн гана шарт түзөт» деп бир нече жолу баса белгилешкен. Бул түшүнүк Афганистандын ичинде да кылдат жайылтылууда. Талибанга байланыштуу маалымат каражаттары жана Кабулдагы расмийлер Кытайдын «конструктивдүү жана достук ролу» тууралуу айтып, аны өз ара урматтоонун белгиси катары сүрөттөшөт. Бирок геосаясий вакыйлык Кытай нейтралдуу эмес экенин көрсөтөт. Бээжин менен Исламабаддын ортосундагы байланыштар тарыхый, экономикалык жана коопсуздук жагынан терең тамыр алган. Ошондой эле Талибан кыймылы кытай инвестицияларына муктаж болгондуктан, иш жүзүндө Бээжин белгилеген «кызыл сызыктарды» сактоого милдеттенет. Демек, Кытайдын ортомчулугу нейтралдуу дипломатия эмес, тескерисинче өзүнүн маанилүү кызыкчылыктарын башкаруунун куралы болуп саналат.
Аймактагы Кытайдын негизги кызыкчылыктары, биринчи кезекте, коопсуздук менен байланыштуу. Ал Пакистан менен Афганистандагы саясий ислам мүнөзүндөгү топтордон олуттуу тынчсызданат. Пакистан Талибандары тарабынан Кытай жумушчуларына жана долбоорлоруна каршы жасалган кайталап кол салуулар ага коңгуроо какты. Ошол эле учурда Афганистандагы жихадий топтордун, анын ичинде Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын (уйгурлардын) болушу Кытай үчүн түздөн-түз коркунуч болуп эсептелет. Кытай Афганистан аймагы уйгур согушкерлеринин жаңы базасына айланышын каалабайт. Ошондуктан азыркы ортомчулук тынчтыкка жетишүүдөн көрө, Пакистан менен кызматташтыкта бул топторду биргелешип ооздуктоону координациялоого көбүрөөк окшош.
Бул коопсуздукка байланышкан тынчсыздануулар менен катар, Кытай Пакистан позициясына ылайык саясий исламдын таасирин чектөө аркылуу өзүнүн экономикалык таасирин сактоого жана кеңейтүүгө аракет кылууда. Анткени учурдагы чыңалуу түздөн-түз баасы 60 миллиард доллардан ашкан Кытай–Пакистан экономикалык коридору долбооруна сокку урууда. Бул долбоор «Бир алкак – бир жол» демилгесинин негизги таянычтарынын бири болуп эсептелет. Чек арадагы кагылышуулар соодага жана транзит жолдоруна гана тоскоол болбостон, Кытай–Пакистан экономикалык коридорун Афганистанга чейин кеңейтүү иштерин да кечеңдетти. Бул болсо алтын, жез жана литий сыяктуу кен байлыктарга жетүүнү, ошондой эле Борбор Азияга жаңы жолдорду ачууну камтыйт. Ошондуктан Кытай ортомчулук аркылуу ок атышууну токтотууну бекемдөөгө, өткөрмө пункттарды кайра ачууга жана өз инвестицияларын коркунучтан алыс кармоого аракет кылууда. Бул кош багыттуу ыкма т.а. мабдаий ооздуктоо жана экономикалык кеңейүү Бээжин үчүн Түштүк Азияны өзүнүн маанилүү таасир аймагына айлантуудагы стратегиялык артыкчылык экенин көрсөтөт.
Ошондой эле Кытай аймактагы Американын саясатын жакшы түшүнөт. Америка бул чыңалууларды күчөтүү же аларды пайдалануу аркылуу Пакистандын көңүлүн анын негизги атаандашы болгон Индиядан Афганистан багытына бурууга аракет кылууда. Бул сценарийде Индияга өзүнүн экономикалык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоңураак мүмкүнчүлүк ачылат жана ал Кытайга каршы тең салмактоочу күч ролун аткара алат. Кытай болсо аймак Американын мындай максаттарына багыт алышын каалабайт, анткени Индия позициясынын күчөшү Кытайдын Инд океанындагы жана Түштүк Азиядагы стратегиялык таасирине терс таасир тийгизет.
Ушуга жараша Кытай Коммунисттик партиясынын саясаты саясий исламга карата терең мабдаий каршылык көрсөтүү жана анын аймакта күч алышынан кооптонуу шартында калыптанууда. Партия ислам кыймылдарын Чыгыш Түркстандагы өзүнүн мабдаий үстөмдүгүнө, ал тургай аймактык чөйрөсүнө да вужудий коркунуч катары көрөт. Айрыкча Чыгыш Түркстан ислам кыймылы (уйгурлар) сыяктуу топтордон чочулайт, анткени алардын аракеттери Афганистан аймагынан башталышы мүмкүн. Мындан тышкары, Пакистан Талибандарынын Пакистандагы кытай долбоорлоруна жасаган чабуулдары бул коопсуздук коркунучтарын дагы да күчөттү.
Мындан тышкары, экономикалык факторлор да негизги орунда турат. Чек ара чыңалуулары Кытай–Пакистан экономикалык коридоруна жана «Бир алкак – бир жол» демилгесин Афганистанга кеңейтүү маселесине коркунуч жаратууда. Бул долбоорлор литий, жез жана алтын сыяктуу кен байлыктарга жетүүнү камтыйт.
Геосаясий деңгээлде болсо Кытай Америка стратегиясына каршы турат. Анткени Америка бул чыңалууларды колдонуп, Пакистандын Индия менен атаандаштык кылуусунан көңүлүн бурууга аракет кылууда. Бул болсо Нью-Делини Бээжинге каршы тең салмактоочу күч катары бекемдөөгө шарт түзөт.
Демек, Кытайдын ортомчулугу жөн гана нейтралдуу тынчтык орнотуу аракети эмес, тескерисинче чыңалууну башкаруу, жалпы коркунучтарды ооздуктоо жана өзүнүн экономикалык-коопсуздук таасирин тереңдетүү үчүн колдонулган курал болуп саналат.
Роя гезит
Юсуф Арслан




