Үммөт жаштары: Чачыранды күчтөн Халифалыкты тикелөөчү күчкө чейин

Үммөт жаштары: Чачыранды күчтөн Халифалыкты тикелөөчү күчкө чейин
Үммөттүн ичиндеги жаштар маселеси — бул жөн гана көңүл ачуу программаларына же жумуш орундарына муктаж болгон курактын маселеси эмес. Бул стратегиялык күч маселеси. Эгерде бул энергия так мабдаий долбоорго багытталбаса, анда ал башкалардын долбоорлору үчүн отунга же ашыкча жүккө айланат. Жаштар – фикратты көтөрүп чыгууга эң жөндөмдүү, ага тез жооп кайтарган жана аны кабыл алууда эң кайраттуу катмар. Дал ушул себептен, Ислам тарыхында алар Үммөт башынан кечирген ар бир орчундуу бурулуштарда алдыңкы сапта болушкан.
Тарыхка көз чаптырганыбызда, чоң өзгөрүүлөрдү эки анжы болгондор же жыргалчылыкка берилгендер эмес, бир идеяга ишенип, ошол үчүн жашаган муун ишке ашырганын көрөбүз. Жаш кезинде эле Константинополду фатх кылуу долбоорун көтөрүп чыккан Мухаммад Фатихтин үлгүсүн эскерүү жетиштүү. Ал өзүн жөн гана аймактык башкаруучу катары эмес, Пайгамбардын сүйүнчүсүн ишке ашырууга умтулган, даават көтөрүп чыккан жана максаты бар мамлекеттин лидери катары көргөн. Ошондой эле, курамында улуу сахабалар болгон кошуунга кол башчылык кылган Усама бин Зайдды алсак болот. Мында жетекчиликтин критерийи жаш эмес, жөндөмдүүлүк, компетенттүүлүк жана берилгендик болгон.
Бул үлгүлөр тарыхый суктануу үчүн гана эмес, жаштар так бир акыйда жана мамлекеттик долбоор менен байланганда, алар чыныгы өзгөртүүчү күчкө айланарын саясий эреже катары тастыктоо үчүн айтылат. Ислам мамлекетинин тушунда жаштар экинчи даражадагы ролдор менен чектелген эмес, алар чечим кабыл алуунун, даават жаюунун, Аллах жолундагы жихаддын жана коомду Ислам негизинде куруунун ажырагыс бөлүгү болушкан.
Ал эми бүгүнкү күндө маселе мусулман өлкөлөрүндөгү жаштардын санынын аздыгында эмес, алар жашап жаткан саясий жана пикирий чөйрөнүн табиятында болууда. Осмон Халифалыгы кулатылгандан кийин пайда болгон азыркы марионеткалык режимдер «үммөт бийлик ээси» деген негизде же «Ислам мамлекетти башкаруучу мабда» деген негизде курулган эмес. Алар капиталисттик эл аралык системага байланган секулярдык негиздерге курулган. Албетте, мындай режимдер Исламдан алыстаган, алардын мыйзамдуулугун суракка албаган жана аларды өзгөртүүгө аракет кылбаган, тескерисинче, учурдагы реалдуулукка сиңип кеткен муунду калыптандырууга умтулат.
Дал ошол себептүү, жаштарды керектөөчүгө, маанисиз иштерге берилүүгө жана ар кандай жамааттык долбоорлордон ажыратылган жеке ийгиликтин артынан чуркоого мажбурлап түртүп жатышат. Алардын аң-сезимине «эң бийик максат — бул ыңгайлуу жумуш же “өнүккөн” өлкөгө көчүп кетүү» деген пикирлерди сиңиришүүдө. Ошол эле учурда, эң негизги суроолор көмүскөдө калып жатат: «Сенин үммөттөгү ордуң кандай? Аллахтын шарияты өкүм сүрбөгөн жана мусулмандардын биримдиги корголбогон вакыйлыкка карата сенин позицияң кандай?»
Исламдын саясий сакофаты жаштарга жөн гана психологиялык колдоого муктаж болгон коомдук катмар катары карабайт, тескерисинче, аларды мабдаий долбоорго байланган өзгөртүүчү күч катары көрөт. Исламда бийлик шариятка, жетекчилик болсо үммөткө таандык. Ислам мусулмандарга алардын үстүнөн Ислам өкүмдөрүн колдоно турган жана алар аркылуу Исламды дүйнөгө даават жана жихад менен жеткире турган Халифага байъат берүүнү фарз кылган. Бул фарз бир гана аалымдардын же саясатчылардын эмес, бүтүндөй үммөттүн, анын ичинде эң биринчи кезекте жаштардын жоопкерчилиги.
Жаштар пикирий күрөштү алып барууга эң жөндөмдүү келишет, себеби алар учурдагы убактылуу кызыкчылыктарга аз байланган жана курмандыктарга барууга даяр. Алар азыркы режимдердин жалгандыгын ачуу, алардын көз карандылыгын ашкерелөө жана бул режимдер үммөттүн акыйдасына карама-каршы келерин көрсөтүү үчүн саясий күрөштү жүргүзүүгө эң жөндөмдүү. Бирок бул нерсе тек гана туйгу же тартипсиз демилгелер менен ишке ашпайт. Бул үчүн эл аралык системанын табиятын түшүнгөн, мамлекеттердин чыныгы жүзүн жана башкаруучулардын малайлыгын аңдап билген, ошондой эле шарият далилдери көрсөткөндөй Исламдагы башкаруу системасын өздөштүргөн мабдаий саясий аң-сезим керек.
Жаштарды Халифалыкты тикелөөчү күчкө айлантуу коомду аскерлештирүү же маанисиз кагылышууларга баруу дегенди билдирбейт. Бул жалпы аң-сезимден келип чыккан коомдук пикирди калыптандыруу дегенди билдирет. Бул ишти идеяларды жана түшүнүктөрдү өзгөртүү үчүн аракет кылган мабдаий жамаат алып барат. Натыйжада, Исламдын башкаруусу жөн гана эмоционалдык үмүт эмес, элдин аң-сезимдүү талабына айлануусу шарт. Анткени Исламдагы өзгөрүү пикирден башталат, андан соң коомдук пикирге айланат, кийин гана саясий реалдуулукка которулат.
Мекенчилдик акыйда робытасына салыштырмалуу жасалма робыта экенин жана азыркы чек аралар үммөттү бөлүп-жаруу үчүн таңууланганын аңдап билген жаш жигит жөн гана ураандарды айтуу менен чектелбейт. Ал: «Мусулмандарды бириктирген саясий түзүм кайда? Шариятты толук колдонгон башкаруу системасы кайда? Үммөттүн байлыктарын чет элдик компаниялардын эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеткен мамлекет кайда?» — деп суроо коёт.
Жаштардын энергиясын кайра багыттоо ийгиликтүү түшүнүктү кайрадан аныктоодон башталат. Ийгилик — бул акыйдага каршы келген системага сиңип кетүү эмес, аны өзгөртүү үчүн аракет кылуу. Үммөт алсыз бойдон кала берип, жеке жетишкендиктерге жетүү ийгилик эмес. Чыныгы ийгилик Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоону максат кылган, мабдаий жана аң-сезимдүү саясий ишмердүүлүккө катышуу.
Бүгүн Үммөт жол кесилишинде турат: же анын жаштары чачыранды жеке долбоорлордун туткуну бойдон калат, же өзгөрүү процессин жетектеген аң-сезимдүү алдыңкы кошуунга айланат. Көңүл ачууга же исламий эмес долбоорлорго жумшалган ар бир жаштын энергиясы — бул стратегиялык жоготуу. Исламдын саясий идеясы менен байланышкан ар бир жаш жигит келечектеги Ислам мамлекетин куруудагы бир кыш (кирпич).
Тарых күбө болгондой, чоң бурулуштар көбүнчө бузулган вакыйлыкты өзгөртүүнү чечкен жаш муундан башталат. Бул өзгөртүү баш аламан козголоң менен эмес, так бир долбоорго аң-сезимдүү берилүү менен ишке ашат. Ислам үммөтүнүн жаштары өзүнөн мурункулардан кем калышпайт, болгону аларга туура багыт, бириктирүүчү долбоор жана ишенимди реалдуулукка айланта турган уюшкан иш-аракет керек.
{إِنَّهُمۡ فِتۡیَةٌ ءَامَنُوا۟ بِرَبِّهِمۡ وَزِدۡنَـٰهُمۡ هُدࣰى}
“Ырасында, алар Раббилерине ыйман келтирген жана Биз ыймандарын арттырган жигиттер”. (Кахф: 13).
Роя гезити
Устаз Саид Фазл




