Басма сөз

Исламга жана мусулмандарга каршы тыюу салуулар, мажбурлоо жана үзгүлтүксүз чабуулдар Даниянын саясий ийгиликсиздигинин натыйжасы

Басма сөз баянаты

Исламга жана мусулмандарга каршы тыюу салуулар, мажбурлоо жана үзгүлтүксүз чабуулдар Даниянын саясий ийгиликсиздигинин натыйжасы

Ислам жана мусулмандар жаңы жийиркеничтүү чабуулга дуушар болбогон бир күндү табыш үчүн абдан алыскы тарыхка кайрылууга туура келет. Бул чабуулдар өкмөттөн болобу же оппозициядан болобу айырмасы жок. Акыркы он күндүн өзүндө эле өкмөт тарабынан төмөнкүдөй исламофобиялык көрүнүштөргө күбө болдук:

Фанат интеграция министри Расмус Стоклунд 12-декабрда Фейсбукта жарыяланган видеодо: «Ислам даниялык билим берүүдө мындан ары чоң орун ээлебеши керек», — деп билдирип, ушул себептен өкмөт Копенгаген университетиндеги намаз окуу бөлмөлөрүн жабууну оң баалап жатканын айтты. Бул болсо, университеттин жумушчу тобу аталган бөлмөлөрдөн «диний кысым», «терс социалдык көзөмөл» же «аялдарды кысымга алуу» тууралуу саясий дооматтарды тастыктаган эч кандай далил таппаганына карабастан жасалууда.

Ушул эле министр, дагы бир тыюуну актоо, жек көрүүнү козутуу жана мусулмандарга каршы чындыкка дал келбеген жасалма көйгөйлөрдү жаратуу үчүн, өлкө боюнча жок болгон коомдук исламий азанды издеп, табууга аракет кылды.

17-декабрда өкмөт никабга болгон тыюуну окуу класстарына да жайылтууну көздөп жатканы жарыяланды. Стоклундга жок көйгөйдүн көлөмүн тыюу салууга жана мажбурлоого өтүүдөн мурда изилдөө керекпи деген суроо берилгенде, ал 18-декабрда DR телеканалына: «Муну зарыл деп эсептебейм», — деп жооп берди. Ошол эле маегинде тыюуну кеңейтүүнү актап жатып: «Биз унутта калган аялдардын күрөшү боюнча комитеттен сунуш алдык, жана менимче, бул жакшы сунуш», — деп билдирди.

Ошол эле комитет 2022-жылы бардык башталгыч мектептерде исламий жоолукка тыюу салууну сунуштаган. Бул сунушту Стоклунддун мурдагысы Кар Дибвад Бек «кызытуучу» жана «кайраттуу» деп мүнөздөгөн. Өкмөттүн муслима кыздардын кийимин чечтирүүгө болгон кайра-кайра умтулуусу, ошондой эле «Ислам даниялык билим берүүдө орун ээлебеши керек» деген ураан менен кошо каралганда, бул кадамды Францияда, жакында Австрияда көргөндөй, жоолукту толук тыюуга карай дагы бир баскыч катары гана түшүндүрүүгө болот.

Бирок мындан да көбүрөөк тыюуларга муктаждык бар деп табылды. Дем алыш күндөрү өкмөт мусулмандарга карата «социалдык көзөмөл» деп аталган көрүнүшкө каршы күрөшүү шылтоосу менен тууган-туушкандардын никесине тыюу салууну каалап жатканын жарыялады.

Мусулмандарды бутага алган ушундай өзгөчө мыйзамдардын толкуну шартында ийгиликсиз интеграцияны күч менен таңуулоо жана саясаттагы сазда добуш топтоо аракетин эске салууда. Ошондой эле жарандыкка талапкер мусулмандардын ишенимин текшерүүдөн тартып, батыштык эмес резидент эместерге берилген эрте пенсия укуктарын кайра кароого, «реабилитация» сапарларына жана «кайра көчүрүү» (депортация жана этникалык тазалоо) маселелерине чейинки саясий талкуулар күчөп жатат. Ушундай маалында, Викендавизен гезити 18-декабрда жаңы коомдук пикир сурамжылоосун жарыялады. Анда «даниялыктардын болжол менен төрттөн бири мусулмандарды өлкөдөн депортациялоону каалайт, ал эми дээрлик үчтөн бири Данияда Исламга тыюу салууну каалайт» деген жыйынтык көрсөтүлгөн.

Шек жок, бул көрсөткүчтөр үрөй учурат жана дээрлик бир кылым мурдагы Европаны эске салат. Бүгүн да, ал убактагыдай эле, жек көрүү бош жерден пайда болгон жок. Удаалаш келген улутчул өкмөттөрдүн тушунда мусулмандарга жана Исламга каршы саясат аркылуу ондогон жылдар бою себилип, өстүрүлүп келген.

Акыркы муниципалдык шайлоолор бийликтеги негизги партия болгон социал-демократтардын аброюн кескин төмөндөтүп, эл ичинде терең ишеним кризиси бар экенин ашкереледи. Бул кризис узак убакыттан бери күчөп келе жаткан.

Ошондуктан бүгүнкү күндө үмүтсүздүк айкын көрүнүп турат. Өнөр жай кызыкчылыктары таңуулаган, ийгиликсиз өкмөттүк долбоордон кийин (ал партиялардын популярдуулугун мындан ары да түшүрүп, системалык кризисти тереңдетүүдөн башка натыйжа бербеген соң) социал-демократтар эми мусулмандарга каршы маанайды алсыз курал катары пайдаланып, өздөрүн коррупциянын сазынан алып чыгууга аракет кылып жатышат. Бул болсо даниялык саясатта дээрлик өзгөрбөс бирден-бир туруктуу көрүнүш болуп, алар дал ушул нерсеге ишенип калгандай.

Муну менен өкмөт өзүнүн калган аз ишенимин гана эмес, коомдун негиздери болгон жасалма эркиндикти жана «демократия» деп аталган түшүнүктү да кыйратууда. Бул жалган баалуулуктарды коргоонун ордуна, аларды жок кылууга өздөрү салым кошуп жатышат. Натыйжада, бул либералдык демократиянын ичиндеги карама-каршылыктарды жана жетишсиздигин дагы көп адамдарга ачып берет.

Бул жерде тактап коюуга арзый турган эки чындык бар:

  1. Даниядагы жана жалпы Батыштагы мусулмандар мамлекеттин көзөмөлүнө да, секулярдык басымга да, тыюу салууларга да, мажбурлоого да баш ийишпейт. Тескерисинче, Аллахтын ырайымы менен жаштар арасында Исламга кызыгуу өсүп жатат жана Исламды кабыл алган даниялыктардын саны да көбөйүүдө. Мунун себеби жөнөкөй: Ислам чыныгы баалуулуктарды сунуш кылат, ал эми мындай баалуулуктар даниялык парламентте өтө жетишпейт.
  2. Бул өлкөдө коомдун негиздерин кыйратып, калк арасында фитна козгогон тарап мусулмандар эмес. Тескерисинче, бул багытта өкмөт менен ашынган оңчулдар толук тил табышкандай көрүнөт. «Эркиндик» деген ат менен мажбурлоо, «толеранттуулук» деген ат менен тыюу салуу эки жүздүү нормага айланды. Ал эми ойлоп табылган көйгөйлөр, жайылган жек көрүү жана тутандырылган жаңжалдар алардын ахлакый банкроттугун кооз сөздөр менен жашыруу үмүтү менен жасалууда. Бул теңдеши жок фикрий ийгиликсиздиктин мисалы.

Хизб ут-Тахрирди Даниядагы маалымат бөлүмү

20.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button