Басма сөз

Иммиграцияга тыюу салуу жана коркутуу саясаты

Басма сөз баянаты

Иммиграцияга тыюу салуу жана коркутуу саясаты

Трамп администрациясы 2025-жылдын 15-декабрында иммиграцияга тыюу салуу саясатын олуттуу түрдө кеңейтүүсүн жарыялап, анын 2026-жылдын 1-январында күчүнө кирерин билдирди. Ак үйдүн маалыматына ылайык, кошумча алты өлкөнүн — Буркина-Фасо, Мали, Нигер, Түштүк Судан жана Сирия — жарандары, ошондой эле Палестина автономиясынын жол жүрүү документтерин алып жүргөндөрдүн АКШга кирүүсү жараксыз болот. Ушул жарыя менен жалпысынан 19 өлкөнүн жарандарына, ошондой эле Палестина автономиясынын жол жүрүү документтерин алып жүргөндөргө кирүү визалары берилбейт. Айрым чектелген өзгөчөлүктөр гана каралган, алардын ичинде АКШнын “улуттук кызыкчылыктарына кызмат кылат” деп эсептелген адамдар бар.

Администрация бул кеңейтүүнү улуттук коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануулар менен негиздеди. Алардын катарына мигранттарды текшерүү жана алардын таржымалын иликтөө жол-жоболорундагы болжолдуу кемчиликтер, чет мамлекеттердин өкмөттөрүндө маалымат алмашуу практикаларынын алсыздыгы, уруксат берилген мөөнөтүн ашырып жиберүү көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы, ошондой эле АКШнын терроризмге каршы күрөшүү максаттары менен тиешелүү өлкөлөр саясаттарынын дал келбестиги кирет.

Коопсуздукка байланыштуу түшүндүрмөлөрдөн тышкары, администрация иммиграцияга тыюуну кеңейтүү кеңири саясий максаттарга да кызмат кылат деп ырастайт. Трамптын популярдуулугу тарыхый эң төмөн деңгээлге (Reuters/Ipsos жүргүзгөн сурамжылоого ылайык 39%) түшкөн шартта, бул кадам азайып бара жаткан саясий базаны жандандырууну көздөйт. ABC тармагы жүргүзгөн кошумча сурамжылоолор Республикалык партиянын жана “Американы кайра улуу кылабыз” кыймылы тарапташтарынын арасында популярдуулугу басаңдаганын көрсөтөт. Мунун негизги себеби экономиканын начарлашы.

Иммиграцияга коюлган чектөөлөрдү кеңейтүү аркылуу администрация жумуш орундарын коргоо, чек ара мыйзамдарын аткаруу жана депортациялоо маселелерине басым жасаган шайлоо убадаларын бекемдеп жаткандай көрүнөт. Мигранттар, айрыкча бутага алынган аймактардан келгендер, көп жолу жумушсуздук, кылмыштуулук, баңгизаттарды жайылтуу жана коомдук ресурстарга болгон басымга салым кошот деп сүрөттөлүп келген. Бул баяндамалар коркутууга таянып, мигранттарды ички туруксуздуктун негизги булагы катары көрсөтүү аркылуу коомчулуктагы шектенүүнү күчөтөт.

Мындан тышкары, ички көйгөйлөрдү басаңдатуу менен катар, иммиграцияга коюлган бул чектөөлөр дүйнөлүк деңгээлде таасир көрсөтүү жана күч колдонуу куралы катары пайдаланылууда. Жакында Буркина-Фасо, Мали жана Нигердин ортосунда түзүлгөн Сахель альянсы аймактык көз карандысыздыкка жетишүүнү жана экономикалык-саясий байланыштарды бекемдөөнү максат кылып, Африкадан европалык таасирди сүрүп чыгаруу боюнча Американын аракеттерине тоскоол болууда. Ал тургай Нигерияга жасалган акыркы сокку да, аны «христиандарды коргоо» жана буга чейинки түз коркутуулар менен актоого аракет кылышканына карабастан, Американын аймактагы таасирин кеңейтүү планынын бир бөлүгү катары бааланууда. Ушундай эле таризде, Сириянын жана Палестина автономиясынын кошулушу Жакынкы Чыгыштагы Американын кызыкчылыктары, айрыкча яхудий түзүмү менен стратегиялык альянсына байланышкан бекем геосаясий эсептерди чагылдырат.

Ак үйдүн саясаты мусулмандарды тең салмаксыз түрдө бутага алып жатканы айкын, анткени тизмеге киргизилген 19 өлкөнүн 12си мусулмандар басымдуулук кылган мамлекеттер. Бул тыюу Исламга каршы чаралардын кеңири үлгүсүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Анын ичинде айрым исламий топторду террордук уюмдар деп классификациялоо аракеттери жана мусулман активисттерди кармоо учурлары бар.

Тарыхый жактан алганда, Америка ар кыл этникалык жана диний чөйрөлөрдөн келген мигранттардын толкундарын кабыл алып, көп учурда «америкалык эритме казан» деп мүнөздөлгөн жалпы улуттук иденттүүлүктүн калыптанышына салым кошкон. Көптөгөн мигрант жамааттар бара-бара интеграцияланып кетсе да, мусулмандар өзгөчө диний жана сакофий өзгөчөлүгүн бекем карманганы үчүн өзгөчө бутага алынган. Алар Америка калкынын аз гана бөлүгүн түзгөнүнө карабастан, диний баалуулуктарга бекемдиги, үй-бүлөлөрүнүн ынтымагы, билим деңгээлинин жогорулугу жана мыйзамды сактоого берилгендиги менен таанылган. Дал ушул принциптерге берилгендик мусулман жамааттарын республикачыл да, демократиячыл да администрациялар тарабынан күчөтүлгөн көзөмөлгө жана шектенүүгө дуушар кылды.

Дүйнөлүк динамиканын өзгөрүшү менен, Америка Кошмо Штаттары өзүнүн калыптанган үстөмдүгүнө карата барган сайын күчөгөн чакырыктарга туш болууда. Коркуу жана четтетүүгө негизделген мындай саясаттар анын дүйнөлүк ордун жана негизги таянычтарын алсыратууда. Иммиграцияга тыюу салуунун кеңейтилиши миграция боюнча жөн гана саясий чечимди билдирбестен, саясий стратегиянын, дүйнөлүк таасирди таңуулоонун, ички саясаттын жана Исламга каршы мабдаий күрөштүн айкалышын чагылдырат. Мигранттарды, айрыкча мусулмандарды, коркунуч катары сүрөттөө администрацияга коомдук пикирдин көңүлүн ички чакырыктардан т.а. экономикалык туруксуздуктан, инфляциядан, инфраструктуранын начарлашынан жана саясаттагы ийгиликсиздиктерден бурууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга каршы, Ислам миграцияга таптакыр башка көз караш менен карайт. Азыркы улуттук мамлекеттердегидей улуттук же этникалык иденттүүлүккө таянбастан, Ислам Халифалыгы расага, тегине, өңүнө же динине карабастан бардык адамдарга камкордук көрүүгө негизделген укуктук жана диний түзүм болуп саналган. Мусулман эместерге да шаръий келишим (зимма) аркылуу кирүүгө жана жашоого уруксат берилген, ал келишим жанды жана мүлктү коргоону, ибадат кылуу укугун жана сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган. Кирүүгө коюлган чектөөлөр негизинен коопсуздук себептерине байланыштуу болуп, расага же тегине негизделген эмес. Эмгек базарларына, демографиялык башкарууга же улуттук иденттүүлүккө багытталган азыркы миграциялык системалардан айырмаланып, Халифалыкта адамдардын эркин жүрүүсү негизинен мыйзамды сактоо шартына байланган.

Ошондой эле Халифалык этникалык биримдикти жана экономикалык жактан өз алдынча болууну маанилүү негиз катары бекемдеген. Ислам раса же этностук иерархияны ачык четке кагат. Тарыхый жактан алганда, Халифалык арабдар, африкалыктар, фарстар, түрктөр, кавказдар, яхудийлер, христиандар жана башка ар кыл элдерди башкарган, алардын көпчүлүгү жогорку административдик жана илимий кызматтарды ээлешкен. Халифалык бул ар түрдүү элдердин ортосунда узак мезгилдер бою коомдук ынтымакты сактап келген, ал эми улутчулдукка жана демографиялык коркунучка таянган бүгүнкү мигранттарга каршы көрүнүштөр анда орун алган эмес.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүн башкаруунун жаңы моделине олуттуу муктаждык бар. Башкаруунун исламий модели б.а. Халифалык динге таянган, адилеттүүлүккө жана жамаий жоопкерчиликке негизделген түзүм катары, расага, этникалык таандыкка, өңүнө, динине же миграциялык макамына карабастан бардык адамдарга камкордук кылууну жана кадыр-баркты кепилдейт.

Хизб ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү

28.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button