Басма сөз

105 жылдыкта үммөттүн бардык күчтөрүнө Халифалыкты кайра тикелөө үчүн өз кубаттарын топтоого даават жаңыланат

Басма сөз баянаты

105 жылдыкта үммөттүн бардык күчтөрүнө Халифалыкты кайра тикелөө үчүн өз кубаттарын топтоого даават жаңыланат

Хижрий 1342-жылдын 28-ражабында, миладий 1924-жылдын 3-мартында, «Улуу улуттук жыйын» деп аталган кеңеш тарабынан каргашалуу жарлык чыгарылып, анда Халифалыкты расмий түрдө жоюу чечими кабыл алынган. Халифалык жоюлушу менен шаръий өкүмдөр жокко чыгарылды, байъат токтотулду, мусулман жерлер улутчул жана мекенчил негиздерде бөлүнүп, көз каранды, алсыз, картон сымал түзүлүштөргө майдаланды. Аларга жалданма, агент башкаруучулар дайындалып, башкарууга коюлду. Үммөттүн биримдиги өлтүрүүчү сокку алдында калды. Ал кулашы менен Байтул-Макдис жана Берекелүү жер кулады, мусулман жерлеринин жүрөгүнө болсо рак сымал яхудий түзүмү эгилди.

Ошондон берки кара күндөн тартып жана Халифалык мамлекети кулатылышынын 105 жылдыгында, Ислам үммөтү ушул оор көрүнүштү узак жылдар бою башынан кечирип келет. Палестинадагы болуп жаткан хазарий кагылыш колонизатор батыш каапырлары яхудий түзүмүнүн кыйрашына жол бербөөгө аракет кылганы менен, Берекелүү жерден баш тартпоону чечкиндүү түрдө каалаган Ислам үммөтүнүн эркинин ортосунда алыс-жакынга далил болду. Мыкаачы кыргындар дагы да токтогон жок, колониялык согуштар да басылган жок. Кырсыктар менен фитналар дүйнөнүн бардык бурчтарында Ислам үммөтүн курчап турат. Индустар мусулмандарга кол салып, өлтүрүп-кырып жатышат. Кытайда бүтүндөй эл мусулман болгондору үчүн гана камакка алынууда. Ал эми Ислам өлкөлөрү маңызсыз жана өзүлөрүн майдалап жиберүүчү  согуштарга чөгүп кетишүүдө.

Жер жүзүндөгү элдердин баары Исламга жана Халифалыктын кайтып келишине каршы күрөшүү үчүн чогулушту. Бул көрүнүш айрыкча Исламдын аты коомчулукта, эл арасында, а түгүл тагдырына кордук, кедейлик жазылган Ислам жана мусулмандарга өч душмандардын тилдеринде да айтылып жатат. Анткени баары билип турат, Халифалык Аллахтын уруксаты менен келе турган өзгөрүүнүн долбоору. Анын улуулугу ушунчалык, эгер кайтып келсе, үммөттүн күч-кубаттарын ачат жана аны дүйнөдөгү ролун кайра аткарууга кайтарат. Бул дүйнөнү азыркы абалынан куткаруучу болот. Колонизатор батыш каапырлары да бекем акыйдага ээ, бир бүтүн жандуу үммөт катары Ислам үммөтүнүн жандуулугун жок кылууга алардын күчү жетпешин жакшы түшүнүп турушат.

Дүйнөдөгү куфр башчылары Халифалыктын кайра кайтышынан коркушат. Ошондуктан бизге Ислам үммөтүнүн өз мамлекети менен кайрадан биригиши адамзат тарыхында өзөктүк жарылууга тете күчкө ээ окуя болорун аңдоо важиб. Анткени мамлекет — бул күч, аткаруучу жана өндүрүүчү түзүм. Анын бар болушу менен үммөттүн күчтөрү иретке келет, күч-кубаттары ачылат, чачырап кеткен мүмкүнчүлүктөрү тартиптелет, аны өндүрүүчү күчкө айландырат. Ал эми мамлекет жок болгондо үммөт кулайт, анын байлыктары талап-тонолот.

Ушуга байланыштуу, Ислам үммөтүн — элдерин, аалымдарын, аскерлерин жана андагы күч-кубат ээлерин Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөдө Хизб ут-Тахрир менен бирге ишти тездетүүгө чакырабыз. Анткени ал фарздардын таажысы жана убада кылынган жеңиш. Ошондой эле, үммөттүн бардык күчтөрүн Халифалык мамлекети менен шарияттын пакиза өкүмү астында болгон ошол улуу даңкка жана улуу абройго кайтуу үчүн кубаттарын топтоого чакырууну кайрадан жаңылайбыз.

Хизб ут-Тахрир бул улуу артыкчылыкка кайтуунун жолун баяндап берген жана үммөттү каапыр колонизатор Батыш таңуулаган каапырлыкка негизделген режимдерге көз карандылыктан куткаруу үчүн үммөт менен бирге иштеп келе жатат. Ошону менен аны кайра көтөрүп, абийирин кайтарып, ыйык жерлерин азат кылып, адамзатты капитализмдин караңгылыгынан жана зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө жана ырайымына чыгарат.

عن أُبَيّ بن كعبٍ رضي الله عنه قال: قال رسولُ الله ﷺ:

«بَشِّرْ هذهِ الأُمَّةَ بِالسَّنَاءِ والدِّينِ والرِّفْعَةِ والنَّصْرِ والتَّمْكِينِ فِي الأَرضِ، فمَن عملَ منهُم عَمَلَ الآخرةِ للدُّنيا لم يَكُن لَهُ فِي الآخرةِ مِن نَصيبٍ».

مسند الإمام أحمد.

Убай ибн Каʿб (р.а.) риваят кылат: Расулуллах ﷺ айтты: «Бул үммөттү улуулук, дин, бийиктик, жеңиш жана жер жүзүндө күч-кубатка ээ болуусу менен сүйүнчүлө. Алардын кимиси акырет үчүн жасала турган ишти дүнүйө үчүн жасаса, анын акыретте эч кандай үлүшү болбойт». (Имам Ахмаддын «Муснады»)

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

Аялдар бөлүмү

01.01.2026

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button