Адилеттүү имам

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Адилеттүү имам
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Жами ат- Тирмизинин шархы Тухфат аль-Ахвазиде “Адилеттүү имам жөнүндө айтылгандар” бөлүмүндө айтылат:
حَدَّثَنَا عَلِيُّ بْنُ الْمُنْذِرِ الْكُوفِيُّ حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ فُضَيْلٍ عَنْ فُضَيْلِ بْنِ مَرْزُوقٍ عَنْ عَطِيَّةَ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنَّ أَحَبَّ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَأَدْنَاهُمْ مِنْهُ مَجْلِساً، إِمَامٌ عَادِلٌ وَأَبْغَضَ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ وَأَبْعَدَهُمْ مِنْهُ مَجْلِساً، إِمَامٌ جَائِرٌ
Бизге Али ибн аль-Мунзир аль-Куфи Абу Саидден риваят кылды. Алланын элчиси, ага Алланын салаваттары болсун айтты: “Кыямат күнү Аллахка эң сүйүктүү жана Ага эң жакын болгон адам – адилеттүү башкаруучу, ал эми Аллахка эң жек көрүндү жана Андан эң алыс болгон адам – адилетсиз башкаруучу“.
(إن أحب الناس) “адамдардан эң сүйүктүүсү” деген сөзү: Аль-Карий айткандай, эң сүйүктүү адам дегенди билдирет. Аль-Манави: “Аллахтын ага болгон сүйүүсүнөн бактылуу болгон адам дегенди билдирет“.
(وأدناهم) “Жана алардын эң жакыны“ Аль- Карий айтты, Аллахка мартабасы, орду боюнча эң жакыны дегенди билдирет: Аль-Манави айтты: алардын ичинен анын урматына эң жакыны жана анын көз алдында эң жогоркусу.
(إمام جائر) “заалым имам“ дегенди билдирет.
Урматтуу бир туугандар:
Аль-Касым бин Мухаймрадан риваят кылынат: “Сенин дооруң сенин башкаруучуң, эгер башкаруучуң адилеттүү болсо, сенин дооруң адилеттүү болот, эгер башкаруучуң заалым болсо, сенин дооруң заалым болот”.
Халиф Умар бин Абдулазиз халифалыкты колго алганда, ал Хасан бин Абу аль-Хасан аль-Басриге адилеттүү имамдын сапаттары жөнүндө суроо үчүн киши жөнөткөнү айтылат; Аль-Басри мындай деп жазган: “Оо, момундардын амири, билгин, Аллах адилеттүү имамды ар бир кыйшык нерсенин таянычы жана ар бир эзилүүчүнүн жардамчысы, ар бир бузуку адамдын оңдоочусу, ар бир алсыз адамдын күчү, ар бир адилетсиздикке кабылган адамдын адилеттүүлүгү жана ар бир кыйналган адамдын баш калкалоочу жайы. Оо, момундардын амири, адилеттүү имам төөлөрүнө боорукер чабандес, аларды эң жакшы жайыттарга алып баруучу, коркунучтан коргогон, жырткычтардан калкалаган, ысыктан жана зыяндан коргогон чечкиндүү жана жумшак чабандес сыяктуу. Оо, момундардын амири, адилеттүү имам баласына боорукер, мээримдүү жумшак эне сыяктуу. Ал аны каалабастан көтөрүп, каалабастан төрөп, бала кезинде чоңойткон. Ал ойгоо кезинде уктабай, эс алып жатканда эс алат. Кээде эмизип, кээде эмчектен чыгарат. Ал анын жакшылыгына кубанып, арыз-муңуна кайгырат”.
Эй мусулмандар: силердин башкаруучуларыңарда бул сапаттар барбы? Эмнелер башыңардан өтүп жатканын көрбөй жатасыңарбы? Башында биз башкаруучуларыбыздын кемчиликтерин көрүп баштадык, Анан биз алардан чыккынчылыкты көрө баштадык, эми болсо бүгүн аларды ар тараптан адеп-ахлаксыздык, каапырлык жана бузукулук ороп алганын көрүп жатабыз. Алардын бузукулугун сүрөттөөгө сөз жетпейт, алардын бузукулугун жана өз үммөттүнө карата кыянатычылыгын түшүндүрүүгө арап тилинин сөз байлыгы жетпей калды. Биз эми алардын адилеттүүлүгү же адилетсиздиги жөнүндө сүйлөшпөйбүз, ошондуктан алардын Кыямат күнү Аллахтын алдындагы абалы кандай болот? Биз Аллахтан кечирим жана бакубатчылык сурайбыз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 29 – мухаррам.
2026-ж, 14–июль.
