Роя гезити

«Аксак өрдөк» жана орто мөөнөттүү шайлоодо республикачылардын жеңилиши

«Аксак өрдөк» жана орто мөөнөттүү шайлоодо республикачылардын жеңилиши

2026-жылдын 4-ноябрында «Зе Атлантик» гезити «Трамп доорунун аякташы» деген аталышта макала жарыялап, анда Трампты «аксак өрдөк» деп сыпаттады. Бул сыпаттама Америка президенти шайлоодо жеңилип, кайрадан талапкерлигин коё албаган же анын партиясы Конгресстеги көзөмөлүн жоготкондо колдонулуучу саясий термин. Мындай учурда президенттин мыйзамдарын өткөрүүсү барган сайын кыйындайт.

Чындыгында, Трамп Ак үйдө президенттик бийликти колго алгандан бери «сокур өрдөк» сыяктуу иш-аракет кылып келди. Анын шайлоо алдындагы үгүт иштери тынчтыкка жана согуштарды токтотууга багытталганына карабастан, ал өзүнүн президенттик мөөнөтүн союздаштарына да, каршылаштарына да бирдей жарыялаган бажы тарифтерин көтөрүү менен баштады. Ошондой эле Газага каршы согушта яхудий вужудун колдоду, Канаданы ээлеп алып, аны Америка штаттарына кошуп алууну, Гренландия аралын басып алууну каалады. Газаны ээлеп алып, аны Ривьерага айландырууну көздөдү. Венесуэлага кол салып, анын президентин туткунга алып, Америкага алып кетти. Акырында Иранга каршы согуш жарыялап, Ормуз кысыгында тумчугуп калды. Ошентип, Трамптын өзүнө баш ийген алсыз администрациясы менен бирге жасаган сокур иш-аракеттери аны партиясынын жеңилишине жана демократтардын ири жеңишке жетишине алып келди.

Туура, Америкадагы президенттер терең мамлекеттин саясатынан жана негизги стратегияларынан четке чыгышпайт. Ошондой эле Трамп менен анын партиясы жасаган иштер Американын улуу держава катары кызыкчылыктарын жана өлкөдөгү таасирдүү ири капиталисттердин кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн болгон. Бирок Трамптын бул иштерди ишке ашыруу тарикаты аталган максаттарга жетүүдө ийгиликке жетишкен жок. Ошондуктан анын жеңилиши өзү жана партиясы үчүн терең мамлекеттин кызыкчылыктарын ишке ашыруудагы ийгиликсиздиги себептүү берилген жазага окшоп калды.

Бул жеңилүүнүн азыркы натыйжасы катары демократтар Трамптын администрациясына ал ийгиликсиздикке учураган маселелер боюнча басым өткөрүшөт. Конгресс Ирандагы согушту токтотуу үчүн басым жасап, Трампты өз администрациясындагы ийгиликсиз жетекчилерди, мисалы, согуш министрин, Трамптын сүйлөшүүлөр боюнча атайын өкүлү Уиткоффту жана алсыздыгы менен ийгиликсиздиги далилденген башка адамдарды алмаштырууга мажбурлайт. Ал тургай, иш азыркы администрациядагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүгө чейин жетиши мүмкүн. Айрым учурларда бул иштер түрмөгө камоо менен да аякташы ыктымал. Мунун баары Америка коомчулугун жана душман да, дос да болгон мамлекеттерди абал өзгөрө баштаганына, ийгиликсиз администрация бийликтен кетүү жолунда экенине жана «ихластуу» демократтар бийлик башына келгенине, эми Трамп менен анын ийгиликсиз администрациясы артында калтырган бардык коррупция менен кыйроолор өзгөрөрүнө ишендирүү үчүн жасалат. Ошентип, Америка саясатчыларынын ортосунда шайлоо жана ролдорду алмашуу театры өлкөдөгү таасирдүү адамдардын максаттарын Америка элинин жана дүйнө элдеринин эсебинен ишке ашыруу үчүн улана берет.

Америка Иранды тизелетүүдө ийгиликсиздикке учурагандан кийин согушту токтотуу зарыл экенин түшүндү. Бирок ал бул согуштан жеңилген тарап катары жана эч кандай пайдага жетишпестен чыга албайт. Ошондуктан канкор Трамп келерки январь айында, анын партиясы бийликтен кетердин алдында, Иранга аскерий сокку урушу да ыктымалдан алыс эмес. Муну менен ал Иранды ядролук куралдан баш тартуу жана аймактагы таасирин азайтуу боюнча Американын шарттарын кабыл алууга мажбурлоону көздөйт.

Бул согуш Америкага өтө чоң терс таасирлерди тийгизди. Алардын биринчиси — Американын дүйнөдөгү, айрыкча Жакынкы Чыгыш аймагындагы аброюнун солкулдашы. Анткени, Ирандын аларга жасаган соккуларынан улам Американын Перс булуңундагы союздаштары жана малайлары нааразы болуп, баш ийбей башташты. Ал эми яхудий вужуду өзүн жоготуп, сүрүн кетирген соккуларга дуушар болду. Американын Европадагы союздаштары да анын көзөмөлүнөн чыгып, моюн сунуудан баш тартты. Мунун баарынан тышкары, анын саясий атаандаштары жана душмандары өз позицияларын бекемдеп, Американы эл аралык жетекчилик тактысынан четтетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү таба баштады. Ошондуктан саясатты өзгөртүү, жетекчи адамдарды алмаштыруу жана зарылчылык туулса, айрым маселелерде жол берүү зарыл болуп калды.

Америкадагы чечим кабыл алуучулар өлкөсү алсыздануу жана төмөндөө баскычына киргенин, анын поезди акыркы бекетине жетүүгө аз калганын түшүнүштү. Бирок прагматикалык капиталисттик пикирдин табияты саясатчылардын жеңилүүнү же акыйкатты моюнга алышына жол бербейт. Ошондуктан алардын бул абалды өзгөртүү жана тарыхтын дөңгөлөгүн артка айландыруу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатканын көрөсүң.

Мына ошондуктан алар Трамп сыяктуу адамды алып келишти. Ал саясатчылар арасында саясатчы эмес, маскарапоз катары белгилүү болгону менен, эл арасында өтө чоң популярдуулукка ээ эле. Ошондуктан алар аны колдоп-кубатташты, ага жардам беришти, күч-кубатка ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп беришти жана «МAГА» (MAGA) деп аталган кыймылды түзүштү. Бул аталыш «Американы кайрадан улуу кылуу» дегенди билдирет. Бул ураандын өзү эле Американын мурдагыдай улуу болбой калганын моюнга алуу болуп саналат. Бирок алар абалды сактап калууга жана мезгил бузган нерселерди оңдоого аракет кылышты.

Ошентип, Трамп өзүнүн бардык кемчиликтери, жаман сапаттары, текеберлиги жана бой көтөрүүсү менен бирге, алар каалагандай Американы кайрадан улуу кылуу үчүн келди. Бирок анын ийгиликсиздиги ачык-айкын көрүнүп турду. Ал Американы төмөндөөдөн сактап калуунун ордуна, аны кыйратууга аракет кылды. Элде айтылгандай: «чылпагын алам деп, көзүн оюп алыптыр!».

Мына эми Трамптын партиясы бүгүн оор жана азаптуу жеңилүүгө учурап, айыпталган жана жеңилген абалда саясий сахнадан чыгып жатат. Анын алдыдагы президенттик шайлоодо да жеңилип калышы ыктымал. Ошондо кайрадан жаңы демократ президент бийликке келип, ошол эле ишти жаңы жүз менен дагы бир жолу кайталайт.

Яхудий вужудун колдогон жана ага жардам берген республикачылар кетишет. Согуштарды тутанткан, бааларды көтөргөн, инфляцияны күчөткөн жана Исламга каршы текебердик менен күрөшкөн республикачылар кетип, алардын ордуна яхудий вужудун “уялган” көз караш менен колдогон жана согуштарды тутанткан, бирок муну «тынчтык үчүн!» жасаган демократтар келишет. Алар бааларды төмөндөтүп, салыктарды көтөрүшөт, коррупцияны каргашат, бирок бир да уурунун колун токтотушпайт. Исламга каршы күрөшүшөт, бирок муну жылуу жүз менен жасашат. Сөз эркиндигин колдошот жана мусулмандарды Конгресске «кудум жеңүүчүлөрдөй!» киргизишет. Гомосексуализмге жана жыныстык бузукулукка чакыргандарга эшиктерди кеңири ачышат. Мунун баары маселелерди аралаштырып, акыйкат ээлерин батылдын толкундарынын арасында адаштыруу үчүн жасалат. Мына ушул — демократиянын чыныгы жүзү жана анын эскирген кийими.

Ооба, Ак үйдүн мурдагы кеңешчиси Омароса Ньюман өзүнүн «Акылынан айныган» аттуу китебинде сыпаттагандай, акылынан айныган Трамп кетет, республикачылар кетишет жана алардын ордуна иштерди өз нугуна кайтаруу үчүн «ихластуу!» демократтар келишет. Ошентип, бул бир эле дөңгөлөктүн айланышы жана бир тыйындын эки бети болуп саналат. Элде айтылгандай: «Уксус — кычынын бир тууганы» жана «Шихабуддин бир тууганынан да жаман».

Аллах Таала адамзатты бул жамандыктардан куткарып, акыйкатты өз ээлерине кайтарсын. Ислам үммөтүнө Өзүнүн нусратын жана бийликти бекем орнотууну насип кылсын. Аллах Тааланын убадасы жана Расулунун ﷺ сүйүнчүсү болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыгын тикелөө аркылуу Ислам үммөтүнө жеңиш жана бийлик насип кылсын.

Роя гезити

Устаз Халид Али – Америка

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button