БИЛАЛ ИБН РАБАХ (РА)

БИЛАЛ ИБН РАБАХ (РА)
Исламдын алгачкы азанчысы, буттарды титиретүүчү Билал ибн Рабах хабаший узун бойлуу, кара түстүү, арыкчырай, чачтары коюу, денеси өтө кубаттуу болуп, өзүнө карата айтылып жаткан мактоо жана алкыштарга таптакыр кулак салбайт эле. Башын ийип, көздөрүн жумуп отуруп, карапайымдык менен «мен кечээ эле кул болгон хабаштык жөнөкөй адаммын» дейт эле.
Бир күнү Билал өзү жана иниси үчүн жуучулукка барып, кыздардын атасына: «Мен Билалмын, бул болсо менин иним. Хабаштык эки кулбуз. Биз адашкандардан элек, Алла бизди хидаяттады. Биз кул элек Алла бизди азат кылды. Эгер бизге кыздарыңызды берсеңиз Аллага мактоолор болсун. Эгер бербесеңиз Алла улуу», – деди.
Ал кара күң аялдан туулган. Меккедеги Бани Жумах уруусунун кулу болчу. Анын энеси болсо алардын күңдөрүнүн бири эле. Адамдар Меккеде Мухаммад (с.а.в) жөнүндө өз ара сүйлөшүп жүрүшкөндө бул кабарлар анын да кулагына жетти. Ал мындай сөздөргө кулак салып, күзөтүп жүрөт эле. Ал исламга кирген күнү Расулулла (с.а.в) жана Абу Бакр (р.а)лар адамдардан бөлүнүп жалгыздап калышкан эле. Ушул күнү алардын алдынан Абдулла ибн Жуандын кой эчкилерин багып жүргөн Билал өтүп калды. Ошондо Расулулла (с.а.в) үңкүрдөн башын чыгарып: Эй койчу сүтүң барбы? – деп сурады. Билал: Менин кой эчкилерден башка эч нерсем жок. Мен ушулардын артынан күн көрөмүн. Эгер кааласаңар бүгүнкү сүтүн силерге беремин, – деди. Расулулла (с.а.в): Аларды алып кел, – деди. Билал алып келди. Расулулла (с.а.в) идиштерин алып келүүлөрүн сурады. Кийин эчкини байлап идишке саады. Идиш толду. Расулулла (с.а.в) сүттү ичип алды. Кийин дагы саап идишке толтуруп Абу Бакрга ичирди. Кийин дагы саап идишти толтуруп Билалды тойгузду. Кийин эчкини бошотуп жиберди. Эчкинин желиндери болсо мурункудан да чоңураак эле. Кийин, Расулулла (с.а.в): Эй жигит, исламдан кабарың барбы, мен Алланын элчисимин, – деди. Билал ошол жерден исламга кирди. Расулулла (с.а.в) ага ыйманын жашырып турууну айтты. Билал ошентип койлорун айдап кетти. Чындыгында кой эчкилердин сүттөрү көбөйгөн эле. Ээлерине барганда, алар Билалга: Өтө жакшы жайыт тааптырсың, эми ар дайым ошол жерде баккын, – дешти. Билал үч күн Расулулла (с.а.в) менен Абу Бакр (р.а)лардын алдына барып аларды сүт менен тойгузду. Өзү болсо исламды үйрөндү. Төртүнчү күнү Абу Жахл Абдулла ибн Жудъан уруусунун алдынан өтүп бара жатып: Айбандарыңар өсүп, семирип, сүттөрү көбөйүп калганбы? – деп сурады. Алар: Үч күндөн бери ушундай сүттөр көбөйүп калды, мунун сырын биз билбейбиз, – деп жооп беришти. Ошондо Абу Жахл: Каабанын Роббисине ант болсун, мына бул кулуңар ибн Абу Кабшанын турган жерин билет. Аны ал жакка барып багуудан кайтаргыла, – деди. Абу Жахлдын сөзү менен алар Билалды ал жакка баруудан кайтарышты.
Сырдын ачылып калуусу:
Бир күнү Билал Каабага кирди. Курайш анын артында отурат эле. Билал муну сезбеди. Ал жак, бул жакка карап эч кимди көрбөдү. Акырын буттардын алдына келип аларга түкүрө баштады. Аларга карап: «Силерге ибадат кылгандар үмүтсүздөр жана зыянда», – деди. Ошондо Курайш аны кармап алмакчы болушту. Билал качып барып кожоюну Абдулла ибн Жудъондун короосуна жашырынып алды. Алар Абдулла ибн Жудъонду чакырышты. Ал чыкканда: Жинди болдуңбу? Жаш баланын ишин кылып жатасың, – дешти. Ал болсо: Бул сөздү мага айтып жатасыңарбы, лат жана уззага жүз төө курбандык кылайын, – деди. Курайштыктар ага «сенин кара кулуң ушундай иштерди кылды» деп айтып беришти.
Кожоюну Билалды табууну буюрду. Билалды таап кожоюндун алдына алып келишти. Кожоюн болсо аны тааныбады. Малчысын чакырып, «бул ким, акыры сага бирин да калтырбастан чыгарып жибер дебедим беле» деди. Малчы «бул жигит сиздин койлоруңузду багат, аларды бул жигиттен башкасы жакшы билбейт эле» деп жооп берди. Ошондо кожоюну Абдулла ибн Жудъон Абу Жахл жана Умайя ибн Халафтарга: Бул кул силердики, каалаганыңарды кылгыла, – деди. Кулдарынын биринин исламга кириши оор сокку болуп, кордук жана шерменделикти сезген Умайя ибн Халафтын көкүрөгүндө жер жүзүнүн шайтандары чогулган эле. Умайя өзүнө өзү: Албетте, мына бул качкын кулдун исламы өчмөйүнчө бүгүнкү күндүн күнү да батпайт, – деп касам ичти.
Азап:
Азап башталды. Мушриктер чөл тозокко айланып кала турган шашке маалында Билалды жылаңачтап чоктой кызып турган кум-таштарга жаткырышты да, бир нече адам ордунан араң козгой ала турган оор, кызыган ташты үстүнө бастырып коюшту. Алар Билалга «лат жана уззаны айт» деп кыйкырышат эле Билал болсо «Ахад-Ахад, Алла бир, Алла жалгыз» деп жооп кайтарат эле. Кеч киргенден кийин аны тургузуп мойнуна аркан салып жаш балдардын колуна берип коюшуп, Меккенин тоолорун жана көчөлөрүн айландырышат эле. Билал болсо Ахаддан башка сөздү айтпайт эле. Аммар ибн Ясир: «Баары т.а. азапталгандар мушриктер каалап жаткан сөздү айтышты, бирок, Билал мындан тышкары эле», – деп эстейт. Бир күнү азапталып жаткан жана Алла Ахад деп күбөлүк берип жаткан Билалдын алдынан Варака ибн Навфал өтүп бара жатып «эй Билал Аллага ант болсун, эгер ушул келме үстүндө жан берсең албетте сенин мүрзөңдү ыйык жер кылып алган болот элем» деди.
Азаттык:
Мушриктер Билалды азаптап жатышканда алардын алдынан Абу Бакр (р.а) өтүп калды жана аларга карата «адамды Роббим Алла дегени үчүн өлтүрөсүңөрбү» деп кыйкырды. Кийин Умайяга карап «анын өз баасынан да кымбатыраак беремин, аны тынч кой» деди. Натыйжада мушриктер Билалды Абу Бакрга сатышты. Абу Бакр болсо дароо аны азат кылды. Ошентип, Билал азаттыкка чыкты.
Хижрат:
Расулулла (с.а.в) жана мусулмандар Мединага хижрат кылышкандан кийин Расулулла (с.а.в) Билал менен Убайда ибн Жаррохту ага-ини кылды, намазга азанды киргизгенде болсо исламдын биринчи азанчысы кылып Билалды тандады.
Бадр согушу:
Мусулмандар менен Курайш кошууну ортосунда согуш болду. Бул ислам жолундагы биринчи казат, Бадр казаты эле. Расулулла (с.а.в) бул казат «Ахад, Ахад (Алла жалгыз, андан башка маъбуд жок)», деген ураан астында болушун буюрду. Согуш бүтүшүнө жакын калганда Умайя ибн Халаф Расулулла (с.а.в)дын досу Абдуррахман ибн Авфка ишара кылып, ал менен коргонмокчу болуп, өзүн туткун кылып алууну андан сурады, өмүрүн сактап калуу үмүтүндө ушундай кылды. Ошондо Умайяны Билал кармап алдында: «Мына куфрдун башы Умайя ибн Халаф. Эгер ал кутулуп калса мен нажат таппаймын», – деп кыйкырды. Анын текебердик көптүрүп жиберген башын үзмөкчү болуп кылычын көтөрдү. Ошондо Абдуррахман ибн Авф: Эй Билал, ал менин туткунум, – деп кыйкырды. Ошондон кийин Билал диндеги боордошунун коргоосун жалгыз өзү жарып өтө албастыгына көзү жетип, бийик добуш менен мусулмандарга: Эй Алланын ансорлору, мына куфрдун башы Умайя ибн Халаф, эгер ал кутулуп калса мага нажат жок, – деп кыйкырды. Ошондо мусулмандардын атчан жамааты келип Умайяны жана анын уулун курчап алышты. Абдуррахман ибн Авф эч нерсе кыла албай калды. Билал кылычтар соккусу астында жерге кулаган Умайянын денесине бир саам тигилип калды. Кийин тез эле андан алыстап «Ахад, Ахад» деп кыйкырды.
Фатх күнү:
Билал Расулулла (с.а.в) менен бардык окуяларга күбө болуп жашады. Билал бейиш калкынан деп сыпаттаган Расулулла (с.а.в)га барган сайын жакындап барды. Меккени фатх кылуу күнү келди. Расулулла (с.а.в) Каабага кирди. Ал зат менен Билал да бар эле. Расулулла (с.а.в) ага азан айтууну буюрду. Билал азан айтты. Эх кандай гана сонун заман, кандай гана ырахаттуу мекен жана кандай гана көркөм мамиле.
Фазилаттары:
Расулулла (с.а.в) айтты:
«إِنِّي دَخَلْتُ الْجَنَّةَ، فَسَمِعْتُ خَشَفَةً بَيْنَ يَدَيَّ، فَقُلْتُ: يَا جِبْرِيلُ، مَا هَذِهِ الْخَشَفَةُ؟ قَالَ: بِلاَلُ يَمْشِي أَمَامَكَ»
«Мен бейишке кирдим айланадан кадамдын добушун уктум. Жебреилден бул кандай добуш деп сурадым. Жебреил бул алдыңызда басып бара жаткан Билалдын кадамынын добушу деп жооп берди». Расулулла (с.а.в) Билалдан исламга киргенден кийин кылган эң жакшы амалын сурады. Билал: Качан даарат алсам, дароо ушул даарат менен эки же андан көбүрөөк рекет намаз окуймун, – деп жооп берди. О.э. Расулулла (с.а.в):
«اَلْجَنَّةُ إِلَى ثَلاَثَةٍ: عَلِيٍّ وَعَمَّارٍ وَبِلاَلٍ»
«Бейиш үч адамга Али, Аммар жана Билалга куштар», – деп айткан эле. Расулулла (с.а.в):
«إِنَّهُ لَمْ يَكُنْ نَبِيٌّ قَبْلِي إِلاَّ قَدْ أُعْطِيَ سَبْعَةُ رُفَقَاءَ نُجَبَاءَ وُزَرَاءَ، وَإِنِّي اُعْطِيتُ أَرْبَعَةَ عَشَرَ: حَمْزَةُ وَجَعْفَرُ وَعَلِيُّ وَحَسَنُ وَحُسَيْنُ، وَأَبُو بَكْرٍ وَعُمَرُ وَالْمِقْدَادُ وَحُذَيْفَةُ وَسَلْمَانُ وَعَمَّارُ وَبِلاَلُ وَاِبْنُ مَسْعُودٍ وَأَبُو ذَرٍّ»
«Менден мурда бардык пайгамбарларга жетиден шерик, дос жана вазир берилген эле. Мага болсо он төртү берилди. Хамза, Жаъфар, Али, Хасан, Хусайн, Абу Бакр, Умар, Микдод, Хузайфа, Салман, Аммар, Билал, ибн Масъуд жана Абу Зарр», – деди.
Бир күнү Билал Расулулла (с.а.в)дын алдына кирди. Расулулла тамактанып жаткан эле. Расулулла (с.а.в): Тамактан ал эй Билал, – деди. Билал «я Расулулла (с.а.в) мен орозомун» деди. Ошондо Расулулла (с.а.в): Биз ырыскыбызды жеп жүрөбүз. Билалдын ашыкча ырыскысы болсо бейиште. Сездиңби эй Билал орозо туткан адамдын сөөктөрү тасбих айтат. Ага периштелер истигфар айтат, – деди. Билал айрым адамдардын өзүн Абу Бакрдан бийик деп жатышканын угуп калып, ал: Кантип мени Абу Бакрдан бийик коюп жатасыңар. Акыры мен анын кылган жакшылыктарынан бир жакшылыкмын го, – деген эле.
Үйлөнүү:
Бану бакир Расулулла (с.а.в)га келип: Карындашыбызды баланчыга никелеп бериңиз, – деди. Расулулла (с.а.в) болсо: Билалга никелеп берейин, – деди. Алар экинчи жолу да келишип: Я Расулулла (с.а.в) карындашыбызды баланчыга никелеп бериңиз, – дешти. Расулулла (с.а.в) дагы: Билалга никелеп берейин, – деди. Үчүнчү жолу келип да ошол талапты коюшканда Расулулла (с.а.в): Карындашыңарды бейиш калкынан болгон адамга бербейсиңерби, – деди. Натыйжада алар ага никелеп беришти. Расулулла (с.а.в) Билалдын аялынын алдына келип салам берди, кийин: Билал барбы? – деп сурады. Аял: Жок, – деп жооп берди. Балким, сен Билалга ачууланаарсың, – деди. Аял: Ар дайым мага келип, Расулулла (с.а.в) андай деди, Расулулла (с.а.в) мындай деди, – дей берет. Расулулла (с.а.в) аялга: Билал сага мен тууралуу сүйлөгөн болсо албетте ал сага туура айтат. Билал эч качан жалган сүйлөбөйт. Билалды ачуулантпа. Болбосо сенин бирер амалың кабыл кылынбайт, – деди.
Билал муробиттерден:
Расулулла (с.а.в) дүйнөдөн кайтты. Мусулмандарды Абу Бакр Сыддык (р.а) башкара баштады. Билал халифага келип: Эй Расулулланын, халифасы мен Расулулла (с.а.в)дын «момундун эң абзел амалы Алла жолундагы жихад» дегенин укканмын, – деди. абу Бакр: Эмне каалайсыз эй Билал? – деди. Билал: Өлгөнүмчө Алланын жолунда муробит болмокчумун, – деди. Бизге ким азанчы болот? – деди Абу Бакр. Мен Расулулла (с.а.в)дан кийин бирер адамга азанчы боло албаймын, – деди Билал көздөрү жашка толуп. Абу Бакр: Калыңыз эй Билал бизге азан айтыңыз, – деди. Билал: Эгер мени өзүңүздүкү кылып алуу үчүн азат кылган болсоңуз сиз айткандай болсун. Эгер мени Алла үчүн азат кылган болсоңуз мени өз ыктыярыма коюңуз, – деди.
Сизди Алла үчүн азат кылганмын эй Билал, – деп Абу Бакр ага уруксат берди. Айрым рыбаяттарга караганда Билал Шамга сапар кылып ошол жерде муробит, мужахид болуп калып кетет. Айрымдар болсо, Билал Абу Бакр (р.а)нун райына карап Мединада калгандыгын, Абу Бакр дүйнөдөн кайтып, Умар халифа болгондон кийин андан уруксат сурап Шамга кеткенин рыбаят кылышат.
Түш:
Бир күнү Билал түшүндө Расулулла (с.а.в)ды көрөт. Расулулла (с.а.в) ага «бул кандай ташбоордук эй Билал, бизди зыярат кылуунун убагы келбедиби» дейт. Билал кайгыга батып ойгонот. Ошондон кийин Мединага жол алат. Расулулла (с.а.в)дын мүрзөсүнө келип ыйлап, мүрзөсүнүн топурагын ылайга айландырат. Анын алдына Хасан жана Хусайндар келишет. Билал аларды өөп бооруна басат. Алар Билалга, «эй Расулулланын азанчысы багымдатка азан айтып беришиңизди өтө каалайт элек» дешти. Таңда Билал мечиттин мунарасына көтөрүлдү. Ал: Аллаху акбар, Аллаху акбар, – деп азан айта баштаганда Медина козголду. Ашхаду алла илаха иллалла, – дегенде дагы катуураак козголду. Ашхаду анна Мухаммадур Расулулла дегенинде аялдар «Расулулла (с.а.в) тирилип келдиби» деп үйлөрүнөн жүгүрүп чыгышты. Ушул күнү Медина момун эркек жана момун аялдардын көз жаштарына толду.
Акыркы азан:
Билал акыркы азанды Расулулла (с.а.в) көз жумган күндө айткан эле. Момундар амири Умар Шамга сапар кылганда мусулмандар халифаны ортого алышып, Билалга жок дегенде бир намазга азан айтып берүүнү сурашты. Момундар амири Билалды чакырып, суранычты жеткирди. Намаз убагы да болду. Умар (р.а) Билалдын азанын зарыгып күтүп жаткан эле. Билал жогору көтөрүлдү жана азан айта баштады. Ошол алтын доордо Билал азан айтып Расулулла (с.а.в) имамга өткөн убактарды көргөн сахабалар өздөрүн ыйлоодон тыя алышпады. Алардын арасында эң катуу ыйлаганы Умар (р.а) эле.
Өлүмү:
Азирети Билал (р.а) хижраттын жыйырманчы жылында Шамда өзү каалагандай муробит болуп дүйнөдөн кайтты. Ал заттын денеси Дамашк топурактары астына коюлду.
