Газадагы үй-бүлөнү багуучу аял үй-бүлөгө кам көрүү менен тирүү калуу үчүн күрөштүн ортосунда!

Басма сөз баянаты
Газадагы үй-бүлөнү багуучу аял үй-бүлөгө кам көрүү менен тирүү калуу үчүн күрөштүн ортосунда!
Палестинанын саясий изилдөөлөр борбору Газа секторундагы согуш үй-бүлөнү багуучу аялдардардын көрбөгөндөй көбөйүшүнө алып келгенин, жесир аялдардын саны 22 миңден ашканын маалымдады. Борбор «Газа секторундагы үй-бүлөнү багуучу аял: согуш экономикасы жана социалдык жакырчылыкты кайра жаратуу» аттуу аналитикалык материалында согуштун натыйжасында үй-бүлөнү багуучулардын жоголушу Палестина үй-бүлөлөрүндө терең өзгөрүүлөргө алып келгенин, ошондой эле ата-энесинин биринен ажыраган он миңдеген балдар бар экенин түшүндүрдү. Натыйжада аял тышкы жардам жана көмөк толугу менен жок болгон шартта экономикалык жактан үй-бүлөнү багуу менен үй-бүлөгө кам көрүүнү айкалыштырган бир нече милдетти өз мойнуна алууда. Бул болсо ага болгон экономикалык, психологиялык жана коомдук басымдын күчөшүнө алып келди.
Жер-жерлердеги маалыматтар сектордогу аялдар башынан өткөрүп жаткан апааттын көлөмүн көрсөттү. Маалыматтарга ылайык, 6020дан ашуун үй-бүлө кыргынга учурап, көптөгөн учурларда жалгыз гана адам тирүү калган, ал көбүнчө аял же бала болгон. Мындан тышкары, 2700 үй-бүлө толугу менен кыргынга учураган. Он миңдеген күйөөлөрдүн шахид болушу жана камакка алынышы алардын аялдарынын өтө оор гуманитардык жана экономикалык шарттарда өз үй-бүлөлөрүн жалгыз багуучуларга айланышына алып келди.
Колдо бар маалыматтар он миңдеген жесир аялдар бар экенин, кеминде 53724 бала ата-энесинин биринен ажыраганын, алардын көпчүлүгү атасынан ажыраганын, мындан тышкары 2596 бала ата-энесинин экөөнөн тең ажыраганын көрсөтүүдө.
Акыркы эсептөөлөргө ылайык, Газада 58600дөн ашуун үй-бүлөнү аялдар багып калган. Бул жалпы үй-бүлөлөрдүн болжол менен 14%ын түзөт. Бул аял үй-бүлөнүн ичиндеги жөн гана катышуучу болбой, алардын кеңири катмарында чечим кабыл алуучуга айланганын билдирет. Бирок бул өзгөрүү туруктуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу шартында эмес, кеңири масштабдагы жер которуу, колдоо тармактарынын ыдырашы жана экономикалык коопсуздуктун жоктугу өкүм сүргөн шартта болуп жатат.
Ошондой эле үй-бүлөнү багуучу аялдар жер которууга жана туруксуздукка көбүрөөк дуушар болушууда. Маалыматтарга ылайык, аялдар багуучу болгон үй-бүлөлөрдүн 88%ы жер которууга дуушар болгон, ал эми башка үй-бүлөлөрдө бул көрсөткүч 77%ды түзөт.
Бул сандар адамдык жоготууларды гана чагылдырбастан, салттуу үй-бүлө институтунун кеңири масштабда ыдырашын жана үй-бүлөнү багуу милдетинин мажбур түрдө аялдарга өтүшүн да көрсөтөт. Мунун натыйжасында бул көрүнүш айрым жеке учурлардан коомго кеңири таасир эткен көрүнүшкө айланууда. Мындан тышкары, Газада экономикалык ишмердүүлүк дээрлик кыйроого учураган. Эсептөөлөргө ылайык, 2025-жылы жалпы жумушсуздуктун деңгээли болжол менен 68%га жеткен, эмгек рыногуна катышуу согушка чейин 40%га жакын болсо, согуштан кийин болгону 25%га чейин төмөндөгөн. Ошондой эле экономиканын ар түрдүү өндүрүш тармактарында дээрлик толук кыйроо катталган. Бул рынок мындан ары жумуш орундарын түзүүгө же жаңы жумушчу күчүн кабыл алууга жөндөмсүз болуп калганын билдирет.
Натыйжада үй-бүлөнү багуучу аялдын көйгөйү эми жумуш табууда эмес, рыноктун өзүнүн жоктугунда болуп калды! Маалыматтар эмгек рыногунун түзүмүндө кескин тең салмаксыздык бар экенин көрсөтүүдө. Аялдар арасындагы жумушсуздук 92%ды түзсө, алардын экономикалык катышуусу болгону 17%ды түзөт. Ошондой эле аялдар багуучу болгон үй-бүлөлөрдүн үлүшү согушка чейинки 12%дан согуш учурунда 18%га чейин өскөн. Бул аялдардын экономикалык жоопкерчилиги көбөйүп жаткан учурда алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тескерисинче азайып жаткан кескин карама-каршылыкты көрсөтөт.
Бул сандар жана статистикалар эч кандай чечими көрүнбөй, азабы уланып жаткан бул аялдардын тарткан кыйынчылыктарынын бир бөлүгүн гана көрсөтөт. Алар адам баласына татыктуу жашоонун эң жөнөкөй шарттарынан да ажыраган оор турмушка туш болушууда. Алардын ролу балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү менен гана чектелген болсо, эми тирүү калуу үчүн күрөшүүгө айланды! Азыр алардын көпчүлүгү эскилиги жеткен чатырларда же талкаланган үйлөрдө жашап, суу, электр энергиясы, газ жана санитардык жайлар сыяктуу күнүмдүк жашоого керектүү нерселердин көбүнөн ажырап турушат. Атүгүл алар кайгыруунун «жыргалчылыгынан» да ажыратылган. Анткени алар шахид болуу же туткунга түшүү себептүү аталарынан ажыраган балдарын сооротуу жана алардын ордун толтуруу үчүн өз сезимдерин басууга жана кайгысын белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур. Мунун баары аларга психологиялык, физикалык, экономикалык жана коомдук жактан таасир этүүдө.
Ушунун баары жана мындан да көбү болуп жатканда, дүйнө өзүнүн чыр-чатактары жана ач көздүк кызыкчылыктары менен алек, ал эми аялдар уюмдары терең уйкуда. Алар бул уйкудан Исламга, анын өкүмдөрүнө жана шариятка чабуул кылуу үчүн гана ойгонушат.
Эй, мусулмандар: Аллахтын Расулу ﷺ Коштошуу ажылыгында жана көптөгөн хадистеринде, силерге алар тууралуу осуят кылгандан кийин, дагы эмне болушун күтүп жатасыңар?!
Ар түрдүү абалдагы он миңдеген курмандыктар жана алардын тарткан азаптары силерди эч козгобойбу?! Силердин жүрөктөрүңөр таштай, ал тургай андан да катуу болуп калды! Ошентип, силерге төмөнкү аят туура келе турган болуп калды:
﴿ثُمَّ قَسَتْ قُلُوبُكُم مِّن بَعْدِ ذَٰلِكَ فَهِيَ كَالْحِجَارَةِ أَوْ أَشَدُّ قَسْوَةً وَإِنَّ مِنَ الْحِجَارَةِ لَمَا يَتَفَجَّرُ مِنْهُ الْأَنْهَارُ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَشَّقَّقُ فَيَخْرُجُ مِنْهُ الْمَاءُ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَهْبِطُ مِنْ خَشْيَةِ اللَّهِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ﴾
«Ушундай мужизаларды көргөндөн кийин да дилиңер катты. Демек ал дилдер таш сыяктуу же андан да катуурак. Анткени, ушундай да таштар бар, алардан дарыялар атылып чыгат. Дагы ушундайлары да бар, Алладан корккондугунан төмөн агат. Алла жасап жаткан амалыңардан кабарсыз калбайт!»
(Бакара: 74).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
15.08.26




