Комментарий

Кыргызстанда салык көзөмөлү күчөтүлөт: базарлар менен соода борборлоруна жаңы милдеттер жүктөлөт

Кыргызстанда салык көзөмөлү күчөтүлөт: базарлар менен соода борборлоруна жаңы милдеттер жүктөлөт

Кыргызстанда базарлардын, соода борборлорунун жана ишкерлердин салыктык башкаруу тартиби өзгөрөт. Министрлер кабинети салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшүн көзөмөлдөөгө, салык постторунун ишине, видеобайкоого жана башка бир катар процедураларга тиешелүү өзгөртүүлөр топтомун бекитти.

Жаңы талаптардын ичинен базарлар менен соода борборлорунун администрацияларына байланыштуу өзгөртүүлөр өзгөчө этибарды тартат. 2027-жылдын 1-январынан тартып базарлар менен соода борборлорунун администрацияларына салыктык эмес кирешелерди жана камсыздандыруу төөлөмдөрүн жыйноого байланыштуу кошумча милдеттер жүктөлөт. Ошондой эле алар жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшүн көзөмөлдөөгө тийиш болот. Бул үчүн өзүнчө тартип киргизилип, анда базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары ишкерлердин салыктык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча талаптарды кандайча эсепке алып, көзөмөлдөй турганы аныкталат.

Салык кызматкерлеринин видеокөзөмөлгө жетүүсү кеңейтилет. Өзгөртүүлөр салык посттору иштеген учурда видеобайкоо системаларын колдонууга да тиешелүү. Эгер ишканада же соода объектинде буга чейин видеобайкоо системасы орнотулган болсо, салык кызматынын кызматкери интернет же башка тармактар аркылуу аны колдоно алат. Анын ичинде IP-камераларды же IP-даректерди колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Алынган видеолор салыктык көзөмөл учурунда колдонулушу мүмкүн.

Эгер ишкерде же компанияда өзүнүн видеобайкоо системасы жок болсо, салык органы объектке өзүнүн жабдууларын орнотуп, тартылган видеолорду интернет же башка байланыш тармактары аркылуу өткөрүп ала алат.

Мындан тышкары, ишкер же компания видеобайкоонун видеолорун берүүдөн баш тарткан учурда, салык инспектору тоскоолдук кылуу фактысы боюнча акт түзө алат. Бул салык кызматынын кызматкеринин мыйзамдуу талабын аткарбагандык катары белгиленет.

Жаңы талаптар салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин гана өзгөртпөстөн, ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү көзөмөлдү да күчөтөт. Базарлар менен соода борборлорунун администрацияларына кошумча милдеттер жүктөлүп, салык органдарынын видео байкоону пайдалануу боюнча мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет.

Комментарий:

Мындан көрүнүп тургандай, Кыргызстандын Салык кызматы салык полициясына айланып барууда. Муну менен калктын ар бир кыймылын көзөмөлдөп, салык төлөтүү максат кылынууда. Бул өз кезегинде чакан ишкердик тармагын басым астында калтырып, ири капиталисттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Натыйжада, жалпы калктын мүлкү бир ууч бийликке жакын адамдардын колуна топтолушуна шарт түзүлүүдө. Буга Аллах Таала тыюу салган:

«…Ал (байлык) силердин араңардагы бай дөөлөттүү адамдардын колунда гана айланып калбашы үчүн…» (Хашр:7).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button