Комментарий

Кыргызстан менен Орусиянын ИИМ өкүлчүлүктөрү жаңы келишим түздү

Кыргызстан менен Орусиянын ИИМ өкүлчүлүктөрү жаңы келишим түздү

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен ички иштер жана миграция тармагындагы өкүлчүлүктөрдүн укуктук макамы тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Келишимге ылайык, Бишкектеги Орусиянын ИИМ өкүлчүлүгүнүн вазыйпалары жаңыртылат жана кеңейтилет. Ошондой эле Москвадагы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү болуп кайра түзүлөт. Мындан тышкары, Москва шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат.

Комментарий:

Орусиянын ИИМ өкүлчүлүгү Бишкекте буга чейин эле иштеп келген. Жаңы келишим өкүлчүлүктүн укуктук макамын тактап, анын функцияларын кеңейтет жана кызматкерлеринин санын көбөйтөт.

Расмий түшүндүрмөгө ылайык, келишимдин негизги максаты эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын күчөтүү деп көрсөтүлгөн. Айрыкча уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат аткезчилигине, адам сатууга, терроризмге жана киберкылмыштуулукка каршы күрөштө маалымат алмашууну жана өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу көздөлөт.

Бул келишим бир катар кабатырланууларды жаратат. Биринчиден, Кыргызстанда чет өлкөлүк укук коргоо органынын өкүлчүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканыбул өлкөнүн суверенитети кайсыл мамлекеттин таасири астында экенин көрсөткөн белги. Андыктан, өкүлчүлүккө өз алдынча тергөө жүргүзүү же адамдарды кармоо укугу берилбейт деп расмий айтылганы менен, бул жааттагы кызматташтыкка Орусиянын күч органдары кураторлук кылары шексиз.

Экинчиден, өкүлчүлүктүн кызматкерлерине дипломатиялык жеңилдиктер жана иммунитеттер берилип жатат. Мындай аракеттер эл аралык келишимдерде кеңири колдонулганы менен, өкүлчүлүктүн кызматкерлери боюнча кандайдыр бир талаштуу жагдай жаралса, алар ар кандай жоопкерчиликтен чыгып кетишине жол ачат. А түгүл, алар өлкөгө каршы иш-аракеттерди кылса да, эч бир жоопкерчиликке тартылбай корголушун кепилдейт.

Үчүнчүдөн, маалымат алмашуу маселеси кооптуу. Укук коргоо органдарынын кызматташуусу күчөгөн сайын катардагы жарандар жана мигранттар тууралуу маалыматтарды алмашуу да көбөйөт. Бул болсо жарандардын жеке маалыматтарынын корголушуна зыянын тийгизет. Ошол эле маалда, эки өлкөнүн жарандары тууралуу маалымат чогултууга, бул маалыматтар негизинде – бийликке “жакпаган” – адамдарды “терроризм”, “экстремизимде” айыптап камакка алууга шарт жаралат.

Ошондой эле кабарда Москвада Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ачылары айтылды. Бул Кыргызстанды тең атадай көрсөткөн, эки өлкөнүн тең укуктуу аракетин чагылдыргандай болгону менен Орусиянын өлкөдөгү таасирин жашырган пардадан башка нерсе эмес. Себеби, канчалаган мекендештерибиз Орусияда көптөгөн мыйзам бузууларга кабылышат. Кээ бири иштеген акчасын ала албайт, кээ бири мамлеккеттик кызматкерлердин орой, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган мамилесине туш болушат, кээ бири физикалык же психологиялык жактан жабыр тартышат. Бирок, биздин өкүлчүлүктөр канааттандырарлык жардам көрсөтө алышпайт. Анткени, орус мамлекеттик кызматкерлери биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлерин эч качан теңсинбейт. Ал тургай, элчилерибиз алардын көзүн карашат. Андыктан, биздин өкүлчүлүктөр өз вазыйпаларын толук кандуу аткарышы күмөн. Тескерисинче, алар Орусиянын кызыкчылыгын аткарууга тартылышат.

Ошондуктан бул кызматташууну эки өлкөнүн тең укуктуу аракети деп айтууга болбойт. Бул бир гана Орусиянын кызыкчылыгына кызмат кылган кезектеги демилге.

Хуран Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button