Судан саясатындагы секуляризмдин тамырлары

Судан саясатындагы секуляризмдин тамырлары
Секуляризм – бул динди турмуштан ажыратуу. Ал Европанын кайра жаралуу доорунда чиркөө менен ойчулдар жана философтордун ортосундагы орточо чечимдин натыйжасында пайда болгон капиталисттик мабданын акыйдасы. Ал акылга негизделген эмес жана Аллах адамдарды жараткан фитратка да туура келбейт. Анткени диндарлык (тадаюн) – адамдагы фитрий жана табигый гариза. Аны адамдан эч кандай күч жулуп ала албайт. Ошондой эле акыл адамды жаратып, анан бардык мүчөлөрүн тикелеп-тууралап, андан кийин боюн да тик-туура кылып койгон Жаратуучу аны жашоодо жүрө турган түзүмсүз таштап койбой турганын көрөт. Болбосо ал жерге түшүп, адашып, мүдүрүлүп, бактысыздыкка кабылмак. Аллах Таала айтты:
﴿قُلْنَا اهْبِطُوا مِنْهَا جَمِيعاً فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدًى فَمَن تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ﴾
“Ал жайдан (бейиштен) баарыңар түшкүлө!” дедик. Эми, силерге Мен тараптан хидаят (Туура Жол) келгенде, ошол Туура Жолго түшкөн адамдарга коркунуч жок жана алар кападар да болбойт”.
(Бакара: 38).
Ал эми секуляризмдин Судан саясатындагы тамырларын карай турган болсок, анын тамыры аны киргизген Британиянын колониялык дооруна барып такалат. Ал муну фикрий, саясий жана сакофий адаштыруу аркылуу ишке ашырган. Анткени Судан эли мусулман болгондуктан, аларды дининен алыстаткан мындай секулярдык пикирлерди кабыл алышкан эмес жана сиңире алышкан эмес, мейли бул алардын ички сезиминде гана болсо да. Ошондуктан секуляризмди диний жана тайпалык лидерлер аркылуу киргизүү аны кабыл алдыруунун жана жайылтуунун ылайыктуу услубу болгон. Натыйжада Британия сырткы көрүнүшү дин жана диндарлык болуп көрүнгөн, бирок өкүм, саясат жана коомго байланышкан пикирлеринде секуляризмди карманган диний жана тайпалык жамааттарды түздү.
Бул жамааттар колонизаторду кууп чыгып, өлкөнү боштондукка чыгарууга чакырышканда тузакка түшүштү. Алардын айрымдары «Судан судандыктар үчүн» деген ураанды кабыл алышса, башкалары Египет менен биригүүгө чакырышты. Натыйжада Судан Египеттен бөлүнүп кетти. Бул жамааттардын эч бири Исламды мамлекеттин дини катары кабыл алган жок. Ошентип алар Сайкс–Пико чек араларынын негизиндеги улуттук-аймактык мамлекетти бекемдеп, андан соң иш жүзүндө секуляризмди аткаруучу жана өкүм жүргүзүүдө аны колдонууга өткөн күчкө айланышты.
Англия бул услуб менен эле чектелип калган жок. Ал секуляризмди жайылтуу үчүн экинчи услубду да колдонду. Бул үчүн куралдуу күрөш жүргүзгөн жамааттарды түздү. Алар зулумду, четке кагылууну, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана коопсуздуктун жоктугун пайдаланып, «боштондук» деген ураанды көтөрүштү. Бирок чындыгында алар секулярдык жамааттар эле. Атүгүл алар өз тагдырын өзү аныктоо укугу сыяктуу бөлүнүүчүлүк пикирлерди кабыл алышты. Натыйжада түштүк түндүктөн бөлүнүп кетти. Мына эми Дарфур да ошол эле жол менен бара жатат.
Каапыр колонизатор муну менен да токтоп калган жок. Ал үчүнчү услубду колдонду. Бул эң коркунучтуу жана эң кооптуу услубдардын бири болду. Ал Исламга таандык болуп көрүнгөн, ага чакырган жана шариятты колдонууга үндөгөн жамааттар эле. Алар аң-сезимден ажырап, исламий кийимге оролгон секулярдык пикирлерге кирип кетишти. Өздөрү болсо бул пикирлерди Исламдан деп ойлошту. Маселен, демократияны шура деп эсептешти. Ошондой эле эркиндикти, адам укуктарын, базар саясатын, менчиктештирүүнү жана ушул сыяктуу башка реалдуулукка негизделген пикирилерди аң-сезимсиз түрдө жактап, аларга чакырып калышты.
Бул услубдардын чыныгы жүзү ачылып, алардын маңызы үммөткө белгилүү болгондо, бул каапыр секуляризмди жайылтууда төртүнчү жана акыркы услубга өттү. Ал секуляризмге эч кандай кооздоосуз жана жашыруусуз, ачык жана тайманбастык менен чакыра баштады. Аллах Таала айтты:
﴿وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً﴾
«Алар өздөрү каапыр болушканы сымал силер да каапыр болуп, аларга тең болуп калышыңарды каалашат».
(Ниса: 89).
Мына ушундайча Судандагы секуляризмге ачык чакырган саясий жамааттар жана күчтөр өздөрүнүн конференцияларында, семинарларында жана форумдарында бул чакырыкты жашырбай айта башташты. Маселен, алар 2026-жылдын 23-июнунда Швейцариянын Ньон шаарында башталып, 27-июнга чейин созулган конференцияга барышты. Бул конференция Франциянын «Промедиейшн» уюмунун чакыруусу менен Судандагы согушту токтотуу жана саясий процессти баштоо боюнча судандык жарандык жана саясий күчтөрдүн ортосундагы диалогду колдоого багытталган эл аралык жана аймактык аракеттердин алкагында өткөрүлдү.
Бул күчтөрдүн курамына «Революция күчтөрүнүн демократиялык альянсы (Сумуд)», Демократиялык блок, Ат-Тижаний ас-Сисий жетектеген Улуттук кыймыл күчтөрүнүн альянсы, Али ал-Хаж жетектеген Элдик конгресс партиясы жана Мубарак ал-Фадыл канатындагы Үммөт партиясы кирди. Ошондой эле конференцияга судандык 25 саясий ишмер, эл аралык беш тараптуу механизмдин байкоочулары жана бир катар эл аралык өкүлдөр катышып, Судандын саясий чечим кабыл алуу келечегин талкуулашты. Бул күчтөр мурда өткөрүлгөн конференцияларда да секуляризмди кабыл алышкан. Алардын бири 2026-жылдын 24-майында өткөн Найроби конференциясы болду.
Колонизатор каапыр бул саясий күчтөрдөн секуляризмди ушундай формада ачык сунуштоону талап кылып жаткан болсо, анда анын баштыгында башка эч нерсе калган жок. Демек, алар же секуляризмди ал каалагандай кабыл алышы керек, же болбосо аларды башка агенттерге алмаштырат! Мына, «Куват ал-Хуррия ват-Тагйир» кыймылынын жетекчилеринин бири Халид Салик эч тартынбастан мындай деп билдирүү жасады: «СИДАВды парламент аркылуу болобу же шайланган өкмөт аркылуу болобу, эл макул болобу же болбойбу – баары бир, ал колдонулганга чейин мен тынч албайм». Эми ушундай чакырыктар Судандагы коомдук пикир тарабынан кабыл алынабы?
Судандагы коомдук пикирди байкаган адам секулярдык пикирлер эл тарабынан алдамчылык аркылуу гана өткөрүлгөнүн көрөт. Бирок жашырылган нерселер ачыкка чыгып, алардын чыныгы жүзү билинип, кемчилиги ашкереленди. Маселен, Судандын мурдагы премьер-министри Хамдук 2019-жылдын декабрындагы кыймылдан кийин окуу программасын өзгөртүп, ага секулярдык пикирлерди киргизгенде, Эгемендик кеңешинин төрагасы окуу программасын тоңдуруу жөнүндө чечим чыгарууга аргасыз болду. Анткени эл бул окуу программасын айыптап, четке каккан эле. Ошондой эле гомосексуализм жана СИДАВ сыяктуу сунушталган пикирлер да толугу менен четке кагылды. Судан эли өлкө башынан өткөрүп жаткан көйгөйлөр үчүн ушул секуляристтерди жооптуу деп эсептейт.
Ал эми бүгүн Суданда колдонулуп жаткан башкаруу системасы толугу менен секулярдык болуп саналат. Анткени башкарууда, экономикада, саясатта, жазалоо системасында жана мамлекеттин бардык тармактарында капиталисттик түзүм колдонулуп, секуляризм өкүм сүрүүдө. Америка алып келген аскерлердин милдети – секуляризм менен башкаруу, яхудий түзүмү менен нормалдаштыруу жүргүзүү жана Исламдын кайрадан бийликке келишине жол бербөө. Мындан тышкары, Судандан Дарфурду бөлүп чыгаруу жана өлкөнү майда секулярдык мамлекеттерге бөлүп-жаруу да кошулду. Мындай мамлекеттерди көзөмөлдөө жана алардын байлыктарын талап-тоноо оңой болот.
Судандын көйгөйлөрүнүн түпкү чечими – Судан саясатындагы секуляризмдин тамырларын жулуп таштоо жана исламий акыйданын тамырларын кайра жандандыруу. Ошондо урук өзүнүн тамыры менен кайрадан байланышып, тамыры бекем, бутактары асманга жеткен дарактай өсүп чыгат. Натыйжада Ислам кайрадан жашоонун түзүмү катары кайтып келет. Анда бийлик элге эмес, шариятка таандык болот. Бул үммөт бийликке ээ болуп, бүткүл Ислам үммөтү үчүн бир гана халифага байъат берет. Ал халифа туура ижтихаддын негизинде конституцияны жана мыйзамдарды кабыл алат. Муну Хизб ут-Тахрир кеңири жана толук баяндап берген. Ошентип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык кайрадан тикеленет.
Роя гезити
Др. Ахмад Абдулфадыл




