Саясий

Экономикалык форум учурунда Украинанын Орусияга чабуул кылуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Экономикалык форум учурунда Украинанын Орусияга чабуул кылуусу

Суроо:Al Jazeera Net 2026-жылдын 10-июнунда Украинанын президенти Зеленский шаршемби күндөгү билдирүүсүн жарыялады: Украина кечээ кечинде Москвадан жүздөгөн чакырым чыгышта жайгашкан орусия аскердик объектисин Украинада жасалган ракеталар менен бутага алды”. Муну Орусия да моюндап, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жүздөгөн украинанын дрондук чабуулдарын токтотконун жарыялады… CNN Arabic 2026-жылдын 6-июнунда мындай деп жарыялаган: Украина ишемби күнү эртең менен Санкт-Петербург шаарына ири масштабдуу дрон чабуулун жасады. Бул окуя Орусиянын президенти Владимир Путин өткөргөн белгилүү экономикалык форумдун акыркы күнүндө болду. Орусиянын экинчи чоң шаары “аскердик дрондордун кеңири масштабдуу чабуулуна” дуушар болду. Украиналыктардын бул дрондук соккусу Санкт-Петербург шаарында “Давос” форумунун үлгүсүндө Орусия уюштурган ири экономикалык форумдун жабылуу күнүнө туш келди. Орусиянын экинчи маанилүү шаары Санкт-Петербургда конференциялар өтүп жаткан учурда, Орусиянын тереңине жетип барган бул ири украиналык соккулардын масштабы кандай? Бул Орусиядагы жаңы реалдуулукту, анын ири державалардын бири болгон өлкөдөн орточо күчкө жана таасири азайган өлкөгө айланганын билдиреби?

Жооп: Жогорудагы суроолорго жооп берүү үчүн, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

1. Бул чабуулга байланыштуу “Аль-Жазира” 2026-жылдын 10-июнунда жана CNN Arabic 2026-жылдын 6-июнунда жарыялаган кабарлары Орусиянын кандай абалда калганын ачык сүрөттөйт. Айрыкча, Орусиянын экинчи маанилүү шаарындагы экономикалык форум учурунда Украинанын ага жасаган чабуулдары жасалды! Анын үстүнө, бул чабуул форумдун аягында эле эмес, анын башында да болгон. Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумдун акыркы күнүндө Украинанын күчтөрү шаарды бутага алды… Шаршемби күнү Россиянын Эл аралык экономикалык форумунун биринчи күнүндө мунай иштетүүчү заводго кол салуудан кийин Эски шаардын үстүндө асманга түтүн көтөрүлүп, иш-чарага келген конокторду кара түтүн тосуп алды… (Жакынкы Чыгыш, 6.06.2026).

2. Мындай ири жана күчтүү чабуулдар Орусия менен чектешкен аймакарга, Орусиянын ичиндеги эң маанилүү объектилерге жана шаарларга багытталган. Бул Орусиядагы ири иш-чара – президент Путин өзү катышып жаткан Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму менен дал келип, Орусияга карата чоң чакырык болду. Украина согуштун башында Орусия менен болгон чек араларынан тышкары аймактарга чабуул жасоодон кетенчиктеп турган, бирок кийинчерээк чек аралардын ички тарабына кол сала баштап, Кремлдин имаратына жеткенге чейин чабуулдарын күчөттү. Ал Сибирдин тереңиндеги аэропортторго кол салып, Орусияга таандык стратегиялык учактарды, Орусиянын өзөктүк триадасынын үч тирегинин бири болгон “Ак куу” учактарын жок кылган. Анын жакынкы жана алыскы орус шаарларына жасаган чабуулдары муну менен токтоп калган жок, азыр эми ал борбор калаа Москвага жана Санкт-Петербург шаарына чабуул жасоодо. Ал Россиядагы абдан маанилүү шаар жана падышалык доордун аягында жана социалисттик доордун башында Орусиянын борбору болгон. Анда ал “Давос” форумуна окшош Орусиянын эл аралык аренадагы маанисин белгилеген, Орусия үчүн абдан маанилүү эл аралык иш-чара болуп жаткан мезгилде чабуул койду. Бул эл аралык экономикалык иш-чара Орусия үчүн орусиянын улуулук көрүнүшү болуп саналат. Орусия буга ушундайча карайт. Башкача айтканда, биринчи украиналык чабуул форумдун башталышы менен дал келди, ал эми экинчи чабуул форумдун аягында болду. Андан кийин да чабуулдар уланды, мунун баары орусия улуулугунун талкаланышын билдирет. Америка же Европа болсун, бир улуу держава Украинанын артында туруп, Орусияга сен экономика жагынан эргежээл өлкөсүң жана сенде улуулук сезимин жараткан ошол иш-чараны өткөрүп жаткан шаарды коргой албай жатасың дегенди айткысы келгендей.

3. Орусия да Украинага чабуул жасап жатат. Орусия жекшемби күнү Украинанын борборуна жана анын тегерегиндеги аймакка жүздөгөн дрондорду жана ракеталарды жаадырды. Буга Киевдин чет жакасына “Орешник” гиперүндүү ракетасы менен сокку урушу да коштолду. Бул согуш башталгандан бери шаарга жасалган эң катуу чабуулдардын бири катары саналды. (Рейтер, 2026.5.24). Бул эки өлкө тең бири-бирине чабуулдарды улантып жатканын жана жакында болгон Украинанын чабуулу ушул өз ара соккулардын бири экенин билдирет. Бирок бул өз ара соккулардын чындыгы – Орусиянын Украина сыяктуу өлкөлөр корккон улуу держава болуудан төмөндөп кеткенин көрсөтүп турат! Орусия мурда Украинанын ага кол салуусуна жол бербей, айбатын көрсөтүп турчу. Чынында, согуштун башында Украина Орусия Украинадан тартып алып, 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралына чабуул жасоодон карманган. Анткени ал буга Орусиянын абдан катуу реакциясы болот деп корккон.

4. Андан кийин бул орус айбаты согуш айларында акырындык менен төмөндөй баштады, кийинчерээк ал айбаты толугу менен жоголуп, Орусиянын эң терең жерлерине, эң ыйык символдоруна, эң кооз шаарларына жана эң сезимтал учурларына карата украина чабуулдары үчүн жол ачылганга чейин төмөндөп кетти. Орусия жетекчилеринин чабуулга чейинки жана андан кийинки билдирүүлөрүнө жана позицияларына кылдат көз чаптырсак, Москванын абдан алсырап калганын байкайбыз. Орусия Украинаны Америка колдоп жатканын жакшы билсе да, дагы эле Америкага жакындашууга аракет кылып жатат. Президент Путиндин билдирүүлөрү муну ачык далилдеп турат:

А) Кечээ президент Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трампка жана анын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерине урматтоосун билдирип, анын Владимир Зеленскийге карата мамилесин жогору баалады. Жөнгө салуу аракеттерине келсек… Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жакында эле америкалык кесиптеши Стивен Уиткоф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен байланышта экенин жана алардын Орусияга сапары пландаштырылып жатканын жарыялады. (RT, 6.6.2026).

Б) Путин Орусия “Украина менен тынчтык жолу аркылуу, тактап айтканда, биз президент Трамп менен Анкоридждеги жолугушууда талкуулаган негизде макулдашууга даяр жана ага жетүүнү каалайт” деп түшүндүрдү. Орус президенти Анкоридждеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусияга белгилүү бир чегинүүлөргө баруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер да коюлганын белгиледи. Ал: “Анкориджде талкуулаган жөнгө салуу чечимдерине келсек, Орусия аларга макул”, – деп баса белгиледи. Путин кошумчалап: “Украина тарап бул жөнгө салуу чечимдерине макул болушу абдан маанилүү. Ошондо чыр-чатак тез арада табигый аяктайт“, деди. (RT, 2026-жыл 4-июнь).

5. Мунун баары Орусиянын аскердик, экономикалык жана саясий жактан канчалык алсыз жана кулап баратканын көрсөтүп турат:

А) Аскердик жактан: 2022-жылы Украинадагы согуш башталгандан бери Орусия украинанын орусиянын генералдарына карата аскердик аңчылык өнөктүктөрүндө ондогон жогорку даражалуу генералдарын жоготту. Орус армиясы оор кыйынчылыктарга дуушар болуп, аларды башынан өткөрдү. Бул Бахмут шаарларынын айланасындагы салгылашуулардын кыйынчылыгынан көрүнүп турган. Ага чейин, украин согушкерлери узак убакыт болот заводунда салгылашуу жүргүзүп, Мариополдун айланасында орусиянын айласын кетирген. Ага чейин Орусиянын Киевге жасаган чабуулунун ийгиликсиз аякташы, орус армиясынын артка чегиниши жана Украинанын тереңинен чыгып кетиши, чыгышка көңүл буруу чечими жана Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемелердин 40%ын жоготуусу болду. Украинанын чек арасынан миңдеген чакырым алыстыктагы шаарларда анын бир катар стратегиялык “Ак куу” (ТУ-160) учактарынын жок кылынышы жана башка көптөгөн нерселер аскерий тармактагы кризистин ачык мисалы

Бул кыйынчылыктар, бул жоготуулар жана чечкиндүү жеңишке жете албагандыктын баары эл аралык аренада жаңы чындыкты тастыктады: орус армиясы супердержава эмес, ал Украинада жеңишке жете албайт. АКШнын президенти Трамп эки жумада аякташы керек болгон согуш төрт жылдан бери бир дагы жеңишке жетише электигин айтып, аны сындаган. Ошондуктан, Украинадагы согуш бул согушка чейин байкалбаган бир чындыкты, башкача айтканда, орус армиясынын алсыздыгын ачыкка чыгарды. Же жок дегенде бул армиянын күчү супердержаванын күчү менен барабар эмес, тескерисинче, Индия же Пакистан армиясы сыяктуу орто көлөмдөгү аскердик күч менен салыштырууга болот. Бирок Орусия ири ядролук держава бойдон калууда жана бул ядролук держава чыныгы аскердик сыноолорго дуушар болгон эмес. Согуш учурунда Украинанын президенти Зеленский Орусиянын ядролук күчтөрү олуттуу техникалык көйгөйлөрдөн жапа чегип жатканын билдирген. Өзөктүк курал Орусиянын эл аралык улуулугунун акыркы тиреги болгонуна карабастан, акыркы учурларда болуп жаткан окуялар Орусиянын өзөктүк энергетикасынын реалдуулугуна чоң күмөн жаратат.

Б) Экономикалык жактан: Эч бир өлкө экономикалык жактан алсыз болсо, супердержава боло албайт, бүгүнкү күндө Орусияда да абал ушундай. Анын кең аймагына жана мол айыл чарба, мунай, чийки зат жана сейрек кездешүүчү минералдык ресурстарына карабастан, анын жалпы экономикалык өндүрүшүнүн эң жогорку көрсөткүчү болгону 2,5 триллион долларды түзөт. Бул сан эл аралык деңгээлде сегизинчи жана онунчу орундардын ортосунда өзгөрүп турат жана экономикалык өндүрүшү 20 жана 30 триллион долларга жакын болгон Кытай менен Америкадан бир топ арткы көрсөткүч. Германия, Япония, Индия, Улуу Британия жана Франция сыяктуу башка көптөгөн өлкөлөр экономикалык жактан андан алдыда. Кээде Италия менен Канада бир нече жылдар бою андан алдыда болушат.

Орусиянын экономикасы дээрлик толугу менен энергетикалык ресурстарга жана чийки заттын экспортуна көз каранды. Анткени дүйнө Орусиянын курал-жарагынан тышкары белгилүү болгон бир дагы конкреттүү экономикалык товарын билбейт. Украинадагы согуштан, орус мунайына жана газына киргизилген санкциялардан жана “Түндүк агым” куурларынын жардырылышынан улам Европанын орусияга карата каржылык тиреги үзүлгөндө, орус экономикасы кыйын абалда калган. Ал бул кыйын абалдан Кытайга багыт алуу менен чыгууга аракет кылган, бирок Американын санкциялары жана Кытайдын ал санкциялар ага таасир этет деген коркуусу себептүү Орусия Кытайдагы, Индиядагы жана башка өлкөлөрдөгү сатып алуучуларды тартуу үчүн мунайды арзан баада сатууга мажбур болду. Төрт жылдык согушта көптөгөн орус адистери чет өлкөлөргө чыгып кетиши жана Украина фронтун камсыздоо үчүн бүткүл экономикасын аскердик өндүрүшкө өткөрүүсү натыйжасында Орусиянын экономикалык абалы барган сайын кыйындап баратат.

В) Саясий жактан: 2022-жылы Украинадагы согуштан кийин Орусия чоң саясий обочолонууга дуушар болду, бул анын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, айрыкча Батыш өлкөлөрү ортосунда чоң тоскоолдук жаратты. Бул анын көптөгөн дипломатиялык мамилелерин жокко чыгарды.

Саясий таасиринин кыскарышы Жакынкы Чыгышта да көзгө көрүндү. Америка менен сионисттик режим Иранга каршы согуш баштаганда, Орусия Иранга эч кандай баалуу нерсе сунуштай алган жок. Балким, ал Иранга сунуштаган эң чоң колдоо Жогорку лидер Али Хаменеинин өлүмүнө байланыштуу ачык көңүл айтуу болду. Украина согушу учурунда Иран Орусияга “Шахед” дрондорун жеткирип бергенине карабастан, Орусия Иранга Америка менен жөөт режиминин ири чабуулуна каршы туруусун колдоо үчүн эч нерсе бере алган жок. Саясий көз караштан алганда, эгер Иран Американын орбитасынан көз карандысыздыкка чыкса да, Орусия саясатынын алсыздыгынан улам Орусияга багытталмак эмес. Эгерде Орусиянын улуу державага ылайыктуу саясий көз карашы болгондо, ал Иран-Америка маселесинде алдыга жылып, Американын Украинага Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемелерди чөктүрүүгө жардам бергени үчүн өч алуу максатында Иранга америкалык кемелерди чөктүрүүгө жардам бермек. Ошондо ал Ирандын ичинде олуттуу таасирге ээ болмок, бирок муну жасай албаганы анын саясатынын алсыздыгын жана бул саясат орто державалардын деңгээлинде гана экенин көсөттү. Ошондой эле, эл аралык аброюн жакшыртуу үчүн баштаган согушка ылайык эместигин тастыктады!

6. Жыйынтыктап айтканда, орусия улуулугунун кыймылдаткычтары талкалана баштады, ал тургай андан да ашып өтүп, артка кайтпай турган түс алды. Жалпысынан Батыш өлкөлөрү, айрыкча Америка тарабынан демилгеленип жаткан Украинанын чабуулдары Орусия үчүн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму менен дал келген маанилүү учурда ишке ашырылды. Буга чейин орус армиясын алсыратуу жана жалпы калкынын сыймыгы болгон Кара деңиз флотунун алдыңкы кемеси “Москва” крейсерин чөктүрүү сыяктуу окуялар да жүз берген. О.э бир катар “Ак куу” учактарынын жардырылышы да Орусия аба күчүнүн чептерин талкалады. Жакында эл аралык форум өтүп жаткан шаарга жасалган чабуул орусиялыктарга Орусиянын улуулугу жөнүндөгү сезимдери экономикалык алсыздыгы менен шайкеш келбей турганын жана Орусия коргой албаган эл аралык иш-чара өткөрүп жатканын эскертип турат. Андан тышкары, анын эл аралык мамилелери, Белорусия менен болгон мамилесинен башкасы, начарлап, солгундап баратат. Ал тургай, Орусиянын Кытайга жана “орус-кытай” деп аталган альянска кайрылуусу да ийгиликсиз болду. Анткени Кытай кыйынчылык учурунда Орусияга жардамга келген жок. Алардын БРИКС, ШКУ жана башка альянстар менен стратегиялык келишимине карабастан, бул альянстардын баары символикалык гана мүнөзгө ээ болуп чыкты. Москва эл аралык майданда чегинип, өз ордун жоготуп жаткан чакта, бул символдук альянстар аны мурунку улуулугуна кайра алып келе албайт.

Демек, Орусия Батыш өлкөлөрүнөн, айрыкча Америкадан алсыздык жана туруксуздук жагынан алдыда бара жатса да, бардык колонизатор державалар өздөрүнүн ийгиликсиздиктерин өздөрү менен кошо алып жүрүшөт. Ин шаа Аллах бул туура жолдогу Халифалык мамлекети орношу менен мындан да ачык-айкын болот. Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекетинин кудурети каршысында Персия жана Рим императорлорунун кулаган тарыхы кайрадан кайталанат. Бул өлкөлөр, Халифалык кулагандан кийин бутуна турса да, Кудуреттүү Аллах тарабынан убада кылынган Халифалык орногондо кайрадан кулайт.

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ﴾،

Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга, алардан мурункуларды халифа (орун басар) кылгандай эле, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды.

Чынчыл жана ишенимдүү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) биз жашап жаткан бул зулум башкаруудан кийин Халифалык кайтып келери жөнүндө бизге кушкабар берди. Ахмад… Хузайфадан (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп риваят кылган:

«…ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَتَ»

“…андан кийин зулум көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин аны көтөрүүнү кааласа аны көтөрөт. Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизинде кайрадан Халифалык болот. Анан ал унчукпай калды”.

Бул Аллахтын фазилети менен албетте болот.

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾.

Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылат, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт”.

1447-х, 26-зул хижжа.

2026-ж, 12-июнь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button