Яхудий түзүмүнүн Мароккого тереңдеп кириши жана анын согуштук өндүрүшүн Мароккодо жайгаштыруу чыккынчылыгы

Яхудий түзүмүнүн Мароккого тереңдеп кириши жана анын согуштук өндүрүшүн Мароккодо жайгаштыруу чыккынчылыгы
Яхудий түзүмүнүн Согуш министрлиги 2026-жылы Марракеште өткөн авиация көргөзмөсүндө өз павильонун ачканын жарыялады. Бул анын Мароккодогу коргонуу көргөзмөсүнө биринчи жолу расмий катышуусу. Ошондой эле түзүмдүн сегиз аскердик компаниясы ишемби, 10-октябрга чейин созула турган көргөзмөдө алдыңкы технологиялар жана согуш талааларында сыноодон өткөн деп сыпатталган технологияларын көрсөтүп жатканын билдирди.
Газада адамдарды мууздоо, өлтүрүү, ачарчылыкка дуушар кылуу жана кыргын салуу жүрүп жатса, Мароккодо канкор өзүнүн кыргын салуучу куралдарын көрсөтүп, аскердик компанияларын ошол жерге жайгаштыруу үчүн алып келүүдө. Муну менен Мароккону өзүнүн согуштук продукциясын өндүрүүчү заводго жана Ислам үммөтүнө каршы согушунда камсыздоочу базага айландырууну көздөп жатат!
Колонизаторлор Мароккодо түзгөн улуттук мамлекет жана анын кызматчы режими чыккынчылыкка белчесинен баткан. Анын яхудий түзүмү менен болгон мамилелери саясий милдетинин бир бөлүгү болуп саналат. Анткени бул режим Мароккодогу жөөттөрдү Палестина жерине көчүрүү аркылуу жөөттөрдүн Палестинаны басып алышына жана Акса мечитин булгоосуна бардык шарттарды түзүүгө жан үрөп кызмат кылды. Бул 1961–1964-жылдары ишке ашырылган «Яхин операциясы» деп аталган көчүрүү болгон.
Андан кийин режим менен яхудий түзүмүнүн ортосунда 1963-жылы башталган жана бүгүнкү күнгө чейин токтобогон коопсуздук жана чалгындоо жаатындагы кызматташтык орун алды. Андан соң 1986-жылдын 22-июлунда Мароккодо яхудий түзүмүнүн премьер-министри Шимон Перес менен ачык жолугушуу өткөрүлдү. Ошол кездеги АКШ президенти Рональд Рейган бул жолугушууну тарыхый жолугушуу деп сыпаттаган. Андан кийин Марокко режими Египет менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы «тынчтык» чыккынчылыгынын башкы уюштуруучусу болду. Ал эми Фастагы падыша сарайы бул чыккынчылык даярдалган жайга айланды.
Андан соң 1994-жылдын 1-сентябрында Марокко менен яхудий түзүмү Рабатта жана Тель-Авивде байланыш кеңселерин ачарын жарыялашты.
1994-жылдын октябрь айында Марокко режими Касабланка шаарында Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча экономикалык конференцияны өткөрдү. Ага яхудий түзүмүнүн Перес баштаган расмий өкүлдөрү катышты. Андан кийин 2020-жылдын 22-декабрында Ибрахим келишимдеринин алкагында АКШнын демөөрчүлүгү менен Рабатта Марокко менен яхудий түзүмүнүн ортосунда үч тараптуу декларацияга кол коюлду. Ошентип, дипломатиялык мамилелер расмий жана толук мүнөзгө ээ болду. Аба каттамдары расмий түрдө кайра жанданып, жөөттөр туризм үчүн жана басып алынган мубарак жердеги мусулмандарды өлтүрүп, кыргын салуудан кийин эс алуу үчүн биринин артынан бири уланып келе башташты, бардык тармактарды камтыган келишимдер көбөйдү. 2021-жылдын август айында яхудий түзүмүнүн тышкы иштер министри Яир Лапид Рабатка келип, марокколук кесиптеши Насер Бурита менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө туризм, авиация, айыл чарба, энергетика, инновация жана инвестиция тармактарындагы институттук кызматташтыкты активдештирүү маселелери каралды.
2021-жылдын ноябрь айында жөөттөрдүн согуш министри Бени Ганцтын Мароккого сапары учурунда стратегиялык коргонуу өнөктөштүгүнүн алкагында Марокко менен яхудий түзүмүнүн ортосунда коргонуу жаатындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
2022-жылы режим менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы аскердик жана экономикалык кызматташтык жогорку даражалуу аскердик өкүлдөрдүн сапарлары жана байланыштары аркылуу кеңейтилди. Алардын катарында яхудий түзүмүнүн Башкы штабынын башчысы Авив Кохавинин Мароккого сапары жана Марокконун Королдук куралдуу күчтөрүнүн башкы инспектору Белхайр аль-Фаруктун яхудий түзүмүнө сапары болду.
2023-жылдын 7-октябрында Газада согуш башталгандан бери расмий мамилелердин, экономикалык жана коргонуу жаатындагы кызматташтыктын уланышы, ал тургай өсүшү таң калтырган чыккынчылык карама-каршылыкты көрсөттү. Анткени «Херитейж» фонду чыгарган Ибрахим келишимдеринин беш жылдыгына арналган баяндамада Газадагы согуш жана анын калкына каршы жүргүзүлгөн кыргын учурунда яхудий түзүмү менен Марокконун ортосундагы товар соодасынын көлөмү өскөнү ырасталган.
Мындан да жаманы, 2024 жана 2025-жылдары баскынчы армиянын кыргын салуусун колдоо үчүн ага арналган аскердик жабдууларды ташыган соода кемелеринин Марокконун портторуна токтогону тууралуу документтештирилген фактылар бар.
Андан кийин режим чыккынчылыктын туусун көтөрүп, анын баш кийимин кийди да, 2026-жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто Насер Бурита менен Гидеон Саардын АКШнын демөөрчүлүгү астында өткөн жолугушуусунан кийин яхудий түзүмүнүн элчилигин ачарын жарыялады.
Муну менен бирге эки тараптын ортосундагы аскердик-коргонуу кызматташтыгынын чыныгы жүзү жана алардын стратегиялык өнөктөштүгүнүн мааниси ачыкка чыкты. Тактап айтканда, бул яхудий түзүмүнүн согуштук өндүрүшүн Марокконун аймагына жайгаштыруу жана аны түзүмдүн куралдарына байланыштуу ок-дарыларды, жабдууларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү аркылуу яхудий түзүмү үчүн аскердик өндүрүш, даярдоо жана камсыздоо базасына айландыруу экендиги белгилүү болду.
Анткени аскердик келишимдер улам көбөйүп, алар менен катар Мароккодо яхудий түзүмүнүн согуштук продукциясын өндүрүүчү заводдор түзүлдү. Алардын катарында 2021-жылдагы коргонуу кызматташтыгы жөнүндө келишим, 2022-жылдагы яхудий түзүмүнүн авиация жана космос өнөр жайы компаниясы менен өнөр жай кызматташтыгы боюнча меморандум бар.
Андан кийин яхудий түзүмүнүн компаниялары Мароккодо өз заводдорун курушту. Reuters агенттиги Касабланкага жакын жайгашкан Мидпарк аймагында курал-жарак системаларына адистешкен ишкана бар экенин, Сиди-Яхьяда ок-дары өндүрүү долбоору жана Бенслиман шаарында BlueBird Aero Systems компаниясына байланыштуу SpyX үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү заводдун долбоору бар экенин кабарлады.
Бул согуштук өндүрүштү башкаруу жана көзөмөлдөө системаларын, байланыш каражаттарын, компьютерлерди жана чалгындоо системаларын да камтыйт. Бул ок-дарыларды, жабдууларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүдөн ашып, коопсуздук жагынан кыйла сезимтал жана кооптуу тармакка өтүү болуп саналат. Бул болсо яхудий түзүмүнүн алдында коопсуздук жагынан толугу менен ачык болууну билдирет.
Ошондуктан стратегиялык жактан алганда, яхудий түзүмүнүн согуштук өндүрүшүн Мароккодо жайгаштыруусун анын коопсуздук жаатындагы оор стратегиялык көйгөйүн чечүүгө болгон аракет катары кароо керек. Бул көйгөй анын географиялык аймагынын чакандыгынан келип чыгат. Анткени калкы, инфраструктурасы, жашоо үчүн маанилүү объектилери, энергетика жана транспорт объектилери өтө тар географиялык аймакта топтолгон. Бул болсо аларды ачык бутага жана алсыз жайга айландырат.
Ошондой эле яхудий түзүмүнүн стратегиялык тереңдиги жетишсиз. Анткени чек аралар менен калк жашаган аймактардын, экономикалык жана аскердик борборлордун, ошондой эле жашоо үчүн маанилүү объектилердин ортосундагы аралыктар кыска жана бири-бири менен тыгыз байланышкан. Бул болсо аскердик соккуларды сиңирүү үчүн зарыл болгон аралык менен убакыттын жетишсиздигинен, ошондой эле манёвр жасоо жана жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнүн чектүүлүгүнөн турган түзүмдүк коргонуу көйгөйүн жаратат.
Алыска учуучу ракеталардын жана учкучсуз учуучу аппараттардын өнүгүшү менен бул көйгөй ого бетер курчуду. Мындан тышкары, аны курчап турган душмандык маанайдагы исламий чөйрө геосаясий жактан өлүмгө алып келүүчү курчоону түзөт. Эгер бул курчоо аракетке келтирилсе, бардык фронттордо анын күчүн түгөтөт. Анын стратегиялык кемчилиги ачыкка чыгып, ракеталар менен учкучсуз учуучу аппараттардын алдында коопсуздук жагынан алсыздыгы көрүнүп калды.
Ошондуктан анын согуштук өндүрүшүн Мароккодо жайгаштыруудагы максаты — өзүнүн жашоо үчүн маанилүү муктаждыктарын камсыздоого жана согуш учурунда аскердик машинасын жабдууга жардам бере турган өнөр жай жана стратегиялык тереңдикти түзүү.
Марракештеги бул авиация көргөзмөсү яхудий түзүмүнүн согуштук өндүрүш иштерин Мароккодогу ишканаларга жайгаштырганын расмий жарыялаган иш-чара болду. Муну анын ири аскердик компанияларынын көргөзмөгө катышуусу да айгинеледи.
Ошентип, кара ниет чыккынчылык менен жергиликтүү өндүрүш деген шылтоонун астында яхудий түзүмүнүн согуштук өндүрүшү Мароккодо жайгаштырылууда. Анын курал-жарак заводдору Мароккого көчүрүлүп, бул өлкө согуштук өндүрүш базасына айландырылып, яхудий түзүмү кыргын салуучу согуштук техника менен камсыздалууда. Бул Ислам жери болгон Мароккону тымызын басып алуу аркылуу ишке ашырылып жатат.
Бүгүн бул чыккынчы режим Мароккону яхудий түзүмүнүн өнөр жай жана стратегиялык тереңдигине айландырууга, Мароккодогу мусулмандарды анын баскынчы армиясынын жоокерлерине айландырып, Газадагы, Батыш жээктеги, Ливандагы, Йемендеги, Шамдагы, Ирактагы жана Ислам жерлеринин калган аймактарындагы бир туугандарын кыргынга учуратуу үчүн ага ок-дарыларды, курал-жарактарды жана аскердик жабдууларды өндүрүп, өнүктүрүп берүүчү кылууда.
Эй, Ислам уулдары! Чыккынчылык жана шерменделик режимдери силерди кандай гана зыянга жана кыйроого алып баруучу жолго салышты! Силердин кутулууңар Ислам аркылуу, анын шариятын өкүмдар кылуу жана мамлекетин тикелөө менен болот. Же болбосо, чыккынчылык жана шерменделик режимдерине моюн сунуп, зыянга жана кыйроого учурайсыңар.
Роя гезити
Мунажи Мухаммад




