Американын койгон шарттары – Афганистан башкаруучуларын акырындык менен эл аралык секулярдык системага интеграциялоонун тузагы

Басма сөз баянаты
Американын койгон шарттары – Афганистан башкаруучуларын акырындык менен эл аралык секулярдык системага интеграциялоонун тузагы
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин акыркы жыйынында Американын өкүлү дагы бир жолу текеберлик менен Америка менен Афганистандын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу багытындагы ар кандай кадам толугу менен Афганистан башкаруучуларынын аракеттерине жана жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө, айрыкча аялдардын укуктары жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерге байланыштуу экенин билдирди.
Хизб ут-Тахрир / Афганистан вилаяты мурдагы эскертүүлөрүн кайрадан баса белгилөө менен төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырат:
1. Батыш «терроризмге каршы күрөш» деген ураандын алдында сунуштап жаткан нерсе чындыгында саясий Исламга каршы күрөшүнүн жана колонизаторлор тарабынан белгиленген улуттук чек араларды бузуп, Ислам үммөтүн бириктирүүнү көздөгөн бирдиктүү Халифалык мамлекети кайра кайтып келишине бөгөт коюу аракетинин гана калканы болуп саналат. Американын макулдугун жана эл аралык системадагы таануусуна умтулуу Исламды толук эмес колдонууга, исламий баалуулуктардан чегинүүгө жана Аллах Тааланын ыраазылыгынан алыстоого алып баруучу жол болуп эсептелет. Акыр аягында бул жол Батыштын баалуулуктары жана стандарттарына интеграцияланууга өбөлгө түзөт.
2. Колонизатор державалар ар түрдүү басым куралдарын, жумшак жана катаал ыкмаларды, кызыктыруу жана коркутуу саясаттарын колдонуу аркылуу Афганистан башкаруучуларынын Ислам шариятын толук колдонуудагы саясий эркин акырындык менен алсыратууга аракет кылышат. Же болбосо аларды эл аралык системаны кабыл алууга, эл аралык уюмдарга кошулууга, колонизатор державалар менен кызматташууга жана Исламды толук колдонуудан баш тартууга көндүрүүгө умтулушат. Мунун баарын алар мыйзамдуулукка ээ болуунун, өз бийлигин сактап калуунун жана башкаруусун улантуунун жалгыз мүмкүн болгон жолу катары көрсөтүшөт.
3. Америка Ислам өлкөлөрүнүн башкаруучулары үчүн «саясат» жана «саясий кыраакылык» түшүнүктөрүнө жаңы аныктама берди. Бул аныктамага ылайык, башкаруучулардын акылмандыгы жана ийгилиги алардын Ислам үммөтүн жана анын баалуулуктарын канчалык деңгээлде коргогону менен эмес, Батыштын кызыкчылыктарына канчалык деңгээлде шайкеш келгени менен өлчөнөт. Ушуга ылайык, Америкага кызмат кылып жана Афганистандагы мусулман бир туугандарын кысымга алуу аркылуу алар өздөрүн ийгиликтүү саясат жүргүзүп жатабыз деп эсептеген Пакистан башкаруучулары же Батыштын кызыкчылыктарын коргогон Булуң өлкөлөрүнүн жана Түркиянын башкаруучулары сыяктуу «вакыйлыкты туура түшүнүүнүн» жана «саясий кыраакылыктын» үлгүсү катары көрсөтүшөт.
Америка Афганистан башкаруучуларынан дал ушундай «саясий кыраакылыкты» жана вакыйлыкка ылайык мамилени күтүүдө. Башкача айтканда, алар шариятка негизделген саясаттын ордуна эл аралык системанын талаптарын жана Батыш державаларынын кызыкчылыктарын жогору коюшу керек. Ошол эле учурда Газа сыяктуу мусулмандардын жерлери Батыштын кылмыштарынын отунда күйүп жаткан болсо да, бул «акылдуу» башкаруучулардын эч бири мусулмандарды куткарууга чыныгы кызыгуу көрсөтүшпөйт.
4. Текеберленген америкалык дүйнөлүк системага каршы турууда шариятка негизделген чечимге материалдык эсеп-кысаптар, этап-этабы менен жүрүү, улуттук мамлекетти сактап калуу же экономика борборунда турган саясаттар аркылуу жетүү мүмкүн эмес. Ошондой эле Исламдын жана Ислам үммөтүнүн рисалатын дүйнөлүк Фиръавндын, Намруддун жана Карундун кербенине кошулуу менен тирилтүү мүмкүн эмес. Расулуллах ﷺ өз доорундагы Рум жана Персия деген эки чоң күч дүйнөдө үстөмдүк кылып турганда дүйнөлүк системадан көз карандысыз Исламий түзүлүштү негиздегени сыяктуу, бүгүн да биз шарияттын өлчөмдөрүнө жана Расулуллахтын ﷺ сүннөтүнө негизделген Исламий дүйнөлүк түзүлүштү курууга милдеттүүбүз. Бул максатка пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу гана жетүүгө болот. Бул болсо Аллах Субханаху ва Таала бере турган жеңишке толук ишенген, ага жетүү үчүн бири-бири менен жарышкан жана бул жолдо Аллахка таянып жүргөн момундардын колу аркылуу гана ишке аша турган убада.
﴿إِن يَثْقَفُوكُمْ يَكُونُوا لَكُمْ أَعْدَاء وَيَبْسُطُوا إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ وَأَلْسِنَتَهُم بِالسُّوءِ وَوَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ﴾
«(Эй момундар), эгер алар (мушриктер) силерди жеңсе душманыңар болушат жана силерге колдорун жана тилдерин жамандык менен созушат (тактап айтканда, силерди өлтүрүшөт, кемсинтишет). Алар силердин дагы каапыр болууңарды каалашат» (Мумтахана: 2).
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
11.06.25




