Басма сөз

Мусулман өлкөлөрүнө кол салынып жатса, алардын башкаруучулары багынып берүүгө чакырууда!

Басма сөз баянаты

Мусулман өлкөлөрүнө кол салынып жатса, алардын башкаруучулары багынып берүүгө чакырууда!

Америка менен яхудий түзүмүнүн мусулман өлкөлөрүнө карата кол салуулары Газа, Ливан, Иран, Йемен жана башка жерлердин үстүндө улам кайталанып жатат. Бирок таң калычтуусу, мусулман башкаруучулары кайра-кайра тынчтыкка, ал тургай багынып берүүгө чакырып келишет. Мына, Ирандын президенти өлкөсү Америка менен яхудий түзүмүнүн кол салууларына дуушар болуп жаткан чакта «тынчтык да эмес, согуш да эмес» абалдан чыгууга чакырууда! Мына, Ливандын президенти күч логикасынан акыл логикасын жогору коюуга чакырып, тынчтыкты бекем карманарын жарыялап жатат. Ошол эле учурда яхудий түзүмүнүн кол салууларынын натыйжасында күн сайын ондогон адамдар өлтүрүлүп, Ливандагы имараттар менен инфраструктура талкаланып жатат! Мына, Түркиянын тышкы иштер министри 1967-жылкы чек аралардын негизинде палестин мамлекетин яхудий түзүмү таанышын, андан кийин гана бул бузук түзүмдүн Ибрахим келишимдерине же кайсы бир аймактык коопсуздук платформасына кошулушун шарт кылууда. Бул болсо яхудий түзүмүнүн Газада, Ливанда, Йеменде жана Иранда жасап жаткан өлтүрүүлөрү менен кыйратуулары уланып жаткан шартта болуп жатат. Мындан тышкары, ортомчу ролун аткарып жаткан Түркия, Катар жана башка мамлекеттер Иран Америка койгон кордоочу шарттарга баш йип, багынып берүүсү үчүн басым жасап жатышат. Ал эми Булуң өлкөлөрү, Иордания жана Ирак өз жерлерин, сууларын жана аба мейкиндиктерин Америка менен яхудий түзүмүнө ачып берип, мусулмандарга каршы чабуул жасай турган америкалык аскердик базаларды жайгаштырып келишет! Алардын эң «жакшысы» бейтарап калып, чыңалууну азайтууга чакыргандар болуп жатат. Кудум бул иштин аларга тиешеси жоктой!

Эй мусулмандар, силерге эмне болду? Силер адамдардын арасындагы бир эле үммөт эмес белеңер? Аллах Таала:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾

«Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер». (Хужурат: 10), деп айткан эмес беле?

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда». (Анфал: 72), деп айткан эмес беле?

﴿فَمَنِ اعْتَدَى عَلَيْكُمْ فَاعْتَدُواْ عَلَيْهِ بِمِثْلِ مَا اعْتَدَى عَلَيْكُمْ﴾

«Демек, ким силерге кол салса, силер да аларга каршы кол салгыла». (Бакара: 194), деп айткан эмес беле?

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген эмес беле:

«الْمُسْلِمُونَ أُمَّةٌ وَاحِدَةٌ مِنْ دُونِ النَّاسِ، سِلْمُهُمْ وَاحِدَةٌ وَحَرْبُهُمْ وَاحِدَةٌ»

«Мусулмандар адамдардын арасындагы бир гана үммөт. Алардын тынчтыгы бир, согушу да бир».

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾

Анда эмне үчүн бүгүн мусулман өлкөлөрү биринин артынан бири кол салууларга дуушар болуп жатканда, башкаруучулар коргонууга, жардамга жана колдоого эмес, тынчтыкка, сүйлөшүүгө жана багынып берүүгө чакырып жатышат? Эмне үчүн мусулмандардын каны төгүлүп, шаарлары кыйратылып жаткан учурда, кээ бирлери бейтараптуулукту тандап, кээ бирлери ортомчу болуп, дагы башкалары зөөкүрлөгө өз жерлерин, аба мейкиндиктерин жана аскердик базаларын ачып беришет?

Эгер мусулмандардын тынчтыгы бир болсо, анда алардын согушу да бир болушу керек эле. Эгер момундар бир тууган болсо, анда алардын кайгысы да, кубанычы да, душманы да бир болушу керек эле. Бирок бүгүнкү саясий вакыйлык үммөттүн бөлүнүп-жарылганын, чек араларга, улуттук кызыкчылыктарга жана тышкы күчтөрдүн саясатына байланып калганын көрсөтүп турат.

Мына ушул абал мусулман өлкөлөрүнө жасалган ар бир жаңы кол салууну жеңилдетип, душмандарды ого бетер кайраттандырып жатат. Ал эми үммөттүн күчү болсо анын санынын көптүгүндө же байлыгында эмес, анын биримдигинде жана Исламдын негизинде бир денедей аракет кылышында жатат.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

12.06.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button