Асыл хадис

Иньикод баятынын шарттары

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Иньикод баятынын шарттары

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى البخاري في صحيحه قال: حَدَّثَنَا أَصْبَغُ بْنُ الْفَرَجِ قَالَ: أَخْبَرَنِي عَبْدُ اللَّهِ بْنُ وَهْبٍ قَالَ: أَخْبَرَنِي سَعِيدٌ عَنْ زُهْرَةَ بْنِ مَعْبَدٍ عَنْ جَدِّهِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ هِشَامٍ وَكَانَ قَدْ أَدْرَكَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَذَهَبَتْ بِهِ أُمُّهُ زَيْنَبُ بِنْتُ حُمَيْدٍ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ بَايِعْهُ فَقَالَ: هُوَ صَغِيرٌ فَمَسَحَ رَأْسَهُ وَدَعَا لَهُ

Аль-Бухари өзүнүн Сахихинде риваят кылган: Асбаг ибн аль-Фараж Абдулла ибн Хишамдын Пайгамбар менен (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жолукканын, ал эми анын энеси Зейнеп бинт Хумайд аны Аллахтын элчисине (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) алып барып: Оо, Аллахтын элчиси, анын антын кабыл ал – деген. Расул (с.а.в): Ал жаш, – деп, башын сылап, ага дуба кылган.

وَعَنْ زُهْرَةَ بْنِ مَعْبَدٍ أَنَّهُ كَانَ يَخْرُجُ بِهِ جَدُّهُ عَبْدُ اللَّهِ بْنُ هِشَامٍ إِلَى السُّوقِ فَيَشْتَرِي الطَّعَامَ فَيَلْقَاهُ ابْنُ عُمَرَ وَابْنُ الزُّبَيْرِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا فَيَقُولَانِ لَهُ أَشْرِكْنَا فَإِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَدْ دَعَا لَكَ بِالْبَرَكَةِ فَيَشْرَكُهُمْ فَرُبَّمَا أَصَابَ الرَّاحِلَةَ كَمَا هِيَ فَيَبْعَثُ بِهَا إِلَى الْمَنْزِلِ.

Зухрата бин Маъбаддын айтымында, анын чоң атасы Абдулла бин Хишам аны базарга азык-түлүк сатып алуу үчүн алып барчу, ал эми Ибн Умар менен Ибн аз-Зубайр (Аллах аларга ыраазы болсун) аны менен жолугуп, ага: Биз менен бөлүш, анткени пайгамбар (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сен үчүн береке дубасын кылган, – дешчү. Ошентип, ал алар менен бөлүшчү (береке аларга да болушу үчүн базарда аларды өзүнө шерик кылып алып жүргөн), кээде ал ат көтөрө алгыс товарга ээ болуп калчу ал аны үйүнө жөнөтчү (бул ага Пайгамбар с.а.в. дын берген дубасы себептүү болгон).

Ибн Хажардын Фатхул-Бари китебинде мындай деп айтылат:

(عَنْ جَدِّهِ عَبْد اللَّه بْن هِشَام) Чоң атасы Абдулла ибн Хишамдын риваяты боюнча

(وَكَانَ قَدْ أَدْرَكَ النَّبِيّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ) Ал Пайгамбар менен (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жолуккан”.

Ибн Мандах пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүрүндө алты жыл жашаганын айткан. Ахмад өзүнүн Муснад китебинде Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) доорунда балакатка жеткенин айткан, бирок анын риваят чынжырында Ибн Лахи бар. Бул бөлүмдүн хадиси бул риваяттын каталыгын көрсөтүп турат, анткени аны апасы меккени фатх кылган учурда алып барганы айтылат ал ошол учурда жаш бала катары сыпатталган. Ибн Лахи болсо, аны жаш курагынын башында балакатка жеткен учурда жазып алган болушу мүмкүн.

(وَذَهَبَتْ بِهِ أُمُّهُ زَيْنَب بِنْت حُمَيْد) Аны апасы Зейнеп бинт Хумайд алып барган. Башкача айтканда, Ибн Зухайр Ибн Аль-Харис Ибн Асад Ибн Абдул-Узза, ал сахабалардын катарында. Анын атасы Хишам фатхка чейин каапыр абалында каза болгон. Абдулла Ибн Хишам Египеттин фатх болушуна күбө болуп, ал жерде отурукташкан, муну Ибн Юнус жана башкалар айтып өтүшкөн жана ал Муавиянын халифалыгына чейин жашаган.

(وَعَنْ زُهْرَة بْن مَعْبَد) Зухрата ибн Маъбаддын риваятында“, ал жогоруда айтылган риваят чынжырына туташкан.

Хадисте жаш баланын башынан сылоо, балагатка жете элек бирөөдөн баят албоо, тиричилик кылуу үчүн базарга кирүү, кайда болбосун береке издөө жана адал нерсени бөлүшүү айыптуу деп ырастагандарга каршы жооп. Сахабалар балдарын Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) алып келип, анын батасын алуу ниетинин болушу жана анын Абдулла бин Хишам үчүн кылган дубасынын кабыл болуусу анын пайгамбарлыгынын белгилеринин бири.

Урматтуу бир туугандар:

Хадистен жашы жете элек бала халифага моюн сунууга милдеттүү эмес деген тыянак чыгарууга болот, анткени Пайгамбар андан моюн сунууну кабыл алган эмес… демек, балакатка жете электин башкарууну б.а. халифалыкты ээлөөгө укугу жок деген тыянак чыгарууга болот.

Халифалык – бул дүйнөдөгү бардык мусулмандар үчүн мусулмандарга карата Аллахтын мыйзамын ишке ашыруу жана Ислам рисаалатын дүйнөгө жеткирүү үчүн түзүлгөн жалпы жетекчилик… Халифа мамлекеттеги эң жогорку жана эң маанилүү кызмат болуп саналат жана Ислам ага чоң көңүл бурган, анткени ал бул кызматка талапкер болгон ар бир адам аткарышы керек болгон шарттарды белгилеп, аларды анын дайындалышы үчүн шарт кылган. Эгерде бир эле шарт жетишсиз болсо, ал халифтикке жарабайт.

Бул иниькод шарттары жетөө:

1. Ал мусулман болушу керек: Халифа болуш мусулман эмес адамга жайиз эмес жана ага баш ийүү милдеттүү эмес… анткени Аллах Таала мындай дейт: {وَلَن يَجْعَلَ اللّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً} {Аллах каапырларга эч качан момундардын үстүнөн бийлик кылууга жол бербейт}. (Ан-Ниса: 141).

Мусулмандарга каапырды башкаруучу кылып дайындоого тыюу салынган… анткени башкаруу – бул башкаруучунун өзү башкарган адамдарга жетекчилик кылуусу жана Аллах Таала бул аятта тыюу салган.

Анын сөзү үчүн Ал улуу болсун:

{يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ أَطِيعُواْ اللّهَ وَأَطِيعُواْ الرَّسُولَ وَأُوْلِي الأَمْرِ مِنكُمْ….}

{Эй, ыйман келтиргендер, Аллахка жана Элчисине жана өзүңөрдөн болгон бийлик ээлерине баш ийгиле…}. (Ниса: 59).

Бул аятта Аллах Таала өкүмдарга баш ийүүнү буйрук кылат жана өкүмдардын мусулман болушун буйрук кылат. Өкүмдар бул халифа. Ошондуктан анын мусулман болушу парз.

2. Ал эркек болушу керек. Халифанын аял болушуна уруксат берилбейт, муну Аль-Бухари өзүнүн Сахихинде Абу Бакрадан риваят кылып, мындай деген:

لَمَّا بَلَغَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّ أَهْلَ فَارِسَ قَدْ مَلَّكُوا عَلَيْهِمْ بِنْتَ كِسْرَى قَالَ: لَنْ يُفْلِحَ قَوْمٌ وَلَّوْا أَمْرَهُمْ امْرَأَةً

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), перстер Кисронун кызын өздөрүнүн башкаруучусу кылып дайындаганын билгенде: “Аялга өз иштерин тапшырган эл эч качан ийгиликке жетпейт”, – деди. Пайгамбардын алардын ийгиликке жетишин четке какканы аялдын жетекчиликти колго алышына тыюу салынгандыгынын далили.

3. Ал балакатка жеткен болушу керек: Халифанын жашы жете элек бала болушуна уруксат берилбейт жана мунун далили жогорудагы хадис болуп саналат, андан баланын анты жараксыз экени жана ал халифага ант берүүгө милдеттүү эмес экени, ошондуктан ал халифа боло албастыгы маанилүү экени түшүнүлөт.

4. Ал акыл-эси жайында болушу керек: Анын жинди болушуна жол берилбейт, анткени Абу Давуд өзүнүн “Сунанында” Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин риваят кылат:

أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “رُفِعَ الْقَلَمُ عَنْ ثَلَاثَةٍ عَنْ النَّائِمِ حَتَّى يَسْتَيْقِظَ وَعَنْ الْمُبْتَلَى حَتَّى يَبْرَأَ وَعَنْ الصَّبِيِّ حَتَّى يَكْبُرَ

“Калем үч түрдүү адамдан көтөрүлөт: уктап жаткан адамдан ойгонгонго чейин, жинди болуп ооруган адамдан айыкканга чейин жана жаш баладан балакатка жеткенге чейин”.

Жоопкерчиликке тартылбагандарга жоопкерчилик берилбейт. Анткени акыл-эс жоопкерчиликтин негизи жана аракеттердин негиздүүлүгүнүн шарты болуп саналат…

5. Эркин болуусу. Кул кожоюнунун менчиги болгондуктан, ал өз атынан иш-аракет кыла албайт… жана жалпысынан алганда, ал башкалардын атынан иш-аракет кыла албайт… ошондуктан, ал адамдарга бийлик жүргүзө албайт.

6. Ал адилеттүү болушу керек. Анын мыйзам бузуучу фасык болушуна жол берилбейт. Адилеттүүлүк халифа болуу үчүн негизги шарт. Анткени Аллах күбөнүн адилеттүү болушу керектигин белгилеген.

{وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِّنكُمْ}

{Араңардан эки адилеттүү адамды күбө катары чакыргыла}.

Күбө боло тургандардын эң жогоркусу бул халифа, ал албетте, адилеттүү болушу керек… Демек, эгерде күбө үчүн адилеттүүлүк талап кылынса, анда ал халифа үчүн андан да маанилүү талап.

7. Ал халифалыктын жүгүн көтөрө ала турган жөндөмгө ээ жана кудуретүү болушу керек. Анткени баят берүүнүн талабы, анткени алсыз адам ант берилген Китеп жана Сүннөткө ылайык, жарандардын иштерин аткара албайт. Арыздарды карай турган мазолим казысы халифанын жөндөмдүү жана компетенттүү болушу үчүн анда жөндөмсүздүктүн түрлөрүн аныктоого жооптуу орган болуп саналат.

Урматтуу бир туугандар: Халиф мыйзамдуу деп эсептелиши үчүн аткарылышы керек болгон жети шарт ушулар жана алардын шарьий далилдери жогоруда баяндалды. Эми суроо туулат, мусулмандарды башкаруу үчүн шайланып жаткан президенттердин, аларга берилген анттын шарттары жана далилдери кандай? А түгүл мусулман эмес каапыр адамдын же аялдын башкаруусуна уруксат берилишине кандай далилдер бар? Алардын жүрөктөрүн туман каптап, Аллахты, Анын мыйзамын жана Ага жолугуудан коркууну унуттурган заалымдык эмеспи? Бизге Аллах жетиштүү жана Ал эң жакшы Коргоочу.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 30-зулкаада.

2026-ж, 16-май.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button