Мугалимдер күнүндөгү аткаминерлердин куру насааттары кимге багытталган?

Мугалимдер күнүндөгү аткаминерлердин куру насааттары кимге багытталган?
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Мугалимдер күнүнө карата айткан кезектеги расмий куттуктоосу, коомчулукта өзгөчө кызык бир сезимди жаратты. Элге билим берүү тармагындагы реалдуу жетишкендиктер, так сандар менен көрсөтүлгөн жыйынтыктар, же жылдардан бери топтолуп келген көйгөйлөрдү чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштоонун ордуна, мугалимдердин «бийик милдети» тууралуу жалпы сөздөр менен кооз ураандардын кезектеги топтомун айтты.
1. Чыныгы жоопкерчилик менен конкреттүү чечимдердин ордуна айтылган куру кеп
Биринчиден, аткаминердин билдирүүсүнөн билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди бекитүү, ошондой эле бул тармакты башкарган жана анын өнүгүшү үчүн жоопкерчилик алган тараптын манилүү көз карашы жок экенин белгилей кетүү зарыл. Бийлик инновациянын маңызы бул жерде турсун, «замандын жаңы талаптары», технологиялар жана креативдүү экономика жөнүндө сөз кылганы менен, аларды билим берүү системасына киргизүүнүн конкреттүү жолдорун жана ишке ашыруу механизмдерин сунуштай албады.
Анын ордуна биз бюрократияга мүнөздүү болгон көнүмүш ыкманы көрүп жатабыз. Башкача айтканда, жоопкерчиликти өзүнө алган мамлекеттик органдар, аны мугалимдердин мойнуна оодарып коюуда. Ал эми мугалимдер өздөрүнүн кесиптик милдетинин маанисин толук түшүнбөй жатканы аз келгенсип, алардын ишинде зарыл болгон мүмкүнчүлүктөр да, ыйгарым укуктар да жетиштүү эмес.
2. Бул «мотивация» кимге багытталган?
Аткаминерлерге жана мындай мотивациялык кептердин авторлоруна бериле турган башкы суроо ушул: алар кимге дем берүүгө аракет кылып жатышат?
Мугалимдер көп жылдан бери өтө оор жүктөм менен иштеп келишет. Шаар жерлеринде бир мугалимге 30дан ашык окуучу туура келсе, кадрлардын жетишсиздигинен улам иш жүзүндөгү жүк мындан да жогору. Ал эми, “Таланттуу устат жана тайманбас шакирт” деген кооз сөздөр мазактоо катары угулууда. Анткени мугалим аз айлыкка күн көрүүгө аргасыз болуп, сансыз кагаз иштерине көмүлүп, окуучулар тарабынан да, мамлекет тарабынан да эң жөнөкөй сый-урматты көрбөй келет.
Өлкөдө түшүнүктүү, ырааттуу идеологиянын жоктугуна, андан тышкары мугалимдер үчүн нормалдуу эмгек шарттарынын түзүлбөшүнө жана бул кесиптин кадыр-баркынын төмөндөшүнө мугалимдер күнөөлүүбү?
Бул милдетке деги эле жоопкер болбогон мугалимдердин мойнуна инновациянын жана инфраструктуралык шарттардын жоктугунун күнөөсүн төңкөрүү, чындыгында аткаминерлер тарабынан туйгу менен болгон оюн катары көрүнүүдө. Ар кимге өз жоопкерчилигин белгилеп бере турган идеологиянын жоктугунан улам, мындай көрүнүш адаттагы нерсеге айланып барууда.
3. Кадрлардын чыгып кетиши түзүмдүн кыйроосуна белги
Бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы мына ушундай, тагыраагы, мотивациянын жоктугунан жана өтө төмөн айлыктан улам өз кадырын билген, таланттуу жана кесипкөй мугалимдердин көбү эбак эле жеке бизнеске, консалтингге жана корпоративдик тренингдерге өтүп кетишкен. Алар өз эмгегине татыктуу акы төлөнгөн тармактарды тандап, аргасыздан натыйжалуурак чечим кабыл алууга дуушар болушту.
Ал эми күч-кубатка толгон жаштар, пайда табууну жана керектөөнү башкы баалуулукка айландырган капиталисттик көз караштын таасиринде калып, мугалимдик кесиптен – коомду жана мамлекетти калыптандырууга багытталган улуу милдетти көрбөй калышты.
Мамлекет болсо кезектеги формалдуу билдирүүлөр менен чектелип, мугалимдерди саясий шайлоолордун алдында гана эстеп, аларды административдик ресурс катары пайдаланып келет. Дал ушинтип, бийлик күчтүү инсандарды жана сергек коомдун пайдубалын калыптандыра ала турган жана таланттуу адамдарды системада кармап калууга түрткү бере турган эң негизги нерседен, тагыраагы пикирий мотивациядан ажырап баратат.
Азыркы мектептер, көп учурда жарандарды дүйнөнү каптаган көйгөйлөргө жана чакырыктарга даярдай албайт. Алар өз кесибине берилген эски муундагы мугалимдердин кайраты менен гана бар болуп келүүдө. Бирок алардын көз караштары жана ыкмалары азыркы реалдуулуктун талаптарына жооп бербей калганы менен бирге, алардын күчү да, ресурсу да тездик менен түгөнүп баратат.
Ислам акыйдасынын билим берүүгө карата көз карашы
Ислам мабдасы калыптандырган хазаратта (цивилизацияда) билим берүүгө таптакыр башкача мамиле болгон. Капиталисттик аткаминерлердин мазмунсуз, кургак билдирүүлөрүн Ислам хазаратынын чыныгы мабдалык жана руханий тажрыйбасы менен салыштырсак, мамлекеттин билим берүү тармагына болгон мамилеси канчалык төмөндөп кеткенин даана көрүүгө болот.
Ислам мабдасында билим берүү менен илим эч качан «акча ашып калса гана каржылана турган» бюджеттик тармак, же кооз ураандар айтыла турган багыт катары болгон эмес. Илим пикирлөөнү калыптандыруунун, мамлекеттик жана хазараттык өнүгүүнүн өзөгү болуп келген.
1. Курандын алгачкы чакырыгына назар салсак, ал өзүнчө ой-жүгүртүүгө жана аңдап билүүгө чакырган манифест катары кызмат кылганын көрсөк болот. Исламий ой-жүгүртүүнүн тарыхы белгилүү бир элиталык катмарга эмес, ар бир адамга багытталган улуу чакырыктан башталган:
«(эй Мухаммад, бардык жаратылышты) жараткан Зат болгон Раббиндин наамы менен (баштап) окугун! Ал инсанды коюу кандан жараткан (Зат).Окугун! Сенин Раббиң (адамзатка) калемди (тактап айтканда жазууну – катты) үйрөткөн өтө берешен Зат. Ал Зат инсанга анын билбеген нерселерин үйрөттү». («Алак» сүрөсү, 1–5-аяттар).
Алгач түшкөн бул аяттар негизги багытты көрсөтүп берди. Тагыраагы, дүйнөнү окуу, ой жүгүртүү жана билимди жазып калтыруу аркылуу таанып-билүү – бул дүйнөнү түшүнүүнүн, адамдын дүйнө–карашын калыптандыруунун жана динди мамлекеттин бардык деңгээлдеринде ишке ашыра турган коомду куруунун негизи болуп саналат.
2. Куран жана хадистердин илим менен окууга шыктандыруусу
Ислам дүйнө-карашы мугалим менен аалымдын коомдогу даражасын жогору көтөрүп, аларга чоң жоопкерчилик жүктөгөн:
«Айткын: “Билгендер менен билбегендер теңби?” Чындыгында, муну акыл ээлери гана түшүнүшөт». («Зумар» сүрөсү, 9-аят).
Аалымдардын даражасы тууралуу Куранда мындай айтылат:
«Алла силерден ыйман келтирген жана, илим тартуу этилген заттарды (бийик) даража-мартабаларга көтөрөт». («Мужадала» сүрөсү, 11-аят).
Пайгамбар Мухаммад ﷺ мындай деген:
«Илим талап кылуу – ар бир мусулманга парыз (милдет)». (Ибн Мажа).
Дагы бир хадисте:
«Аалымдар пайгамбарлардын мураскерлери. Пайгамбарлар динар да, дирхам да мураска калтырышкан эмес, алар илимди гана мурас кылып калтырышкан» – деп айткан. (Абу Дауд, ат-Тирмизи).
Мындай багыт берүүчү түзүмдө мугалимдин макамы жөн гана билим берүү кызматын көрсөткөн кызматкер же «бюджеттик жумушчу» эмес. Ал коомдун ой жүгүртүүсүн жана адеп-ахлактык өзөгүн калыптандыруу жаатында пайгамбарлардын милдетин улантуучу адам катары каралат.
3. Тарыхый мисал
Исламдын алтын доору дүйнө хазаратынын кыймылдаткычы катары өнүгүүнүн негизи, тагыраагы, билимге жана изилдөөгө таянарын тарыхта айкын көрсөтүп берген.
Бүгүн аткаминерлердин «мезгилдин жаңы талаптары» жана «тажрыйбалык көндүмдөрдүн жетишсиздиги» деген нааразы сөздөрүн угуп жатабыз. Бирок алар заманбап дүйнөлүк илимдин калыптанышына кимдер пайдубал түзүп бергенинн унутуп коюшкан. Ислам бийлиги өкүм сүргөн доордо мусулман дүйнөсү дүйнөлүк илимий өнүгүүнүн негизги борборуна айланган. Анткени бийлик да, коом да илимдин өнүгүшүн мамлекеттин эң башкы артыкчылыктарынын бири катары кабыл алган.
Математика жана алгебра: Муса аль-Хорезми алгебра илиминин өнүгүшүнө негиз салган. «Алгебра» термини анын «Аль-жабр ва-ль-мукабала» аттуу эмгегинин аталышынан келип чыккан. Ал ошондой эле азыркы санариптик дүйнөнүн негизин түзгөн алгоритмдик эсептөө түшүнүгүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Астрономия жана оптика: Ибн аль-Хайсам оптика илиминин өнүгүшүнө жана илимий изилдөө ыкмаларынын калыптанышына олуттуу салым кошкон. Ибн Халдун болсо коомдук өнүгүү менен тарыхый процесстерди түшүндүргөн бир катар негизги түшүнүктөрдү иштеп чыккан.
Халифалыктын алтын доорунда башкаруучулар обсерваторияларды, илимий борборлорду жана академияларды, анын ичинде Багдаддагы «Даанышмандык үйүн» өнүктүрүшкөн. Окумуштуулар менен котормочулардын эмгегине жогорку баа берип, аларга жогорку акы төлөшкөн. Анткени алар күчтүү ой жүгүртүү жана өнүккөн илим болбосо, мамлекет атаандаштыкка туруштук бере албай, артта каларын жана акырында ички жактан алсырай турганын жакшы түшүнүшкөн.
Бул Ислам аалымдары менен окумуштууларынын дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымынын бир аз гана бөлүгү.
Жыйынтык
Бүгүн биз жетекчиликтин билдирүүлөрүнөн эмнени көрүп жатабыз? Кубаттуу идеологиялык негиз менен пайдубалды, ылайыктуу шарттар менен инфраструктураны түзүүнүн, татыктуу эмгек акы төлөөнүн жана жок дегенде түпкү илимге инвестиция салуунун ордуна, бизге «таланттуу устат менен тайманбас окуучу жолугушту» деген өңүттөгү эмоционалдык спекуляцияларды сунуштап жатышат.
Улутчулдук түшүнүктөр деп жар салган заманбап аткаминерлер тарыхтын башкы мыйзамын унутуп, улуу цивилизациялык милдетти сый-урматтан ажыраган, жакыр жана өтө оор жүктөм менен иштеген мугалимдердин мойнуна оодарып салгысы келет. Ал эми, алар унутуп жаткан тарыхый мыйзам мындай: мугалимдеринен акча аяп, ойчулдун макамын теңине албаган коом өзүнүн эгемен келечегин сөзсүз жоготот.
Илимий каатчылыктан чыгуунун жалгыз жолу, тар улутчулдуктан бүтүн цивилизациялык ойгонууга өтүү. Анткени көйгөй айрым бир чиновниктердин деңгээли менен гана чектелбейт. Андыктан мамлекет мугалимдерге жана окуучуларга улуу жана маанилүү жоопкерчиликти түзө албаган тар улутчул идеологиянын айынан олуттуу туңгуюкка кептелүүдө.
Абду Шүкүр




