Кытайга каршы билдирүү жасаган активист камакка алынды

Кытайга каршы билдирүү жасаган активист камакка алынды
Активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылууда.
Буга чейин Аскарбеков фейсбуктагы баракчасында, өлкөдө кытай жарандары көбөйүп, ишкерлик тармакты ээлеп алып жатканын билдирген.
Комментарий:
Расмий бийлик тышкы саясатта, экономикалык багытта Кытайга таянуу менен саясат жүргүзүп жаткандыктан, Кытайга каршы коомдук нааразылыктын күчөшүнөн абдан кооптонууда. Муну Кытайдын өлкөнүн экономикасындагы үлүшү арыштап өсүп жатканы тастыктап турат. Ошондуктан, Кытай саясий-аскерий кызматташууларга таянып өлкөбүздөгү экономикалык кызыкчылыгын коргоону кепилдөөгө аракет кылат. Маселен, Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 10 млрд долларга жетти. Бул карыздардын 1,5 млрд доллары Кытайга таандык. Бул мамлекеттин тышкы карызындагы эң чоң үлүш. 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 27,2 млрд долларга жетти. (Кытай бажысынын статистикасы). Анын ичинен Кытайдан келген импорт басымдуу бөлүгүн түзөт. Бул үлкөн көлөм менен Кытай Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөшүнө айланды. Ал эми 2025-жылдын тогуз айына карата Кытайдын Кыргызстанга тикелей инвестициясы 282,3 млн долларды түздү. Кытай бул көрсөткүч менен инвестиция жаатында да биринчи орунга чыкты.
Демек, жогорудагы активисттин камалышы Кытайдын ушул үлкөн кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Анткени, Кытайдын инвестициялары менен кошо кытайлар да агылып келиши күтүлөт. Бийлик өлкөдө иштегенге укуктуу чет элдик жарандардын квотасын 50 миңден 100 миңге көтөргөнү жөн жайдан эмес. Ошону менен бирге, 25-апрелде министрлер кабинети Кытай жумушчуларынын өлкөгө кирүүсүн жеңилдеткен токтом кабыл алган. Мындан улам, коом арасында нааразылыктар күчөп, ал тургай жаңжалдар да чыгышы табигый. Бул нерсени алдын алуу үчүн, тагырак айтканда Кытайдын экономикалык кызыкчылыктарын жана Кытай жарандарын коргоо үчүн эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызматташуусу жолго коюлуп жатат.
Андан тышкары, бийлик Кытайды жакшы көрсөтүү үчүн өлкөдө Кытай көргөзмөлөрүн ачып, жогорку окуу жайларда Кытай бөлүмдөрү түзүлдү, Кытайдын маданиятын таңуулаган иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүүдө.
Демек, бийлик өлкөнүн «өнүгүүсү» үчүн Кытайга бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, бул ички дүң продукциянын жогорулашына, «өнүгүүгө» алып келет деп эсептейт. Бирок, түпкүлүгүндө инвестиция жана кредиттер колонизаторлордун башка өлкөлөрдүн кен-байлыктарын талап-тоноо, капиталын соруу, таасирин жаюу механизми болуп эсептелет. Буга кошумча, Кытай менен кызматташуу кыжылдаган кытайлардын өлкөгө жайылышына жол ачат. Бирок, бийлик бул жалган «өнүгүүгө» азгырылып, өлкөнүн келечегин туңгуюкка кептеп жатат.
Түпкүлүгүндө, чыныгы өнүгүү Кытайга таянууда эмес. Калктын түпкү кызыкчылыктарын коргоп, колонизаторлордун элдин мүлкүн ташып кетүүсүнө жол бербөө менен болот. Ал эми, калктын кызыкчылыгы эзелтен сакталып келген Ислам баалуулуктарын коргоо, өндүрүштү чет элдиктердин колуна тапшырбоо менен гана ишке ашат.
Нурдин Асаналиев




