Бейиш бактары
Абу Убайда Амир ибн Жаррох (р.а)

Абу Убайда Амир ибн Жаррох (р.а)
Ал кишинин жүзү нурдуу, түсү тунук, арыкчырай, бою узун жана сакалы суюк болчу. Чырайлуу жүзүнөн көздөр ырахат алып, карап койгонунан дилдер жайнап кетчү. Пейили жакшы, сылык жана өтө уяттуу эле. Ал эми иш күчөп, олуттуу түс алганда, ишке астейдил киришет эле. Ушул себептен, көркөмдүгү кудум кылычтын мизине окшоп, өткүрлүк жана курчтукта да андан өрнөк алган эле. Биз сыпаттап жаткан бул адам Мухаммад Үммөтүнүн амини болгон Амир ибн Абдулла ибн Жаррох ал-Фихрий ал-Курайший болуп, лакап аты Абу Убайда. Ал жөнүндө Абдулла ибн Умар мындай деди: Курайштыктардан үч киши бар, алар адамдар ичинде жүзү тунук, кулк-мүнөзү көркөм, уяттуу адамдар, алар сүйлөшсө, жалган сүйлөшпөйт, сиз аларга сүйлөсөңүз сизди жалганчы кылышпайт: алар Абу Бакр Сыддык, Усман ибн Аффан, Абу Убайда ибн Жаррох.
Абу Убайда Исламга биринчи киргендерден. Ал Абу Бакр Исламга кирген күндүн эртеси Исламга кирди жана Исламды Абу Бакрдын колунда кабыл алды. Т.а. Абу Бакр аны, Абдуррахман ибн Авфты, Усман ибн Мазъунду о.э. Аркам ибн Абу Аркамды Набий (с.а.в)дын алдына алып барганда, алар акыйкат келмени бийик добушу менен айтышты. Натыйжада, алар Исламдын улуу коргону курулган биринчи пайдубалына айланышты.
Абу Убайда мусулмандардын Меккеде чеккен катуу сыноолорду башынан аягына чейин бардыгын баштан өткөрдү. Ал биринчи мусулмандар менен жер жүзүндөгү бирер динге ээрчигендер көрбөгөн оор, жырткычтык, ызалуу, капа кылуучу сыноолорду тартты. Ал эми Абу Убайданын Бадр күнүндө тарткан кыйынчылыгынын канчалык катуу экендигин эч ким элестете албайт.
Абу Убайда Бадр күнү өлүмдөн коркпостон душмандын сабына согушка кирип, мушриктерди коркууга салды. Курайш атчандары аны менен бетме-бет келген убакта, андан өздөрүн четке тартып жатышты. Ал эми алардын ичинен бир киши ага туш келген сайын аны менен жекеме-жеке согушууга аракет кылды, Абу Убайда болсо анын жолунан бурулуп, андан өзүн четке алып жатты. Бул киши Абу Убайдага жабышып, чабуул кылуусун койбоду, ал Абу Убайданын бардык жолун тосуп, Алланын душмандары менен согушуусуна тоскоолдук кыла берди… Акырында, Абу Убайданы катуу кыйнап жибергенде, кылыч менен башына катуу урган эле, башы экиге бөлүнүп кетти жана бут астында жер тиштеп калды. Жер тиштеп өлгөн киши ким деп ойлойсуз?… Бул жер тиштеген киши Абу Убайданын атасы Абдулла ибн Жаррох экендигин билгениңизде, дендароо болуп калаарыңыз шексиз.
Абу Убайда атасын өлтүргөн жок, ал ата көрүнүшүндөгү ширкти өлтүрдү. Ошондо Алла Субханаху ва Таала Абу Убайда менен анын атасы туурасында аят түшүрдү. Алла Таала мындай дейт:
– «Аллага жана Акырет Күнүнө ыйман келтире турган коомдун Алла жана Анын пайгамбары сызган сызыктан чыккан кимселер менен — ал тургай алар өздөрүнүн аталары, же уулдары, же ага-инилери, же тууган-уруктары болушса да – достошуп жатышканын таппайсың. Мына ошолордун жүрөктөрүнө (Алла) ыйманды жазып-бекемдеп койгон жана аларды Өз тарабынан болгон Рух – Куръан менен кубаттандырган. Ал зат аларды астынан дарыялар агып тура турган, алар түбөлүк кала турган бейиштерге киргизет. Алла алардан ыраазы болду жана алар да (Алладан — Ал Зат берген ажыр-сыйлыктардан) ыраазы болушту. Мына ошолор Алланын тобу. Байкагыла, албетте Алланын тобу (болгон заттар гана) нажат табуучулар!». [58:22]
Абу Убайданын бул ишине таңдануунун кажети жок. Анткени, анын Аллага болгон ыйманы, калыстыгы жана Үммөт алдында аманаткөйлүгү ушундай бир даражага жетти дейсиң, бул даражага жетүүгө Алланын алдында улуу инсандар гана умтулушат.
Мухаммад Ибн Жаъфар мындай дейт: Расулулла (с.а.в)дын алдына насроний элчилер келишип: Эй Абу Касым, сахабаларыңыздын арасынан өзүңүз ыраазы болгон бир кишини биз менен бирге жөнөтсөңүз, ал өз ара келише албай жаткан мал-мүлктөрүбүз туурасында өкүм чыгарып берет. Эй мусулмандар жамааты, араңарда баары ыраазы боло турган кишилер барбы?, – дешти.
Расулулла (с.а.в): Мага бир түн мөөнөт бергиле, силерге күчтүү жана ишенимдүү адамды жөнөтөмүн, – деди. Умар ибн Хаттаб мындай деди: Ошондо пешин намазына эртерээк келип алдым. Мен башчылыкты жакшы көргөнүм жок, балким, мына ушул (күчтүү жана ишенимдүү деген) сыпаттын ээси болууну арзуу кылдым… Расулулла (с.а.в) биз менен пешинди окуп болгондон кийин оң жана сол тараптарына назар таштады. Мен «Расулулла мени көрсүн» деп мойнумду создум. Расулулла биз тарапка карай берди жана акырында Абу Убайда ибн Жаррохту көрдү жана аны чакырып:
«اُخْرُجْ مَعَهُمْ فَاِقْضِ بَيْنَهُمْ بِالْحَقِّ فِيمَا اِخْتَلَفُوا فِيهِ»
«Алар менен бирге баргын жана өз ара келише албай жаткан нерселери туурасында өкүм чыгарып бергин», – деди. Кийин, Абу Убайда Расулулла айткан ишке кетти.
Абу Убайда ишенимдүү эле эмес, балким, күчтүү да эле. Анын күчтүүлүк сыпаты Расулулла бир топ сахабаларды Курайш кербенине учурашканы жөнөткөндө көзгө көрүндү. Ошондо Расулулла Абу Убайда (р.а)ну аларга амир кылып, аларды бир баштык курма менен камсыздады. Мындан башка бере турган нерсе таба албады. Ошондо Абу Убайда сахабалардын ар бирине бир даанадан курма берип, алар курманы кудум бөбөк энесинин көкүрөгүн соргондой сорушуп жана аркасынан суу ичишкен, бул аларга кечке чейин жетет эле.
Абу Убайданын күчтүүлүгү Ухуд күнүндө да көзгө көрүндү. Мусулмандар ошондо жеңилип жаткан эле. Ошондо мушриктердин бири «мага Мухаммадды көрсөткүлө, мага Мухаммадды көрсөткүлө» деп кыйкыра баштады. Абу Убайда да Расулулла (с.а.в)ды ороп алган он мусулман менен бирге болуп, алар көкүрөктөрү менен Расулулланы мушриктердин найзаларынан коргоп жатышкан. Согуш бүткөндөн кийин, Расулулла (с.а.в)дын алдыңкы тиштери сынып кеткендиги, маңдайы жарылгандыгы жана сооттун эки тогоосу чекесине сайылып калгандыгы маалым болду. Ошондо Расулулланын алдына Абу Бакр Сыддык келип, жүзүнөн тогоолорду сууруп алмакчы болгон эле ага Абу Убайда: Касам ичип айтамын, муну мага коюп бериңиз, – деди. Ал коюп берди. Абу Убайда тогоолорду колум менен сууруп алсам, Расулуллага оору жеткирип коёмун деп, алардын бирин тиштери менен бекем тиштеп, сууруп алды, ошондо бир тиши сынып түштү… Кийин дагы бирин экинчи тиши менен тиштеп, сууруп алды, экинчи тиши да сынып түштү… Абу Бакр: «Абу Убайда маңдай тиши жок адамдардын эң чырайлуусу болуп калды», – деди.
Абу Убайда Расулулла (с.а.в) менен тээ көз жумганча бардык окуялардын күбөсү болду. Сакифа күнү Умар ибн Хаттаб Абу Убайдага мындай деди: Колуңузду бериңиз, сизге (халифа болушуңузга) байъат кыламын. Анткени, сиз тууралуу Расулулла (с.а.в)дын:
«إِنَّ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَمِيناً، وَأَنْتَ أَمِينُ هَذِهِ الْأَمَّةِ»
«Ар бир үммөттүн өз амини (ишенимдүү кишиси) бар. Сиз болсо мына ушул Үммөттүн аминисиз», – дегенин укканмын. Ошондо Абу Убайда: Расулулла (с.а.в) намазда бизге имам болушуна буюрган жана бизге Расулулла көз жумганга чейин эле имамдыкка өткөн кишинин алдына өтпөймүн, – деди. Ошондон кийин Абу Бакр Сыддыкка байъат кылынды. Абу Убайда ага акыйкат үстүндө жакшы насаатчы, жакшылык үстүндө эң жакшы жардамчы болду. Кийин, Абу Бакр өзүнөн кийин Халифалыкты Умар ал-Фарукка тапшырды. Абу Убайда Умарга катуу итааттуу инсан болду. Ал Умардын буйруктарына таптакыр итаатсыздык кылбады. Болгону бир жолу итаатсыздык кылды.
Ко-ош, Абу Убайда момундар амиринин кандай буйругуна итаатсыздык кылганын билесизби?! Окуя мына мындай болгон эле: Абу Убайда ибн Жаррох Шам өлкөлөрүндө мусулман кошуунун башкарып, жеңиштин артынан жеңишке жетишип жаткан эле. Ал тургай, Алла анын колу менен Шамга караштуу бардык өлкөлөргө фатх берди… Натыйжада ал чыгыштан Эфратка, түндүктөн Кичи Азияга чейин жетип барды. Ошондо Шам өлкөлөрүнө ушундай бир жугуштуу кеселдик жайылды дейсиң, адамдар мындайды эч качан көрүшпөгөн эле. Бул оору адамдарды бир четинен кырып баштады… Умар ибн Хаттаб Абу Убайдага кат жазып, элчи жөнөттү. Катта мындай деди: «Сиз мага керек болуп калдыңыз, эми ал жерде мага керек эмессиз. Демек, кат сизге түндө жетип барса, таң атпастан жолго чыгышыңызды. Эгер кат сизге күндүзү жетип барса, кеч кире элегинде жолго чыгышыңызды буюрамын».
Абу Убайда Фаруктун катын алгандан кийин, «мен момундар амирине керек экенимди билдим, бирок ал түбөлүк кала албай турган кишини сактап калмакчы» деди жана ага: «Эй момундар амири, мен сизге керектигимди билдим. Мен мусулмандар кошууну ичинде болгондон кийин, аларга жеткен мусибаттан өзүмдү алып качууну каалабаймын… Качан гана Алла мени менен алардын ортосунда бир ишке өкүм кылганга чейин алардан ажырабаймын… Катым сизге жетип барганда мени буйругуңуздан куткарыңыз жана ушул жерде калышыма уруксат бериңиз», – деп жооп жазды. Умар анын катын окугандан кийин, катуу ыйлап жиберди… Жанында турган адам анын ыйлап жатканын көрүп: Абу Убайда өлүптүрбү, эй момундар амири? – деди. Фарук: Жок, бирок өлүмү жакын, – деди. Умардын күмөнү туура чыкты… Эч канча убакыт өтпөстөн Абу Убайда ооруга чалдыкты. Анын өлүмү келген убакта аскерлерине мындай деп насаат айтты: Мен силерге ушундай бир иштерди насаат кыламын, аларды кылсаңар, силерди эч качан жакшылык таштап кетпейт: «Намазды аткаргыла, Рамазанда орозо туткула, зекет садагасын бергиле, ажылык жана умра кылгыла. Амирлериңерге калыс болгула жана аларды алдабагыла, дүйнө силерди кызыктырып койбосун. Анткени, инсан миң жыл жашаса да, силер көрүп турган жериме чейин жетип келишине күмөн жок… Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух».
Кийин Абу Убайда Муаз ибн Жабалга жүздөнүп: Эй Муаз, адамдарга намазда имам болгун, – деди. Кийин эч канча убакыт өтпөстөн, анын жаны үзүлдү. Ошондо Муаз ордунан туруп: Эй адамдар, силер ушундай бир кишинин кайгысын тартып жатасыңар, мен ага караганда жүрөгү тазараак, ага караганда жамандыкты ичинен чыгарып таштоочу, ага караганда акыретти сүйүүчү, ага караганда баарына насаат көп айтуучу адамды көрбөдүм. Демек, Алладан аны рахматына алууну сурагыла, -деди. Алла да сизди рахматына алсын.


