АКШнын жогорку тактыктагы куралдарынын запасы кескин азайды

АКШнын жогорку тактыктагы куралдарынын запасы кескин азайды
АКШ Иран менен болгон согуш маалында 4510го чейин жогорку тактыктагы курал колдонуп, согушка чейинки запасынын 31–38%ын сарптаган. Мындай маалыматты АКШдагы CSIS борбору жарыялады.
Аналитиктердин эсебине ылайык, абадан коргонуу системалары эң көп чыгымга учураган. Тактап айтканда, болжол менен 360 THAAD ракетасынын 190–290у (53–80%), 410 SM-3 ракетасынын 130–250сү (32–61%) жана 2330 Patriot ракетасынын 1060–1430у (45–61%) колдонулган.
Ошондой эле согуш учурунда 1000ден ашык Tomahawk, 1100дөн ашык JASSM канаттуу ракетасы жана 90 PrSM ракетасынын 40–70и (44–78%) пайдаланылганы айтылат.
CSIS маалыматына ылайык, согуштун чыгымы 37,5–53,6 миллиард доллардын тегерегинде бааланууда. Ал эми зыянга учураган аскердик базаларды калыбына келтирүүгө дагы 4–9 миллиард доллар талап кылынышы мүмкүн.
Аналитиктердин эсебинде, согуш маалында АКШнын кеминде 42 учуучу аппараты жок кылынган же зыян жеткен. Алардын арасында 24 MQ-9 Reaper учкучсуз учагы, ошондой эле F-15, F-35 жана A-10 үлгүсүндөгү учактар бар.
CSIS белгилегендей, учурда Lockheed Martin компаниясы жылына болгону 96 даана THAAD ракетасын чыгарат. Өндүрүштүн көлөмү 400 даанага чейин көбөйтүлгөн күндө да, согуштан мурунку запасты толук калыбына келтирүү 2029–2030-жылдарга чейин созулушу мүмкүн.




