Американын Иранга каршы согушта туңгуюкка кептелиши жана жүзү кара мамлекеттердин шерменде позициялары

Американын Иранга каршы согушта туңгуюкка кептелиши жана жүзү кара мамлекеттердин шерменде позициялары
Америка жана яхудий түзүмү өткөн февраль айынын аягында Иранга каршы экинчи согушун баштаганда, Американын максаты режимди кыска мөөнөттүү согуш аркылуу баш ийдирүү эле. Мунун натыйжасында Иран Америка орбитасында айланган мамлекеттен ага көз каранды мамлекетке айланып, анын кызыкчылыктарын ишке ашырып, Жакынкы Чыгыш аймагындагы планы боюнча аны менен бир багытта жүрүшү керек болчу. Жок дегенде, анын бул аймактагы узарып кеткен колдорун жана таасирлерин кыркып, аймактагы өзүнүн бар болушуна коркунуч туудурган аскерий күчтөрүн жок кылуу максаты коюлган. Анткени бул күчтөр ар дайым яхудий түзүмүнө да реалдуу коркунуч жаратып турган. Бирок режимди толугу менен кулатуу анын максаты болгон эмес. Анткени ал өлкөнү башкара ала турган альтернативалуу саясий күч жок экенин түшүнөт. Ошондуктан көптөгөн этностук, улуттук жана мазхабдык курамдардан турган, бөлүнүп кетүү коркунучу бар мамлекетте режимдин кулашы башаламандыкка алып келет. Бул болсо Америкага да, чоң державаларга да, Иранга коңшу аймактык мамлекеттерге да пайдалуу эмес.
Америка бул согушту режимдин эң жогорку жетекчилерин жана аскерий командирлерин, эң башында эле жогорку жетекчинин өзүнөн тартып кеңири, күтүүсүз жана катуу сокку менен бутага алуу аркылуу баштады. Ошондой эле коргонуу, ракета, аба жана деңиз күчтөрүнүн чоң бөлүгүн бутага алды. Бул сокку режимде жана анын аскерий кубатында жарака жаратып, андан аман калгандар тез арада кулап калуудан сактануу үчүн сүйлөшүү жолуна түшөт деп үмүт кылган. Андан кийин Америка аларга өз шарттарын таңуулап, режимди кулатпай туруп эле аны мажбурлап баш ийдирмек. Бирок күтүүсүз нерсе болду: Ирандын аскерий түзүмү, жетекчилеринде жана аскерий техникасында чоң жоготууларга карабастан, ошондой эле саясий режимдин көпчүлүгү жок кылынганына карабастан, өзүнүн бекемдигин жана согушту улантуу жөндөмүн көрсөттү. Ал тургай Трамп бир нече жолу “баарын талкаладым, баарын жок кылдым, Иранда сүйлөшө турган адам таппай калдым” деп мактанганы аскерий жетекчилер үчүн башка жол калтырган жок. Алар биринчи кезекте өч алуу каалоосу менен, экинчиден туруктуулукту сактоо максаты менен, үчүнчүдөн душманга мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян жеткирүү пландары менен аскерий каршы турууну тандашты.
Алардын максаттары жөн гана аскерий зыян жана кыйратуу менен чектелбестен, ага кошумча түрдө Америка администрациясын экономикалык фактор аркылуу басымга алууну да камтыды. Бул үчүн Перс булуңундагы мунай өлкөлөрүнүн маанилүү объекттери бутага алынды. Эң кооптуу жана эң оор сокку Ормуз кысыгынын жабылышы болду. Бул болсо бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Американын өзүндө да энергия бааларынын көтөрүлүшүнө алып келди.
Ушундайча Америка жана яхудий түзүмүн аскерий жана экономикалык жактан алсыратуу максат кылынды. Бул болсо Трампка, анын президенттик мөөнөтүнө жана Республикалык партиясына саясий жактан да басым болуп кайтып жатат. Бул туңгуюкту түшүнгөндөн кийин ал ирандыктар сүйлөшүүгө кызыкдар деген сөздү кайра-кайра кайталап баштады. Бирок ирандыктар мындай аракетти четке кагып, анын калп айтып жатканын ачыкка чыгарышты. Аларды баш ийдире алган жок, сүйлөшүүгө да тарта албады. Согуштагы туңгуюктан – жеңилген тарап болуп көрүнүп калбастан – чыгып кетүүдө өз алсыдыгын сезген сайын, жаңы жолдорду издеп жатат, бирок азырынча андай жол таба элек. Айрыкча НАТО союзунун, анын ичинде Европанын негизги мамлекеттеринин аны колдобой койгону бул абалды ого бетер оорлотту. Мына ушундан кийин ал Ормуз кысыгын ачуу маселесин согушунун негизги максатына айлантты. Эгер бул максатка жетсе, өзүн согушту жеңиш менен аяктагандай көрсөтүүнү көздөйт. Бул максатка жетүү үчүн анын аскерлери кысыкка жакын жайгашкан маанилүү иран аралдарын, балким айрым жээктерин да басып алуудан башка жол тапкан жок. Ошондуктан ал аймакта кургактагы күчтөрүн топтой баштады. Азыр ал америкалыктарга жана дүйнөгө бул кургактык операциясы айлар эмес, бир нече жума эле талап кыларына убада берүүдө. Бирок бул максат ишке ашарына кепилдик барбы? Ал ишке ашса, согушту токтотуп, кысыкты ачууга жетиштүү болобу?
Жооп: бул максат да кепилдүү эмес, ал тургай ишке ашса да согушту токтотуп, кысыкты ачууга кепилдик бере албайт. Кургактыктагы согуш америкалык аскерлер үчүн тозоктун эшигин ачышы мүмкүн. Анткени алар басып алуу аракетинде да, андан кийин да жакын аралыктан ирандык катуу чабуулдарга дуушар болушат. Мүмкүн болгон ийгилик да кысыктын ачылышына кепил боло албайт. Себеби Иран кысыктан өтүшүн каалабаган ар кандай кемени бутага алууга жөндөмдүү бойдон калат. Бул жөндөм анын деңизде, аралдарда же жээктерде болушуна байланыштуу эмес…
Ал өзүнүн аралдарында жана аймактарында жайгашкан америкалык аскерлерди бутага алууда дагы да ийгиликтүү болот. Мындан тышкары, ал азыркыдай эле Перс булуңу өлкөлөрүндөгү жана басып алынган Палестина аймактарындагы буталарга ракеталар жана дрондор менен сокку урууну уланта алат. Жыйынтыктап айтканда, Трамп азыр издеп жаткан жолдор анын аскерий, экономикалык жана саясий туңгуюкка кептелишин ого бетер тереңдеткен кошумча көйгөй болуп калышы мүмкүн.
Бул согуштун эң шерменде көрүнүшү – Иран жана Палестинага коңшу мамлекеттердин позициясы. Анткени Тегеран режими «Аль-Акса ташкыны» операциясын колдобой, тескерисинче андан баш тартып, баскынчы түзүм чабуул жасап турган учурда Газаны таштап, ага кыянат кылып, ал тургай Ливандагы өз партиясын да эки жыл бою «стратегиялык сабыр» деген шылтоо менен жалгыз калтырган кыянатчылыкты жасаган болсо, бүгүн дал ошол эле кыянатты аймактагы мамлекеттер жасап жатышат. Пакистандан тартып Түркияга, Саудияга, Египетке, Иорданияга жана Сирияга чейин… тизме узун. Алардын баары көз алдында турган тарыхый мүмкүнчүлүктү т.а. Америка менен яхудий түзүмүнүн шерменде абалын көрүп турушат. Анткени экөө бир мамлекетти жеңе албай жатышат, ал эми ал мамлекеттин аскерий кубаты Пакистан же Түркияга тең келе албайт. Анда бул мамлекеттер биригип бир согуш жүргүзсө, бул жасалма түзүмдү жок кылып, Американын таасирин аймактан сүрүп чыгара алышпайт беле? Эгер бул башкаруучуларда аз да болсо дин, намыс же болбосо өз кызыкчылыгына негизделген амал болгондо, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, аз чыгаша менен эле баатырлардын катарына кошулмак. Бирок чынында алар коркок, мындай урматка татыксыз. Алар өздөрүнүн бул наамды көтөрө албай турганын билишет. Анткени алар такка отурушканда ушул доордун фараонуна кызмат кылуу үчүн, тарых көргөн эң ыплас эл аралык түзүмдүн мүчөлөрү болуу үчүн отурушкан.
Айрымдар дароо: «Бул Ирандын согушу, ал мурда аймактагы калкка кыянат кылган, эмне үчүн эми алар аны менен бирге согушушу керек?» – деп каршы чыгышы мүмкүн. Жооп ачык жана эч кандай сезимдерге алдырбоо менен айтканда: бул өз мурунунан аркысын көрө албаган адамдардын көз карашы. Анткени яхудий түзүмүнө каршы күрөшүп, ыйык жерди азат кылуу милдети бул согуштан ондогон жылдар мурда эле важиб болгон. Тактап айтканда, яхудийлер Палестинанын көпчүлүк бөлүгүн басып алгандан бери, жетимиш сегиз жылдан бери бул важиб өкүм сакталып турат. Мындан тышкары, бул согуш Америка менен Иран ортосундагы гана согуш эмес. Бул бүтүндөй аймакка каршы багытталган чоң америкалык кампаниянын бир баскычы. Анын максаты аймактын жүзүн өзгөртүү жана мурда болуп көрбөгөндөй түрдө баш ийдирүү. Бүгүн Иран башкаруучулары Газада курман болуп жаткан элге карата «стратегиялык сабыр» деген кыянатчыл позициясына өкүнүшү керек болгондой эле, бул коркок башкаруучулар да кезек өздөрүнө келгенде ушул позициясына өкүнүшөт. Ошондо «ак бука жеңилген күнү мен да жеңилгем» деген сөз аларга эч кандай пайда бербейт.
Роя гезити
Ахмад ал-Касас




