Роя гезити

Афганистан менен Пакистан ортосундагы жаңжал – колонизаторлук чек аралар жана айыкпаган жаралар

Афганистан менен Пакистан ортосундагы жаңжал – колонизаторлук чек аралар жана айыкпаган жаралар

Тарыхый силкинүүлөр болуп келген бул аймактагы кагылышуу Афганистан менен Пакистан элдеринин каалоосу менен чийилген чек аралар үчүн эмес,  колонизатор Британия Россия империясы менен болгон күрөшүнүн эң кызуу мезгилинде чийилген чек аралар үчүн болуп жатат. 1893-жылы чийилген Дюранд сызыгы эч качан географиялык чек болгон эмес. Бул чек ара пуштун урууларынын денесинде пайда болгон жара болуп, 1947-жылы Пакистан түзүлгөндөн бери өчпөгөн жаңжалдын булагына айланган. Бүгүн болсо, 2021-жылы Талибан кыймылы Афганистанда кайра бийликке келгенден кийин, бул жаңжал жаңы этапка өттү. Эми эки өлкө ортосундагы чыңалуу жөн гана чек ара талашы болбой, колонизатордук мурас, регионалдык атаандаштык жана Азиянын жүрөгүндөгү таасир үчүн күрөш аралашкан татаал кармашка айланды.

Британ мурасы… Дюранд сызыгындагы жаңжалдын тамыры

Афганистан менен Пакистан ортосундагы чыңалууну Дюранд сызыгын эске албай туруп түшүнүү мүмкүн эмес. Бул сызыкты Британия өзүнүн Индиядагы таасир аймактары менен Афганистандын ортосунда чек катары чийген. Маселе бул сызык эки өлкө ортосунда жашаган пуштун урууларынын биримдигин бөлүп салууда. Ошондуктан Афганистан бүгүнкү күнгө чейин аны расмий чек катары таануудан баш тартып келет, ал эми Пакистан болсо аны эл аралык чек катары кабыл алып, өз суверенитетинин негизи катары карманат. Афганистандын бул сызыкты туруктуу четке кагуусу Торхам сыяктуу чек ара өтмөктөрүндөгү ар бир кагылышууну жөн гана чек ара маселеси эмес, мыйзамдуулук үчүн күрөшкө айлантат. Пакистан Британиядан “мамлекеттин терең коргонуусу” деген принципти мурастап, бул сызыкты эл аралык укуктун бөлүгү катары коргосо, Афганистан бул келишим колонизатордук күчтөрдүн тең эмес шартында таңууланган деп эсептеп, аны милдеттүү эмес деп карайт.

Кансыз согуштан Талибанга чейин… өзгөрүүлөргө толгон он жылдыктар

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Афганистандын президенти Мухаммад Дауд Хан “Пуштунистан” идеясына өтүп, Пакистан ичиндеги бөлүнүүчү кыймылдарды колдогону бурулуш учур болду. Буга жооп катары Исламабад афган исламий оппозициясын колдоп, Афганистанга каршы “исламисттер” картасын колдоно баштады. Бирок эң чоң бурулуш 1979-жылы Советтер Союзунун Афганистанга басып кириши менен болду. Ошондо Пакистан АКШ жана Саудиянын колдоосу менен мужахиддер үчүн негизги базага айланып, чек арадан ашкан жихадий тармактын түзүлүшүнө жана Пакистан чалгын кызматтарынын Афганистандагы таасиринин күчөшүнө алып келди.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында 1994-жылы Талибан кыймылы пайда болуп, аны Пакистан колдоду. Пакистан аны Афганистанда туруктуулукту камсыздоонун жана Индияга каршы стратегиялык тереңдикке жетүүнүн куралы катары көргөн. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдардан кийин абал өзгөрдү. Америка Афганистанга басып кирип, Талибан режимин кулатты. Пакистан болсо, кыйын абалга туш болду. Расмий түрдө Американын союздашы болуп, бирок ошол эле учурда Талибанга баш калкалоочу тарап деп айыпталган. Ошондуктан ал “эки тараптуу оюн” саясатын жүргүздү: сыртынан терроризмге каршы согушту колдоп, жашыруун түрдө Талибан ичиндеги таасирин сактап калды.

Талибандын кайтып келиши… жаңы жаңжал жана Пакистан үстөмдүгүн четке кагуу

2021-жылы Америка Афганистандан чыгып, Талибан кайра бийликке келгенден кийин, Пакистан мамилелер жакшырат деп күткөн. Бирок абал тескерисинче болду. Талибан өкмөтү Пакистан аймагында чабуулдарды жасаган Пакистан Талибанына каршы күрөшүүдөн баш тартты. Дюранд сызыгы тууралуу талаш кайра күчөп, чек арадагы кагылышуулар көбөйдү. Биринчи жолу Талибан өкмөтү өзү Пакистан менен түз чыңалууга кирди жана Пакистан мурдагыдай ага өз эркин таңуулай албай калды.

Бул өзгөрүү терең стратегиялык бурулушту көрсөтөт: мурда Афганистанды стратегиялык тереңдик катары көргөн Пакистан бүгүн ачык чек арадан пайдаланып жаткан куралдуу топтордон улам ички коопсуздук коркунучуна туш болууда. Ошол эле учурда өлкө экономикалык оор кризиске жана аскердик чарчоого дуушар болууда. Ал эми Афганистан өз бийлигин бекемдөөгө, эл аралык жактан таанылышына умтулуп, Пакистан үстөмдүгүн четке кагууда.

Афганистан–Пакистан жаңжалы регионалдык жана эл аралык атаандаштыктын аренасы катары:

Афганистан менен Пакистан чек арасындагы окуялар эми эки тараптуу маселе болбой калды. Бул чоң державалар жана регионалдык күчтөр ортосундагы кеңири атаандаштыкка айланды. Кытай Пакистанды стратегиялык союздаш катары көрүп, анын туруктуулугун кытай–пакистан экономикалык коридорун жана Чыгыш Түркстандагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн өтө маанилүү деп эсептейт. Ошондуктан ал Талибан өкмөтүнө чек араны көзөмөлдөөгө басым жасайт, бирок өтө этият аракет кылат. Ал эми Индия Афганистанда Пакистандын таасирин азайтууга аракет кылып, мурдагы өкмөттөрдү колдоп, өнүктүрүү долбоорлоруна инвестиция салган. Талибан кайтып келгенден кийин да ал гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн байланыш каналдарын ачып, Пакистан түзгөн географиялык жана саясий курчоону бузууга аракет кылууда.

Ал эми Америка аскерий жактан чыгып кеткенден кийин да чалгын мүмкүнчүлүктөрүн сактап, абалды жакындан көзөмөлдөөнү улантууда. Ал Пакистанды кыйыр канал катары колдонуп, негизги максаты Америка “экстремисттик” деп атаган топтор үчүн Афганистан коопсуз башпаанекке айланып кетишине жол бербөө, ошол эле учурда аймактагы Кытайдын таасирин тең салмактоо болуп эсептелет.

Россия да өз кезегинде Афганистан менен тарыхый касташуусуна карабастан, Талибан өкмөтү менен байланыш каналдарын ачып, Кытай жана Иран менен бир багытта аракеттенүүдө. Анын максаты Америка үстөмдүгүнөн алыс болгон альтернативдүү регионалдык тартипти калыптандыруу жана коркунучтардын Борбор Азияга жайылышына бөгөт коюу.

Жыйынтык

Афганистан–Пакистан жаңжалынын тереңинде жөнөкөй чек ара талашы эмес, али жоюлбаган колонизатордук мурас, чек арадан ашкан уруулук иденттүүлүк жана Азиянын жүрөгүндө атаандашкан регионалдык жана эл аралык күчтөрдүн таасир күрөшү жатат. Узак убакыттан бери Афганистанды стратегиялык тереңдик катары көргөн Пакистан, бүгүн ага өзүн алсыратып жаткан коопсуздук коркунучу катары карап калды. Ал эми Талибан кооптуу регионалдык шартта өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылууда. Ортоңку абалда Кытай өз инвестицияларын коргоо үчүн тынч аракеттенсе, Индия атаандашын курчоого алуу үчүн сабыр менен иш алып барууда, ал эми Америка менен Россия этият байкоо жана үзгүлтүксүз айла-амалдар аркылуу катышууда.

Бүгүн болуп жаткан окуялар жөн гана чек арадагы кагылышуулар эмес, бул – эски жаңжалдын жаңы баскычы. Анда эки тарап жашыруун союздаштыктан ачык коопсуздук атаандаштыгына өттү. Бул окуя бүтпөйт жана “бир тууган душмандардын” согуштары менен чечилбейт. Ал колонизатор жараткан очок катары кала берет. Анткени жүз жылдан ашуун убакыт мурда тартылган чек аралар айыкпаган жаранын белгиси бойдон калууда. Бул жара болсо Исламды негиз кылган мабдаий мамлекет тикеленмейинче айыкпайт. Ал мамлекет колонизаторлукту анын бардык фикрий, саясий жана укуктук калдыктары менен кошо жок кылып, үммөттү бириктирген тартипти орнотуп, мазхабчылык, улутчулдук жана бардык сасыган жахилият байланыштарын үзөт. Ошондо Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленип, Аллах Тааланын төмөнкү буйругу ишке ашат:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَاناً وَكُنتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ النَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ﴾

«Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! Ошондой эле Алланын силерге берген неъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилдериңерди достоштуруп койду эле, силер Анын неъматы себептүү бир тууган болуп калдыңар. Тозоктон болгон бир чуңкурдун жакасындатурган элеңер, силерди андан куткарды. Акыйкатжолду табышыңар үчүн Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай баян кылат». (Али Имран: 104).

Роя гезити

Устаз Ясин бин Яхья

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button