Трамп жана Америка жетекчилигинин ыдырашы

Трамп жана Америка жетекчилигинин ыдырашы
Америкадагы бийлик ичинде болуп жаткан көрүнүштөр т.а. жогорку даражадагы аскер жетекчилеринин, Башкы штаб жетекчисинин жана бир катар генералдардын арты-артынан кызматтан алынуусу жөнөкөй административдик окуя да эмес, кадимки ички кайра түзүү да эмес. Тескерисинче, бул Америка саясий түзүмүнүн өзөгүн солкулдаткан терең кризистин чагылышы болуп, саясий жана аскерий чечимдердин биримдигинин ыдырап жатканын ачып көрсөтөт.
Дүйнөнү жетектеп турган мамлекеттин согуштары так саясий максаттарга баш ийген болушу керек эле, анын армиясы болсо, ошол максаттарды так аткаруучу курал болууга тийиш. Бирок бүгүнкү көрүнүш, айрыкча Дональд Трамптын ыкмасы, мунун тескерисин көрсөтүүдө: аскерий түзүм так саясий планы жок, жетишиле турган акыркы максаты белгисиз болгон жаңжалдарга тартылууда. Мунун өзү эле армиянын түзүлүшүндө жарака пайда кылууга жана жетекчиликтин ичинде үнсүз каршылык абалын жаратууга жетиштүү, анткени алар багытсыз согушууга мажбур болууда.
Аскерий аракет менен саясий боштуктун ортосундагы ушул карама-каршылык Америкадагы башаламандыкты түшүндүрөт. Америка Кошмо Штаттары канчалык аскерий үстөмдүккө ээ болбосун, ар кайсы аймактарда, анын ичинде Иран менен чыңалууда жүргүзгөн соккуларына карабастан, бул аракеттер туруктуу саясий жыйынтыкка жетише албай келет. Себеби аларда максат жок. Натыйжада күч чечүүчү курал болуунун ордуна, жетекчиликтин алсыздыгын жашырбаган, аны ачыкка чыгаруучу жүккө айланууда.
Мындан тышкары, бул башаламандык күчөп жаткан эл аралык атаандаштык шартында болууда. Бул атаандаштыкта Кытай сыяктуу күчтөр алдыга чыгып, Иран сыяктуу аймактык тараптар татаал эл аралык түзүлүштөрдүн ичинде колдонулууда. Мурда бул күрөштүн багытын аныктап турган Америка бүгүн аны мурдагыдай так башкара албай калгандыгы көңүл буруучу жагдай. Мунун себеби аң-сезимдүү саясий жетекчиликтин жоктугу жана анын саясий канаттарынын ортосундагы реалдуу айырмачылыктардын жоюлушу. Натыйжада ички күрөш принцип же багыт үчүн эмес, бийлик үчүн болгон күрөшкө айланып калды.
Мына ушул жерде, кризис башкаруу кризиси эмес, бул мaбда кризиси деген эң кооптуу чындык ачылат. Америка негизделген капитализм эми бирдиктүү саясий жетекчиликти жаратууга да, дүйнөнү жетектей турган көз карашты сунуштоого да жөндөмсүз болуп калды. Ал тургай өзү башкарууда да башаламан абалга түшүп калды. Мaбданын ушул алсыроосу анын куралдарына түз таасир этти: жетекчилик солкулдады, армия туруксуздашты, чечим кабыл алуу ыдырады.
Ушундай көрүнүштүн фонунда, дүйнөлүк аренада олуттуу орун ээлей турган мүмкүнчүлүктөргө жана байлыктарга ээ болгон Ислам үммөтү иш-аракет чөйрөсүнөн сыртта калууда. Анын армиялары башкалардын долбоорлоруна кызмат кылууга түртүлүп, байлыктары талап-тонолуп, ага көз каранды абалды сактаган саясий вакыйлык таңууланууда. Ал эми анын жашыруун күчтөрү өз алдынча эч нерсе чече албаган майда агенттер аркылуу колдонулууда.
Америка жетекчилигиндеги бүгүнкү башаламандык жана эл аралык жаңжалдарды башкаруудагы туруксуздук — бул жакындап келе жаткан ири эл аралык ачылыштын алгачкы белгилери гана. Ал күчтөр тең салмагында түп тамырынан өзгөрүүлөргө жол ачат. Бул учурду жөн гана атаандаштын алсыздыгы катары эмес, үммөт үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк катары түшүнүү керек. Эгер ал күчтү максат менен кайра байланыштыра алган, аскерлерди режимдерди коргоочу эмес, өз табигый ордуна б.а. жерлерди азат кылган курал катары жайгаштырган мaбдаий саясий долбоорго ээ боло алса, анда бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу шарт.
Исламды акыйда жана система катары көтөрүп чыккан, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруу ойгонуунун негизи экенин түшүнгөн үммөт гана бул боштукту толтура алат. Ал гана күрөштү чыныгы душмандарына, алардын башындагы яхудий түзүмүнө жана анын артында турган колонизатор күчтөргө каршы багыттай алат.
Бул өз багытын жоготкондор үчүн башаламандык учуру, багыты барлар үчүн алдыга чыгуу сыноосу. Же бул учур Исламий жашоону кайра баштоо, үммөттүн ордун жана ролун калыбына келтире турган рошид Халифалык долбоору аркылуу пайдаланылат, же болбосо үммөт башкалардын жаңжалдарынын туткундугунда кала берет, анын баасын өз каны жана байлыгы менен төлөйт.
Роя гезити
Устаз Ахмад Закария




