Роя гезити

Америка менен Иран ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр

Америка менен Иран ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр

Биз алгач Трамп турган АКШ жетекчилеринин Иранга каршы агрессиясын  токтотуу, аны кайра баштоо менен коркутуу же ок атышууну токтотууну жарыялоо боюнча билдирүүлөрүнө көз салганыбызда, мунун баарын АКШнын бул агрессиянын артында турган максатын түшүнүү алкагында кабыл алышыбыз керек. Анткени бардык иш-аракеттер максатка жетүү үчүн ишке ашырылат.

Иранга карата коюлган максат аны өз орбитасында айланып, көз карандысыздыкка умтулган мамлекеттен өзүнө көз каранды, шарттарын таңуулаган жана каалаганын аткарган мамлекетке айлантуу. Ал эми бүтүндөй аймакка карата максат анын стратегиялык жайгашкан ордунан пайдалана тургандай толук көзөмөл орнотуу, байлыктарын колонизатордук максатта талап-тоноо, ойгонушун жана эркиндикке чыгышын, ошондой эле капитализмге каршы турган дүйнөлүк мабдага ээ болгон Халифалыкты тикелөөсүн алдын алуу жана бул максаттарды ишке ашыруу үчүн яхудий түзүмүн ыплас курал катары бекемдөө.

Америка согуштун 40 күнү ичинде Иранга карата өз максатына жетише албагандан кийин, “Пакистан планы” деген ат менен эки жумалык ок атышууну токтотууну талап кылды, анын ордуна Иран Ормуз кысыгын ачышы керек эле. Ошентип, ал өз максатын ушул кысыкты ачуу менен чектеп койду, бирок бул кысык Иранга каршы агрессияга чейин эле ачык болчу!

Иран Американын Пакистан аркылуу сунушталган 15 пункттан турган планын 24.03.2026 күнү четке каккандан кийин, ал ок атышууну токтотууга мажбур болду. Ошондой эле Иран ок астында сүйлөшүүлөрдү да четке какты. Бул план төмөнкүлөрдү камтыган: «Ирандын ядролук программасын толугу менен жок кылуу, Натанз, Фордоу жана Исфахандагы ядролук реакторлорду жабуу, 60% деңгээлде байытылган уранды Эл аралык атом энергиясы агенттигине өткөрүп берүү, тынч максаттар үчүн керектүү уранды сырттан импорттоо, өз аймагында уран байытууга тыюу салуу, анын ядролук программасы жана жеткирүү булактары боюнча Эл аралык атом энергиясы агенттиги тарабынан катуу текшерүү программасын киргизүү, баллистикалык ракеталар программасын жана дрон өндүрүшүн токтотуу, аймактык өкүлдөрүн, мисалы Ливандагы өз партиясын колдоону токтотуу, Ормуз кысыгын эркин деңиз жолу катары ачык кармоо жана яхудий түзүмүнүн бар болуу укугун таануу». Бул шарттар да, ок астында сүйлөшүү да Иран үчүн кордук катары кабыл алынат.

Ошондон улам ок атышууну токтотуу ишке ашып, шарттарды жумшартуу башталды, бирок ушулардын өзү гана сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттары болуп кала берет, башкача айтканда талаптардын эң жогорку чеги катары сакталат. Андан кийин Америка алардын баарын же эң маанилүү бөлүгүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карайт. Эгерде аларды таңуулоого жетишсе, анда Иран өзүнүн күч элементтерин жоготот, аны орбиталык мамлекет катары кармап турган нерселерден ажырайт жана көз карандысыздык мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт, натыйжада көз каранды мамлекетке айланат.

Ок атышууну токтотуу жарыялангандан кийин, сүйлөшүүлөр 11.04.2026 күнү Пакистанда эки тараптын ортосунда башталды. Бул Иран үчүн жетишкендик болуп эсептелет, анткени ал ок астында сүйлөшүүгө макул болгон жок. Демек, ок атышууну токтотуунун максаты толук агрессияны токтотуу эмес, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

Америка сүйлөшүүлөргө вице-президент жетектеген жогорку деңгээлдеги делегация жибергенде, бул иштин канчалык олуттуу экенин жана анын өтө маанилүү мүнөзгө ээ экенин көрсөтөт. Эгер анын шарттары же алардын негизгилери аткарылбаса, анда агрессия кайра жанданышы күтүлөт. Вице-президент сүйлөшүүлөр учурунда түздөн-түз ирандык делегацияга коркутууларды айтты, анткени ал Америкада чечим кабыл алууда экинчи адам болуп саналат жана президенттин өкүлү болуп эсептелет, башкача айтканда сүйлөшүүлөрдү президент жүргүзүп жаткандай көрүнүш жаралат. Ошондой эле бул Америка администрациясынын ичинде сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, агрессияны улантуу боюнча бир пикир бар экенин көрсөтөт, анткени вице-президент мурда согушту баштоого караганда сүйлөшүүлөрдү артык көрчү.

Бул болсо сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, Америка агрессиясын кайра жандантаарын көрсөтөт. Муну анын президенти Трамп 10.04.2026 күнү айтып, мындай деген: «Пакистандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз болсо, Иранга каршы соккуларды кайра баштоо үчүн америкалык аскердик кемелер эң мыкты ок-дарылар менен жабдылып жатат».

Ок атышууну токтотуу согушту толук токтотуу жана туруктуу тынчтык келишимине кол коюудан айырмаланат. Анткени ок атышууну токтотуу каалаган убакта, бир тарап же эки тарап тең аны бузган учурда, бузулуп калышы мүмкүн.

Ал эми Иран өз шарттарын он пункт ичинде  белгиледи: «Америка тарабынан кол салбоого кепилдик берүү, Ормуз кысыгына Ирандын көзөмөлүн сактоо, уран байытууну кабыл алуу, негизги жана экинчи даражадагы санкцияларды алып салуу, ага каршы БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жокко чыгаруу, Эл аралык атом энергиясы агенттигинин башкаруучулар кеңешинин бардык чечимдерин жоюу, компенсация төлөп берүү, Америка аскерлерин аймактан чыгарып кетүү жана бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согушту токтотуу».

Бирок Иран Америка шарттарын четке кагарын ачык айткан жок, болгону өз шарттарын гана койду жана Америка шарттарына түздөн-түз токтолгон жок. Бул болсо эгер анын шарттары кабыл алынса, ал айрым шарттарды кабыл алууга же аларды жумшартылган түрдө кабыл алууга даяр экенин көрсөтүп турат.

Эки тараптын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасы өттү, ага конок тосуучу тарап катары Пакистан катышты. Иран маалымат каражаттары «сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгонун, Америка тоңдурулган иран каражаттарын бошотууга макул болгонун жана яхудий түзүмү Бейруттун түштүк четиндеги чабуулдарын токтотконун» жарыялады. Бул болсо Литани дарыясынын түштүк бөлүгү чабуулдарды токтотуу чечиминен сыртта калганын билдирет, анткени яхудий түзүмү ал жерде буфердик аймак түзүүгө аракет кылууда. Бул маселе 14.04.2026 күнү Вашингтондо Америка көзөмөлү астында Ливан делегациясы менен яхудий түзүмүнүн делегациясы жолукканда сүйлөшүлөт.

Андан кийин 12.04.2026 күнү эртең менен үчүнчү айлампа өткөрүлдү. Америка вице-президенти Вэнс «ирандыктар ядролук куралды өнүктүрбөө боюнча америкалык шарттарды кабыл албагандыктан, сүйлөшүүлөр тынчтык келишимине жетпестен аяктады» деп билдирди. Ал эми Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү «тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ийгилиги Америка ашыкча жана мыйзамсыз талаптардан баш тартуусуна байланыштуу» деди. Бул болсо Америка өзүнүн 15 пункттук талаптары боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн, Иран аларды ашыкча деп эсептегенин билдирет. Демек, Американын агрессияны кайра баштоо ыктымалдыгы ар дайым бар, жана ал өз максатына жетүүгө т.а.  Иранды көз каранды мамлекетке айлантууга бекем ниеттенгендей көрүнөт. Американын ийгилиги же ийгиликсиздиги ирандыктардын өз позицияларында канчалык бекем турушуна жана согушка даярдыгына жараша болот.

Жалпы көрүнүшкө караган адам аймакта Американын болушу кабыл алынганын көрөт, ошондуктан аны менен сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Палестинаны басып алган яхудий түзүмүнүн болушу да кабыл алынгандыктан, аны менен да сүйлөшүү жүрүүдө. Негизи болсо Америка менен сүйлөшпөй, аны аймактан сүрүп чыгарып, Атлантика океанынын ары жагына чейин артка чегинүүгө мажбур кылуу үчүн күрөштү улантуу керек. Ошондой эле яхудий түзүмү менен да аны толук жок кылганга чейин күрөштү улантуу зарыл. Бул болсо Аллахтын сөзүн үстөм кылуу үчүн күрөшкөн мамлекетти, башкача айтканда Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылат.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button