Макала

Жалгыздыктын босогосундагы Трамп эң коркунучтуу түшү менен беттешүүдө

Жалгыздыктын босогосундагы Трамп эң коркунучтуу түшү менен беттешүүдө

2026-жылдын жай мезгилинде Трамп өзүнүн саясий карьерасында буга чейин болуп көрбөгөн бир коркунучтуу түштү баштан кечирүүдө. Бул сырттан келген коркунуч эмес. О.э өзү от жагып жаткан Ирандагы согуштан же өзүнүн чечимдеринин оордугунан кыйрап жаткан экономикадан келип чыккан коркунуч эмес. Тескерисинче, анын эң чоң коркунучтуу түшү өлкө ичинде, тактап айтканда, Вашингтондун өзүндө жатат.
Буга чейин аңчылык кылып келген Трамп, бүгүн олжого айланды. Анткени ал өзү катуу карманган тирешүү жана бөлүүчү саясаты натыйжасында, анын популярдуулугу кумга сиңгендей төмөндөп баратат. Ар бир жаңы коомдук сурамжылоо жана ар бир атайын шайлоо анын тагдырын чечип жаткандар тек гана республикачылар эмес, тескерисинче, көз карандысыз шайлоочулар экенин ачыктап жатат.

Чындыгында, Трамп 2026-жылдын 22-мартында Демократиялык партияны Американын эң чоң душманы деп атаган. Ал тургай учурда өзү согушуп жаткан Иранга болгон душмандыгын да артка калтырган. Ал “Truth Social” платформасындагы билдирүүсүндө: “Ирандын өлүмү менен бирге радикалдуу солчулдар жана жөндөмсүз Демократия партиясы Американын эң чоң душманы болуп калды”, – деп жазган (Al Jazeera, 22/3/2026).

Шайлоочулардын катмарын кыймылга келтирүү үчүн жасалган бул билдирүүлөрүнө карабастан, ал бүгүн өзүнүн популярдуулугун жоготуп, Республикалык партиянын Сенаттагы аралык шайлоолордо оор жеңилүү коркунучуна туш кылган эң коркунучтуу түшү менен беттешүүдө.
Трамптын популярдуулугу бир топ төмөндөдү, ал тургай сурамжылоолордун жыйынтыгы жакындап келе жаткан кыйроону көрсөтүүдө. 2026-жылдын апрелиндеги эң акыркы коомдук сурамжылоолорго ылайык, Трампты колдоо көрсөткүчү 35%дан 41%га чейин гана калды. Бул деңгээл Трампты Гарри Трумэнден берки бардык президенттер менен салыштырганда, тарыхый арткы катарга жайгаштырат.
CNN тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун маалыматы боюнча, америкалыктардын 65%ы Трамптын саясаты экономикалык кырдаалдын начарлашына алып келди деп эсептешет. Бул анын президенттик мөөнөтүндө катталган эң жогорку терс көрсөткүч (Al Arabiya, 1/04/2026).

Бирок сандардын эң коркунучтуу жагы – оппозиция чөйрөсүнүн кеңейиши гана байланыштуу эмес, тескерисинче, Республикалык партиянын базасында да жаракалар пайда болду. Fox News’тун 2026-жылдын мартындагы сурамжылоосуна ылайык, республикачылардын катарында Трампка каршы чыккандардын үлүшү 16%га жетип, болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Ал эми партия мүчөлөрүнүн президентке болгон колдоосу 2025-жылдын мартындагы 92%дан 84%га төмөндөдү (Al Jazeera, 27/3/2026).

Балким, Трамп үчүн эң оор жоготуу – бул жаш республикачылардын ишенимин солгундатуусу болду. 45 жашка чейинки республикачылардын арасындагы колдоо көрсөткүчүнүн төмөндөшү 23 пунктка жетти (Al Arabiya, 1/4/2026).

Бүгүнкү актуалдуу суроо мындай: Трамптын популярдуулугу эмне үчүн кулап жатат? Трамптын күчтүү куралдарынан, популярдуулугунан ажыраткан коркунучтуу түшкө айланган үч негизги жагдай бар:

Биринчиси: Экономика… Трамп айткан жана баалардын өсүшү бузган убада:

Трамп 2026-жылды экономикалык гүлдөп-өнүгүү жылы кылаарын убадалаган. Бирок чындык такыр башкача болду. Жумушсуздуктун деңгээли 4,7%га көтөрүлдү, бензиндин баасы 19%га кымбаттап, өлкө боюнча бир галлон үчүн орточо 3,45 долларга, учурда Иранга каршы согуштан улам 3,98 долларга чейин көтөрүлдү (Newsweek, 02/04/2026). Ошондой эле, Трамп өлкөнү каптаган инфляция менен күрөшө албай калды. Ишеним деңгээли 27% менен тарыхтагы эң төмөнкү чекке түштү жана америкалыктардын экономикалык чечимдерге болгон ишеними 31%га чейин азайды.

Экинчиси: Иранга каршы согуш… Популярдуулуктун жана каражаттын азайышы:

Иран согушу АКШ казынасына 12 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди жана 8 аскердин өмүрү кыйылды (Asharq Al-Awsat, 20/3/2026). Бул өз кезегинде шайлоону оор жүккө айландырды. Шайлоочулардын 64%ы Трамптын Иран маселесин чечүү ыкмасына каршы чыгууда жана 59%ы согуш кабыл алынгыс чектерден ашып кетти деп эсептешет (Al Jazeera, 27/3/2026). Бул нааразычылык жаңжалдын келечегине карата пессимизмди дагы тереңдетти. Шайлоочулардын 13%ы гана согуш бир нече жуманын ичинде бүтөт деп күтүшөт, ал эми 35%ы согуш бир жылдан ашык убакытка созулат деп божомолдошот.

Үчүнчүсү: Миграция… Борбордук маселеден артка чегинүүгө:

Миграция маселеси Трампты Ак үйгө алып келген эң маанилүү темалардын бири болчу, бирок бүгүн ал алсыздыктын булагына айланды. Кызмат мөөнөтүнүн башында колдоо көрсөткүчү жогору болсо да, ири шаарларда депортациялоо операцияларынын кеңейтилишинен кийин 2025-жылдын июнь айынан тартып бул көрсөткүч төмөндөй баштады. Бүгүн Трамптын миграция саясатына болгон колдоо 45%дан ашпайт, ал эми 51,6%ы бул саясатка каршы. Эң кооптуусу – көз карандысыз шайлоочулардын Миграция жана бажы кызматына болгон ишеними өтө төмөн.
Америка саясатында дээрлик ката кетирбеген бир “алтын эреже” бар: Ак үйгө көзөмөл кылган партия аралык шайлоолордо ордун жоготот. Бирок бул жолу жоготуулар Өкүлдөр палатасы менен гана чектелбеши мүмкүн, тескерисинче, Сенатта да республикачылар ордун жоготушу мүмкүн. Бул сценарий бир нече ай мурун мүмкүн эмес деп эсептелчү (Newsweek, 2/4/2026). Эгер коркунуч алдындагы орундардын картасына көз чаптырсак, төмөнкүлөрдү көрөбүз:

Түндүк Каролина: Республикачыл сенатор Том Тиллис отставкага кеткендигине байланыштуу, мурдагы демократ губернатор Рой Купер жарышка кошулду жана бардык сурамжылоолордо алдыда баратат.
Мэн штаты: Сенатор Сьюзан Коллинз катуу атаандаштыкка туш болууда, сурамжылоолорго ылайык, анын демократ атаандашы Грэм Блатц 44% менен алдыда келе жатат. Коллинздин көрсөткүчү 40% менен артта калууда.

Огайо жана Аляска штаттары: эң чоң күтүүсүз окуя катары Техас, Айова, Флорида жана Миссисипи сыяктуу штаттардын атаандаштык талаасына айланышы болду. Демократтардын Сенаттык өнөктүк боюнча төрагасы Кирстен Гиллибранд белгилегендей: “Партия учурда 11 округда орундардын санын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ” (New York Post, 15.03.2026).
«Республикачылардын тынчсыздануусу жөн жерден эмес. Анткени 2026-жылдын январында демократ талапкер Тейлор Рехмет символикалык мааниге ээ болгон шайлоо округунан Техас штатынын атынан Сенаттагы орунду жеңип алды. Чындыгында, ал эки жыл мурун эле 17 упай айырмасы менен жеңишке жетишкен болчу».

Бул сандарга карабастан, Трамптын коркунучтуу түшү толугу менен ишке ашпай калуу ыктымалы да бар. Анткени, Демократтар Сенатты толугу менен өзгөртүшү үчүн алдыда дагы узак жол бар. Ошондой эле, алардын да популярдуулугу олуттуу төмөндөөдө. CNNдин башкы маалымат талдоочусу Гарри Энтен бул көрсөткүчтөрдү мындайча мүнөздөгөн: «Америкалыктардын 74%ы, анын ичинде демократтардын өздөрүнүн 55%ы демократтъык штаттар Конгрессте туура эмес иштеп жатат деп эсептешет». Чынында эле, сенатор Сюзан Коллинз Трамптан көз карандысыз эле, өзүнүн Мэн штатында чоң популярдуулукка ээ.
Бирок Трамп жана республикачылар туш болгон эң чоң коркунуч тажрыйбалуу саясий аналитик Майк Мадриддин сөздөрүндө камтылган: “Өмүрүмдө бийликтеги партиянын бүгүнкүдөй начар даярдыкта шайлоо процессине киргенин көргөн эмесмин”. Ал кошумчалагандай: “Эгер каршы шамал ушундай эле күч менен улана берсе, Трамптын Американын “алтын доору” жөнүндөгү кыялы анын мөөнөтү учурунда америкалык саясаттын жүзүн өзгөртө турган шайлоо коркунучуна айланып кетиши мүмкүн” (Newsweek).

Бул коркунучтуу түш ишке ашабы же жокпу, аны алдыдагы күндөр гана далилдейт. Бирок бүгүн шамал анын пайдасына сокпогону анык.

Бүгүн дүйнөлүк лидерликти жалгыз өзүнүн колуна топтогон эң чоң мамлекетте көрүнүп жаткан ички бузулуу – бул чындыгында анын бирдиктүү жана теңдешсиз лидерлик борборунан, ички бөлүнүүлөргө кабылган мамлекетке карай түшүүсүнөн башка нерсе эмес. Бул абал аны убактылуу изоляцияга алып келиши же бир нече мамлекетке бөлүп жибериши мүмкүн. Эң негизгиси, жаңы кылым жакындап келатат. Көңүл буруңуз, бул – Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн иштеп жаткандардын колу менен ишке аша турган, өзүнүн эски ордун, даңкын жана кадыр-баркын Аллахтын уруксаты менен бороондон кийин келе турган Халифалык кылымы. Ар бир өткөн күн Халифалык таңынын жакындап келатканына ишенимибизди арттырууда. Ошондуктан, биздин милдетибиз – үммөттүн маселелерин көтөргөн жана үммөт түшүнүгүн кабыл алган “Хизб-ут Тахрир” менен бирге жолубузду улантуу. Бул түшүнүк Халифалык мамлекетин Аллахтын уруксаты менен улуу мамлекетке айлантат жана Аллах Субханахунун убадасы менен Анын Расулунун (с.а.в.) сүйүнчүсү ишке ашат: “Андан соң (кайрадан) пайгамбарлык минхажы негизинде рошид Халифалык болот”.

Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button