Судан режиминин «Хизб ут-Тахрир» жигиттерин соттогу анын Исламга жана мусулмандарга душман экендигин тастыктайт

Судан режиминин «Хизб ут-Тахрир» жигиттерин соттогу анын Исламга жана мусулмандарга душман экендигин тастыктайт
Судан калкы төрт жылдын бери уланып келе жаткан согуштун кесепеттеринен барган сайын оор кризистерге дуушар болуп жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамаларына ылайык Судан дүйнөдөгү эң оор кризистердин бирин башынан өткөрүп жатат. Бул баяндамаларга ылайык, Судандын экономикасы 30 жыл артка кетиши мүмкүн. Өлкөдөгү болжол менен 34 миллион адам, башкача айтканда, калктын үчтөн экисине жакыны шашылыш жардамга муктаж, 19 миллионго жакын адам курч азык-түлүк тартыштыгынан жапа чегип жатат. Жер которгондордун саны 13 миллиондон ашкан. Уюм бул абалды «дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кризис жана эң чоң ачарчылык жана жер которуу кризиси» деп мүнөздөдү…
Согуштун күчү Кордофан жана Көк Нил аймактарына өтүп, айрыкча Эль-Обейд шаарынын айланасында чабуул жана артка чегинүүлөр уланып жатканы тууралуу маалыматтар чыгып жаткан учурда, бул шаарга жаңжал аймактарынан качкандардын саны көбөйүп жатат… Мындай каргашалуу согушту токтотуп, Дарфур аймагынын бөлүнүшүнө жол бербестен, канап жаткан Судандын жарасын айыктыруунун ордуна, бийликтин коопсуздук органдары 2026-жылдын 16-январында Хизб ут-Тахрир жигиттеринен төртөөнү Эль-Обейд шаарындагы байыркы мечиттин аймагынан камакка алышты. Алар: Назир Мухаммад Хусейн, Амин Абдулкарим, Абдулазиз Ибрахим жана Ахмад Муса. Бул камакка алуу партия жигиттеринин Халифалык кыйрашынын 105 жылдыгына карата тынч акция өткөргөндүгүнө байланыштуу болду. Бул иш-чарада устаз Назир Мухаммад сөз сүйлөгөн. Аларга карата 69-берене боюнча «коомдук тынчтыкты жана коомдук коопсуздукту бузуу» деген айып коюлуп, бул айып иштин чыныгы маңызына тиешеси жок болгонуна карабастан, прокуратура, андан кийин сот да аларды күрөө менен бошотуудан баш тартты.
Бирок өкмөт зулумдугун улантып гана тим болбостон, андан да ашып кетти. Анын соттук, адилеттик жана коопсуздук органдары мындан да ары кетишти. 2026-жылдын 5-февралында прокуратура дагы үч кылмыш беренесин кошуп, жигиттерди камакта калтырды. Андан тышкары, аларды күрөө менен бошотуу укугунан да ажыратты. Мындай укукту чектөөгө эч кандай мыйзамдык негиз жок эле, болгону мазактоо, Исламга чакыргандарды жазалоо жана аларды басынтуу каалоосу гана бар эле.
2026-жылдын 22-февралында биринчи сот отуруму болуп, ыктыярдуу адвокаттардын кеңири катышуусунда өттү. Прокурордун сөзү угулгандан кийин, дааватты көтөргөндөрдү коргоо комитетинин башчысы, тажрыйбалуу юрист жана адвокат устаз Факир Хаж сотко кайрылып, жигиттерди күрөө менен бошотууну өтүндү. Бирок зулумдукту жана жалааны дагы күчөтүп, судья бул өтүнүчтү кийинки отурумга жылдырып, жигиттерди камакта калтырды. Ал адам чыгарган мыйзамдарын жана «айыпталуучу күнөөсү далилденмейинче күнөөсүз» деген эрежени тебелеп-тепседи. Ошондой эле өз дининин өкүмдөрүн да унутуп койду. Бул болсо өкмөттүн Ислам дааватын токтотууга багытталган чечкиндүүлүгүн көрсөтөт.
Андан соң 2026-жылдын 12-апрелинде Эль-Обейд шаарынын түштүк-батыш кылмыш сотунда “чоң кылмышкерлер” чогулуп, төрт дааватчы жигитти айыптуу деп тапты. Ошол кара күндө чыккан чечим да кара болду: ар бирине 3 миллион судан фунту (болжол менен 750 доллар) айып пул салынды. Эгер төлөбөсө, сот чечими чыккан күндөн тартып бир айга камалат деп өкүм кылынды, буга чейин бир айдан ашык камакта отурган убактысы эске алынган жок. Бул өкүмгө чоң кылмышкерлердин бири болгон ошол эле соттун судьясы кол койду.
Мечиттерде жана коомдук жайларда адамдарга кайрылып, үммөттүн биримдигин кайра калыбына келтирүүгө чакырган адам кылмышкер болуп калабы? Ал үммөттүн денесин ырайымсыз бөлүп-жарып салган, бүгүнкү күндө “кандуу чек аралар» аркылуу биздин жерлерде бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүп жаткан, мурда болсо каргашалуу Сайкс-Пико келишими менен бөлүп салган кафир колонизатор душманга каршы чакырып жатса, бул кылмыш болуп калабы?! Батыш кафирдин буйругу менен иш кылган күзөтчүлөр коюлуп, үммөттү алсыз, кор болгон жана бөлүнгөн абалда кармап турушу үчүн аракет кылып жатканда, ушул чакырык кылмыш болуп саналабы?!
Калкынын көпчүлүгү мусулмандар болгон өлкөдө даават көтөргөндөр кылмышкер болуп калабы?! Бул өлкө Исламды Усман ибн Аффан разияллаху анху доорунан бери кабыл алган. Африканын Сахара түштүгүндөгү аймагында алгачкы мечит курулган жер болгон. Судан Дангола мечитинде Куран нуру менен нурланган өлкө го?! Чынында, бул абдан таң каларлык иш!
Бул жигиттерге зулум жана адилетсиз өкүм чыгарылган болсо да, алар Аллах Таала жана Анын урматтуу Элчиси ﷺ буйруган нерседен башка эч нерсе айтышкан жок. Башкача айтканда, мусулмандардын өз динин өз мамлекетинде, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде өкүм кылууга кайтуудан башка эч нерсе айтышкан жок. Алар Аллахтын үйлөрүнүн биринде акыйкатты ачык айтышты, ошондо мусулмандардын уулдары алардын чакырыгына жооп берип, алар менен бирге «Аллаху акбар» деп такбир айтып, Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан бир туугандарын колдоп чыгышты. Бул болсо агенттер менен мунафыктарды ачууландырды, алар күчтөрүн топтошту. Бирок батыл менен үстөм болууга аракет кылгандар ийгиликке жетпейт. Бул жигиттер Аллах бардык мусулмандарга милдет кылган вазыйпаны гана аткарышты.
Бул судья жана анын тобу билип алсын! Ислам мусулмандарды өз фарздарын жана милдеттерин аткарганы үчүн жазалабайт. Тескерисинче, фарзды таштагандарды, арам иш кылгандарды же рошид Халифалык мамлекети Ислам жана мусулмандардын пайдасы үчүн чыгарган буйрук жана тыюуларга каршы чыккандарды жазалайт. Ушул үчөөсүнөн башка нерселер үчүн Ислам мамлекети жарандарын жазалабайт. Демек, бул өкүм чыгарылгандарды жазалоонун ордуна, алар сыйланып, урматталышы керек эле. Бирок тескерисинче, алар камак менен басынтылды. Ал эми курал көтөрүп, өлтүрүп, кууп, талап-тоноп, аялдардын намысына тийип, жер бетинде калтырбаган кылмышты кылган кылмышкерлер урматталып, жогорку кызматтарга коюлуп, уулуу бийлик «тортунан» үлүш алышты! Чынында, Ислам ушундай адамдарды жазалайт. Силерге эмне болду, кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!
Халифалык мамлекетиндеги казы адамдар ортосундагы талаштарды чечүү, жамааттын укугуна зыян келтирген нерселерди токтотуу жана адамдар ортосунда же бийлик органдарындагы адамдар менен (өкүмдарлар же кызматкерлер менен) чыккан талаштарды жоюу үчүн гана болот. Исламда казы ушундай чөйрөдө өкүм чыгарат. Ага мусулмандардын жаратылуудагы максаты болгон ишке тоскоол болууга т.а. Исламга чакырууга, анын рисалатын көтөрүүгө, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарууга тоскоолдук кылууга уруксат берилбейт. Ошондой эле казылар Аллах Таала айткан бул адамдардан болууга да жол берилбейт:
﴿الَّذِينَ يَسْتَحِبُّونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا عَلَى الْآخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ اللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجاً أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ بَعِيدٍ﴾
«Алар дүйнө турмушун Акыреттен абзел деп биле турган, (адамдарды) Алланын жолунан тосо турган жана аны (ийүүнү-бузууну каалай турган) адамдар. Алар (чындык жолунан) ыраак болгон каталыкта-адашууда». (Ибрахим: 3).
Ошондой эле Халифалык мамлекетиндеги казыларга жана коопсуздук күчтөрүнө Аллах Таала айткан бул адамдардан болууга уруксат берилбейт:
﴿وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ﴾
“Биздин аяттарыбызга (каршы) күрөшүү аракетинде жүргөн кимселер үчүн болсо жан чыдагыс жазадан турган азап бар”. (Саба: 5).
Акыйкат дааватты жокко чыгарууга жасалган ар кандай аракетке кулак салынбайт жана ага жардамчы табылбайт. Албетте, Аллах кылмышкерлер каалабаса да, Өз дааватын колдойт.
Зулум кылгандар билип алышсын! Хизб ут-Тахрир жигиттерин камак, сот же айып пулдар коркутпайт. Аллах Өз дааватын үстөм кылганга чейин жана ага колдоочу күч бергенге чейин, алар өз дааватында тоолордой бекем болуп кала беришет. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.
Роя гезити
Устаз Якуб Ибрахим




