Роя гезити

Ирактагы саясий абал: негизги көйгөй жана чечим

Ирактагы саясий абал: негизги көйгөй жана чечим

«Координациялык блок» 2026-жылдын 27-апрели, дүйшөмбү күнү кечинде Али Фалих аз-Зейдини Ирактын өкмөт башчысы кылып тандады. Бул Маликенин талапкерлигине Америка тарабынан вето коюлгандан кийин жана мөөнөтү аяктаган өкмөт башчы Суданий саясий туңгуюкка алып келчү конституциялык боштукка жол бербөө үчүн талапкерлигин кайтарып алгандан соң жүз берди. Аз-Зейди премьер-министрликке талапкерлердин арасында аты аталбаган мунасага келүүчү талапкер болуп саналат. Ал ишкер адам болуп, учурда айыл чарба, мал чарбачылыгы, турак жай, кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү, банктык жана каржылык кызматтар тармактарында иш алып барган “Улуттук Холдинг” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалап келет. Ошондой эле, Америка санкциясына алынган “Түштүк банкынын” директорлор кеңешинин төрагасы кызматын да аркалаган. Бирок ал мурда эч кандай өкмөттүк же саясий кызматта иштеген эмес.

Америка президенти Дональд Трамп аз-Зейдини жаңы Ирак өкмөтүн түзүү милдети расмий тапшырылганы менен куттуктап, өкмөт түзүлгөндөн кийин Вашингтонго расмий сапар менен келүүгө чакырды. Ошондой эле эки тарап телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирак менен Американын стратегиялык мамилелерин жана аймактагы кызматташтык менен туруктуулукту күчөтүү жолдорун талкуулашты. Аны Иран да куттуктады. Мындан тышкары, Европа биримдигинин Ирактагы миссиясы жана Испания анын талапкерлигин кубатташты. Ошондой эле Ирактагы партиялардын көпчүлүгү аны колдоду.

Бул талапкерликтен кийин Ирактагы саясий көрүнүшкө сөзсүз токтолуу зарыл. Анткени түшүндүрүлүшү керек болгон маанилүү жагдайлар бар.

Биринчиден: өкмөт башчынын кызматка келиши менен Ирактын көйгөйү чечилип калган жок. Тескерисинче, кийинки этап андан да оор болот. Себеби министрлик портфелдерди бөлүштүрүү жана саясий блоктордун бул орундар үчүн тирешүүсү башталат. Бул болсо түзүмдөр ортосунда пикир келишпестиктерди жана тирешүүнү жаратышы мүмкүн болгон чоң сыноо болуп саналат. Анткени министрлик бөлүштүрүүлөрү адатта партиялар арасында атаандаштыкка айланып, алар муну Ирактагы саясатчылар “шайлоо укугу” деп атаган кызыкчылыктарды алуу үчүн колдонушат. Бул этап мурункусунан да татаал болот. Себеби Америка Иран же ага ыктаган куралдуу топтор менен байланышы бар кандай гана талапкер болбосун өкмөттө болушуна каршы экенин жарыялаган.

«Шафак Ньюс» агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, «Координациялык блок» өкмөттүн түзүлүшүнө тоскоолдук жараткан министрликтер боюнча талаш-тартыштарды болтурбоо максатында, дайындалган Премьер-министр менен макулдашуу аркылуу министрлик портфелдерин бөлүштүрүүнү жана талапкерлердин ысымдарын көзөмөлдөө боюнча атайын комиссия түздү.

Бул аракеттер саясий күчтөрдүн ичиндеги министрлик орундарды бөлүштүрүүнүн алдын ала картасы боюнча талкуулар менен айкалышууда. Сүйлөшүүлөрдүн көшөгө артындагы маалыматтарга караганда, кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Премьер-министр Мухаммад Шиа аль-Судани башында турган «Ири курулуш жана өнүгүү» коалициясы беш министрликке, анын ичинде бир стратегиялык (эгемендүү) министрликке ээ болууну көздөп жатат. Ал эми «Мыйзам мамлекети» коалициясы Мунай министрлигин жана дагы бир тейлөө тармагындагы министрликти алат. Ошону менен бирге, Каис ал-Хазали жетектеген «Садыкун» кыймылынын үлүшү эки министрликке жана Премьер-министрдин орун басары кызматына чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Сунниттердин үлүшүнө келсек, сүйлөшүүлөр Халбуси жетектеген «Такаддум» партиясынын Жогорку билим берүү министрлигин алуусунун тегерегинде жүрүүдө. Ал эми Коргоо министрлиги Мутанна ал-Самарраи башында турган «Азм» альянсынын үлүшүнө сунушталууда. Өз кезегинде Тышкы иштер жана Юстиция министрликтери Курдистан Демократиялык партиясына (КДП) берилери болжолдонууда. Курдистандын Мекенчилдер союзуна (КМС) Экология жана Маданият министрликтери сунушталууда. Бул күрддөрдүн жаңы өкмөткө катышуусун Багдад менен чечилбей жаткан маселелер боюнча так убадалар менен байланыштырган кеңири келишимдин алкагында ишке ашууда.

Бул маселеде тирешүүлөр көп болуп, кызматтарды сатуу жана сатып алуу күч алгандыктан, ал коррупция жана уурулук үчүн ыңгайлуу чөйрө болуп саналат.

Экинчиден: АКШ менен болгон мамилени кайрадан түзүү – маанилүү экинчи маселе. Айрыкча, АКШ менен Ирандын ортосундагы достук мамиле  аяктагандан кийин, Вашингтондун акыркы кадамдары «Координациялык блок» альянсына карата кастык маанайда көрүнүүдө. Мындан тышкары, аймактагы чакырыктар, Иранга каршы согуш жана Иракты «кол салууга айыптаган» жана Ирак өкмөтүнүн куралдуу топторду ооздуктай албай жатканына нааразы болгон Булуңдагы өлкөлөр менен болгон мамилелер да бар… Бул маселе аймактагы учурдагы шарттарга жана ал жерде жүрүп жаткан согуштун жыйынтыктарына түздөн-түз көз каранды.

Үчүнчүдөн: Ирактын көйгөйү өкмөт башчысын дайындоо менен чечилбейт. Анткени 2003-жылы басып алынгандан бери бүгүнкү күнгө чейин абалы жамандан жаманга кетип жатат. Ар бир шайлоо айлампасында кайра иштетилип келген таштандылар Америка колонизатору сызып берген саясий картага (мазхабчылык жана улутчулдук негизиндеги) баш ийип келет. Мунун акысына өлкө жүз миңдеген курмандыктарды берди, коррупция жайылды, байлыктар талап-тонолду. Азыр болсо Америка менен Иран ортосундагы макулдашуу абалы аяктап, Ирак Америка менен Ирандын ортосунда калгандыктан абал мурдагыдан да оорлошту. Бул болсо ички жана тышкы эгемендигин жоготкон өлкө үчүн жакшы абал эмес.

Төртүнчүдөн: Ирактын келечегине анын тышкы чөйрөсүнөн бөлүп саясий баа берүү мүмкүн эмес. Анткени Ирактагы саясий процесстин келечеги Америка-Иран согушунун жыйынтыгына байланыштуу. Ирак жана аймактагы башка мамлекеттер ушул абалдын бир бөлүгү болуп саналат. Тескерисинче, анын абалы ички коопсуздуктагы көйгөйлөрдөн жана эгемен чечимдин Ирак өкмөтү менен мамлекет чечимине баш ийбеген куралдуу топтордун ортосунда жоголуп кетишинен улам андан да татаал болуп турат.

Бешинчиден: көйгөйдүн ичинен туруп аны чечүү мүмкүн эмес. Чечим сөзсүз анын сыртынан келиши керек. Анткени колонизатор таңуулаган саясий түзүм ушул көйгөйлөрдүн баарын пайда кылды. Аны ошол түзүмдүн ичинен чечүүгө болгон ар кандай аракет куру убаракерчилик жана көйгөйдү ого бетер күчөтүү гана болуп эсептелет. Ошондуктан Ирактагы жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү саясий абалды дарылоо ушул таңууланган саясий түзүмдөрдүн сыртынан болушу зарыл. Ал болсо Ислам үммөтүнүн акыйдасынан жана Аллах фарз кылган саясий, экономикалык жана социалдык түзүмдөрдөн келип чыгат.

Ошондуктан Ислам үммөтү туруктуу, ардактуу жана адилеттүү саясий абалда жашоону кааласа, өзүнүн акыйдасына жана таза булагына кайтышы, шарият өкүмдар болгон,  жетекчилик үммөттүкү болуп, үммөт динине, адилеттүүлүгүнө жана жөндөмүнө ишенген адамга байъат берип, аны Аллахтын шарияты менен башкарууга дайындаган мамлекетин тикелөө үчүн жан үрөп аракет кылышы зарыл. Аллах Ислам менен азиз кылган, ыйман менен күчтүү кылган үммөткө кор болуп жашоо, залимдерге моюн сунуу жана кылмышкерлердин колун тыйбоо жарашпайт. Аллах Таала ага эки жакшылыктын бирин – жеңиш же шахиддикти – убада кылган. Ошондой эле адамзатка нур чырагы болуп, адилеттик жана жакшылык менен адамзатты жетектеген үммөткө бүгүн башка үммөттөрдүн эң артында калып, душмандары тарабынан өлтүрүлүп, көчүрүлүп, байлыктары талап-тонолуп жана жашоо тартиби чийилип турушу жарашпайт.

Эй мусулмандар! Так билип койгула, силер үчүн диниңерге кайтуудан башка азиздик да, ар-намыс да, бейпил жашоо да жок. Анткени ал силердин азиздигиңердин булагын Аллах Таала айтат:

﴿لَقَدْ أَنزَلْنَا إِلَيْكُمْ كِتَاباً فِيهِ ذِكْرُكُمْ أَفَلَا تَعْقِلُون﴾

«Чындыгында Биз силерге бир Китеп – Куран түшүрдүк, анда силер үчүн зикир (урмат-сый) бар. (Себеби, ал силердин тилиңерде түштү). Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?!» (Анбия: 10).

Ошондуктан, эй жакшылык жана хидаят үммөтү, биз силерди ушул улуу жакшылыкка чакырабыз: таза булагыңарга кайтып, андан чаңкоону кандырып, жашоодо Аллахтын шариятын өкүмдар кылгын. Ошондо дүйнө жана акырет бактысына жетесиңер жана Аллах каалагандай эң жакшы үммөт болосуңар.

Роя гезити

Ахмад Ат-Таий – Ирак вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button