Макала

Ташиев жана беш адамга кылмыш айыбы угузулду

Ташиев жана беш адамга кылмыш айыбы угузулду

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен ага кошо айыпталып жаткан беш кишиге айыбы угузулду. Бул тууралуу адвокат Акынбек Ногоев 13-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюлган.

Белгилүү болгондой, февраль айындагы 75 адамдын кайрылуусунан кийин өлкө бийлигинде саясий кырдаал курчуп, Ташиев баштаган бир катар аткаминерлер кызматтан алынган. Ошондой эле, парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу баштаган онго чукул депутат мандатын тапшырууга мажбур болгон. Анткени, жаңы конституцияга ылайык, учурдагы парламентте президентке импичмент жарыялоо укугу бар. Өлкө мыйзамына ылайык, президент кандайдыр бир жагдайда кызматтан алынса, анын милдетин убактылуу парламент спикери аткарат. Ал эми, парламент төрагасы Ташиевдин колдоосу менен мандат алганы белгилүү болчу.

Ошентип, бийликке иш жүзүндө тандем менен келген Ташиев Жапаровдун кийинки президенттик шайлоого катышуусуна жана бийлиги үчүн негизги коркунучка айланды. Акыры, Ташиевдин бийликте турган кездеги коррупциялык иштери тууралуу видеолор чыгарылып, анын жакындарына кылмыш иштери козголду. Акыры келип өзүнө да кылмыш иши козголуп, прокуратура тарабынан айыбы угузулду. Муну менен Жапаров алдыдагы шайлоодо атаандаш фигуранын чыгышын алдын алып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууга жол ачып жатат. Айрыкча, өтмүштөгү бийликтин ыплас иштеринин баарына Ташиевди күнөөлүү кылуу менен аны “саясий өлүккө” айлантуу аракети жүрүп жатат. Буга кошумча, Ташиев жана анын айланасындагы адамдарга кылмыш ишинин козголушу аларды шайлоо астындагы саясий процесстерден алыстатып, колу буту тушалган абалга алып келет.

Ал эми, бийлик үчүн таасир талаштагы тышкы факторго келсек, өлкөдө негизги таасирге ээ болгон Россия Ташиевдин кызматтан алынышына олуттуу реакция кылган жок. Тескерисинче, айрым орус маалымат каражаттары анын бийликтен алынганын кубаттаган кабарларды таратышты. Бул жагдай Ташиевди кызматтан алууда Россия Жапаровду кыйыр түрдө колдогонун көрсөтөт.

Ошондой эле, президент Жапаровдун Москвага болгон сапарынан кийин Ташиевдин суракка чакырылышын эске алуу керек. Президент бул сапардан кийин журналисттерге берген маегинде, Путин менен бардык негизги маселелер чечилгенин айткан. Мындан тыянак чыгарсак, өлкө бийлиги тышкы саясатта Россия аркасынан жүрүшүн тастыктап, мунун акысына Путин ички саясатты Жапаровдун каалоосуна таштаган болушу мүмкүн. Демек, Ташиевдин таасирин жоюуда Жапаров тышкы колдоого да таянганын четке кагууга болбойт. Андыктан, Россиянын өлкөдөгү аскерий жана саясий таасири мындан ары өсүшү күтүлөт. А түгүл, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору сыяктуу аймактагы ири долбоорлорго да таасири тийиши мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, 2027-жылдагы шайлоодо Жапаровдун кайрадан президент болуп шайлануусуна азырынча олуттуу тоскоолдук калган жок. Ошентсе да, Кыргызстандагы саясий окуялардын тез өнүгүүсүн эске алсак, шайлоо астында кырдаал өзгөрүп кетиши да ыктымал. Айрыкча, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турган Ташиевдин колунда калган компроматтар оппозициялык саясатчылардын баш көтөрүүсүнө, кырдаалдан пайдалануусуна жол ачышы мүмкүн.

Буга кошумча, өлкөдө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын табияты калктын жашоосун оорлотуп барууда. Салыктардын көбөйүшү, анын жаңы түрлөрүнүн киргизилиши, электр энергиясы, ысык суу жана муздак суу сыяктуу негизги муктаждыктагы кызматтардын тарифтери кымбаттоосу, негизги керектөөчү товарлардын баасынын кескин өсүшү калктын нааразылыгын күчөтүп жаткан негизги фактор болууда. Ал эми, калктын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган кен байлыктарыбыз инвестор деген аталышта чет элдиктердин талап-тоноосуна дуушар болуп жатат.

Демек, Кыргызстандагы негизги көйгөй бийлик же өлкө башчыларын алмаштырууда эле эмес. Маселе, аймактагы колонизатор күчтөр бийликтин алмашуусун өз кызыкчылыктарына пайдаланып, буга калктын алданып калуусунда. Андыктан, биз мусулмандар, кайсы бир бийликтин же саясий чөйрөнүн алмашуусуна алданбастан, Ислам негизинде биригип, Ислам идеологиясын көтөрүп чыгуу менен гана бул белгисиздикке чекит коё алабыз. Анткени, Ислам гана Кыргызстандагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирүүчү күчкө ээ. Исламга таянган бийлик гана биздин жерлердеги колонизаторлордун таасирин түп тамыры менен кесе алат. Мындан башка сунушталып жаткан жолдордун баары убактылуу же колонизаторлордун айла-амалдары болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button