Асыл хадис

Халифаны шайлоо жолу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Халифаны шайлоо жолу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Кимде-ким имамга өз колу менен байъат берсе:

روى مسلم في صحيحه قال: حَدَّثَنَا زُهَيْرُ بْنُ حَرْبٍ وَإِسْحَقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ قَالَ إِسْحَقُ أَخْبَرَنَا وقَالَ زُهَيْرٌ حَدَّثَنَا جَرِيرٌ عَنْ الْأَعْمَشِ عَنْ زَيْدِ بْنِ وَهْبٍ عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ عَبْدِ رَبِّ الْكَعْبَةِ قَالَ: دَخَلْتُ الْمَسْجِدَ فَإِذَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ جَالِسٌ فِي ظِلِّ الْكَعْبَةِ وَالنَّاسُ مُجْتَمِعُونَ عَلَيْهِ فَأَتَيْتُهُمْ فَجَلَسْتُ إِلَيْهِ فَقَالَ: كُنَّا مَعَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي سَفَرٍ فَنَزَلْنَا مَنْزِلاً فَمِنَّا مَنْ يُصْلِحُ خِبَاءَهُ وَمِنَّا مَنْ يَنْتَضِلُ وَمِنَّا مَنْ هُوَ فِي جَشَرِهِ إِذْ نَادَى مُنَادِي رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الصَّلَاةَ جَامِعَةً، فَاجْتَمَعْنَا إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: “إِنَّهُ لَمْ يَكُنْ نَبِيٌّ قَبْلِي إِلَّا كَانَ حَقًّا عَلَيْهِ أَنْ يَدُلَّ أُمَّتَهُ عَلَى خَيْرِ مَا يَعْلَمُهُ لَهُمْ وَيُنْذِرَهُمْ شَرَّ مَا يَعْلَمُهُ لَهُمْ وَإِنَّ أُمَّتَكُمْ هَذِهِ جُعِلَ عَافِيَتُهَا فِي أَوَّلِهَا وَسَيُصِيبُ آخِرَهَا بَلَاءٌ وَأُمُورٌ تُنْكِرُونَهَا وَتَجِيءُ فِتْنَةٌ فَيُرَقِّقُ بَعْضُهَا بَعْضاً وَتَجِيءُ الْفِتْنَةُ فَيَقُولُ الْمُؤْمِنُ هَذِهِ مُهْلِكَتِي ثُمَّ تَنْكَشِفُ وَتَجِيءُ الْفِتْنَةُ فَيَقُولُ الْمُؤْمِنُ هَذِهِ هَذِهِ فَمَنْ أَحَبَّ أَنْ يُزَحْزَحَ عَنْ النَّارِ وَيُدْخَلَ الْجَنَّةَ فَلْتَأْتِهِ مَنِيَّتُهُ وَهُوَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَلْيَأْتِ إِلَى النَّاسِ الَّذِي يُحِبُّ أَنْ يُؤْتَى إِلَيْهِ وَمَنْ بَايَعَ إِمَاماً فَأَعْطَاهُ صَفْقَةَ يَدِهِ وَثَمَرَةَ قَلْبِهِ فَلْيُطِعْهُ إِنْ اسْتَطَاعَ فَإِنْ جَاءَ آخَرُ يُنَازِعُهُ فَاضْرِبُوا عُنُقَ الْآخَرِ فَدَنَوْتُ مِنْهُ فَقُلْتُ لَهُ أَنْشُدُكَ اللَّهَ آنْتَ سَمِعْتَ هَذَا مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَأَهْوَى إِلَى أُذُنَيْهِ وَقَلْبِهِ بِيَدَيْهِ وَقَالَ سَمِعَتْهُ أُذُنَايَ وَوَعَاهُ قَلْبِي فَقُلْتُ لَهُ هَذَا ابْنُ عَمِّكَ مُعَاوِيَةُ يَأْمُرُنَا أَنْ نَأْكُلَ أَمْوَالَنَا بَيْنَنَا بِالْبَاطِلِ وَنَقْتُلَ أَنْفُسَنَا وَاللَّهُ يَقُولُ {يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً عَنْ تَرَاضٍ مِنْكُمْ وَلَا تَقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا}

قَالَ فَسَكَتَ سَاعَةً ثُمَّ قَالَ أَطِعْهُ فِي طَاعَةِ اللَّهِ وَاعْصِهِ فِي مَعْصِيَةِ اللَّه

Муслим өзүнүн Сахихинде Зухайр бин Харб жана Исхак бин Ибрахим Абдуррахман бин Абду Рабб аль-Каъбдан риваят кылды. Ал мындай деди: Мен мечитке кирдим, ал жерде Абдулла бин Амр бин аль-Аас Каабанын көлөкөсүндө отурган экен, адамдар анын айланасына чогулушуптур. Мен аларга барып, жанына отурдум, ал мындай деди: Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен бирге сапарда болчубуз. Бир жерге токтодук. Айрымдарыбыз чатырларыбызды оңдоп, айрымдарыбыз жаа атып, айрымдарыбыз жайыттарыбызда отурганбыз. Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) азан чакыруучусу: жамаат намаз башталууга аз калды! – деп кыйкырды. Ошентип, биз Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айланасына чогулдук. Ал мындай деди: “Менден мурун өз үммөттүн алар үчүн билген эң жакшы нерсеге жетектеп, алар үчүн билген эң жаман нерседен эскертпеген пайгамбар болгон эмес. Ал эми бул үммөттүн жыргалчылыгы башында коюлган, ал эми аягы силерге жагымсыз боло турган кырсыктар жана балээ менен коштолот. Анан анын (фитнанын) айрымдары башкаларын жеңил көрсөтө турган фитналар келет, бир фина келгенде, момун: “Бул менин кыйроом”, – дейт. Андан кийин ал жеңилдейт, кайра бир фитна келет, ошондо момун: “ушул, ушул менин кыйроом” – дейт. Ким тозоктон куткарылып, бейишке кирүүнү кааласа, анда ал Аллахка жана акырет күнүнө ишенген абалда өлсүн жана адамдарга өзүнө кандай мамиле кылынышын кааласа, ошондой мамиле кылсын. Ал эми ким бир имамга колу жана жүрөгү менен баят берсе, колунан келишинче ага баш ийсин. Эгер башка бирөө келип андан бийлик талашса, анда экинчисинин моюнун чапкыла. Мен ага жакындап келип: Алланын аты менен сурайм, муну Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уктуңуз беле? – дедим. Анан ал колун кулагына жана жүрөгүнө кезеп: Менин кулагым укту, жүрөгүм түшүндү, – деди. Мен ага: Бул сенин тууганың Муавия, ал бизге өз ара байлыктарыбызды арам жол менен жеп-ичүүнү жана өзүбүздү өлтүрүүнү буйрук кылат, ал эми Аллах:

{يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً عَنْ تَرَاضٍ مِنْكُمْ وَلَا تَقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا}

Эй, ыйман келтиргендер, бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү арам жол менен жебегиле, бирок өз ара ыраазы болуп соодалашып (жеп ичкениңерде) күнөө жок. Жана (мал мүлкүңөрдү арам жол менен жеп) өзүңөрдү өлтүрбөгүлө. Чындыгында, Аллах силерге абдан боорукер.

Ал айтты, анан ал бир азга унчукпай турду, анан мындай деди: Ал (Муавия) Аллахка баш ийгенде, ага баш ийгиле жана ал Аллахка баш ийбесе, ага баш ийбегиле.

Нававинин Муслимге жазган түшүндүрмөсүндө мындай деп айтылат:

وَمِنَّا مَنْ يَنْتَضِل

Арабызда жаа атуу менен алектенгендер бар: Бул “аль-мунадала” сөзүнөн алынган, башкача айтканда, жебе атуу.

وَمِنَّا مَنْ هُوَ فِي جَشَره

Арабызда жайыттарында жүргөндөр бар: Ал жим тамгасы жана шин тамгасы фатха менен окулат жана ал оттоп, өз жайытында түнөгөн жаныбарларга тиешелүү.

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген:

وَتَجِيء فِتْنَة فَيُرَقِّقُ بَعْضهَا بَعْضاً

Анын айрымдары кээ бирлерин башкаларга караганда жеңилирээк кылып көрсөтө турган фитна келет. Башкача айтканда, анын айрымдары кийинкисине караганда жеңил болуп калат. Мурунку фитна кийинки фитнанын чоңдугунан улам жеңил көрүнөт.

Пайгамбарыбыз ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты:

وَلْيَأْتِ إِلَى النَّاس الَّذِي يَجِب أَنْ يُؤْتَى إِلَيْهِ

Адамдарга өзүнө кандай мамиле кылынышын кааласа, ошондой мамиле кылсын – деди.

Бул Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кеңири маанидеги сөздөрүнүн бири жана анын даанышмандыгы. Бул эске алынышы керек болгон маанилүү принцип жана адам өзүнө каалагандан башканы адамдарга жасабашы керек.

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген:

فَإِنْ جَاءَ آخَر يُنَازِعهُ فَاضْرِبُوا عُنُق الْآخَر

Эгер башка бирөө имамга келип, андан бийлик талашса анда экинчисинин моюнун чапкыла.

Анын мааниси: Экинчисин кайтаргыла, анткени ал имамга каршы чыгып жатат. Эгер аны согуштан башка жол менен кайтарууга мүмкүн болбосо, анда аны менен согушкула. ​​Эгерде согуш анын өлтүрүлүшүнө алып келсе, анда аны өлтүрүүгө уруксат берилет жана бул үчүн эч кандай жоопкерчилик жок, анткени ал заалым жана чектен чыгуучу.

فَقُلْت لَهُ: هَذَا اِبْن عَمّك مُعَاوِيَة يَأْمُرنَا أَنْ نَأْكُل أَمْوَالنَا بَيْننَا بِالْبَاطِلِ وَنَقْتُل أَنْفُسنَا

Бул сенин тууганың Муавия бизге өз ара байлыктарыбызды арам жол менен жеп-ичүүнү жана өзүбүздү өлтүрүүнү буйрук кылат”, – дедим, ал эми Аллах Таала:

{وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالكُمْ بَيْنكُمْ بِالْبَاطِلِ …}

Мал-мүлкүңөрдү өз ара арам жол менен жебегиле… – деп айтат.

Бул сөздүн мааниси, бул сүйлөөчү Абдулла бин Амр бин аль-Аастын сөздөрүн угуп, биринчи халифадан бийлик талашуу тыюу салынгандыгы жана экинчи адам өлтүрүлөрү жөнүндөгү хадисти айтканда, ал сүйлөөчү Муавиянын Алиден Аллах андан ыраазы болсунбийлик талашканынан улам ушул хадисте айтылганга тиешелүү деп ишенген. Башкача айтканда Муавиянын мойну чабылыш керек деген.

Урматтуу бир туугандар:

Халифага берилген баят (анты) аны Халифалык мамлекетинин башкаруучусу кылып дайындоонун мыйзамдуу жолу… ал аркылуу ал бийликке жана өкүмдарлыкка ээ болот… жана ага баш ийүү анын карамагындагы ар бир адам үчүн милдеттүү болуп калат.

Ислам мусулман үммөттүнө халифа дайындоону милдеттендирген... жана халифаны дайындоо жолун да белгилеген… Бул жол – бул байъат жана ал Куран, Сүннөт жана сахабалардын ижмасы (бир пикирге келишүүсү) менен бекитилген.

Анын далили:

{يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِذَا جَاءكَ الْمُؤْمِنَاتُ يُبَايِعْنَكَ عَلَى أَن لَّا يُشْرِكْنَ بِاللَّهِ شَيْئاً وَلَا يَسْرِقْنَ وَلَا يَزْنِينَ وَلَا يَقْتُلْنَ أَوْلَادَهُنَّ وَلَا يَأْتِينَ بِبُهْتَانٍ يَفْتَرِينَهُ بَيْنَ أَيْدِيهِنَّ وَأَرْجُلِهِنَّ وَلَا يَعْصِينَكَ فِي مَعْرُوفٍ فَبَايِعْهُنَّ وَاسْتَغْفِرْ لَهُنَّ اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ} (12)… الممتحنة

Ал эми Китепке келсек, Аллах Тааланын сөзү менен: {Эй Пайгамбар, эгер сага момун аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурдабоого, зынаа кылбоого, балдарын өлтүрбөөгө, колдору менен буттарынын ортосунда ойлоп тапкан жалган жалааны (ойноштук, зынааны) таштоого жана сага туура иште каршы чыкпоого ант беришсе, анда алардын антын кабыл ал жана алар үчүн Аллахтан кечирим сура. Чындыгында, Аллах Кечиримдүү жана Мээримдүү (Аль-Мумтахана: 11).

Ал эми сүннөткө келсек, ал мусулмандардын Акабадагы Пайгамбарга, (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) берген антында:

روى البخاري عن عبادة بن الصامت قال: بَايَعْنَا رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي الْيُسْرِ وَالْعُسْرِ وَالْمَنْشَطِ وَالْمَكْرَهِ وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ وَأَنْ نَقُولَ أَوْ نَقُومَ بِالْحَقِّ حَيْثُمَا كُنَّا لَا نَخَافُ فِي اللَّهِ لَوْمَةَ لَائِمٍ

Аль-Бухари Убада ибн ас-Самиттен риваят кылат, ал мындай дейт: Биз Аллахтын элчисине (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жеңилдик жана кыйынчылык учурунда, шайдоот жана көңүл чөккөн учурларда угууга жана баш ийүүгө, жетекчилердин бийлигине каршы чыкпоого, кайда болсок да, Аллах жолунда эч кимдин жемелөөсүнөн коркпой, чындыкка ылайык сүйлөөгө же иш-аракет кылууга ант бердик.

Алардын (ага, Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), берген анты пайгамбарлыгына эмес, башкаруусуна негизделген… анткени ал ишенимге эмес, иш-аракетке негизделген ант болчу. Ошондуктан (ага, Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), пайгамбар жана элчи экенин таануу үчүн эмес, башкаруучу экенин таануу үчүн берилген ант болгон.

Анткени пайгамбарлыкты жана рисалатты моюндоо – бул ант эмес, ишеним ыйман маселеси… ошондуктан алар мамлекет башчысы катары ага ант бериши гана калган.

Ал эми бүгүнкү талкуубузда… жана Аль-Бухаринин Абу Хурайрадан, Пайгамбардан, (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), риваят кылган:

كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمْ الْأَنْبِيَاءُ كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ قَالُوا فَمَا تَأْمُرُنَا قَالَ فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ

Бану Исраил уулдарын пайгамбарлар башкарышкан. Качан бир пайгамбар каза болсо, анын ордуна башка бир пайгамбар келген. Менден кийин пайгамбар болбойт, бирок Халифалар болот жана алар көп болот. Алар: Бизге эмне кылууну буйрук кыласың? – деп сурашканда, ал: эң абалкынын антын аткаргыла. Аларга акысын бергиле, анткени Аллах аларга тапшырган нерселери жөнүндө сурайт, – деди.

Ал эми сахабалардын ижмаасы туура жолдогу халифаларга берген анттарында көрүнүп турат. Сахабалардын баары анты халифаны дайындоонун бирден бир гана жолу экенин түшүнүшкөн, ошондуктан Аллах алардын халифасын алган сайын жаңы халифага берилгендик менен баят берүүгө шашылышкан.

Халифаны мусулмандар Аллахтын китебине жана Анын элчисинин сүннөтүнө ылайык иш-аракет кылуусу үчүн ант берип, ага моюн сунуу менен дайындайт. Мусулмандар деп, эгерде Халифалык мамлекети бар болсо, ошол мамлекеттин мусулман жарандары, же Халифалык жок болсо, Халифалык курулган өлкөнүн мусулмандары түшүнүлөт.

Кантип берилгендик менен баят берүү керек:

Байъат берүү – бул кол алышуу аркылуу… жана ким имамга байъат берсе, ага кол алышуу аркылуу берилет. Муну жазуу жүзүндө да жасаса болот, Абдулла бин Динар айткандай: Мен Ибн Умардын эл Абдул Маликтин айланасына чогулганын көрдүм… Ал мындай деди: Ал жазган – Ибн Умарды айтып –: “Мен Аллахтын китебине жана Анын элчисинин сүннөтүнө ылайык, момундардын амири Абдулла Абдул Маликке колумдан келишинче баш ийеримди мойнума алам”. Байъат берүү кандай гана жол менен болбосун ага уруксат берилет.

Аны чоң киши бериши керек, ошондуктан ал жашы жете электерге жараксыз.

فقد روى البخاري عَنْ زُهْرَةَ بْنِ مَعْبَدٍ عَنْ جَدِّهِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ هِشَامٍ وَكَانَ قَدْ أَدْرَكَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَذَهَبَتْ بِهِ أُمُّهُ زَيْنَبُ بِنْتُ حُمَيْدٍ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَت: يَا رَسُولَ اللَّهِ بَايِعْهُ، فَقَالَ: هُوَ صَغِيرٌ فَمَسَحَ رَأْسَهُ وَدَعَا لَهُ

Аль-Бухари Зухрата бин Маъбаддан, анын чоң атасы Абдулла бин Хишамдан, Пайгамбар менен, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, жолукканынан, энеси Зейнеп бинт Хумайд аны Аллахтын элчисине (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) алып барып: Оо, Аллахтын элчиси, анын антын кабыл ал, – деди. Ал: Ал өтө жаш, – деп башынан сылап, ага дуба кылды.

Баяттын сөздөрү:

Байъат белгилүү бир сөздөр менен чектелбейт, бирок ал халифа үчүн Аллахтын китебине жана Анын элчисинин сүннөтүнө ылайык иш кылууну, кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, байъат берген адам үчүн жагымдуу жана жагымсыз нерселерде да баш ийүүнү камтышы керек.

Урматтуу бир туугандар:

Мусулман халифага моюн сунгандан кийин, ал моюн сунуу анын мойнуна, башкача айтканда, моюн сунган адамдын мойнуна аманат болуп калат жана ага андан кайра кайтууга уруксат берилбейт. Ал халифага бергенге чейин, ал укук болуп саналат. Эгер ал берсе, анда ал милдеттүү болуп калат. Эгер ал өзүнүн антынан кайткысы келсе, анда ага уруксат берилбейт. Бир бедуин анын антын жокко чыгарууну талап кылып келгенде Аллахтын Элчиси анын антын жокко чыгаруудан баш тарткан. Бул берилгендик анты берилгенден кийин аны кайра кайтарууга болбой турганын көрсөтүп турат.

Тилдерибиз менен Аллах Таалага жалбарып, бизди Аллахтын Китеби жана Анын Элчисинин сүннөтү боюнча башкара турган халифага моюн сунуу антын бере турган күндү тездетүүсүн суранып, кыйынчылык жана жеңилдик мезгилдеринде, жагымдуу жана жагымсыз учурларда, бизден артык көрүлгөн учурларда да мүмкүн болушунча халифабызды жана жетекчибизди угуп, аларга баш ийүүгө, ошондой эле жооптуу адамдардын бийлигине каршы чыкпоого Аллах Таалага убада беребиз.

Аллахка ант болсун, бул антты эңсегенибиз туу чокусуна жетти… жана анын жоктугунан улам тарткан азаптарыбыз эң жогорку чегине жетти.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 3-зулхижжа.

2026-ж, 20май.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button