Мекке келишими кимден коргонуу үчүн түзүлдү?

Мекке келишими кимден коргонуу үчүн түзүлдү?
Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштун шартында биргелешкен коргонуу келишимин түзүштү. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги келишимге ылайык, үч өлкөнүн бирине жасалган кол салуу “келишимдин бардык катышуучуларына каршы жасалган кол салуу” катары караларын билдирди.
Документ “Меккенин биргелешкен коргонуу келишими” (Mecca Joint Defence Agreement) деп аталып, мусулмандардын эң ыйык жайы болгон Меккеге шилтеме жасайт.
Келишимге Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин катышуусунда Жидда шаарында кол коюлду. Шахбаз Шариф менен бирге Жиддага Пакистан армиясынын башкы командачысы, өлкөнү жетектеп турган Асим Мунир да барган.
Комментарий:
Айрым мусулмандар бул союз Исламдын жана мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн түзүлүп жатат деп ойлошууда. Бирок, тилекке каршы, андай эмес.
Бул коргонуу союзунун орток душманы ким? Дүйнөдөгү бардык кылмыштардын башаты болуп турган Америкабы? Же Палестинаны басып алып, ымыркайлардын, коргоосуз аялдардын, кары-картаңдардын канына забын болуп жаткан яудий түзүмүбү? Же болбосо Кашмирди басып алып, Индиядагы мусулмандарга ырайымсыз кылмыштарды жасап жаткан бутпарас индус режимиби?
Түркиянын жакында эле НАТО саммитин шаңдуу өткөргөнүн эске алганда, бул коргонуу биримдигинин душманы Америка башында турган кресттүүлөр болушу мүмкүн эмес. Буга кошумча, үч өлкө тең АКШнын орбитасында айланган саясат алып барат. Алар буга чейин Трамптын айтканынан чыкпай, баскынчы “Израил” түзүмү тезирээк кылмыштарынан акталып, анык аймакка интеграция болушуна аябай умтулушууда. Андыктан, бул союздун идеялык автору АКШ экендигине эч кандай күмөн жок. Алардын кыска мөөнөттө көздөгөн максаты, биринчи кезекте АКШны Иранда батып калган сазынан куткаруу үчүн Сакчылар корпусуна басым жасоо, Ирак менен Йеменде Ирандын кол алдындагы куралдуу күчтөрдү жок кылууда кызматташуу. Ирандын таасирин чектөө жана Иранды тең салмакта кармоону максат кылууда. Ал эми, узак мөөнөттө АКШнын Кытайды курчоого алуу стратегиясына кызмат кылуу жана жакынкы келечекте күтүлүп жаткан Исламий ойгонууга каршы күрөшүү.
Демек, аталган үч мусулман өлкөнүн коргонуу тууралуу келишими мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн жок. Тескерисинче, Иранга каршы баскынчылык согушунда Трампты ыңгайсыз абалдан чыгарууга, Американын жаңы Жакынкы Чыгыш долбооруна кызмат кылууга багытталган.
Акылбек Исаков




