Роя гезити

Өз ара талашып-тартышпагыла

Өз ара талашып-тартышпагыла

﴿وَلَا تَنَازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ

«Жана (өз ара) талашып-тартышпагыла, андай болгондо араңар суз тартып, күч-кубатыңар кетет.» (Анфал сүрөсү, 46-аят).

Үммөттөр биримдикте гана өнүгүп, күчтөнө алат. Бул биримдик адамдарды бириктирген акыйда аркылуу жаралат. Дал ушул акыйда ошол үммөттү башкарган түзүмдү аныктайт жана анын жүрүш багытын белгилейт. Эгерде акыйда бир болсо, ошол акыйдага ылайык башкаруу системасы болсо, анда үммөт бир позицияда биригип, бир дем менен кыймылдаган денедей болот. Ар бир адамдын күчү биригип, баарын учурган бороондой күчкө айланат, анын жолунда эч нерсе туруштук бере албай калат.

Ошондуктан бул аят «Аллахка жана Анын Пайгамбарына баш ийгиле» деген буйрук менен башталган. Себеби Аллахка жана Расулу ﷺ га баш ийүү багытты бириктирет, күчтөрдү топтойт. Бул жүрөктөгү электр импульстары биригип, өмүрдүн улануусуна шарт түзгөн жүрөктүн клеткалары сыяктуу.

Ал эми талаш-тартыш болсо үммөттүн күчүн бири-бирине каршы коюп, бири экинчисин жокко чыгарат. Мунун натыйжасында жалпы таасир күчсүздөнөт же таптакыр жоголот. Үммөт алсыз, натыйжасыз болуп калат, душмандын алдында туруштук бере албайт, тескерисинче, бөлүнүп-жарылып, душмандарынын оңой жемине айланат.

Ошондуктан Аллахка жана Анын элчисине ﷺ  баш ийүүдө биригүү мусулмандардын биримдигинин жалгыз жолу. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا﴾

«Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө!» (Али Имран сүрөсү, 103-аят).

 «Аллахтын жиби» — Аллахтын дини. Ага байлануу дегени Китеп жана Сүннөттө келген өкүмдөрдүн негизинде биригүү. Бул жиптен алыстоонун ар кандай түрү мусулмандарды бөлүнүп-жарылган, бири-бири менен согушкан топторго айлантат. Натыйжада алардын дүйнөлүк аренадагы салмагы жок болуп калат.

Бүгүнкү күндөгү абалыбызга көз салсак, ар түрдүү формалардагы талаштар бар экенин көрөбүз. Алардын эң кооптуусу саясий талаштар, мейли алар башкаруучу режимдердин ортосунда болсун, же болбосо саясий партиялардын ортосунда болсун айырмасыз.

Режимдер ортосундагы талаштын себеби – бул режимдер үммөттүн эрки менен пайда болгон эмес. Алар колонизаторлордун таасири менен үммөткө таңууланган түзүмдөр. Колонизаторлор үммөттү бөлүп-жарган, эркиндигин кыскарткан, башкарууда, билим берүүдө, экономикада Батыштын пикирлерин колдонгон режимдерди орнотушкан.

Бул режимдердин негизги максаттарынын бири үммөттү алсыз, бөлүнүп-жарылган бойдон сактап калуу болгон. Бул максаттарга жетүү үчүн жамааттар аралык, улут аралык бөлүнүүлөр, географиялык чыр-чатактар жаралып, жасалма түзүлгөн мамлекеттер бири-бири менен урушуп, үммөт өзүнүн тагдыр чечүүчү маселелеринен алаксытылган.

Мисалга алсак, айрым мамлекеттер өздөрү согуш тутандырып, чыр-чатактарды күчөтөт. Айрыкча бул багытта Кошмо Штаттардын долбоорлорун ишке ашырууда башкы ролду аткарып жаткан Булуң өлкөлөрү, анын ичинде өзгөчө Бириккен Араб Эмираттары Йеменде, Ливияда, Суданда жана башка жерлерде чыр-чатактарды козгоп, бузукулукка жаңы форма берип, Батыштын кызыкчылыгына кызмат кылууда.

Ал эми саясий партиялар ортосундагы талаштар болсо, ички мүнөздө болгону менен коркунучу андан кем эмес. Анткени бул партиялардын көбү үммөттүн акыйдасы менен эч кандай байланышы жок болгон, тыштан келген маданияттарга жана сырттан таңууланган багыттарга таянышат. Алар көбүнчө үммөттүн күч-кубатын тар кызыкчылыктар үчүн күрөшкө жумшашат жана үммөттүн биримдиги менен күчүн тебелеп, партиялык пайда үчүн атаандашат.

Чындыгында, үммөт өзүнүн желегине берилүүнү талап кылган партия аркылуу эмес, Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ  баш ийүүгө чакырган, Аллахтын шариатын колдонгон, үммөттү Исламдын бийлиги алдында бириктирген жалпы Ислам мамлекетин тикелөөнү максат кылган партия аркылуу гана биригет. Андай мамлекет аркылуу акыйда жеке ишеним менен гана чектелбей, коомдук мамилелерди жөнгө салган, коомдук иштерди башкарган толук камтуучу системага айланат.

Бул жалпылыкка ээ Ислам мамлекети болбосо, үммөт талаш-тартышта калып, бөлүнүп-жарылат, күчүн бири-бири менен болгон урушта коротот. Мунун натыйжасында алсыздык, кайратсыздык, үстөмдүк жана басмырлоо уланып турат. Тескерисинче, эгер ихлас менен аракет кылгандар бул Халифалык мамлекетти кайра орнотууга аракет кылышса, анда үммөт Аллах каалагандай кайрадан күчтүү, ынтымактуу, акыйкат үммөт болуп кайтып келет.

Бул мамлекетти кайра тикелөө – шаръий милдет жана вакыйлыктын зарылдыгы. Бул акыркы кылымдагы алсыроодон кийин абийир менен урматты кайтаруунун жападан жалгыз жолу. Бул алсыроо Халифалыктын алсырашынан башталган жана бүгүн бизди үммөттөрдүн эң алсыз, эң кор болгонуна чейин жеткирди.

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Мына ушундай нерселер үчүн амал кылуучулар амал кылышсын» (Саффат сүрөсү, 61-аят).

Шейх Юсуф Мухариза – Байтуль-Макдис

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button