Роя гезити

Грекия – Ливия деңиз алакасы Түркия – Ливия келишимине каршы

Грекия Ливия деңиз алакасы Түркия – Ливия келишимине каршы

Грекия эл аралык деңгээлде таанылган Ливия өкмөтүн (Триполидеги Улуттук биримдик өкмөтү) Жер Ортолук деңизиндеги деңиз чек арасын жана өзгөчө экономикалык аймактарды (EEZ) аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Бул кадам 2019-жылы кол коюлган талаштуу Түркия–Ливия деңиз келишиминен кийин курчуп кеткен мамилелерди оңдоого багытталган. Ошондой эле, Грекия Крит аралынын жанында жарыялаган көмүрсуутек изилдөө тендерине каршы чыккан Ливиянын дооматтарын чечүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты, өзгөчө Ливиядан Грек аралдарына (Крит жана Гавдос сыяктуу) багытталган мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш тармагын чыңдоого багытталган.

Курч чыңалуунун келип чыгышы.

Чырдын түздөн-түз себеби – Ливиянын Улуттук келишим өкмөтү менен Түркия 2019-жылдын ноябрында кол койгон деңиз чек арасын аныктоо боюнча келишим. Анда чек ара түз сызык түрүндө Ливия жээгинен Түркия жээгине тартылып, Крит сыяктуу грек аралдары таптакыр эске алынган эмес. Бул келишим Түркиянын аймактык концепциясынын уландысы катары көрүнүп, Анкара аны Осмон Халифалыгынан калган тарыхый укуктар менен негиздеп келет. Түркия, айрыкча, 1923-жылкы Лозанна келишимин азыркы деңиз чек аралары үчүн милдеттүү эмес деп эсептейт.

Мындай багыт Түркиянын 2019-жылдан бери Триполидеги өкмөттү түз аскердик колдоосу аркылуу даана көрүнүүдө. Анкара муну тарыхый байланыштар жана Усманий доордогу мурдагы деңиз базасына таянып түшүндүрөт. Ал эми Грекия мындай жүйөнү четке кагып, заманбап эл аралык укук тарыхый легитимдүүлүктү жокко чыгарарын белгилөөдө. Афины БУУга жана Европа Биримдигине кайрылып, Түркияга санкция киргизүүнү талап кылып, аталган келишимди «эгемендүүлүктү бузуу» деп баалады.

Эл аралык реакциялар.

Бул келишим Грекияда, Кипрде жана Египетте катуу нааразычылыкты жаратты. Алар аны деңиз укугу боюнча эл аралык мыйзамды (UNCLOS) одоно бузуу деп эсептешет, анткени бул мыйзам аралдарга да толук деңиз укуктарын берет. Ошондой эле Европа Биримдигинен жана АКШдан аны жокко чыгарууга чакырыктар жана айыптоолор болду, анткени бул келишим деңиз транспорту жана энергетика үчүн маанилүү болгон аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн эле. Европанын Грекияны колдоосу Жер Ортолук деңизиндеги орус таасиринин кеңейишине каршы тосмо катары генерал Хафтар сыяктуу союздаштар аркылуу чыгыш Ливияда көрүнүүдө. Бирок Европа Биримдигинин ичинде бир пикир жок: бир жагынан Грекияны саясий жактан колдоо, экинчи жагынан болсо Түркия аркылуу Ливиядан энергетикалык камсыздоону кепилдөө кызыкчылыгы турат.

Орусия бул атаандашууну Жер Ортолук деңизинде өзүнүн аскердик катышуусун күчөтүү жана «Ийст Мед» сыяктуу атаандаш газ түтүктөрүнө тоскоол кылуу мүмкүнчүлүгү катары көрүүдө. Анткени бул долбоорлор орус газ экспортуна коркунуч жаратат.

Кытай болсо Ливиядагы коопсуздук боштугун пайдаланып, инфраструктурага инвестиция салып, «Бир алкак — бир жол» долбоорун чыңдап жатат.

Египеттин позициясы да экиге бөлүнгөндөй: бир жагынан келишим анын деңиз чек араларына каршы келгендиктен Түркиянын кадамдарына каршы чыгууда, экинчи жагынан акыркы жылдары Анкара менен жакындашуулар байкалууда, айрыкча Шурук аймагындагы газ кендери ачылгандан кийин.

Ливиядагы бөлүнүүнүн эл аралык майданда колдонулушу

Түркиянын колдоосуна таянган Триполидеги өкмөт Анкара менен деңиз келишимин карманууда. Ал эми чыгыштагы өкмөт болсо Орусия жана Египет менен союз түзүп жатат. Бул бөлүнүү Ливиянын чечим кабыл алуу биримдигин жокко чыгарып, аны эл аралык күчтөрдүн атаандашуу аренасына айлантууда. Натыйжада бир тарап экинчи тараптын макулдугусуз келишимдерди түзүүдө. Ушундай абалда Греуиянын чакырыгы мыйзамдык негизге ээ болгону менен, ал негизги тоскоолдукка туш болууда. Бул Ливияда бирдиктүү эгемендүүлүктүн жоктугу.

Кагылыштын түпкү себеби, Жер Ортолук деңизинин түбүндө жаткан мол газ байлыктары. Бул жагдай кырдаалды татаалдаштырып, Түркияны Ливия менен келишимдер аркылуу өз үлүшүн камсыз кылууга түртсө, Грекия тескерисинче Египет, яхудий түзүмү жана Кипр менен альянстар түзүү аркылуу Анкаранын кеңейишин токтотууга аракеттенүүдө.

Миграция маселесин Афины басым куралы катары колдонуп, түштүктөгү деңиз жана аскердик катышуусун күчөтүүнү актоодо. Түркия болсо Ливиядагы аскердик базаларды кысым көрсөтүүчү карта катары көтөрүп чыгууда. Европа болсо саясий жана экономикалык санкциялар аркылуу жооп берүүдө. Натыйжада экономика, эгемендүүлүк жана миграция маселелери аймактагы таасир үчүн күрөштө бири-бири менен чаташып калды.

Жер Ортолук деңизиндеги каршылыктардын стратегиялары, түрк аскери жана европалык басым.

Түркия талаштуу деңиз келишимине карата кош багыттуу саясат жүргүзүүдө:

  • Аскердик жактан өзүнүн согуш кемелерин казып-изилдөө иштерин коргоо үчүн жайгаштырууда жана Ливиянын батышындагы «Аль-Уатыя» сыяктуу базаларды пайдаланып «деңиздеги таасирин» орнотуп жатат.
  • Дипломатиялык жактан миграция жана бажы маселелерин соодалашуу куралы катары колдонуп, Ливия парламентинин келишимди ратификациялоосун кечеңдетүү коркунучу менен Европаны кысымга алууда.

Ал эми Грекия болсо жаңжалдын мүнөзүн «европалык коопсуздукка коркунуч» катары көрсөтүп, аны НАТОнун жана Европа Биримдигинин колдоосуна жетишүүгө умтулууда. Ошондой эле Ливиядан анын аралдарына, айрыкча Критке багытталган миграция агымын шылтоо кылып, деңиздеги аскердик катышуусун күчөтүүдө.

Келечектеги өнүгүүлөр үч негизги сценарийге бурулушу мүмкүн:

  1. Аскердик эскалация: эгер Ливия парламенти келишимди ратификацияласа, Грекия НАТОнун колдоосуна таянган жооп чараларын көрүшү мүмкүн.
  2. Үлүштөрдү бөлүштүрүү: БУУнун ортомчулугу астында Түркия, Грекия жана Ливия ортосунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Жер Ортолук деңизинин байлыктарынан үлүштөрдү бөлүштүрүү формуласы табылышы ыктымал.
  3. Туруксуздук жана токтоп калуу: Ливиядагы ички бөлүнүү жана эл аралык күчтөрдүн акыркы чечим чыгара албоосу себептүү кырдаал узак мөөнөттүү туңгуюкта калышы мүмкүн.

Ошентип, Ливия–Грекия маселеси жөн гана чек ара талашы эмес, ал бир кыйла кеңири геосаясий күрөштүн көрүнүшү экени ачык болуп турат. Ливиядагы бийлик боштугу себептүү чоң державалар өз альянстарын кайра калыптандырууда, алар тарыхый мурастарга жана келечектеги байлыктарга таянууда. Бул жагдайда Түркия 2019-жылкы келишимди жокко чыгарууга же Ливия менен Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги таасирин азайтууга багытталган ар кандай аракеттерге каршы негизги ролду ойнойт. Ал Ливияга басым жасоого же убада жана коркутуулар аркылуу учурдагы абалды сактап калууга умтулушу мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, эл аралык укук эрежелерине таянып «бийик секирүү» натыйжа бербейт. Ал майда улуттук кызыкчылыктар үчүн кошумча жаңжалдарды жаратат жана аймак өлкөлөрүн дүйнөнү башкарып турган ири державалардын орбитасында андан ары бөлүп-жарууну күчөтөт. Ал эми эң негизги көйгөй күйүп жаткан мусулмандар. Себеби бул «эл аралык мыйзам» астында адамзат эки кандуу дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн, ал тарыхта мусулмандарга үстөмдүк кылып келген чоң державалардын гегемониясын бекемдеген. Дал ушул мыйзам биздин заманбап каргашаларыбыздын себеби болду. Халифалыкты кулатуу, мусулмандардын жерлерин бөлүп-жаруу, үммөттүн жүрөгүнө яхудий түзүмүн орнотуу жана бүгүн Газа менен Суданда болуп жаткан кыргындар сыяктуу.

Демек, бул зулум түзүмдөн чечкиндүү кутулуу бир гана жол менен ишке ашат — ал да болсо Халифалык мамлекетин тикелөө. Ал кайрадан исламий жашоону баштап, жаңы эл аралык тартип орнотот, үммөткө деңизде да, жерде да, асманда да Ислам бийлиги бир кезде жайылган бардык аймактарды кайтарып берет. Ошондой эле Халифалык мамлекети өзүнүн түзүлгөн алгачкы күнүнөн тартып эле адамзаттын деңгээлин көтөргөн, зулумду токтоткон, колонизаторлукка, байлык талап-тоноого жана алсыз элдерди алдап-эксплуатация кылууга чек койгон эл аралык адеп-ахлакты калыптандырууга киришет.

﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ﴾

«Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет — жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип алышат». (Шуара сүрөсү, 227-аят).

Устаз Ясин бин Яхья

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button