Роя гезити

Ойгонуу уруксатты күтпөйт, ал эми ички жеңилүү жана алсыздык иллюзиясы эч качан жеңиш алып келбейт

Ойгонуу уруксатты күтпөйт, ал эми ички жеңилүү жана алсыздык иллюзиясы эч качан жеңиш алып келбейт

Улуу өзгөрүүлөр доорунда элдерди байлап турган эң коркунучтуу нерсе аскердик үстөмдүк эмес, балким элдерди алсызбыз деп ишендирген аклий жана нафсий багынуу. Бул нерсе өзгөртүүнү душмандын ыраазылыгына же колдоочунун макулдугуна гана байланыштуу деген сезимди жаратат. Натыйжада, күчтөрдү «уктатып», эркти шал кылат жана үммөттө  үстөм болууга даярдык көрүү ордуна, алсыздыкты калыптандырат.

Дал ушундай түшүнүк бүгүн Шам жергесинде бекемделишин каалашат: зулумдардын күчү талкаланып, түзүмдүн пайдубалы кулаганда, төңкөрүш борборго чейин жеткенде кайрадан үстөмдүк кылуучу хитаб (кайрылуу) мындай дей баштады: «Биз жакыр мамлекетпиз, бизге сырткы жардам керек, өзүбүздү башкара албайбыз… биз алсызбыз, реалдуу бололу, абалды кабыл алалы!».

Бирок жөн гана алсыздыкты сезүү эмес, ошол сезимди атайылап жайылтып, аны ырааттуу саясатка айландыруу – өзгөрүү жана ойгонуу эркин шал кылган эң коркунучтуу нерсе.

Бул өңдүү хитаб бош жерден чыккан жок. Ага ички да, тышкы да күчтөр дем берип жатат. Алар үммөттүн аң-сезиминен, эркиндигинен жана өзгөрүүгө болгон ишениминен чочулашат. Үммөт өз тагдырын өзү чечүүгө жакындаганда, ойгонуу куралдарын колго алганда, алар шашып: «Силер даяр эмессиңер», «реалдуулук» болсо багынууну талап кылат, «дүйнө азыр уруксат бербейт» деп калп айтып эскертишет. Кыязы, алар эртең уруксат берет деп ойлошот же аны алдайбыз деп эсептешет!

Мына ушундайча «өткөөл мезгил» катуу саясий ишенимге бурулуп кетүүдө. Натыйжада долбоорлор токтойт, байлыктар тоңдурулат, жетекчилик муктаждык жана алсыздык иллюзиясына байланат. Анан ошол ички кордук элдин жүрөгүнө отургузулат.

Пайгамбарыбыз ﷺ  Мединага киргенде, ал Курайштан уруксат сураган жок, Румдан таануу күткөн жок. Ал мамлекет курду, конституция орнотту, эр-азаматтарды тарбиялап, элдерге кайрылды. Вахийге таянган дүйнөлүк мабдаий долбоорду көтөрүп чыкты. Ошондуктан Аллахтын жеңищине акылуу болду.

Ал эми бүгүн, биздин көйгөй чыныгы алсыздык эмес, жасалма иллюзия экенин качан түшүнөбүз? Чыныгы күчтүн маңызы  калк экенин качан түшүнөбүз? Сирияда революциялык калк жеңилген жок. Ал дагы деле берешендикке жөндөмдүү. Бул калк уулдарын, мал-мүлкүн берди, эң оор шарттарда да революцияны колдоду. Бирок эски түзүм кулагандан кийин бул калк жөн гана көзөмөлдөнө турган «эл» катары каралды. Зарыл болгондо чакырылат, талаш болгондо четтетилет. Жаңы башкаруу калктын жүрөгүнөн революциянын жана жихаддын рухун өчүрүүгө умтулууда.

Мамлекет калктын эсебинен эмес, калктын өзү аркылуу курулат экендигин; тактика менен эмес, долбоор менен; мансап жана «өтмө мезгилдин» эсептери менен эмес, чын ыкластуу мабдаий жетекчилик менен курулат экенин качан түшүнөбүз?!

Чыныгы ойгонууну кыйраткан эң чоң нерсе калктын унчукпай күтүп отуруу менен чектөөлүүсү, жетекчиликтин ролу болсо жөн гана координация жана тактика менен чектелүүсү. Натыйжада долбоор жоголот, ал эми «биз алсызбыз» деген негизде түзүлгөн «убактылуу чара» туруктуу саясатка айланат. Ойгонуу эл аралык конференцияны күтпөйт, саясий чечим мейманканалардын залдарында жасалбайт, ар-намыс батыш борборлорунан жалдырап суралбайт. Ойгонуу – бул өз алдынча чечим, кайраттуу кадам; ал – ыйман жана бекемдик; нусрат – бул Аллахтан чын ыкластуулук жана сабаттуулук менен турган адамга берилген белек.

Бул жерде биз айырмалап алышыбыз керек, кимдир бирөө вакыйлыктын басымында жолунан адашса, аны ачык сүйлөшүү жана талкуу менен оңдоого болот. Бирок кимдир бирөө «вакыйлык» деген шылтоо астында принциптерден кайтып кетсе, анын орду жетекчиликте эмес, саясий четке кагылууда.

Ким чыныгы жеңишти кааласа, анда ал өз даярдыгын көрүшү керек, ал даярдык төмөнкү нерселерде чагылдырылат: мабдаий долбоор, аң-сезимдүү жетекчилик, аскердик үммөт, Вашингтонго да, Анкарага да, Эр-Риядга да эмес, Аллахка назар салуу жана ички жеңилүүгө эмес, өзүнө ишеним кылуу.

Сирия алсыз да, жакыр да эмес. Ал өзүнүн материалдык жана  инсаний байлыктарына ээ: мунай, газ, айыл чарба, сейрек кездешкен географиялык жайгашуу жана берешен калк. Ошого карабастан аны кырсыкка учураган аймак катары көрсөтүшөт, революция жакырчылыкты туудургансышат! Ал эми жакырчылык болсо Асад режими жүргүзгөн ондогон жылдар бою системалуу талап-тоноодон келип чыккан. Демек, аны жылмалоо же айланып өтүү менен эмес, себептери менен кошо жок кылуу зарыл.

Дал ушул жерде азыркы жетекчиликтин кризиси кайрадан ачык көрүнөт. Алар калкты күчтүн булагы эмес, оор жүк катары көрүшөт. Эл менен ачылып мамиле кылуу эмес, тескерисинче аларды «кармоого» аракеттенишет. Бара-бара элге «чындыгында күчтөнүү» жана ага жетүү иши кийинки бир «эл аралык билдирүүгө чейин» калтырылгандай болот. Бирок ал билдирүү эч качан келбейт!

Коркунуч жөн гана жеңилүүгө толгон сөздөрдө эмес, алардын акырына чейин кайталанып, илимий конференцияларда жана изилдөөлөрдө мыйзамдашып, ой-пикирдик аксиома болуп калышында. Ошондо бузук вакыйлыкты сындаган ар бир үн «кылмышка» айланат, ал эми бузук вакыйлыкка ыраазы болуу «реалдуулук» деп аталып, аны альтернатива катары сунуштоо «кыйроо» жана «реалдуу эмес» болуп калат.

Бүгүн бизге, вакыйлыктын оордугун моюнга алып, бирок ага ыңгайлашпаган ачык-айкын хитаб. Элге жаңы майдан ачкан, бирок аны сүйлөшүүлөрдүн бөлмөсүнө камабаган хитаб. Элди күтүү менен кордукка эмес, кайрат жана чечкиндүүлүккө үндөгөн, Батыштын элчилерине эмес, Аллахка болгон ишенимди көтөргөн хитаб керек.

Анткени биз мусулмандар үчүн күч-кубат БУУдан эмес, Аллахка болгон ыймандан келет. Бүгүн биз башыбыздан өткөрүп жаткан учур – үммөт тарыхында сейрек кездешкен учур. Аны басынган кулдун акылы менен башкарууга болбойт.

Жерди колуна алган, акылдарды бошоткон, эл аралык долбоорду ашкерелеген адам артка эмес, алдыга жыла алат. Болбосо жихаддын жемишин кор кылып, эски түзүмдү жаңы ураандар менен кайра өндүргөн болот.

Ошондуктан, биздин милдет эл аралык таанууну же сырткы жардамды күтпөстөн, акыйдадан келип чыккан долбоорду иштеп чыгуу, өз байлыгыбызды жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү кайра ачуу. Биз башкалардын артында калбай, «консенсустук жетекчиликти» күтүп аны кол чабуу менен тосуп албай, тескерисинче чыныгы мабдаий долбоорду мунафыксыз көтөргөн чынчыл жетекчиликти чыгаруу зарыл.

Революция элдин жүрөгүндө тамырлаган идея катары дагы эле күчкө толо. Калк дагы эле ыйман менен жашап келүүдө. Эми чечкиндүүлүк ээлери жеңдерин түрүп, аны чындык жана сабаттуулук менен жетектөөсү гана калды. Анткени бул учур – соодалашуу учуру эмес, ойгонуу учуру. Чечим болсо алыс жакта, «жогорку комиссар Барактын» соодалашуу бөлмөлөрүндө эмес, бул жакта, ушул жер үстүндө кабыл алынышы керек.

Устаз Махмуд аль-Бакри

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button