Комментарий

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны уюмдагы кризисти чече алабы?

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны уюмдагы кризисти чече алабы?

6-августта Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жетекчиси Бакытжан Сагинтаевдин катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Анда жалпысынан 15тен ашык маселе каралды.

Комментарий:

ЕАЭБ уюму Россиянын аймактагы саясий жана экономикалык үстөмдүгүн бекемдөө максатында түзүлгөн. Айрыкча, санкциялар жана Батыш тарабынан коюлган тоскоолдуктар күчөп жаткан учурда уюмдун Россия үчүн мааниси дагы да артып жатат. Уюмдун Россия кызыкчылыгы үчүн иштеген негизги тарап, бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүү болуп эсептелет. Бажы төлөмдөрүнөн түшкөн кирешелер түздөн-түз ЕАЭБ аркылуу бөлүштүрүлгөндүктөн, негизги үлүш Россиянын чөнтөгүндө калат. Ал эми, ЕАЭБ алкагында кабыл алынган ар кандай чечим Россиянын Борбор Азиядагы таасирин бекемдөөгө гана кызмат кылат.

Анткени, уюмдун мыйзам жана нормаларын Россия белгилейт. Мисалы, ЕАЭБ келишими боюнча бардык мүчөлөр ортосунда товарлар, кызматтар, капитал жана эмгек тармактарында айырбаштоо эркиндиги о.э. соода, энергетика, өнөр-жай, айыл-чарба жана транспорт тармактарында макулдашкан абалда саясат жүргүзүү кепилденген. А бирок, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн экспорттолгон товарлар ар дайым ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп келүүдө. О.э. келишимде көрсөтүлгөн “биримдиктин ичинде жумушчу күчүнүн эркин аракеттениши жана эмгек мигранттарына берилүүчү жеңилдиктер” кагазда калып кетти. Бул болсо, мүчө өлкөлөр арасында ишенбөөчүлүктү кеңейтип барууда. А түгүл, Армениянын Евро Биримдикке карай бет алуусу ЕАЭБдин саясий салмагын да алсыратууда. Анткени, Путиндин ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн негизги максаты, уюмга мүчө мамлекеттерди Россияга бекем байлап алуу жана өз кызыкчылыгы жолунда пайдалануу болгон.

Мындан белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттер эч качан өзүнүн колониялары менен келишим түзбөйт. Башкача айтканда, “келишим” деген аталыш менен алардын үстүнөн өкүм жүргүзөт. Алардын бирден-бир максаты, колония мамлекеттердин байлыктарын тартып алуу, калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануу жана материалдык пайда көрүү. 

Демек, Орусия ЕАЭБ уюму аркылуу өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачты. Муну менен бирге, мүчө мамлекеттердин Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button