Кыргызстанда президенттик шайлоо күнү белгиленди

Кыргызстанда президенттик шайлоо күнү белгиленди
Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында, шаршемби күнү өтөт. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ким шайлоого барбаса, ошол күнкү маянасы кыскарарын билдирди. Парламент муну менен добуш берүүгө катышкан жарандарды көбөйткүсү келет.
Жапаров кийинки мөөнөткө баруу үчүн талапкерлигин коё турганын жарыялаган. Маматалиев шайлоого президент Жапаров кызматын тапшырбай эле катышуусу мыйзамдуу экенин кайталады.
Белгилей кетсек, 2021-жылы өзгөргөн Баш мыйзамда президент эки мөөнөткө ар биринде беш жылдан шайланат деп өзгөрүп, ошол мүмкүнчүлүк менен мамлекет башчы Садыр Жапаров кайра шайлоого катышууга камынып турат.
Жапаровдон тышкары, мурдагы Ички иштер министри Өмүрбек Султаналиев да шайлоого катышуу ниетин билдирип, оппозицияны бириктирип чыгууга аракет кыларын айтты.
Комментарий:
Учурдагы бийлик калктын шайлоого катышуусу кескин азайып кеткендиктен, аны көбөйтүү аракетин күчөтүүдө. Мындан улам, шайлоону иш күнүндө өткөрүү белгиленип, ага катышпагандарга айлык акысын кыскартуу менен басым өткөрүүдө. Ал эми кыргыз коомчулугу позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготкон. Мисалы, 1991-жылы президенттик шайлоого калктын 89%ы, 1995-жылы 86%ы, 2000-жылы 78%ы, 2005-жылы 74%ы, 2011-жылы 58%ы, 2017-жылы 56%ы, 2021-жылы 39%ы катышкан. Турмуш чындыгында шайлоого катышкандардын саны демократиялык системага карата калктын ишеним көрсөткүчү болуп эсептелет. Тагыраагы, Кыргызстандагы шайлоочулардын негизги бөлүгү шайлоону бойкот кылганын билдирет! Анткени, калк демократиядан да, бири-биринен айрымаланбаган бийликтен да, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган шайлоолордон да чарчады. Мунун себеби, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери келген бийликтер өлкөнү алсыратуу, калкты жакырлаштыруу үстүндө жарыша иштеди. Шайлоо же төңкөрүш жолу менен келген акимдер бул жолдо бири-биринен айырмаланган жок. Ар бир тармак артка кеткени аз келгенсип, коррупция, адилетсиздик аны менен катар ахлаксыздык кең жайылды. Мунун негизги себеби алар башкарып жаткан демократиялык система экени талашсыз. Көпчүлүк бузукулуктун булагы капитализмде экенин билбейт, ошондуктан, кайра анын улам кезектеги тузагына илинип, “демократиялык” дагы бир азгырыктарына алданып калууда.
Эскерте кетсек, бул күрөштө Ислам жана мусулмандар үчүн эч кандай пайда жок! Бул күрөш куфр системасы ичиндеги жетекчи топтун ортосундагы кызыкчылык талашуу күрөшү. Алар бири-бирине каршы күрөштө Исламда арам болгон бардык куфр куралдарын пайдаланышат. Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарын бул сыяктуу ыплас жана акыретибиз үчүн зыяндуу болгон күрөштөргө катышуудан сак болууга чакырабыз! Албетте, биз үстүбүздө болуп жаткан мындай жараяндарга кайдыгер карабайбыз! Шайлоо жана тандоо маселесинде Ислам шариатында өзүнчө өкүмдөр бар болуп, ал Батыш түзүмүндөгү шайлоолордон да, мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан ыплас түзүмдөрдөн да айырмаланат. Ислам шариатындагы шайлоо эч кандай кысым жана мажбурлоосуз эркин өткөрүлөт. Ар бир адам – эгер, өзүн жөндөмдүү деп билсе же башка мусулмандар аны жөндөмдүү деп эсептешсе – шайлоого талапкерлигин коюу жана шайлануу укугуна ээ. Мунун шарты Ислам бардык иштерине негиз болушу.
Жыйынтыктап айтканда, биз мусулмандар демократиядагы шайлоо деген жалганга алданбашыбыз керек. Ошондой эле, ага катыштыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерге катуу каршы турушубуз зарыл. Анткени, кылмышкер режимдин парламентине же өкмөтүнө кошулуу кылмышкерлердин өмүрүн узартат. Себеби, шайлоолор бизди улуу максаттан чалгытуучу оюн. Улуу максат – бүгүнкү бузукулук жана коррупцияга баткан режимди колдоп-кубаттап келген империалисттик түзүмдү кулатып, анын ордуна Исламды жашоого алып келүү.
Нурдин Асаналиев




