Кыргызстандын калкы «ичкиликтен» арылууда

Кыргызстандын калкы «ичкиликтен» арылууда
БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын (UNECE) маалыматына ылайык, Кыргызстанда киши башына алкоголдук ичимдиктерди керектөө 2000–2024-жылдар аралыгында, башкача айтканда, 24 жыл ичинде, кыйла азайган. Бул көрсөткүч календардык жыл ичинде 15 жаштагы жана андан улуу курактагы бир адам башына туура келген таза спирттин литри менен өлчөнөт.
2000-жылы бул көрсөткүч бир адамга карата болжол менен 6,4 литр таза алкоголду түзсө, 2012-жылга карата 3,3 литрге чейин төмөндөгөн. Андан кийинки жылдары UNECEнин маалыматтарында көрсөткүч болжол менен 3,3 литр деңгээлинде сакталган.
Демек, алкоголду керектөөнүн көлөмү 6,4 литрден 3,3 литрге чейин, башкача айтканда, болжол менен 48 пайызга азайган.
Өзгөчө көңүл бурууга арзый турган жагдай – бул төмөндөө бир заматта эмес, узак мөөнөттүү жана туруктуу тенденция катары уланган. Тактап айтканда, 2000-жылы 6,4 литрди түзгөн көрсөткүч 2005-жылы 5,6 литрге, 2007-жылы 4,7 литрге, 2009-жылы 3,8 литрге чейин төмөндөп, 2012-жылы 3,3 литрге жеткен. Андан кийинки жылдары UNECEнин маалыматтарында бул көрсөткүч болжол менен ошол эле деңгээлде сакталган.
Ал эми, Кыргызстан «эгемендүүлүккө» ээ болгон (1991) жылдан баштап, мечиттердин саны 39дан 4 470ге чейин өскөн.
1991-жылы — 39 мечит;
2009-жылы — 1 973 мечит;
2010-жылы — 2 143 мечит;
2011-жылы — 2 181 мечит;
2015-жылы — 2 669 мечит;
2016-жылы — 2 743 мечит;
2026-жылы — 4 470 мечит.
Ошентип, 1991-жылдан 2026-жылга чейин Кыргызстандагы мечиттердин саны 4 431ге көбөйүп, башкача айтканда, 114,6 эсеге өскөн.




