НАТОнун Анкарадагы саммити жана Түркиянын андагы ролу

НАТОнун Анкарадагы саммити жана Түркиянын андагы ролу
2026-жылдын 7–8-июль күндөрү Түркиянын борбору Анкара шаарында Түндүк Атлантика келишим уюмунун (НАТО) 36-саммити болуп өттү. Саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө альянстын «коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн» күчөтүүгө багытталган бир катар милдеттенмелер камтылды. Алардын арасында мүчө мамлекеттердин коргонуу чыгымдарын альянска мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик бюджетинин 5%ына чейин көбөйтүү да бар. Ошондой эле билдирүүдө Иран өзөктүк куралга ээ болбоого жана Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү эркиндигин урматтоого чакырылды.
Саммитте Түркия альянска болгон берилгендигин адаттан тыш деңгээлде көрсөттү. Түркия президентинин байланыш башкармалыгынын башчысы Бурханеддин Дуран мындай деди: «Саммиттин алкагындагы жигердүү дипломатиялык аракеттер Түркиянын тынчтыкты, эл аралык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдөгү активдүү ролун дагы бир жолу көрсөттү». Ошондой эле ал президент Эрдоган менен Америка президенти эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү, коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыкты, соода, коопсуздук, Европа коопсуздук түзүмүн, ошондой эле аймактык жана эл аралык окуяларды талкуулаганын айтты.
Трамп Түркия Орусиянын С-400 абадан коргонуу системасынан баш тартса, ага каршы CAATSA («Американын душмандарына санкциялар аркылуу каршы туруу жөнүндө мыйзам») боюнча киргизилген санкциялардан бошотуу маселесин жана F-35 согуштук учактарынын программасына кайтаруу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгарын айтты.
Эрдоган Трампты өзгөчө жылуу тосуп алып, аны менен болгон достукту жана урмат-сыйды чагылдырган көрүнүштөрдү көрсөттү. Бул тосуп алуу башка конокторду кабыл алгандагыдан айырмаланып турду.
Түркия 2030-жылдын аягына чейин коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмүнүн 5%ына чейин көтөрөрүн жарыялады. Ал буга чейин эле НАТОдо Америкадан кийинки экинчи эң чоң армияга ээ болуп келет. НАТОнун башкы катчысы Рютте мындай деди: «Түркия үч миңге жакын коргонуу компанияларынын аркасында маанилүү өлкө болуп саналат».
Би-Би-Синин маалыматына ылайык, «Түркия НАТОнун операциялык түзүмүндө төмөнкү объекттер аркылуу негизги рол ойнойт:
1.Инжирлик, Конья жана Эрхач аба базалары.
2.Күрежик жана Кесежиктеги радар объекттери.
3.Измирдеги НАТОнун кургактагы күчтөрүнүн командачылыгы.
4.Өлкөнүн бир катар аймактарында жайгашкан биргелешкен аба операцияларынын борборлору.
5.Аксаз деңиз аскер базасы.
6.Зарыл учурда аскердик максаттарда колдонулуучу Ташужу жана Искендерун порттору».
Быйыл Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу учурунда НАТОнун абадан коргонуу системалары Ирандан Түркия тарапка учурулган ракеталарды тосуп калган. Бул болсо аталган инфраструктуранын практикалык маанисин жана Түркиянын альянс ичиндеги коопсуздук тутумундагы ордун дагы бир жолу айкын көрсөттү.
Түркия НАТО үчүн бөлүнгөн коргонуу бюджетин быйылкы 20 миллиарддан жакынкы жылдары 70 миллиардга чейин көбөйтөт. Муну менен ал альянска эң ири салым кошкон мамлекеттердин бири болуп калат.
Түркиянын НАТОго катышуусу жана ага кошкон ири салымдары анын исламий жүзү жана чыныгы позициясы тууралуу чоң суроолорду жаратат. Түркия исламий өлкөлөр үчүн НАТОго берип жаткандай кызмат кылып жатабы? Ок атышууну токтотуунун кепили катары Түркия бүгүнкү күнгө чейин күнү-түнү кырылып жаткан Газа жана анын эли үчүн эмне кылды?
Түркиянын расмий маалымат каражаттары теориялык жактан Түркия Газада кыргынга учурап жаткан мусулмандардын маселесин коргой турганын, яхудий түзүмүнүн Сирия менен Ливандагы араб жерлерин басып алышына каршы экенин, өзүнүн жүзү жок кылынган уйгур түрк мусулмандарын колдой турганын жана кырсыктар биринин артынан бири келип жаткан башка мусулман өлкөлөрүнүн жанында турарын көрсөтүшөт. Бирок бул сырткы көрүнүш гана. Чындыгында болсо Түркиянын исламий элдердин жанында турганы жалган элес гана. Анткени ал иш жүзүндө НАТОнун курамында өзүнүн акчасын жана курал-жарагын кимдерди коргоого жумшап жатса, дал ошолордун тарабында турат. Ал эми НАТО болсо Ислам менен мусулмандардын чыныгы душманы. Анткени альянстын Америка, Британия жана Франция сыяктуу ири мамлекеттери — Түркияны кошкондо бардык исламий өлкөлөрдү басып алган, алардын Халифалыгын кулаткан, жерлерин бөлүп-жарган, элдерин жер которууга мажбурлаган, алардын жүрөгүнө рак сымал яхудий түзүмүн орноткон, байлыктарын талап-тоногон, аларга сансыз азаптарды тарттырган жана бүгүнкү күнгө чейин ушуну улантып келе жаткан кылмышкер колонизатор мамлекеттер. Анда эмне үчүн Түркия ушул каргыш тийген шайтаний альянсты колдойт?
Түркия исламий өлкөлөрдүн жанында туруп, алардын тагдыр чечүүчү маселелеринде алар менен биригүүнүн ордуна, аларга аркасын салып, кылмышкер Батыштын чыгыш дарбазасын коргогон ишенимдүү күзөтчү болуп турат.
Мындан тышкары, НАТО саясий жактан жоюлушу керек эле. Анткени ал XX кылымда Советтер Союзуна жана коммунизмге каршы түзүлгөн. Коммунисттик түзүм кулагандан кийин анын ролу аякташы керек болчу жана анын жашап турушуна эч кандай негиз калбашы керек эле. Бирок ал өзүнө жаңы душман ойлоп тапты. Ал душман — Ислам. Бул тууралуу анын башкы катчысы Уэсли Кларк коммунизм кулагандан көп өтпөй: «Биз Исламды альянстын душманы кылдык», — деген.
Анда эмне үчүн Эрдогандын Түркиясы Исламга душман жана мусулмандарга каршы согуш жүргүзгөн ушул альянстын тарабында турат?
Бир тараптан Түркия хижабды жана мечиттерде Куран окууну колдоп, экинчи тараптан Исламдын эң ашынган душмандары менен союз түзүп, коргонуу жана коопсуздук сыяктуу негизги маселелерде союздаш болуунун кандай мааниси бар? Бул кандай логика? Бул кандай Ислам? Ар бир адам ким менен союз түзүп жатканын жана кимге каршы турганын билиши керек!
Бүгүн түрк саясатчыларынын мойнунда Түркия мамлекетинин жүргүзүп жаткан саясатын кайрадан карап чыгып, аны Исламдын эң каардуу душмандары менен түзгөн ыплас союздары үчүн жоопко тартуу милдети турат. Ошондой эле Түркиядагы ар бир аң-сезимдүү мусулман мамлекет жетимиш жылдан ашуун убакыттан бери жаратып келген бул өтө кооптуу стратегиялык жаңылыштык тууралуу өзүнө суроо берип, аны кантип жоюунун жана туура жолго кайтуунун жолун издеши керек.
Түркия жетекчилигинин Америка, Британия, Франция жана Европаны т.а. НАТОнун өзөгүн түзгөн мамлекеттерди коргоону улантуудагы өжөрлүгү, келечекте кайсы бир мусулман өлкөсү бул мамлекеттердин бири же кандайдыр бир батыш мамлекети менен кагылышса, Түркиянын ошол мамлекеттерге каршы турарын билдирет. Бул болсо Түркия келечектеги ар кандай кагылышууда амал жүзүндө үммөттүн душмандары тарабын тандаганын билдирет.
Мисалы, Шамда, Иракта, Египетте же Араб жарым аралында Ислам мамлекети курулуп калса, анда Түркия Батышты, Американы жана Европаны НАТОго негизги мүчө катары коргоо үчүн анын биринчи душманы болуп калат.
Түркия өзүнүн багытын күтпөстөн өзгөртүшү жана үммөттүн чыныгы маселелеринин тарабын алышы керек. Жетекчилиги да мусулмандарды «бүгүн Түркия мусулмандардын саясий кыбыласы» деген доомат менен мындан ары алдаганын токтотушу зарыл. Анткени чындыгында ал келечекте болушу мүмкүн болгон ар кандай исламий толкундун алдында Европанын бекем калканы.
Роя гезити
Абу Хамза Аль-Хатвани




