Американын дүйнөдөгү чектен чыккан зомбулугун Халифалык мамлекети гана токтото алат

Американын дүйнөдөгү чектен чыккан зомбулугун Халифалык мамлекети гана токтото алат
Америка Иран жетекчилерин алдап, өлкөлөрүнө толук үстөмдүк кылгандан кийин, текебердик жана бой көтөрүү менен өзүнүн кол баласы яхудий түзүмү менен бирге ага чабуул жасап, аны бөлүп-жарууга жана анын күч-кубатынын негиздерин жок кылууга умтулууда. Ушундан кийин гана Иран режими дүйнө жүзүн толтурган бир үммөт бар экенин эстеп, айрым өкмөттөрдүн позициясы Пайгамбардын ﷺ: «مَنْ سَمِعَ رَجُلاً يُنَادِي يَا لَلْمُسْلِمِينَ فَلَمْ يُجِبْهُ فَلَيْسَ بِمُسْلِمٍ»
“Кимде-ким бир адамдын: “О мусулмандар, жардамга!” деп чакырып жатканын угуп туруп, ага жооп бербесе, анда ал бизден эмес”. – деген сөзүнө каршы келерин эскертип жатышабы? Мусулмандар Ислам өлкөлөрүнүн ар кайсы бурчтарында колонизатор каапырлардын кол салуусунан жана алардын бийлик башындагы зулум башкаруучуларынын зомбулугунан жардам сурап кайрылганда, алар кайда эле? Өздөрүнүн айрым чоңдору уялбастан: эгер алардын режими болбогондо, Америка Ирак менен Афганистанды басып ала алмак эмес деп ачык айткан жок беле? Дал ушул нерсе Америкага эл аралык түзүлүштүн тактысына отурууга мүмкүнчүлүк берди. Ошентип эми өзүнүн ач көздүгүн чектей турган чыныгы атаандашты көрбөй калды.
Бул ачык чындыкка карабастан, (сунний) режимдер эмне үчүн (шиит) Иран режимин айыптоону артык көрүшөт? Анткени алардын баары үммөттү Америка жана анын Европадагы шериктеринин, ошондой эле Ислам жерлериндеги яхудий түзүмүнүн кылмыштарынан алаксытып, азыр Иран режиминин Сирия менен Ирактагы кылмыштары жөнүндө же Сауд режими Йемендеги, ал эми Эмират режими Судандагы кылмыштары жөнүндө сүйлөшүүгө алаксытып жатышат. Эгерде Иран режими өзүнүн аймактык кызыкчылыктарын ишке ашырууну Америка саясатына кызмат кылуу менен байланыштырып, кеч болсо да Америка алдамчылыгын жана анын кыянаттыгын түшүнгөн болсо, анда ага каршы согушка түртүлүп жаткан башка режимдер эмне үчүн күнөөлөнөт? Алар да өз саясаттарын Американын аңчы ити болууга куруп алышкан эмеспи? Анткени алардын баары бөлүп-жаруу, куралсыздандыруу жана алсыратуу, андан кийин алардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук көзөмөлгө алуу күн тартибине киргизилген.
Америка болсо узак пландоо жана ишке ашыруу жолдорунан кийин, кансыз согуш аркылуу Советтер Союзун кулатып, Британия менен Европанын көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндөгү таасирин токтоткон соң, мурда өзүнүн орбитасында айланып жүргөн жана Ирак, Афганистан, Сирия, Йемен жана Ливанда анын пландарын ишке ашырууда негизги ролду ойногон мамлекетти өз максаттарына жетүүгө тоскоолдук катары көрүп калды. Ошондуктан ал ага каршы согуш жарыялоодон тартынган жок жана аймактагы алсыз режимдерди да бул согушка катышууга чакырып, бүтүндөй аймакты өз эркине баш ийдирүүгө аракет кылууда.
Бирок Америка мажбур болгон бул өзгөрүү кыймылы анын жолунда турган тышкы факторлордон гана улам эмес, анын саясатчылары жана ойчулдары капиталисттик мабданын негизинде жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курган таасир түзүмүндө пайда болгон алсыздыкты аңдаганынан келип чыкты. Анткени ал аркылуу Америка дүйнөгө өз таасирин жайылта албай калды. Ошондуктан Америка мурда болуп көрбөгөндөй текеберлик менен өзү түзгөн көптөгөн келишимдерди жана альянстарды бузууга киришти. Анткени ал аларды эми өзүнүн келечектеги стратегиясына тоскоол болгон чектөөлөр жана жүк катары көрө баштады. Мунун ордуна Кытай, Россия жана айрым Европа мамлекеттери сыяктуу ири өлкөлөр анын жасап жаткан иштерине толук моюн сунуудан баш тартышты. Алардын саясаты Америка менен түз кагылышуудан качуу менен анын баш аламандыгын камтып турууга көбүрөөк окшош.
Бирок эл аралык түзүлүштүн кыйрашындагы жана Америка гегмониясынын жок болуусундагы негизги фактор — динди турмуштан ажыратуу фикратынын чыныгы жүзүнүн ачылышы болду. Бул анын баалуулук жана ахлакый жактан кыйрашы, ошондой эле адамзаттын күтүүлөрүнө жооп бере албагандыгы жана анын фитратына туура келген чечимдерди сунуш кыла албагандыгы менен көрүнүүдө. Бул цивилизация өз көзөмөлүнөн чыгып, адамды эзип-кыйноочу абалга жетти. Бул анын кайрадан жанданышы мүмкүн эмес экенин жана Батыштын бардыгы өз багытын оңдоо үчүн жаңылык киргизүүгө же ыңгайлашууга жөндөмсүз экенин айгинелейт.
Батыштагы көптөгөн ойчулдар менен саясатчылар Ислам мамлекетинин кайра тикеленишинен эскертип, анын Европа жана дүйнө үстүнөн үстөмдүк кылышын болжолдошот. Мисалы, ойчул Поль Шмиттер “Ислам — эртеңки дүйнөлүк күч” аттуу китебинде: “Бул боштукту толтурууга жана адамзатты бул төмөндөп кетүүдөн чыгарып лидерликти колго алууга Ислам гана жөндөмдүү. Анткени анын мабдасы Даанышман жана Билүүчү Заттан келген” — деп айткан. Чындыгында Ислам мабдасы, бул дүйнө күтүп жаткан жалгыз альтернатива.
Бул жашоо өзүн бир гана мусулмандарга эмес, жалпы адамзатка чоң коркунуч алып келчү нерседен арылтууга даярданып жатат. Эгер Америка дүйнөгө кайрадан үстөмдүгүн орнотсо, жалпы адамзат үчүн чоң жамандыкка алып келет. Американын абсолюттук күчү жөнүндөгү иллюзиядан тышкары, анын Иранда өз максаттарына жана өзүнүн кол баласы яхудий түзүмүнүн максаттарына жете албагандыгы аны чыгуу жолун издөөгө жана бул согушта жардам бере турган тараптарды карап калууга мажбур кылды. Бирок республика болобу же монархия болобу, жасалма режимдерди сактоого болгон аракет үммөттү алсыздыктан чыгара албайт жана аны каапырлыктын башчысы Америка үстүнөн жеңишке жеткирбейт.
Үммөттүн жеңиши Халифалык мамлекетине байланыштуу. Ал жөн гана жаңы саясий түзүлүш эмес, цивилизациялык альтернатива болгон мабдаий долбоор, башкача айтканда, пайгамбарлык тарикат негизиндеги Халифалык аркылуу Исламды мабдаий мамлекетте колдонуу. Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кылуу саясий тандоо эмес, шаръий парз, жана бул Аллах Таала жардам бере турган жалгыз башкаруу системасы.
Мунун баары мусулмандар өз күчүн жана душмандын алсыздыгын аңдай баштагандан кийин байкала баштады. Эми алардын алдында бир гана милдет калды — аларды байлап турган чынжырларды жана тоскоолдуктарды бузуу. Бул тоскоолдуктар чек аралар жана аларды коргоп турган башкаруучулар. Ошондо улуу Ислам долбооруна эшиктер ачылат, ал дүйнөнү кайра багыттап, тарыхтын нугун оңдойт. Бул иш үчүн жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган, аймактык жана эл аралык саясий кыймылдын вакыйлыгын түшүнгөн адамдар пайда болуп, өзгөрүү үчүн аракет кылышууда.
Эгерде бир үммөт бир мабда негизинде биригип, адамзат жашоонун сууга болгон муктаждыгы сыяктуу Халифалыкка да муктаж экенине о.э. Аллахтын жеңишине толук ишенсе, ошондо зулум башкаруучулардын каалоолору кантип туруштук бере алат? Аллах Таала айтат:
وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ وَرُسُلَهُ بِالْغَيْبِ إِنَّ اللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ
«Алла кайыпта (пенделеринин көзүнө көрүнбөстөн) турган абалында Өзүнө жана пайгамбарларына (Алла жолунда жихад кылуу менен) жардам бере турган кишилерди билүү үчүн, (темирди жаратты). Албетте Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хадид: 25)
Роя гезити
Абдуроуф Аль-Амири




