Басма сөз

Россия – колонизатор күч жана Ислам менен мусулмандардын тарыхый душманы.

Басма сөз баянаты

Россия – колонизатор күч жана Ислам менен мусулмандардын тарыхый душманы.

Аны менен аскерий жана техникалык келишим түзүү арам

Москвадагы Эл аралык коопсуздук форумунун алкагында Афганистан менен Орусиянын ортосунда аскерий жана техникалык кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду. Ага Афганистандын коргоо министри жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы катышты. Бирок бул келишимдин деталдары, көлөмү жана мазмуну азырынча элге ачык-айкын жарыяланган жок.

Аскерий жана техникалык сыяктуу сезимтал тармактардагы ар кандай кызматташтык Ислам шариятынын өкүмдөрүн, Ислам үммөтүнүн кызыкчылыктарын, Афганистандын толук көз карандысыздыгын жана бул жердеги мусулман элдин тарыхый тажрыйбаларын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Болбосо Афганистан ири державалардын атаандаштык майданына айланып калышы мүмкүн.

Чындыгында, Афганистандагы мусулмандардын жана жалпы Ислам үммөтүнүн тарыхый элесинде Россия кадимки мамлекет болуп эсептелбейт. Ал бүгүнкү күнгө чейин мусулмандардын эсинде төңкөрүштөр, басып алуулар, бомбалоолор жана миллиондогон курмандыктар менен байланышкан колонизатор жана душман күчтөрдүн бири болуп саналат.

Осмон Халифалыгын алсыратуудагы ролунан жана Ислам өлкөлөрүн бөлүп-жарууга катышуусунан тартып, Борбор Азия менен Кавказдын кеңири аймактарына үстөмдүк кылуусуна, Афганистанды басып алышына, чечен мусулмандарына каршы кандуу репрессияларына жана Ислам өлкөлөрүндөгү диктатордук режимдерди колдоосуна чейинки окуялардын баары Россиянын кара тарыхынын бир бөлүгүн түзөт. Ошондой эле анын Шамдагы түздөн-түз аскерий кийлигишүүсү жана Башар Асад режимин колдоосу, мындан тышкары Африкадагы бир катар Ислам өлкөлөрүндө таасирин кеңейтүүсү анын тышкы саясаты дагы эле өзүнүн колонизатордук кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана таасир аймагын кеңейтүүгө негизделгенин көрсөтөт. Ошондуктан Ислам үммөтү бул күчтөр менен мамилелерди кеңейтүүдө, айрыкча аскерий жана техникалык сыяктуу сезимтал тармактарда, өтө этият болуп, саясий баалуулуктарды бекем кармануу жана акылмандык, сактык жана алысты көрө билүү менен аракет кылуу керек. Анткени ири державалар — Россия болобу, Америка болобу, Кытай болобу же башкасы болобу — өздөрүнүн тышкы саясатын колонизатордук кызыкчылыктары жана таасир аймагын кеңейтүү негизинде жүргүзүшөт. Ошондуктан мусулмандар, мужахиддер жана Афганистандын башкаруучулары тышкы байланыштар менен кызматташтыктар акырындык менен алардын саясий, аскерий жана стратегиялык чечимдерине таасир этүүчү куралга айланып кетишине жол бербеши керек.

Саясий, экономикалык жана аскерий мүмкүнчүлүктөргө жетүү жолу Исламга негизделиши жана бул мүмкүнчүлүктөр шарияттын максаттарын жүзөгө ашыруу жолунда колдонулушу керек жана булар Ислам шариятынын бекем негиздеринин бири болуп саналат. Ошого ылайык, аскерий мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу улуттук кызыкчылыктарды камсыз кылуу үчүн эмес, бир гана Ислам мамлекетин сактоо жана колдоо, Исламды дүйнөгө жеткирүү жана мазлумдарга жардам берүү үчүн гана шаръий жаиз амал болуп эсептелет,. Ислам мусулмандарга өздөрүнүн иззатын, күчүн жана чыныгы коопсуздугун Аллах Тааланын өкүмдөрүнө бекем кармануудан, Ислам үммөтүнүн фикрий, саясий жана географиялык биримдигинен, саясий эрктин көз карандысыздыгынан жана мусулмандардын өз мүмкүнчүлүктөрүнө таянуудан алууну үйрөтөт.

Ислам үммөтү өзүнүн мындай даражага жетишине, ошондой эле өзүнүн фикрий, саясий, аскерий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, андан тышкары даярдалган жана квалификациялуу кадрларын эң жакшы жана натыйжалуу пайдаланууга, экинчи рошид Халифалыктын көлөкөсү астында саясий жана географиялык биримдикке жетмейинче жетише албайт. Бул биримдик жок болгон шартта үммөттүн зор мүмкүнчүлүктөрү чачыранды жана натыйжасыз бойдон кала берет. Натыйжада мусулмандар мол байлыктарга, жогорку деңгээлдеги адистерге жана стратегиялык орундарга ээ болгонуна карабастан, башкаларга көз каранды болуп кала беришет.

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

“Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт”. (Ниса: 141)

Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

01.06.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button