Бейиш бактары

Султан Мухаммад фатих 

Султан Мухаммад фатих 

Улуу үммөттөрдүн тарыхында ушундай кандуу согуштар жана каармандыктар болот дейсиң, алар өзүнөн кийин да кылымдар бою бурулуш чекит жана жаркын белги болуп калат. Бул кандуу согуштар жана каармандыктарды эсептелүү гана жетекчилер жана улуу адамдар ишке ашырышкан. Мейли, бул согуш же окуяда жетекчинин ролу дайыма биринчи орунда, анын пландаштырышы жана күтүүсүз кырдаалда жөндөмдүүлүгүнүн өз орду болсо да, бирок          , аларды жеке бир адам кылган эмес. Анткени, кандуу согуштар жана каармандыктар улуу үммөттүн иши жана ушул үммөттүн баатырларынан болгон улуу жетекчилердин иши болуп саналат.

Константинополдун фатх кылынышы Исламий Усманий Халифалыктын өлбөй турган согушуна мисал. Ал Халифалык кошуунунун, айрыкча султан Мухаммад Фатихтин согушу болгон. Расулулла (с.а.в) бул фатхтардын кол башчысы менен кошуунуна мактоолор айтканын ушундан түшүнүп алабыз.

Константинополь Византиянын борбору болуп, анын фатх кылынышына Расулулла (с.а.в) башарат берген. Аны Византия императору биринчи Константин куруп, өз наамы менен атаган жана эки улуу насроний мамлекеттерден бири Византия империясынын борборуна айландырган. Ал православ агымын кабыл алган. Рим болсо – батыш роман мамлекетинин борбору болуп, католик агымын кабыл кылган жана католиктик же батыш чиркөө ага карайт эле.

Константинополь насронийлер назарында диний мааниге ээ болгон. Ушуну менен бирге стратегиялык мааниси да чоң эле. Анткени, ал исламий кошуундар өткөн дарбаза жана Балканды фатх кылуу, ал тургай, Австрия империясынын борбору болгон Вена дубалдарына чейин баруу үчүн өткөөл болгон. Ал үч тарабы суу менен: Босфор булуңу, Мармара деңизи жана Алтын шах менен оролгон бекем шаар. Эң соңкусу болсо шаарга кире турган жолдордун бирин түзгөн. Бирок, ал үлкөн темир чынжырлар менен оролгон эле. Византиялыктар борборго бирер кооп-кокрунуч болушун сезишсе Алтын шахка кире турган өткөөлдөрдү ушул чынжырлар менен кулпулашчу.

Табигый деңиз коргоосунан тышкары шаардын сыртында византиялыктар алдында эки дубал болгон: Тышкы дубал, анын бийиктиги жыйырма беш кадам болуп, анын үстүндө аскерлерге толгон имараттар бар эле. Бул дубал шаардын биринчи коргоо сызыгы болуп саналат. Бул коргондон кийин кеңдиги алтымыш кадам келе турган боштук жер болуп, ал хандак көрүнүшдө болгон. Бул хандактан кийин биринчисинен көрө бийигирээк, бийиктиги кырк кадам болгон экинчи коргон бар эле. Бул болсо, шаардын экинчи коргонуу сызыгын түзгөн. Булардан тышкары византиялыктар анда борбор деген атка ылайык шаан-шөкөт жана улуулук көрүнүштөрүн топтошкон. Мисалы, ал жерде белгилүү Сафия чиркөөсү болгон. Кыскача айтканда, Константинополдо диний мааниден тартып стратегиялык мааниге, өнөр жай жана архитектуралык мааниге чейинки болгон улуулуктун бардык көрүнүштөрү топтолгон. Ал жөнүндө тарыхчылар: «Эгер дүйнө бир мамлекетке топтолгондо, Константинопол ага борбор болмок», – дешкен. Константинополдун фатх кылынышы, жалаң гана вахийден турган Расулулла (с.а.в)дын берген башараттарына караганда Римдин фатх кылынышына жол ачат. Бул болсо бүткүл Европанын узак убакыт бутпарастык астында, каниса капырлыгы астында жана акыры ыплас капиталистик түзүмдүн зулуму астында жашагандан кийин Ислам көлөкөсү жана Ислам адилеттүүлүгү астында болушун түшүндүрөт. Имам Ахмад рыбаят кылышынча, Абдулла ибн Амр ибн Аас мындай дейт: Биз Расулулла с.а.в) айланасында жазып отурганыбызда кимдир бирөө: Кайсы шаар биринчи фатх кылынат: Константинополбу же Римби? – деп сураган эле, ошондо Расулулла с.а.в):

«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً»

«Хиракл шаары биринчи фатх кылынат», – деди т.а. Константинополь (хадис Даримий «Муснад»ында келген).

Имам Ахмад «Муснад»ындагы рыбаятка караганда, Абдулла ибн Бишр Хасъамий атасынан, атасы болсо Набий (с.а.в)дан уккандыгын айтат:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةَ، فَلَنِعْمَ الأَمِيرُ أَمِيرُهَا، فَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Анык, Константинополь фатх кылынат. Анын амири кандай гана ажайып амир жана анын кошууну кандай гана ажайып кошуун». Ровий айтат: Мени Маслама ибн Абдулмалик чакыртып, хадисти сураган эле, ага айтып берген элем, кийин ал Константинополго чабуул кылды.

Мусулмандардын көптөгөн жетекчилери Расулулла (с.а.в) фатихтер жөнүндө айткан мактоолорго ээ болуу үчүн Константинополду фатх кылууга урунушкан. Алардын биринчи аракети Муавия ибн Абу Суфян доорунда хижрий 44-жылы болгон. Улуу сахаба Абу Аюб Ансорий ошол аракетте катышып, аны камалга алып турганда дүйнөдөн кайткан. Ал кишинин мүрзөсү белгилүү. Адамдар аны азырга чейин зыярат кылып турушат. Константинополду фатх кыуу үчүн мусулмандар көп жолу урунушкан. Алардын саны он бирге жеткен. Алла аны фатх кылууну султан, Алла жолунда казат кылуучу Мухаммад Фатихке насип кылды. Ал бул улуу фатх сыймыгына жетишти. Кош, анда Расулулла (с.а.в) алкышына ээ болгон бул Халифа ким?

Мухаммад Фатихтин өмүрү жана өздүгү:

Мухаммад Фатих султан Мураддын уулу болуп, Фатих наамын алган. Ал Усманийлер тукумунан болгон Фатих султандардын жетинчиси. Жакшы иштери көп болгондуктан «жакшылыктардын атасы» деп аталып кеткен. Ал атасы Мурад экинчинин өлүмүнөн кийин хижрий 855-жыл, 16-ражаб – миладий 1451-жыл, 18-февралда бийликке келген. Ал ошондо жыйырма эки жашта эле. Атасы аны өзүнөн кийин башкарууга даярдап жүргөн. Андагы жакшылыктарды күзөтүп, илимдүү жана күчтүү шахсияга айланышы үчүн аны жетекчилерди окутуу жана даярдоо үчүн курулган «амирлер» медресесине киргизди. Ал көп илимдерде теңтуштарынан озуп кетти. Кийин аны атасы Магнесияга валий кылып жиберди. Роббаний аалымдардын бири улуу аалым Ахмад Исмаил Куронийди да ага кошуп жиберди. Ал «жетик фазилаттуу, шаръий өкүмдөргө коркпостон, жан тартпастан баш ийүүчү» деп таанылган белгилүү аалым эле. Ал ушундай айбаттуу жана салабаттуу болгон дейсиң, султан же амир аны менен жолугушкан убакта анын колун өбөт эле. Ал Мухаммад Фатихти даярдап берүүнү өз мойнуна алды. Ошентип, ал ыймандуу, шарият өкүмдөрүнө баш ийүүчү, буйрук жана кайтаруулардан четке чыкпай турган, Алланын ыйык нерселерин урматтоочу, аалымдарды да, Алла тарабынан өзүнүн мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти да кадырлоочу болуп жетилди. Атасынын өлүмүнөн кийин башкаруу анын колуна өткөндө жоопкерчиликти өз мойнуна алып, аны жакшы өтөдү. Мисалы, мамлекетти башкарууну кайрадан тартиптештирди. Финансылык иштерге, каражаттарды тартипке салууга да көңүл бурду. Шаан-шөкөт, ысырап, оюн-күлкүлөрдүн бардык көрүнүштөрүн тыйып койду. Негизги этибарды кошуунга каратып, аны бөлүмдөргө бөлүп чыкты. Аскерлер жана алардын камсыздалышы үчүн атайын жобо иштеп чыкты, деңгээлин көтөрдү, кошуунду өзүнүн доорундагы эң жаңы курал-жарактар менен камсыздады. Замбирек иштеп чыгаруучу «Урбан» аттуу эң таанымал усталардын бирин Мажаристандан алдырды жана ал чоңдугу жүз өгүз тарта турган замбирек жасап берди. О.э. аскерлерди жихадга үндөө жана алардын туйгуларын жалындатуу үчүн тандалган аалымдар жана факихтерди аскерлердин саптары арасына таркатып чыгууга буюрду. Вилаяттарды башкарууну жогорку баскычка көтөрүү үстүндө иш алып барды: кайдыгерлик же катага жол койгон валийлерди иштен четтетти, султан сарайын бийиктетип, айланасына бир канча адис, такыбадар адамдарды топтоду. Көптөгөн медреселерди ачты. Алардын сегизин Истамбулда бүгүнкү күндө анын аты менен таанылган мечиттин жанына курду. Аларды маал-маалы менен өзү көзөмөлдөп, окуучулар жана мугалимдер менен отуруп, алар менен талкуулашып-тартышат эле. Ооруканаларды ачып, аларга эң мыкты табыптарды дайындады. Алардын ар биринде хирург, дары даярдоочу жана бир канча кызматкер жана дарбан (эшиктин тазалыгын кароочу кызматкер) болор эле. Табыптын мойнуна оорулууну бир күндө эң кеминде эки жолу барып көрүү жүктөлгөн эле. Ашпозчуга болсо, оорулууга ылайык тамак бышырып берүүгө көңүл бурушу шарт кылынар эле. Кыскача айтканда, Мухаммад Фатих такыба жана жөндөмдүүлүктү өзүндө топтогон. Жаранды жакшы башкарып, үммөткө имам жана жетекчи болуп, Расулулла (с.а.в)дын мактоолоруна жетишти.

Константинополдун фатхы үчүн даярдык:

Султан Мухаммад Фатих аалымдарды өзүнө жакындаштырып, аларга ишенип, алардан кеңеш сурайт эле. Ошол улуу аалымдардан бири «Мухаммад ибн Хамза Дамашкий» болуп, лакап аты «Ак Шамсиддин» эле. Мухаммад Фатих Магнисияга амир болгон убакта ал султанды даярдоону көзөмөлдөп турган аалымдардын бири эле. Бул аалым Мухаммад бийликке келишинен мурда да, кийин да Константинополду фатх кылууга үндөп, ага кызыктырар эле. Ошентип, анын дилинде бекемдикти пайда кылды. Ал тургай, шейх Ак Шамсиддин «Константинополдун манавий фатихи» деп айтылат.

Султан фатх кылууга токтом кылган убакта фатх согушуна чөйрө даярдоо үчүн бир катар саясий жана аскерий иштерди ишке ашырды. Мисалы, Божар жана Венеция менен келишим түздү. Бул экөөсү коңшу насроний королдукка моюн сунуучу аймактардан эле. Аскерий тармакта болсо султан Мухаммад кошуунду даярдоо жана куралдандыруу үчүн өтө көп күч сарптады. Кошуундун санын эки жүз элүү миңге жеткирди. Аларды өз доорундагы заманбап курал-жарактар менен камсыздады. Аларды маддий жана манавий жактан даярдоого катуу көңүл бурду. Алар менен дайымий жолугушуп сүйлөшөт эле жана аларга Расулулла (с.а.в)дын Константинополду фатх кыла турган кошуунду мактап айткан хадистерин эстетер эле. Ошентип, алардын туйгуларын жалындатты. Алар болсо, анын чабуул кылуу туурасындагы буйруктарын сабырсыздык менен күтө башташты. Айрыкча, алардын арасына таркатылган улуу аалымдардын – дүйнөдө Алланын нусраты жана акыретте болсо улуу сооп бериши жөнүндөгү – кушкабарды жеткиргендиги себептүү, анын кошуунунун дилдеринде мурунку улуу сахабалардын эрдигиндей эрдик толкуй баштады.

Маддий жактан болсо султан Босфор кысыгын европа тарабындагы эң тар чекитке «Румли Хисор» чебин чоң атасы султан Баязиддин Азия тарабындагы кургактыкка курдурган чепке карама-каршы кылып курду. Ал бийиктиги 82 метр болгон бекем чеп эле. Ушул себептүү, бул эки чеп Босфордун чыгыш тарабынан батышына чейин кемелер өтүшүнө жеке акимдик кылар эле. Император Константинополь бере турган финансылык каражат акысына султанды чеп куруу пикиринен кайтармакчы болду, бирок, максатына жетише албады. Анткени, султан аны катуу четке какты.

Ошентип, Фатих султан деңиз флотуна катуу көңүл бурду. Аны күчөтүү жана ар түрдүү кемелер менен камсыздоо үстүндө иш алып барды. Ал тургай, аяктоочу чабуулга даярдоо үчүн Константинополь коргонун аягына жеткирүүгө киришти. Султан бул даярдыктарды аягына жеткириши менен эле, чоң замбиректерди аларды иштеп чыгарылып жаткан жай – Адирнадан тарыхий согуш болуп өтө турган жай Константинополго чейин алып келүүгө жолдор жарактуу болушу үчүн Адирна менен Константинополдун жолдорун оңдоого буйрук берди. Анткени, айрым замбиректердин оордугу жүздөгөн тоннага барабар эле. Аларды султан тандаган жерлерге жеткирүүгө эки айча убакыт кетти.

Хижрий 857-жыл, 26-ражаб – миладий 1453-жыл, 6-апрель бейшемби күнү Фатих Султан башчылыгында Усманийлер кошууну Константинополь дөңсөөлөрүнө жетип келди. Ошондо Султан алардын ичинде күчтүү сөз сүйлөп, аларды Алла жолунда жихад кылууга, жеңишке жетишүү же шейит болуу үчүн ниетти калыс кылууга үндөдү. Аларга жихад жана сабырга үндөөчү Куран аяттарынан окуп, Расулулланын Константинополдун фатх кылынышын башарат кылган жана аны фатх кылган кошуун жана анын амиринин артыкчылыгы жөнүндө айткан хадистерин келтирди жана аларга бул фатхта Ислам жана мусулмандарды урматтоо бар экендигин эстетти. Ошондо аскерлер такбир жана тахлил айтып о.э. Алладан нусрат жана туруктуулук сураган абалда жооп кайтарышты. Ушуну айтып өтүү керек, султан Мухаммад Фатих араб жана перс тилдерин кудум түрк тилин билгендей жакшы билер эле.

Кийинки күнү Султан кошуунду шаар айланасына бөлүп, аны кургактык тараптан бекемдеди. Чоң замбиректерди коргондорго карама-каршы кылып орнотту. О.э. күзөтүү үчүн бөлүмдөрдү шаарга жакын түрдүү дөңсөөлөргө коюп чыкты. Кемелерди болсо шаардын айланасын ороп турган сууларга жайгаштырды. Деңиз флоту Мармара деңизиндеги «Умаро» аралдарын басып алууга жетишти. Ошол убакта византиялыктар шаарды коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салышты. Аскерлерин коргондордун үстүнө жайгаштырып, чептерин күчөтүштү. Камалдын биринчи күнүнөн баштап кошуундар ортосунда чыныгы согуш башталды. Өтө көптөгөн мусулмандар шейиттикке жетишти. Султандын замбиректери күнү-түнү коргондорду жексен кылуудан токтободу. Византиялыктар ошол убакта жексен болуп жаткан нерселерди оңдоого шашылышат эле. Насроний руханийлер жана рохибдер шаар көчөлөрүндө айланып жүрүшүп, жеңишке жетишкенге чейин сабырдуулукка үндөп, адамдардан канисаларга барып, дуба кылып Масих жана Марямдан шаарды куткарышын суроону талап кылышар эле. Ал тургай, императордун өзү да ушул максатта Сафия канисасына каттай баштады.

Исламий кошуун катуу чабуулга өткөн болсо, византиялыктар болсо катуу коргонууга өтүштү. Император султанды пикиринен кайтарууга урунуп, эгер шаарды камал кылуудан кайтып кеткидей болсо, ага чоң каражат төлөөнү, ага итаат кылып, бардык талаптарына көнүүнү сунуштаган эле, султан «император мага шаарды тапшырсын» деп ага чечкиндүү жооп кайтарды жана «кошуунум эч кимдин жанына же мал-мүлкүнө же намысына кол салбайт, кимде-ким кааласа шаарда калып, тынч-бейпил турмуш кечирет, кимде-ким шаардан чыгып кетүүнү кааласа, тынч чыгып кетет» деп сөз берди. Согуштар күнү-түнү, кургакта да сууда да улантылды. Камалдагы алсыз чекит мусулмандар кемелерин «Алтын шах»ка алып баралбагандыгында эле. Ошол себептен, Генуя жана Венеция сыяктуу насроний королдуктардан камалдагыларга жардам алып келип жаткан айрым насроний кемелери ошол «Алтын шах»тан өтүп, муну менен камалдагылардын манавий рухияты көтөрүлөт эле.

Усманийлердин деңиз флоту «Алтын шах»ка бастырып кирүүгө урунду. Аны менен коргонууда тургандар арасында өтө катуу деңиз согушу болду. Усманийлер флоту «Алтын шах»ка кире албады. Ушул согуштан эки күндөн кийин айрым насроний королдуктар камалдагыларды тамак-аш жана курал-жарактар менен камсыздоо үчүн өз кемелерин «Алтын шах»ка кирүүгө мажбур кылган эле, мурункусунан да күчтүүрөөк дагы бир деңиз согушу болуп өттү. Султан атынын үстүндө туруп согушту күзөтөт эле. Султан флот командачысы «Балта уулу»на «же ушул кемелерди багындырасың же чөктүрүп жибересиң, болбосо, тирүү абалыңда алдыбызга кайтып келбе» деп буйрук чыгарды. Флот командачысы насроний кемелерди камалдагыларга жардам берүүдөн кайтаруу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн сарптады. Бирок, айрымдары кутулуп чыгып, камал кылынган шаарга жетип алууга үлгүрдү. Султан Мухаммад Фатих катуу каарданды, командачыны чакырып, катуу каралап, аны коркоктукта айыптады. Флот командачысы: «Мен өлүмдү ачык жүрөгүм менен тосуп аламын. Бирок, мен ушундай доомат менен айыпталып, өлүмгө туш келишиме ызаланам. Мен адамдарым менен бирге бардык мүкүнчүлүк жана ыкмаларымды сарптап согуш кылдым», – деп селдесин көтөргөндө, көзү согушта жараланганы маалым болду. Ошондо султан аны кечирип, иштен четтетип, ордуна жаңы флот командачысын дайындоо менен чектелди.

Камал күн сайын эки каалоого айланып барар эле. Бири Мухаммад Фатих башчылыгындагы мусулмандардын каалоосу. Аларды Расулулла (с.а.в) мактоолоруна жетишүүгө болгон үмүт үндөчү. Император Кустантиния башчылыгындагы византиялыктардын каалоосу болсо акыркы деми чыкканга чейин шаарды коргоо эле.

Мусулмандар усталык менен пландарды түзүштү. Күчтүү эрдик менен ишке киришишти. Болуп көрбөгөндөй жаңы аскерий тактика колдонулду т.а. жер астынан жол казышты. Бул ишти үзгүлтүксүз улантышкандыгы себептүү коргондордон да өтүп кетишти. Муну византиялыктар сезип калышып, алар да карама каршы жер астынан жолдор казышты. Мусулмандар алар казган жол астындагы жолго жетип келишкенде, аны «шаар ичкерисине жеткирүүчү жер төлө» деп ойлошту. Ошондо күтүлбөгөн жер астында катуу согуш башталды. Мусулмандардан шейиттик насип кылгандар шейит болушту. Кутулуп калуу насип кылгандар болсо жеңиш же шейиттик насип кылар бекен деп башка бир согушту күтүп турушту. Мусулмандар үмүтсүздүккө түшпөстөн түрдүү жерлерден жер астынан жолдорду казууну токтотпой уланта беришти, византиялыктар «качан буттары астынан жер жарылып мусулмандар кошууну чыгып келет» деп ойлоп калышты. Бул нерсе аларды бошоштуруп, дилдерине үмүтсүздүк уругун чачты.

Султан Мухаммад Фатих үмүтсүздүккө түшпөй, дагы бир жолу чабуул кылды. Жыгачтан бийиктиги Константинополь дубалынан бийигирээк чеп курууга буюрду жана ага тери каптатып, отко чыдамдуу болушу үчүн үстүнө суу септирди. Ичин аскерлерге топтуруп, алдына жүргүзүп, дубалга алып барып такады. Византиялыктар бул ишке таң калып калышты. Бул болсо, алдыдагы дубал үстүнө барып кулаган эле, дубалдын бир бөлүгү оодарылып түштү. Султан муну сезгенден кийин, эртең ушуга окшош төртөөсүн курабыз, деди. Бул – Хабиб Мустафа (с.а.в) мактоолоруна ылайык кандай гана ажайып эрдик!

Султандын чоң замбиректери Константинополь дубалдарын күнү-түнү талкалай берип, акыры анын бир бөлүгү кулап түштү. Фатих Султан Кустантинияга шаарды тапшырууну сурап кат жиберди. Император: «Мен жизя төлөөгө даярмын. Бирок, шаарды эч качан тапшырбаймын же анын дубалдары астында өлөмүн», – деп жооп кайтарды. Султан анын жообун окугандан кийин алсыроо эмне экендигин билбей турган момундардын эрдиги менен: «Эртең ал жерде менин турак-жайым же мүрзөм болот», – деп жооп кайтарды.

Замбиректер күнү-түнү өз ишин кылар эле. Мусулмандардын бийик добуштарда айткан такбирлери византиялыктардын жүрөгүнө замбиректерден да көбүрөөк коркуу салар эле. Ушуга карабастан, тешик табылбаган т.а. «Алтын шах» калган. Ошондон аларга жардам келип жаткан эле. Усманийлер флоту ага кирүүгө бир нече жолу урунуп көрдү. Бирок, анын өткөөлүн кулпулап турган чоң темир чынжырлар буга тоскоолдук кылар эле.

Фатих Султан эмне кылып болсо да флоту менен «Алтын шах»ка кирүүнү өз алдына максат кылып койду. Себеби, бул Константинополдун өтө оор абалда калышын түшүндүрөт. Ошондо анын оюна мурда эч ким колдонбогон бир аскерий тактика келди. Бул тактика бир канча кемени Босфордогу «Бешикташ» портунан кургактыкка алып чыгып, «Алтын шах»тын темир чынжырлар менен кулпуланган жана Византия флоту менен корукталып жаткан жайынан узагыраак жайга алып барып түшүрүү эле. Ал дубалдардагы эң күчсүз чекит «Алтын шах»ка түшө турган мына ушул жай экендигин жакшы билген.

Басып өтүлмөкчү болгон кургактыктагы аралык үч милче (бир мил 1920 метрге барабар) болуп, тегиз жер эмес эле. Тескерисинче, өйдө-төмөн жерлерден турган. Фатих аларды тегиздөөнү буюрду. Жыгач такталарды алып келип, жерге салууга жана алардын үстүндө кемелер жеңил сыйгаланышы үчүн аларды майлоого буйрук берди. Кийин Исламий кошуун жана алардын күчтүү адамдары кемелерди Босфордон тартып алып келип, «Алтын шах»тын коопсуз жерине түшүрүштү. Булардын баары бир түндө ишке ашырылды. Таң атышы менен Султан байрактары «Алтын шах»тагы жетимиш эки кеме үстүндө желбиреп, анын үстүн тиш-тырмагына чейин куралданган аскерлер Алланын нусраты менен кубанып, такбир айткан аблда толтуруп турду. Византиялыктар муну көрүшкөндөн кийин таң калышып, маанайлары түшүп кетти. Усманийлер флотуна чабуул кылууга урунушту, бирок, жексен болгон абалда чегиништи. Шаарды коргоодо катышкан Венеция кемелеринин биринде дарыгер болгон «Николо Барбару» аттуу насроний күбөлөрдүн бири бул окуяны: «Мусулмандар Византия чабуулуна болуп көрбөгөндөй кайрат менен киришти. Чабуулга бел байлап, Византиянын бир канча кемелерин чөктүрүп жиберишти. Ошентип, «Алтын шах»тагы өкүмдарлык алардын колуна өттү», – деп сүрөттөйт.

Византиялык бир тарыхчы флоттун кургактык аркылуу алып өтүлгөнү жөнүндө: «Адаттан тышкары мындай нерсени мурда көргөн да, уккан да эмеспиз. Мухаммад Фатих жерди деңизге айлантууда. Кемелери толкундар ордуна тоолордун чокуларынын үстүндө сүзүп жүрөт. Ал бул иши менен чоң Искендерден озуп кетти», – дейт.

Фатих шаарды кургактыктан да, суудан да катуу камоого алды. Замбиректери түнү-күнү дубалдарды жексен кылса, аскерлердин «Аллаху акбар, Аллаху акбар» деген такбирлери алардын маанайын түшүрөт эле. 27-май жекшемби күнү султан кошуун ичинде хутба кылып, аскерлерди таат-ибадат, намаз окуу жана ниетти калыс кылуу аркылуу Аллага жакындашууга буюрду жана аларды сабырдуулукка үндөдү. Анын өзү дубалдарды күзөтүп, жардыруу үчүн белгилүү орундарды белгиледи. Кийинки 28-май күнү замбиректер катуу аткылады. Мусулмандар тарабынан бийик добуштарда айтылган такбирлер да токтободу. Султандын өзү аскерлердин арасында айланып жүрүп, аларды жихадга үндөп, жеңишке жакын экендигин айтар эле. Аалымдар да аскерлердин арасында жүрүп, аларга Алла жолунда согуш кылууга үндөөчү аяттарды окуп берүүдөн жана шейиттердин артыкчылыгы менен Алланын алдындагы улуу ажрды эстетүүдөн токтобос эле.

Фатих Султан шейшемби күнү кечинде чоң командачылар менен жолугушуп, аларга таасирдүү хутба кылды. Аларга Русулулла (с.а.в)дын Константинополду фатх кылуу жөнүндөгү хадистерин эстетип, өзү жана аскерлери ушул сыймыкка ээ болушун чын жүрөктөн тилеп Аллага дуба кылды. Хутбасында мындай деди: «Улуу жеңиш Исламдын кадыры жана сыймыгын көтөрүшүн аскерлерибиздин ар бирине жеткиргиле. Демек, ар бир аскер шарияттын көрсөтмөлөрүн көз алдыларына коюулары керек. Алардын бири да шариятка тескери иш кылбасын. Каниса жана монастырлардан тыйылышсын. Жаш баланы да, карыяны да, аялды да, өзүнүн алачыгында турган рохибди да өлтүрүшпөсүн. Эгер Кайсарды туткун алышса ага жакшы мамиледе болушсун».

29-май шейшемби күнү эртең менен султан аскерлерине буюрду. Алар намазды окушуп, чын жүрөктөн дуба кылышты. Намаз бүтүшү менен эле чабуул такбир жаңырыктары астында башталды. Тынымсыз чабуул кылышып, коргондорду оор абалга салышты. Ислам аскерлери дубал үстүнө чыгып алып, «Адирна дарбазасы» аймагындагы коргонуу мунараларын ээлешти жана ал жерге султан байрактары орнотулду. Император Констинапол өлтүрүлдү. Анын өлүмү византияликларга чагылгандай таасир кылды да, маанайлары түшүп кетти. Алар өз үйлөрүнө кача башташты. Ислам аскерлери такбир айткан абалда аларды кубалашты. Пешинге жетпестен эле Фатих султан Византия борборунун ортосунда атынын үстүндө айланып жүрдү. Жеңишке жетишкен кошуун такбир жана тахлил айткан абалда анын айланасын ороп алышкан эле. Алар султанды куттукташып, султан болсо аларды куттуктап: «Аллага мактоолор болсун. Алла шейиттерди рахматына алсын. Мужахиддерге атак-даңк жана улуулук тартууласын. Исламий Үммөткө да атак-даңк жана мактоолор болсун», – дешти. Кийин атынан түшүп бул улуу нусратка шүгүр кылып Аллага сажда кылды.

Султан андан кийин Ая Сафия канисасынан крестерди алып таштоого жана сүрөттөрдүн үстүн боёп таштоого буюрду жана ал жерде миладий 1453-жылдын 1-июнунда жума намазын окуду. Андан кийин ал жерди беш убак окула турган мечитке айлантты. Ая Сафияны мечитке айлантканы үчүн Рим папасы коркутуп ага кат жиберген эле, Фатих ага: «Чындыгында Ая Сафияны мечитке айлантуу сыймыгына жетиштим. Эгер Алла мени кудуреттүү кылса сен турган жерди да атканага айландырам», – деп жооп кайтарды.

Бул улуу фатх-жеңиштен кийин Фатих исламий дүйнөнүн Азия жана Африка мамлекеттерине кушкабар каттарын жөнөттү. Персия, Индия, Египет жана Хижазга каттар жиберди. Ошентип кубаныч бул малекеттерге да таркалды. Расулулла (с.а.в)дын башараты жүзөгө чыкты. Арзуу чындыкка айланды. Мусулмандар шаарларында майрам кылынсын, – деп жар салынды. Фатихтин байрактары илинди. Минбарларда анын акысына дубалар кылынды. Ал жөнүндө акындар ырларды жазышты.

Фатих султан Алла жолунда миңдеген казат кылууну үмүт кылчу. Ошондуктан, бул улуу фатх менен эле чектелип калбастан, кичи Азиядагы «Эски дар»да башка бир кошуун даярдоого буйрук берди. Кошуунга өзү командачылык кылуу үчүн ал жерге жол алды. Ал Расулулла (с.а.в)дын:

«اِسْتَعِينُوا عَلَى قَضَاءِ حَوَائِجِكُمْ بِالْكِتْمَانِ»

«Муктаждыгыңардын өтөлүшүн жашыруун сурагыла», – деген осуяты менен жүрөт эле. Ушул себептүү, ичиндеги нерселерин да, пландарын да эч кимге айтпастан душманга кокусунан чабуул кылып, аны ушундай бир катуу кооп-коркунучка салып коёр эле. Ал ниетин да, бул кошуун менен жол алмакчы болгон тарабын да эч кимге билдирген эмес. Өз ниетин да, казат кылмакчы болгон тарабын да эч кимге айтпай туруп, ажал аны алып кетти. Айрым тарыхчылар бул кошуундун санынын көптүгүнөн, даярдыгынан жана ага Фатихтин өзү жетекчилик кылышынан «Пайгамбарыбыздын эки мактоосуна жетишүү үчүн Римге казат кылып, аны фатх кылууга жол алган болсо керек» деп божомолдошту. Бирок, бул улуу сыймык – анын болушуна шек-күмөн жок – башка бир Фатихке сактап коюлган, Алла аны жакын күндөрдө жүзөгө чыгарса керек. Бул нерсе Аллага кыйын эмес.

Сөзүбүздүн аягында аны бул улуу амирдин ажалы жакындаганын сезген убакта жана Алланын алдына жөнөй элегинде өз уулуна кылган осуяты менен кооздомокчубуз:

«Эй уулум, мына мен өлүп жатамын. Бирок, буга өкүнбөймүн. Себеби, артымда сендей орун басарды коюп кетип жатамын. Адилеттүү жана мээримдүү бол. Жаранды ажыратпастан аларды коргооңо ал. Ислам динин таркатуу үстүндө иште. Себеби, бул падышалардын жер жүзүндөгү милдети. Ислам ишине болгон аракетти бардык нерсенин алдына кой. Аны үзгүлтүксүз аткаруудан эринбе. Дин ишине этибар бербей турган адамдардан пайдаланба. Акмактарча бидаттардан сактан. Мамлекет майданын жихад аркылуу кеңейт. Байтул мал каражаттарын сапырылып кетүүдөн сакта. Колуңду жарандардын бирөө-жарымынын малына созуудан сакта. Кембагалдардын күч-кубаттарын камсызда.

Мамлекеттин күч-кудурети солих аалымдар. Аларга сый-урмат көрсөт. Кайсы бир өлкөдө бирер аалым бар экендигин угуп калсак, аны алдырып сый-урмат көрсөт. Эй уулум, менин бул насааттарымды кулагыңа куюп ал. Анткени, мен бул өлкөгө кичине кумурска сыяктуу болуп келген элем, Алла мага бул үлкөн неъматтарды тартуулады. Эми, менин жолумдан жүрүп, менден өрнөк ал. Бул динди ыйыктап, анын калкын урмат кылуу үстүндө иште. Мал-мүлктү шаан-шөкөт же оюн-күлкүлөр үчүн сапырба. Зарылдык өлчөмүн ылазым тут. Анткени, ысырап менен кекирейүү кыйроонун эң чоң себептеринен болуп саналат».

Алла султан Мухаммад Фатихти рахмат кылып, бейиштин эң жогору жайларынан насип кылсын жана ал кишини набийлер, сыддыктар, шейиттер менен бирге кылсын. Алар кандай гана ажайып достор. Эй Аллахым, мусулмандарга кошуундарды башкарып, чегараларды коргой турган, фатхтарды ишке ашырып, ошону менен бир катарда, Римди да фатх кылып, шариятты коргой турган туура жолду тутуучу Халифаны тартуула. Алла аны менен Ислам жана мусулмандарды азиз кылып, капыр мунафыктарды кор кылсын. Алла муну тез күндөрдө жүзөгө чыгарсын. Анткени, Алла нусрат берүүчү жана буга Кудуреттүү Зат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button