Роя гезити

Европа менен Америка бири-биринен ажыроо жолуна түшүп баратабы?!

Европа менен Америка бири-биринен ажыроо жолуна түшүп баратабы?!

Америка менен Европанын ортосундагы саясий, экономикалык жана стратегиялык ажырым кеңейип жатканы жашыруун эмес. Мындай абал алардын ортосунда Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болгон эмес. Маселе Америка Европага атаандаш же душман мамлекеттердей мамиле кылып, болот жана алюминий импортторуна жогорку бажы төлөмдөрүн киргизүүсү менен гана чектелген жок. Ошондой эле, Украина согушунан кийин Европа Орусиядан арзан баада келген энергия жеткирүүлөрүнөн ажырап, анын ордуна Америкадан кымбат энергия импорттой башташы менен да чектелген жок.

Европа лидерлеринин Америкага болгон ишеними олуттуу түрдө солгундады. Айрыкча, Трамп Гренландия аралын жана Канаданы кошуп алуу талабын койгондон кийин бул ишенимге катуу сокку болду. Кийинчерээк Америка менен Орусиянын Украина боюнча сүйлөшүүлөрүнө Европаны катыштырбай, Трамп аларды тоготпогондой мамиле кылганда бул ишеним дагы бир жолу солгундады. Европалыктарга Трамп администрациясы Европанын эсебинен Орусияга ыктап баратканы ачык көрүнүп калды.

Американын бул орой мамилелери Европа мамлекеттерине таасир этип, алар Атлантика аймагынан тышкары жаңы өнөктөштөрдү издей баштады. Британиянын премьер-министри Стармер менен Франция президенти Макрон Кытайга барып, Америкадан обочо өз кызыкчылыктарын издешти. Бул болсо Трампты жана анын администрациясын катуу кыжырдантты. Анткени, алар Америка менен макулдашпастан туруп, Американын душманы болгон Кытай менен координация кыла башташкан эле.

Франция өз тарыхында биринчи жолу Америка казыналарында сакталган калган алтындарын чыгарып кетти. Испания Иранды көздөй учкан америкалык учактардын өз аба мейкиндиги аркылуу өтүүсүнө тыюу салды. Испания менен Италия яхудий түзүмү менен болгон аскерий меморандумдарын токтотушту. Германия болсо америкалык калканга таянбастан кайра куралданууда өзүнө ишенүүнү чечти. Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу курал көтөрүүгө жарактуу адамдар үчүн милдеттүү аскердик кызматты киргизди.

Ошондой эле, Америкасыз жаңы европалык НАТОну түзүү тууралуу сөздөр айтыла баштады. Себеби, Трамп НАТОну бир нече жолу сындап, аны Америка үчүн жүк деп атаган жана эгер Европа мамлекеттери коргонуу бюджеттерин көбөйтпөсө, Американын альянска болгон салымын азайтуу менен коркуткан. Бул болсо Европаны өз коопсуздугун Америка калканысыз камсыз кылуу жөнүндө олуттуу ойлонууга түрттү.

Трамп көптөгөн эл аралык келишимдерден чыгып кеткенден кийин европалыктар чоң зыян тартты. Айрыкча, Париж климат келишиминен чыгышы аркылуу Трамп Европанын коопсуздук жана экологиялык кызыкчылыктарына ачык кайдыгерлик көрсөткөн. Ошондуктан Европа мамлекеттери Трамп доорундагы Американы ишенимдүү жана коопсуз өнөктөш эмес, өздөрүнө таңууланган оор шерик катары көрө башташты.

Мындан тышкары, европалыктар Трамп администрациясы “Мага” кыймылынын “Америка биринчи!” деген ураанына ылайык Европаны Американын кайра күч алышына тоскоол болгон душман катары көрө баштаганын аңдашты. Алар Трамп саясаты Европа Биримдиги менен бир бүтүн блок катары эмес, ар бир Европа мамлекети менен өзүнчө эки тараптуу мамиле жүргүзүүнү артык көрөрүн байкашты. Ошондой эле, ар бир өлкөдөгү популисттик жана ашынган улутчул партияларды өз-өзүнчө колдоп жатканын көрүштү.

Американын бул саясаттары Европаны ылдам түрдө Америкадан ажыроо, өзүнө гана таянуу жана Американын толук коргоосуз калтырып кетүү ыктымалдыгына каршы өзүнүн коргонуу жана өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү жолуна түрттү.

Иран согушунан кийин Трамп Европа лидерлерине каршы катуу сөздөрдү жаадырды. Анткени, алар Америка менен бирге Иранга каршы согушка катышкан эмес эле. Ошондуктан ал аларды жемелеп, мамлекеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кемсинтип, колунан келген бардык жол менен аларды зыянга учуратууга, ыңгайсыз абалга калтырууга, ал тургай басынтууга аракет кылды!

Акыркы маалыматтарга ылайык, Трамп администрациясы учурда Британиянын Аргентина жээгине жакын жайгашкан Фолкленд аралдары үстүндөгү бийлигине болгон тарыхый колдоо позициясын кайра карап чыгууну талкуулап жатат. Мунун себеби Стармер Американын Иранга каршы согушун колдобогону болду. Ошентип, Америка бул маселени Британияны согушта өзүнүн артынан ээрчитүү үчүн саясий басым куралы катары колдонууда. Ал эми Трамп администрациясына жакын болгон Аргентина президенти Хавьер Милейдин өкмөтү Америка менен Британия ортосундагы ушул ажырымдан пайдаланып, өзүнүн тышкы иштер министри аркылуу британ тарапты аралдагы “колонизатордук абалды” токтотуу үчүн кайра сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырды. Британия болсо бул чакырыкты четке кагып, Фолкленд үстүндөгү британ эгемендүүлүгү талкууланбай турганын билдирди. Ошондой эле, 2013-жылы өткөрүлгөн референдумда арал тургундары Британия таажысынын башкаруусунда калууну тандаганын айтты.

Ошентип, Фолкленд маселеси Америка тарабынан Британия менен болгон саясий келишпестиктерде колдонулган жаңы басым жана соодалашуу куралына айланды. Ал эми Британия мурда Американын эң жакын союздашы катары эсептелчү.

Трамптын саясаттары союздаш мамлекеттер арасында саясий башаламандык жаратып, ортодо чоң ажырым пайда кылды. Бул ажырымды жоюу абдан кыйын болуп калды. Мындан тышкары, Европа менен Американын ортосундагы келишпестиктер саясий жана экономикалык чөйрөдөн ашып, хазарий жана баалуулук тармагына чейин жетти. Трамп европалык либералдык баалуулуктарды катуу сындап, евангелисттик (насроний) сакофатка, ак расанын үстөмдүгүнө жана миграцияга каршы катаал согушка басым жасады. Мындай орой саясатты европалыктар көтөрө алышпайт. Анткени, алардын көпчүлүк мамлекеттери карылыктын күч алышынан улам миграцияга өтө муктаж болуп турушат.

Американын Иранга каршы согушу Европа менен Американын ортосундагы ажырымды дагы да тереңдетип, алардын ортосундагы пикир келишпестиктерди кеңейтти. Натыйжада Британия Америкадан алыстаган сайын Европа Биримдигине жакындашуу саясатын кайра күчөтө баштады. Айрыкча, Америка тараптан мурдагы эки союздаштын ортосунда ажырым пайда болгону тууралуу билдирүүлөр улам көбөйүүдө. Алардын эң акыркысы Америка коргоо министри Пит Хегсеттин: “Американын Европадагы аскерий катышуусу түбөлүктүү болбойт” деген сөзү болду. Бул болсо Европаны Америкадан 80 жылдан бери алып келген колдоодон тышкары өз алдынча эмне кылышы керектигин олуттуу ойлонууга мажбурлоодо. Айрыкча, Америка күтүүсүздөн өзүнүн коргонуу калканын алып кетсе, мындай ыктымал четке кагылбайт. Себеби, ал Украинада Орусияга каршы узакка созулган алсыратуу согушунун ичинде турат.

Европанын армиялары акыркы сексен жыл ичинде Американын чексиз колдоосуна таянып келишкен. Ал колдоону толук алмаштыруу болсо өтө көп убакытты, чоң мүмкүнчүлүктөрдү жана абдан көп каражатты талап кылат. Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен “Файнэншл Таймс” гезитине берген маегинде мындай деди:

Европадагы негизги коргонуу системаларынын көпчүлүгү Америкадан болгон. Эгер F-35 учактары жана жер-аба ракеталык системалары тууралуу сүйлөсөк, алардын дээрлик баары америкалык”. Ошондой эле: “Оор жүк ташуучу тик учактар боюнча америкалык «Чинук» тик учактары эң мыкты тандоо болуп саналат”, – деп кошумчалады. Башка куралдар да ушундай.

Тагдыр чечүүчү маселелерде бирдиктүү чечимге келе албаганы Европанын негизги көйгөйү. Мисалы, Украинаны Орусиядан коргоо маселесинде Европа мамлекеттеринин ортосунда чоң келишпестиктер бар. Бул болсо аларды олуттуу алсыратууда. Алсак, алдыңкы фронтко жакын жайгашкан жана Европадагы эң чоң армиялардын бирине ээ болгон Польша өз аскерлерин Украинага жөнөтүүгө каршы чыкты. Польша өкүлү мындай деди: Жөнөкөй айтканда, Польшанын Украинага кошумча күч жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок”.

Ал муну Польша Орусиянын Калининград анклавы жана Орусия менен союздаш болгон Беларусь менен узун чек арага ээ экендиги о.э. ал аймактарды поляк күчтөрү менен бекемдөө зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Көрүнүп тургандай, Украинаны коргоодогу аскерий жүктүн негизги бөлүгү Британия менен Франциянын мойнуна түшүп жатат. Анткени, бул эки мамлекет мындай пикирге макул болушкан. Ал эми Германия канцлери Олаф Шольц жоопкерчиликтен качкандай болуп: Украинага тынчтык сактоочу күчтөрдү жөнөтүү тууралуу ар кандай талкуу азырынча өтө эрте жана таптакыр ылайыксыз”, – деди. Бул болсо Украинадагы согуш уланып жаткан жана ал жакка күч жөнөтүүгө муктаждык күчөп турган учурда айтылды

Британиянын премьер-министри Стармер болсо: Европалыктар Украинага берген чыгымдар жана мүмкүнчүлүктөр жагынан аракеттерин күчөтүүгө мажбур болушат”, – деп моюнга алды. Европалыктар эми коргонууга көбүрөөк каражат жумшоо жана өзүнө көбүрөөк таянуу зарылдыгын түшүнө башташты. Нидерланддын премьер-министри Дик Схоф мындай деди: Европа Америкадан келген билдирүүнү түшүндү… ал өзү көбүрөөк аракет кылышы керек”.

Атлантика океанынын эки жээги ортосундагы бул ажырым, албетте, дүйнөлүк түзүмдүн жаңы күчтөрдүн пайдасына өзгөрүшү жакындап калганына ишара кылат. Алардын эң башкысы болсо, иншаАллах, жакында тикелене турган Ислам мамлекети болот.

Роя гезити

Абу Хамза ал-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button